Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 684 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-июлу № 452
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жеке мамлекеттик өнөктөштүк чөйрөсүндө натыйжалуу иштерди камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
"1-тиркеме
Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Байланыш операторлору ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз КНАУФ маркетинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун ресурстук борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Союзтекстиль" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
"Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз ашпозчулар гильдиясынын" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Мейманкана жана ресторан бизнеси ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын курулушчулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун окуу борборунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин жана геологдор ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Био-kg" органикалык кыймыл федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).".