Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2015-жылдын 22-июну № 391
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табууну жана коштоону уюштуруу жол-жобосун жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
11 Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана жарандык коом (макулдашуу боюнча) турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтарынын автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө комплекстүү социалдык кызматтарды ыкчам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
12 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) бул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-июнунда № 59 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |