Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 417 «Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 417
Кабыл алынган
2015-жылдын 25-июну
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 62 · 2015-жылдын 7-июлу
Реестрде
2015-жылдын 7-июлу

Реестрде

Минюст коду
97699

Минюсттун расмий барагы

Категория

Конфискация имуществаЛесНаказаниеОхрана лесного фондаОхрана природыРубка леса
Редакция25.06.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 25-июну № 417

Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө

Дарактардын өзгөчө баалуу породаларын сактоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 "Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибинин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.