Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген |
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо турмуштук оор кырдаалды жеңүү багытында балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча тиешелүү кызматтарды көрсөтүү максатында турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтарынын автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - ТОК АМС) пайдалануу менен турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартибин жөнгө салат.
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө комплекстүү социалдык кызматтарды ыкчам көрсөтүү боюнча аймактык мамлекеттик органдардын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана жарандык коомдун ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ТОК АМСти пайдалануу менен камсыз кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
социалдык кооптуу абалда турган бала - ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар) балдарын тарбиялоо, аларды окутуу жана/же багуу боюнча өз милдеттерин аткарбаган жана/же алардын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизген же болбосо аларга ырайымсыз мамиле кылган жана коомго жат турмушта жашаган үй-бүлөдөгү бала;
баланын муктаждыктарын көңүлгө албоо - ата-энелери же аларды алмаштыруучу адамдар тарабынан баланын тамак-ашка, кийим-кечеге, турак жайга, тарбиялоого, билим алууга, медициналык жардамга негизги муктаждыктарынын жана керектөөсүнүн тиешелүү түрдө камсыз болбогондугу;
аймактык мамлекеттик органдар - турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштерди жүргүзүүдө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен өз компетенциясынын чегинде өз ара иштешкен ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо, жумуштуулук, миграция жана жаштар саясаты, калкты каттоо, эмгекти коргоо, жаза-аткаруу системасы чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контролдоо боюнча органдар.
3. Турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөө төмөнкү принциптерге негизделет:
- жекече мамиле - балдардын жана үй-бүлөнүн жеке керектөөлөрүн эске алып, калыбына келтирүү процессин жүзөгө ашыруу жолу менен ишке ашырылат;
- мыйзамдуулук - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону карайт;
- комплекстүүлүк - балдарды коргоо боюнча бардык аймактык мамлекеттик органдардын, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана коммерциялык эмес уюмдардын өз ара аракетин билдирет;
- жоопкерчилик - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, аймактык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызматкерлеринин коюлган милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилигин билдирет;
- купуялуулук - турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлө жөнүндө алынган маалыматты ачыкка чыгарбоону карайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары өз ишинде балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алышат.
2. Турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин өткөрүү
5. Турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча чаралардын жана өз убагында кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын камтыйт.
6. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, аймактык мамлекеттик органдар менен бирге турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин өткөрүү үчүн турмуштук оор кырдаалды эрте табуу максатында балдары бар үй-бүлөлөргө мониторинг өткөрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- балдардын педагогикалык, медициналык, социалдык, укуктук кызматтарды алууга укуктарын коргоону камсыздоону;
- балдарды жана үй-бүлөнү коргоо маселелери боюнча маалыматтык-консультативдик кызматтарды көрсөтүүнү;
- балдарды жана үй-бүлөнү коргоо маселелери боюнча жарандардын арыздарын жана каттарын өз убагында карап чыгууну;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү, балдарды үй-бүлөлүк тарбиялоо шартында максималдуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоону, аларды социалдаштырууну, өз алдынча жашоого даярдоону жана коомго интеграциялоону камсыздоо үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү социалдык колдоону;
- баланын төрөлгөндүгүн өз убагында мамлекеттик каттоону;
- саламаттык сактоо уюмдарында ата-эненин (ата-энелердин) балдардан баш тартуусун жана/же калтыруусун болтурбоо боюнча чараларды;
- жашы жете электер арасында укук бузууларды болтурбоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү;
- үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана балдарды адеп-ахлактык - руханий тарбиялоону пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо жөнүндө, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоону камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө, балдардын тарбиясы жана багылышына ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди дайыма чагылдырууну;
- коомдо балдарга карата зомбулуктун жана ырайымсыз мамиленин ар түрдүү көрүнүштөрүнө келишпестикти калыптандыруу;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоо маселелери боюнча эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара иштешүү жана кызматташууну;
- табылган (ташталган), ошондой эле ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар боюнча чараларды токтоосуз көрүүнү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби
8. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, аймактык мамлекеттик органдар" деген сөздөр, "аймактык бөлүмү тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "ТОК АМСти пайдалануу менен менен бирге балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табууга төмөнкүлөр көмөк көрсөтөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары;
- аймактык мамлекеттик органдар;
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдар.
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табууда аталган органдар, уюмдар жана адамдар бир күндүк мөөнөттө ТОК АМС аркылуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө маалымдоого милдеттүү, ТОК АМСке кирүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда маалыматты бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен (жазуу жүзүндө, оозеки, телефон, электрондук почта аркылуу) берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, аймактык мамлекеттик органдар менен бирге турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү төмөнкү жолдор менен табат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан, аймактык мамлекеттик органдардан, уюмдардан жана жарандардан маалымат алуу;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалымат алуу;
- пландуу иш-чараларды (үймө-үй кыдыруу (анкеталоо), ведомстволор аралык рейддерди, акцияларды, жыйындарды, калк менен жолугушууну) өткөрүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
10-1. Табылган балдар жана үй-бүлө жөнүндө маалымат бир жумуш күндүн ичинде ТОК АМСке киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызматкери менен бирге баланын (балдардын) жана үй-бүлөнүн көйгөйлөрү жөнүндө маалыматты алууда (анын ичинде ТОК АМС аркылуу) 3 иш күндүн ичинде баланын жана үй-бүлөнүн жашаган (жайгашкан) жерине баруу менен баланын (балдардын), үй-бүлөнүн, бала жайгашкан мекеменин проблемаларына текшерүүнү жүргүзөт.
Токтоосуз чараларды көрүү зарыл болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери өз компетенциясынын чегинде кечиктирбестен жерине баруу менен тиешелүү иштерди жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Үй-бүлөлөргө (бала жайгашкан мекемеге) текшерүү өткөрүүдө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери бала жайгашкан үй-бүлөнүн же мекеменин турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысын (мындан ары - акт) толтурат жана маалыматтарды анкеталоо максатында ТОК АМСке маалыматтарды киргизүү менен баланын проблемалары жана баланы жана үй-бүлөнү социалдык колдоо чаралары жөнүндө корутунду түзөт.
Актыга үй-бүлөнүн (бала жайгашкан мекеменин) турак жай-тиричилик шарттарын текшерүүгө катышкан адамдар кол коёт, актынын көчүрмөсү керек болгон учурда өз компетенциясынын чегинде тиешелүү чараларды көрүү үчүн текшерүүгө катышкан адамдарга берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү үй-бүлөнүн (бала жайгашкан мекеменин) турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысын карайт жана ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү каттоо журналына бала жана үй-бүлө жөнүндө маалыматты каттоо менен турмуштук кыйын кырдаалда турган бала жана үй-бүлө деп таануу тууралуу чечимди кабыл алат.
4. Турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн кырдаалын ар тараптуу баалоо, үй-бүлө менен жеке иштөө планын жана баланы коргоо боюнча жеке планды иштеп чыгуу жана бекитүү
14. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен бирге 10 иш күндүн ичинде турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн жашаган (жайгашкан) жерине баруу менен керек болгон учурда ички иштер, саламаттык сактоо органдарынын кызматкерлерин, социалдык педагогду ж.б. тартуу менен ар бир баланын жана үй-бүлөнүн проблемасын ар тараптуу баалоону өткөрөт.
Ар тараптуу баалоо сурамжылоо жана ТОК АМС турмуштук оор кырдаалда турган баланын кырдаалын ар тараптуу баалоо анкетасын жана/же турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн абалын ар тараптуу баалоо анкетасын толтуруу жолу менен жүзөгө ашат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ар тараптуу баалоо үй-бүлө мүчөлөрү менен конкреттүү аңгемелешүү формасында жүзөгө ашат, анда төмөнкүлөр такталат:
- баланын жана үй-бүлөнүн социалдык проблемалары жана керектөөлөрү;
- баланын жана үй-бүлөнүн медициналык проблемалары жана керектөөлөрү;
- баланын жана үй-бүлөнүн психологиялык-педагогикалык проблемалары жана керектөөлөрү;
- баланын жана үй-бүлөнүн укуктук проблемалары жана керектөөлөрү.
16. Бала жана үй-бүлө жөнүндө толук маалыматты топтоо үчүн зарылдыгына жараша аймактык мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын, социалдык тейлөө мекемелеринин, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды колдоо чөйрөсүндө иштеген коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт.
Жашаган жери боюнча үй-бүлө мүчөлөрү жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери бала жана үй-бүлө жөнүндө маалыматты коңшулардан, айыл башчысынан жана кварталдык комитеттерден сурамжылоо жолу менен топтоону жүзөгө ашырат.
17. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. Турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн социалдык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрү жөнүндө ТОК АМСке киргизилген маалыматтын негизинде үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлору автоматтык режимде түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлору баланын ыңгайлуу шартта өнүгүшүн колдоого жана көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле ата-энелердин, камкорчулардын жана баланын тарбиясына жана багылуусуна жооптуу башка адамдардын тарбиялык көндүмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган турмуштук кыйын кырдаалда турган балага, үй-бүлөгө керек болгон социалдык, укуктук, психологиялык-педагогикалык, медициналык жардамды көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жана кызматтардын тизмесин аларды аткаруу мөөнөтүн жана жооптуу адамдарды көрсөтүү менен камтыйт.
20. Социалдык жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- үй-бүлөгө же балага гуманитардык же материалдык жардам көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган баланы социалдык кызматтарды алуу үчүн тиешелүү социалдык борборлорго жиберүү;
- ата-энесинин кароосуз калган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды ден соолукту чыңдоо лагерлерине жиберүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган балага жана үй-бүлөгө социалдык патронаж;
- социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү.
21. Укуктук жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- үй-бүлө мүчөлөрүнө акысыз юридикалык жардам алууга көмөк көрсөтүү;
- ким экендигин тастыктоочу документтерди алууда же калыбына келтирүүдө көмөк көрсөтүү;
- камкордукка (көзөмөлдүккө) берүү үчүн, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулду жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсияларды алуу үчүн керек болгон документтерди топтоодо көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда балдардын жана ишке жарамсыз адамдардын кызыкчылыктарын көрсөтүү;
- мыйзамдуу укуктарын бузган же басынткан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын иш-аракеттерине же иш-аракетсиздигине даттанууларды даярдоодо жана берүүдө үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү;
- укуктук кызматтардын башка түрлөрү.
22. Психологиялык-педагогикалык жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдардын арасында балдарды окутуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга психологиялык кызматтарды алышына көмөк көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды спорттук секцияларга жана маданий-эс алуу иш-чараларына тартуу;
- ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон балдарга жана мыйзам менен чатагы бар балдарга психологиялык кызматтарды көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- психологиялык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү.
23. Медициналык жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- баланын саламаттык сактоо уюмунан медициналык жардам алуусу үчүн ата-энеге же мыйзамдуу өкүлүнө көмөк көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды саламаттык сактоо уюмдарына коштоону уюштуруу;
- баланын майыптыгын күбөлөндүрүүдө (тариздөөдө) жана кайрадан күбөлөндүрүүдө ата-энелерге же аларды алмаштыруучу адамдарга көмөк көрсөтүү;
- үй-бүлө мүчөлөрүнө же балага социалдык-медициналык патронажды уюштуруу;
- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү.
24. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаардын мэриясынын) алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын (мындан ары - Балдар иштери боюнча комиссия) кароосуна ТОК АМС менен түзүлгөн үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлорун кагаз жүзүндө жана/же электрондук түрдө зарыл болгон маалыматтарды тиркөө менен жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Балдар иштери боюнча комиссия 10 календарлык күндүн ичинде материалдарды, үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлорун карап чыгат, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясынын) чечими формасында таризделүүчү тиешелүү чечимди кабыл алат.
25-1. Балдар иштери боюнча комиссиянын катчысы эки жумуш күндүн ичинде аткаруу үчүн жооптуу органдарга бекитилген баланы коргоо боюнча жеке планды жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планын ТОК АМС аркылуу жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
25-2. Бекитилген баланы коргоо боюнча жеке план жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планы белгиленген мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү ТОК АМСти пайдалануу менен үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планда белгиленген мөөнөттөргө ылайык турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөгө мониторинг жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышына жоошуу адамдардын иштерин координациялоо боюнча жооптуу кызматкерди дайындайт.
28. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- үй-бүлө менен жеке иштөө планын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планын аткаруу боюнча маалыматты топтоо;
- зарылдыгына жараша үй-бүлөнүн үйүнө баруу;
- үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планында каралган баланын жана үй-бүлөнүн керектөөсүн канааттандырууда үй-бүлөгө жана балага көмөк көрсөтүү;
- үй-бүлөдөгү жана үй-бүлөгө жана балдарга көрсөтүлгөн кызматтардын өзгөрүүлөрүнүн динамикасын талдоо;
- жолугушууларды, консультацияларды уюштуруу жана иш-чаралардын аткарылышы же аткарылбагандыгы жөнүндө аткаруучулардан жазуу жүзүндөгү маалыматты иш-чараларды аткарбоонун себебин жана үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын көрсөтүү аркылуу алууда үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планында көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашырууга жооптуу адамдардын өз ара кызматташуусу;
- үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана Балдар иштери боюнча комиссиянын карап чыгуусуна киргизүү.
Үй-бүлө мониторинги зарылдыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
29. Турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн кырдаалын кайрадан ар тараптуу баалоо зарылдыгына жараша алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кайталанган ар тараптуу баалоонун жыйынтыгы менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү Балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу тиешелүү материалдарды берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планынын аткарылышын камсыздоо үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнү жана баланы (балдарды) коштоону жүзөгө ашырат, үй-бүлө менен жеке иштөө планын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планын ишке ашырууга иш-чаралардын аткарылышына жооптуу органдардын жана уюмдардын адамдарынын өз ара кызматташуусун координациялайт.
31. Бекитилген үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө иш-чаралар аткарылбаган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жана Балдар иштери боюнча комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча аткаруу үчүн жооптууларга, анын ичинен Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы социалдык маселелер боюнча комиссия керек болгон учурда баланын (балдардын) жана үй-бүлөнүн проблемалары жөнүндө корутундунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан балага (балдарга) жана үй-бүлөгө мүмкүн болгон жардам жана колдоо көрсөтүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
5. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды социалдык коштоо
33. Ата-энелеринин (ата-энесинин) камкордугусуз калган бала (балдар) жөнүндө белгилүү болгон адам шашылыш тартипте бул тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө жана/же аймактык мамлекеттик органга маалымдоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Ата-энелеринин камкордугусуз калган бала жөнүндө маалымдарды алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын (балдардын) проблемаларын ар тараптуу баалоону өткөрөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланын (балдардын) мүлкүнүн сакталуусун камсыздайт.
Ата-энелеринин (ата-энесинин) камкордугусуз калган баланы туугандары көзөмөлгө албаган фактысы болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тезинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык баланы багып алуучу үй-бүлөгө же балдардын интернаттык мекемесине убактылуу жайгаштырууну камсыздайт.
35. Табылган (ташталган), ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө факт аныкталган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү ички иштер органынын кызматкерлери менен бирге жагдайлар аныкталганга чейин аны (аларды) алып кетүү боюнча токтоосуз чараларды көрөт.
Мында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле баланы үй-бүлөсү менен бириктирүү максатында биологиялык ата-энелерин (ата-энесин) же туугандарын издөө боюнча иштер жүргүзүлөт, зарыл болгон учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн калыбына келтирүү же алуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
35-1. Табылган (ташталган) баланын статусу такталганга жана аныкталганга чейин, багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө, ал эми мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда башка балдардын интернат мекемесине убактылуу жайгаштыруу камсыз кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Ата-энесинин камкордугусуз калган бала төмөнкүлөргө тарбиялоого өткөрүп берилүүгө тийиш:
- камкордукка (көзөмөлдүккө) туугандарынын үй-бүлөсүнө;
- камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) үй-бүлөсүнө;
- асыроочулардын үй-бүлөсүнө;
- багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө;
- баштапкы камкордукка;
- өзгөчө учурларда (ата-энесинин камкордугусуз калган баланы үй-бүлөдө тарбиялоого өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо) - балдардын интернат мекемелерине.
37. Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы балдардын интернат мекемесине жиберүүдө балдардын интернат мекемесинин администрациясы менен бирге балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү баланы үй-бүлөсүнө кошуу максатында биологиялык үй-бүлөсүн же туугандарын издөө боюнча иштерди өткөрөт.
38. Баланы биологиялык үй-бүлөсүнө кошуу же туугандарынын үй-бүлөсүнө жайгаштыруу мүмкүн болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча ата-энесинин камкордугусуз калган балага анкетаны толтурат жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына ата-энесинин камкордугусуз калган бала жөнүндө маалыматты киргизет.
39. Ата-энесинин камкордугусуз калган ар бир балага балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери өздүк дело ачат.
Ата-энесинин камкордугусуз калган баланын өздүк делосунда төмөнкүдөй документтер камтылышы керек:
- ата-энесинин камкордугусуз калган балага анкета;
- баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк же баланын туулгандыгы жөнүндө актылык жазмасынан көчүрмө;
- баланын ата-энесинин камкордугусуз калгандыгын тастыктаган документтердин бири: ата-энесинин (ата-энелеринин) өлгөндүгү тууралуу күбөлүк; баланын ата-энесин (ата-энелерин) ата-энелик укуктан ажыратуу же чектөө жөнүндө соттун чечими; ата-энесинин (ата-энелери) аракетке жөндөмсүздүгү, дайынсыз жоктугу же каза болгондугу тууралуу соттун чечими; калтырылган (табылган) бала жөнүндө ички иштер органы түзгөн акты; баланы асыроого берүү жөнүндө ата-энесинин (ата-энелеринин) арызы;
- баланын ден соолугу, дене-бой жана акыл-эсинин абалы жөнүндө саламаттык сактоо уюму берген маалымкат;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган белгилеген форма боюнча баланын өсүп-чоңоюу таржымалы;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча алдын алуу эмдөөлөрүн эсепке алуу картасы;
- баланын билими тууралуу документ (бар болсо);
- балага тиешелүү болгон мүлктүн тизмеги жана анын сакталышына жооп берген адамдар тууралуу маалымат;
- балага турак-жай аянтын бекитип берүү жөнүндө документтер;
- алименттерди өндүрүү тууралуу соттун чечими;
- мамлекеттик жөлөкпулду же багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсияны алууга ата-энесинин камкордугусуз калган баланын укуктарын тастыктаган документтер;
- тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясы) чечими менен бекитилген баланы коргоо боюнча жеке план.
40. Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы балдардын мамлекеттик интернат мекемесине (балдар үйү, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатка, акыл-эс жана дене-бой өнүгүү кемчиликтери бар балдар үчүн мектеп-интернатка ж.б.) жиберген учурда ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин түп нускасы менен ата-энесинин кароосуз калган баланын өздүк делосу тиешелүү мекеменин администрациясына берилет.
Мында ТОК АМС аркылуу түзүлгөн бала жөнүндө маалымат "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасына берилет.
Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы жеке менчик формасында болгон балдардын интернат мекемесине аныктаганда ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин түп нускасы менен ата-энесинин камкордугусуз калган баланын өздүк делосу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүндө сакталат.
Баланы камкордукка (көзөмөлдүккө), асыроого, багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө берген учурда ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык коштоо
41. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар үй-бүлөнү тапканда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызматкери менен бирге үй-бүлө жашаган жерге баруу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жана үй-бүлөнүн проблемаларын ар тараптуу баалоону өткөрөт жана үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планынын долбоорун ТОК АМСти пайдалануу менен иштеп чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Саламаттык сактоо уюму ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин күбөлөндүргөн белгилери бар балдарды тапкан учурда балада майыптыктын барлыгын белгилөө фактысы үчүн тиешелүү медициналык-социалдык эксперттик комиссияга аларды жиберет, баланын майыптыгын күбөлөндүрүүдө (тариздөөдө) жана кайрадан күбөлөндүрүүдө көмөк көрсөтөт.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери зарылдыгына жараша бала медициналык-социалдык экспертизадан өз убагында өтүүсү үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү коштоону жүзөгө ашырат.
43. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдары жалпы билим берүү уюмдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн шарттарды түзөт, билим берүү уюмдарына баруу мүмкүнчүлүгү болбогон балдарга үйүнө барып билим берүү кызматтарын көрсөтөт.
Үйүндө билим берүү кызматтарын алган балдар тууралуу маалымат балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө берилет.
44. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга реабилитациялоо жана абилитациялоо кызматтарын уюштуруу үчүн аймактык мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын алардын кызматтарына жетүүсүн камсыздоо үчүн шарттарды түзөт.
45. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө маалымат берет.
46. Саламаттык сактоо уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жалпы багуунун практикалык көндүмдөрүнө ээ болуу маселелери боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерге консультация берет.
7. Балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдарды социалдык коштоо
47. Балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдарды тапкан учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызматкери менен бирге баланын иштеген же жашаган жерине баруу менен балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган баланын проблемаларына ТОК АМСти пайдалануу менен ар тараптуу баалоону өткөрөт.
Балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган баланын проблемаларын ар тараптуу баалоону өткөрүүдө төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
- маалыматты аныктоо үчүн баланы сурамжылоо (аты-жөнү, жашы, жашаган дареги, ата-энеси тууралуу маалымат);
- балдардын иштөөсүнө түрткү болгон себептерди табуу;
- иштеген жерин көрүп чыгуу жана эмгек шартына баа берүү.
Баланын ден соолугуна зыян келтирген балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдарды тапкан учурда балдарды иш ордунан шашылыш алуу жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү менчигинин формасына карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда баланын иш ордун карап чыгууну жүзөгө ашырат.
49. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери:
- аткарылган иштин көлөмүнө баланын жашынын ылайыктуулугун белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык түзүлгөн бала менен эмгек келишиминин барлыгына иш берүүчү менен аңгемелешүүнү өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген эмгекти коргоо талаптарын сактоо боюнча иш берүүчү менен түшүндүрүү иштерин өткөрөт;
- балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдар тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө маалыматты жиберет.
50. Жалпы билим берүү уюмуна барбаган баланы тапкан учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү билим берүү органы менен бирге баланы окууга тартуу боюнча чараларды көрөт.
51. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жумуштуулук, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Балдар иштери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде билим алууга тоскоолдук кылбаган, баланын ден соолугуна жана социалдык өнүгүүсүнө зыян келтирбеген иштерди аткарууга 14 жаш курагына жетпеген балдарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт.
52. Аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдардын арасында балдарды балдар эмгегинин эң начар формаларына эрте тартуунун терс таасирлери, баланы багуу, окутуу жана тарбиялоо үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрөт.
8. Мыйзам менен чатагы бар балдарды социалдык коштоо
53. Баланын кармалгандыгы жөнүндө ички иштер органдарынан маалыматты алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери баланы кармаган жерге анын укуктарын коргоону жүзөгө ашыруу үчүн келүүгө тийиш.
54. Жазык жоопкерчилигине тартуу курагына жете элек жашы жете элек тарабынан кылмыш жасоо фактысы аныкталган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү төмөнкүдөй жагдайларды белгилейт:
- ушул жосунду жасоого түрткү болгон себептерин жана шарттарын;
- жасалган жосундун социалдык коркунучунун даражасын;
- жашы жете электи тарбиялоо шартын;
- жашы жете элек тарабынан кылмыш жаза мыйзамдарында каралган кылмышты кайталап жасоо тобокелдигинин барлыгы.
55. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери бала кармалган учурдан тартып:
- баланын жана анын үй-бүлөсүнүн проблемаларына ар тараптуу баалоону өткөрөт, үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планынын долбоорлорун ТОК АМСти пайдалануу менен иштеп чыгат;
- баланын пайдасына күбө болуучу материалдарды топтоону жүзөгө ашырат;
- адвокат (коргоочу) менен макулдашуу боюнча баланы реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат жана Балдар иштери боюнча комиссиянын карап чыгуусуна киргизет;
- жазык иши боюнча өндүрүштүн бардык стадияларына катышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Аймактык ички иштер органдары, жазык-аткаруу системасынын органдары жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү менен бирге ал өз үй-бүлөсүндө аныкталган төмөнкүдөй милдеттерди сактоо шартында кала тургандай кылып, кылмыш кылган жашы жете электи көзөмөлдөө боюнча чараларды алдын ала көрөт, алар:
- билим берүү уюмдарына дайыма барып туруу;
- медициналык кароодон өтүү;
- аныкталган жерлерге барууну же белгилүү бир адамдар менен сүйлөшүүгө тыюу салуу;
- аймактык административдик бирдиктердин чектеринен чыгууга тыюу салуу;
- жазык-аткаруу системасындагы органдарына билдирбестен жашаган жерин өзгөртүүгө тыюу салуу.
57. Эгерде жашы жете элек үй-бүлөдө жашай албаса же ал ушул Жобонун 56-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткара албаган учурда аймактык ички иштер органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык альтернативдүү чараларды колдонуу жөнүндө чечимди чыгарган жердеги сотко маалымдайт.
58. Сот жашы жете элек балага карата аны эркинен ажыратуу тууралуу чечимди кабыл алган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жаза аткарууну жүзөгө ашырган мекемеге мыйзам менен чатагы бар жашы жете электи реабилитациялоо боюнча мурда кабыл алынган иш-чаралар планын жиберет.
9. Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон балдарды социалдык коштоо
59. Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон бала жөнүндө билген адам балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө жана укук коргоо органдарына бул бала тууралуу маалыматты тезинен берет.
60. Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон бала жөнүндө маалыматты алганда балдарды коргоо боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери ички иштер органынын кызматкери менен бирге тезинен (ошол эле күнү) балага карата ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) болгон фактысын аныктоо жана баланын жана анын үй-бүлөсүнүн проблемаларын ТОК АМСти пайдалануу менен ар тараптуу баалоону өткөрүү үчүн бала жашаган (жайгашкан) орду боюнча барып текшерет.
Ар тараптуу баалоону өткөрүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр белгиленет:
- үй-бүлөдө (бала жайгашкан мекемеде) балага карата ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) фактысы болгондугун;
- балага тиешелүү адистердин жардамынын зарылдыгын (медициналык кызматкерлер, психологдор);
- үй-бүлөдө (бала жайгашкан мекемеде) баланын мындан аркы болуу мүмкүнчүлүгүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Үй-бүлөдө, ал жайгашкан мекемеде баланын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч болгон (дене бой, психологиялык, сексуалдык зомбулукту колдонуу, ырайымсыз мамиле же эксплуатация) шашылыш учурларда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ички иштер органынын кызматкери менен бирге күбөлөрдүн катышуусунда үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) баланы алат жана баланы алуу жөнүндө актты тариздейт.
Баланы алуу жөнүндө акт төрт нускада түзүлөт, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн мөөрү басылат жана ички иштер органына, ата-энелерге же аларды алмаштыруучу адамдарга берилет.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү бир сутканын ичинде шашылыш тартипте кабыл алынган чаралар жөнүндө сотко жазуу жүзүндө маалымдайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баланы үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) тышкары жайгаштырат.
10 жашка чыккан баланы аны үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ага коргоо көрсөтүү тартибин түшүндүрөт.
62. Баланы үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү анын иш-аракетине сот тартибинде даттануу мүмкүнчүлүгү тууралуу ата-энелерине же аларды алмаштыруучу адамдарга жазуу жүзүндө маалымдайт.
63. Зарыл болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) алынган баланы медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмуна жөнөтөт.
Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү баланы туугандарына 6 айлык мөөнөткө убактылуу камкордукка же багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө, ал эми мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда - башка балдар интернат мекемесине жиберет.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү үй-бүлөнү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу жана ата-эненин жана баланын ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүү боюнча үй-бүлө менен иштерди алып барат.
64. Ички иштер органдары:
- балага карата ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) жол берген адамдарды административдик же жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрөт;
- бала социалдык кооптуу абалда турган жагдайды тапкан учурда алдын алуу сыяктуу чараларды көрүү үчүн ички иштер органына ата-энелерди же аларды алмаштыруучу адамдарды алдын алуучу эсепке коюуну жүзөгө ашырат;
- балдарга терс таасирин тийгизген ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар менен жеке алдын алуу иштерин өткөрөт жана алар балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоосуна чараларды көрөт;
- социалдык кооптуу абалда турган балдар жана ички иштер органдарында эсепке алынган үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтар базасына маалыматтарды киргизет.
65. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү дене бой, психологиялык зомбулук же баланын негизги керектөөлөрүн көңүлгө албаган фактысын тапкан учурда:
- ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) бардык формаларынан коргоого баланын укуктарын ишке ашырат;
- ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) жана анын өнүгүүсү үчүн баланын негизги керектөөлөрүн көңүлгө албоонун натыйжасы жөнүндө ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар менен маектешүүнү өткөрөт;
- ата-энелерге же аларды алмаштыруучу адамдарга жоопкерчилиги жөнүндө маалымат берет жана балага карата ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) жол бербөө тууралуу жазуу жүзүндөгү эскертүүнү чыгарат;
- ички иштер органында алдын алуу эсебине үй-бүлөнү койгондугу тууралуу билдирет жана үй-бүлөдөгү кырдаалдын өзгөрүшү боюнча мониторинг жүргүзөт.
66. Балдар интернат мекемесинде жайгашкан балага карата ырайымсыз мамиле (зомбулук) жасалгандыгы тууралуу маалыматты билген адамдар укук коргоо органына жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө маалыматты берүүгө милдеттүү.
10.Турмуштук оор кырдаалда турган баланы жана үй-бүлөнү эсептен чыгаруу
67. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндөгү эсептен турмуштук оор кырдаалда турган баланы жана үй-бүлөнү чыгарууга төмөнкүлөр негиз болуп эсептелет:
- ТОК АМСти пайдалануу менен бала жана үй-бүлө үчүн турмуштук оор кырдаалды түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу, үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына ылайык балага жана үй-бүлөгө социалдык колдоо көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган адамдын өлүмү (өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн негизинде), аны сот тарабынан дайынсыз жоголгон, каза болгон деп таануу (соттун чечиминин негизинде);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары турмуштук оор кырдаалда турган бала 18 жашка чыкканда;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турмуштук оор кырдаалда турган бала, үй-бүлө көчүп кеткен учурда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Турмуштук оор кырдаалда турган бала, үй-бүлө башка аймакка көчүп кеткен учурда, жаңы жашаган жери тууралуу маалымат бар болгондо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү бул тууралуу баланын, үй-бүлөнүн жаңы жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча тиешелүү аймактык бөлүмүнө жазуу жүзүндө маалымдайт.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү маалыматты алган учурда баланын, үй-бүлөнүн келген фактысын текшерет жана керек болгон учурда үй-бүлөнү эсепке алат.
69. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар жөнүндө маалыматтар базасын түзөт жана калыптандырат.
|
| Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
__________________________________________________________________________
(балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы)
№ | ТОК турган бала жөнүндө маалыматты алган дата | ТОК турган баланын аты-жөнү | ТОК турган баланын жашаган жери | ТОК турган баланын ата-энелери (аларды алмаштырган адамдар) жөнүндө маалымат | ТОК турган баланы жана үй-бүлөнү эсепке алуу жөнүндө БКЫОАБ чечиминин номери | ЖӨБАО балага жана үй-бүлөгө көрсөткөн жардамы | ЖМА (шаар мэриясынын) ҮЖИП жана БКЖП бекитүү жөнүндө чечиминин номери | Баланы жана үй-бүлөнү эсептен алуу жөнүндө белги |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Эскертүү: журналдын барактары барактардын санын көрсөтүү менен жип өткөрүлүп көктөлүп, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн мөөрү басылып жана анын жетекчисинин колу коюлушу керек.