Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 532 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 424
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-мартындагы № 188 "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-июнундагы № 424 токтому менен бекитилген |
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 532 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу СТРАТЕГИЯСЫ
1. Киришүү
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максаттарын, милдеттерин жана багытын аныктаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн орто мөөнөттүү планы болуп саналат.
2. Мамлекеттик карызды башкаруу максаттары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун негизги максаттары болуп:
- Мүмкүн болушунча эң аз сарптоолор жана тобокелдиктин акылга сыярлык деңгээли менен карыз алуу аркылуу каржылоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн керектөөлөрүн камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү;
- мамлекеттик карыздын туруктуулугун колдоо эсептелет.
3. Стратегия камтыгандар
Ушул Стратегия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карызын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген карызды башкаруу маселелерин жөнгө салат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык органдарынын финансылык милдеттенмелери ушул Стратегиянын камтуу чөйрөсүнө кирбейт.
Ушул Стратегиянын чаралары жана максаттуу көрсөткүчтөрү 2015-2017-жылдарга каралган. Зарылдыгына жараша макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү, бюджеттик-салыктык саясат параметрлерин жана финансылык рыноктогу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жыл сайын Стратегияны жаңылоо жүргүзүлүп турат.
4. Тышкы карыз
Жаңы тышкы карыздар экономикалык өсүшкө жана кедейчиликти кыскартууга өбөлгө түзө турган кыйла артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго гана алынат.
Жаңы мамлекеттик тышкы карыздарды тартуу зайымдардын жеңилдиктерин (грант-элемент) 35 пайыздык минималдуу деңгээлде сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Тышкы карыздын портфелин диверсификациялоо жана карыз концентрациясы менен байланышкан потенциалдуу тобокелдиктерди кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тышкы карыздарды тартуу процессинде бир кредитордун алдында тышкы карыздын жалпы суммасынан 50 пайыздан ашпаган карыздын түзүлүшүнүн сандык чектелүүсүн жетекчиликке алат.
Тышкы карыздын учурдагы өлчөмүн эске алуу менен потенциалдуу жогорку чыгымдарды жана тобокелдиктерди болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тышкы финансылык рыноктордо чет элдик валютада облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу карыздарды алуудан карманат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт.
5. Ички карыз
Мамлекеттик ички карыздарды тартуу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу гана жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу баа түзүүнүн рыноктук механизмдери аркылуу гана, тактап айтканда аукциондор аркылуу өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн жалпы мөөнөтүн узартуу боюнча иш-чараларды төмөнкү жолдор менен улантат:
- мамлекеттик баалуу кагаздардын ар жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндө мамлекеттик казыналык облигациялардын салыштырма салмагын көбөйтүү;
- 2 жылдан ашык жүгүртүү мөөнөтү бар казыналык облигацияларды сунуштоо.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт.
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү каржылоо максаттары үчүн гана колдонулбастан, ошондой эле финансылык сектордун өнүгүшүнө маанилүү таасир көрсөтөт, бизнести өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө алып келет. Бул максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик ички карыздарды башкаруу ачык-айкындуулук, жөнөкөйлүк жана өтүмдүүлүк принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылат жана төмөнкүдөй иш-чараларды карайт:
- каржылоонун жылдык көлөмдөрүн дайыма жарыялоону;
- жүгүртүүдөгү мамлекеттик баалуу кагаздардын ар кандай түрлөрүнүн санын бир кыйла кыскартууга жетүү үчүн эмиссиянын календарын жарыялоону жана эмиссиянын түзүмүн өзгөртүүнү;
- баштапкы жайгаштыруу маселелери боюнча эмитент жана агент менен рыноктун катышуучуларынын дайыма консультацияларын камсыздоону;
- инфляцияга байланган, негизинен майда жеке инвесторлор үчүн арналган мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн иликтөөнү;
- мамлекеттик баалуу кагаздар жөнүндө калктын маалымдуулугун камсыздоону.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди чыгаруу
Тобокелдиктин жана аныксыздыктын жогорку деңгээли бар финансылык каражат катары мамлекеттик кепилдиктердин табиятын, ошондой эле өз кезегинде атаандаштыкты өнүктүрүүгө өбөлгө боло албаган мамлекеттик кепилдиктер тигил же бул ишкананын, мекеменин, адамдын кыйыр жана тандалма протекция каражаты катары чыгуу мүмкүндүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик кепилдиктерди чыгаруудан/берүүдөн карманат.
7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик карызды башкарууда өлчөмдү, түзүмдү жана кадимки тобокелдиктерди дайыма контролдойт жана белгиленген эл аралык ченемдерге ылайык мамлекеттик карыздын туруктуулугунун индикаторлорун андан ары өркүндөтүүнү камсыздайт.
Тийиштүү министрликтер жана ведомстволордун ортосундагы иш-аракеттерди координациялоо мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн, бюджетти жана төлөм балансын колдоо үчүн жаңы тышкы жана ички карыз алуулардын суммасы жана түзүмү тиркемеге ылайык Стратегиянын максаттуу көрсөткүчтөрү менен макулдашуусуна кепилдик түзүүгө мүмкүндүк берет.
|
| 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясына тиркеме |
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясын ишке ашыруунун МАКСАТТУУ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
| 2015-ж. | 2016-ж. | 2017-ж. |
ИДПга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы | 100%дан ашык эмес | 100%дан ашык эмес | 100%дан ашык эмес |
ИДПга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызы | 60%дан ашык эмес | 60%дан ашык эмес | 60%дан ашык эмес |
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө | 20%дан ашык эмес | 20%дан ашык эмес | 20%дан ашык эмес |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө | 30%дан ашык эмес | 30%дан ашык эмес | 30%дан ашык эмес |
Тышкы зайымдардын жеңилдигинин минималдуу деңгээли | 35% | 35% | 35% |
Бир кредитор алдында карыздардын максималдуу суммасы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынан % менен) | 50%дан ашык эмес | 50%дан ашык эмес | 50%дан ашык эмес |
Мамлекеттик кепилдиктерди чыгаруу (сом) | 0 | 0 | 0 |
Тышкы финансылык рынокто чет өлкөлүк валютада облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу (сом) | 0 | 0 | 0 |
Аукциондук негизде МБКны жайгаштыруу | 100 % | 100% | 100 % |
Мамлекеттик баалуу кагаздардын ар жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндө мамлекеттик казыналык облигациялардын салыштырма салмагы | Оң динамика | Оң динамика | Оң динамика |