Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-июлу № 456
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 369-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктунда:
он бешинчи абзац "төлөө жөнүндө контракт (FORM STI-057)" деген сөздөрдөн жана цифралардан кийин "жана аны толтуруунун тартиби" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"- турак жай куруучулары үчүн белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө тууралуу контракт (FORM STI-126) жана аны толтуруунун тартиби;";
- токтом төмөнкүлөр менен толукталсын:
ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык Белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракттын формасын толтуруунун тартиби менен (FORM STI-057);
ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык турак жай куруучулары менен белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракттын формасы менен (FORM STI-126);
- ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык Турак жай куруучулары үчүн белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракттын формасын толтуруунун тартиби менен (FORM STI-126).
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракттын формасын толтуруунун ТАРТИБИ (салык контрагы) (FORM STI-057)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип пайда салыгына, салык салынуучу жеткирүүлөргө КНСке жана сатуудан алынган салыкка белгиленген суммалардын өлчөмүндө салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесинин суммаларын эсептеп чыгуу үчүн арналган, белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө тууралуу контракттын (мындан ары - Контракт) формасын (FORM STI-126) толтуруунун тартибин аныктайт.
2. Салык төлөөчү менен салык кызматынын органынын ортосунда макулдашылган контракт боюнча салык милдеттенмесин аткаруу ушул контракттын шарттарында белгиленген өлчөмдөрдө ай сайын, 15-числодон кийинки күнгө чейин ишке ашырылат.
2. Контракттын формасын толтуруунун тартиби
3. 101-уячада салык органынын коду, аталышы, ИСН, дареги көрсөтүлөт.
4. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
5. 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы жана/же аты-жөнү көрсөтүлөт.
6. 104-уячада салык төлөөчүнүн почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
7. 105-уячада салык төлөөчүнүн облусу, шаары, району, айылы көрсөтүлөт.
8. 106-уячада салык төлөөчүнүн көчөсүнүн/кичи районунун аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери көрсөтүлөт.
9. 107-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт.
10. 108-уячада салык төлөөчүнүн ОКПО коду көрсөтүлөт.
Андан ары салык органынын аталышы, салыктык контракт анын атына түзүлгөн салык органынын жетекчисинин аты-жөнү жана салык төлөөчүнүн аты-жөнү же аталышы жана кызмат орду, салык төлөөчүнүн жетекчисинин аты-жөнү көрсөтүлөт.
11. "Контракттын предмети" деген I бөлүмдүн 1-пунктунда салык органынын аталышы, салык төлөөчүнүн аты-жөнү же аталышы жана объекттин жайгашкан дареги көрсөтүлөт.
12. "Салыктардын белгиленген суммасынын эсеби" деген IV бөлүктүн 2, 3, 4-тилкелеринде мурдагы тиешелүү мезгилдеги салык милдеттенмелеринин суммасы көрсөтүлөт.
13. 5-тилкеде мурдагы салык мезгилдеринин ичинен салык милдеттенмелеринин эң чоң суммасы көрсөтүлөт.
14. 6-тилкеде контракт боюнча салык милдеттенмесинин суммасы көрсөтүлөт.
15. Эскертүүдө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 370-беренесинин бөлүгүнө ылайык турак жайды куруучуларды кошпогондо, мурдагы календарлык жылдагы салыктык милдеттенмелердин суммасынан 10 пайыздан кем эмес ашык өлчөмдө кабыл алынуучу кийинки контрактты кайра түзүүдөгү салык милдеттенмесинин суммасы көрсөтүлөт.
16. Кошумча маалыматта салык милдеттенмесинин суммасына киргизилген объекттердин аталышы жана жайгашкан орду, имарат жайларынын аянты чарчы метр менен (соода, өнөр жай жайлары, банкет залы, кышкы/жайкы аянтчалар ж.б.), орундардын саны, өнөр жай кубаттуулугу жана контракт боюнча салык милдеттенмесинин суммасына таасир бере турган башка көрсөткүчтөр камтылат.
17. 204төн 215ке чейинки уячаларда тиешелүү мезгил үчүн пайда салыгы боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышы көрсөтүлөт.
18. 216-уячада пайда салыгы боюнча жыйынтык сумма көрсөтүлөт.
19. 218ден 229га чейинки уячаларда тиешелүү мезгил үчүн сатуудан алынган салык боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышы көрсөтүлөт.
20. 230-уячада пайда салыгы боюнча жыйынтык сумма көрсөтүлөт.
21. 232ден 243кө чейинки уячаларда тиешелүү мезгил үчүн салык салынуучу жеткирүүлөргө КНС боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышы көрсөтүлөт. Салык салынуучу жеткирүүлөргө КНСтин белгиленген суммасын эсептөө учурунда тараптардын макулдугу менен, сумма уячада кийинки айдан баштап көрсөтүлөт, бул жерде алдын ала эсептөөлөр боюнча түшкөн акчанын суммасы КНС боюнча белгиленген каттоо ченинен ашат.
22. 224-уячада салык салынуучу жеткирүүлөргө КНС боюнча жыйынтык сумма көрсөтүлөт.
23. 201 жана 202-уячаларда контракттын колдонулуу мезгилинин датасы көрсөтүлөт.
24. 901-уячада контрактты түзүүнүн датасы көрсөтүлөт.
25. "Макулдашылды" графасында милдеттүү түрдө жетекчинин аты-жөнү толтурулган, колу коюлган жана түп нуска оттиски менен мөөрү басылган тараптардын маалым даректери көрсөтүлөт.
2-тиркеме
FORM STI-126
Турак жай куруучулары менен белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө КОНТРАКТ
Юстиция Министрилигинин архивинде сакталат
3-тиркеме
Турак жай куруучулары үчүн белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракттын формасын толтуруунун ТАРТИБИ (FORM STI-126)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип турак жай куруучулары үчүн белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракттын формасын толтуруунун тартибин аныктайт (FORM STI-126).
2. Турак жай куруучулары үчүн белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракт төмөнкүлөрдөн турат:
- турак жай куруучулары менен белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракттын формасы (FORM STI-126);
- турак жай куруучулары менен белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контрактка "Салыктардын белгиленген суммасынын эсеби" тиркемеси (FORM STI-126-001).
3. Контракт боюнча салык милдеттенмесин аткаруу контракттын шарттары менен аныкталган өлчөмдөрдө ар бир айдын 15-күнүнөн кийинки күнгө чейин ай сайын ишке ашырылат.
2. Контракттын формасын толтуруунун тартиби
4. I бөлүмдө:
1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСН көрсөтүлөт;
2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы жана/же аты-жөнү көрсөтүлөт;
3) 104-уячада салыктык катталган орду боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада салык төлөөчүнүн ОКПО коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада салык төлөөчүнүн почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада салык төлөөчүнүн облусу, шаары, району, айылы көрсөтүлөт;
7) 114-уячада салык төлөөчүнүн көчөсүнүн/кичи районунун аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери көрсөтүлөт;
8) 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) 201 жана 202-уячаларда контрактты колдонуу мезгилинин датасы көрсөтүлөт.
5. II бөлүмүндө:
1) салык органынын аталышы, салыктык контракт түзүлүп жаткан салык органынын жетекчисинин аты-жөнү жана салык төлөөчүнүн аты-жөнү же аталышы жана ээлеген кызматы, салык төлөөчүнүн жетекчисинин аты-жөнү көрсөтүлөт;
2) 1-пунктунда салык органынын аталышы, салык төлөөчүнүн аты-жөнү же аталышы жана объекттин жайгашкан дареги көрсөтүлөт.
6. V бөлүмдө:
- 205тен 287ге чейинки уячаларда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 371-беренесине ылайык контракт боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышы көрсөтүлөт;
- 211, 218, 225, 232, 239, 246, 253, 260, 267, 274, 281 жана 288-уячаларда контракт колдонулган мезгилдеги жыйынтык суммалары көрсөтүлөт;
- 335-уячада турак жай куруучулар менен белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контрактка "Салыктардын белгиленген суммасынын эсеби" деген тиркемесинде (FORM ST1-126-001) көрсөтүлгөн сатылуучу турак жайлардын жалпы аянты көрсөтүлгөн.
7. 336-уячада (FORM STI-126-001) тиркемеде көрсөтүлгөн эсептөөлөрдөн контракт боюнча салык милдеттенмесинин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Мында (FORM STI-126-001) тиркеменин барактарынын санын көрсөтүү зарыл.
8. 900-уячада салык контрагынын номери көрсөтүлөт.
9. 901-уячада контракттын түзүлгөн датасы көрсөтүлөт.
10. 298-уячада салык органынын жетекчисинин ээлеген кызматы жана аты-жөнү көрсөтүлөт, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн колу коюлат.
11. 299-уячада салык төлөөчүнүн ээлеген кызматы жана аты-жөнү көрсөтүлөт, колу коюлат жана мөөрү болсо, аны менен бекемделет.
12. 297-уячада ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисинин аты-жөнү көрсөтүлөт, колу коюлуп, ал ыйгарым укуктуу салык органынын мөөрү менен бекемделет.
13. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 369-беренесине ылайык турак жай куруучулары менен контракт турак жай курулушунун ар бир объектиси боюнча өзүнчө түзүлөт. Турак жай курулушунун ар бир объектиси боюнча өзүнчө белгиленген сумманын эсептөөсү тиешелүү мамлекеттик органдардын берген документтерине ылайык, (FORM STI-126-001) тиркемеси боюнча толтурулат. Салык төлөөчүдө (турак жайды куруучуда) 4 же андан көп курулуш объектиси болсо, тиркемелер (FORM STI-126-001) керектүү санда толтурулат.
14. 330-уячада курулуштун бир объектиси боюнча чарчы метрлердеги турак жайлардын сатылган жалпы аянты көрсөтүлөт.
15. 331-уячада 1 чарчы метри 900 сомго барабар болгон белгиленген салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
16. 332-уячада жергиликтүү кеңештер белгилеген зоналык коэффициент көрсөтүлөт.
17. 333-уячада курулуштун бир объектиси боюнча салык милдеттенмесинин суммасы көрсөтүлөт.
18. 334-уячада салыктарды, объекттин жайгашкан ордун, кабаттардын, подъезддердин санын, турак жай, турак жай эмес жайлардын аянтын, жер участогунун жалпы аянтын эсептеп чыгуу үчүн берилген тиешелүү документтердин тизмеги көрсөтүлөт.
19. 901-уячада эсептөөлөрдү түзүүнүн датасы көрсөтүлөт.
20. 298-уячада салык органынын жетекчисинин ээлеген кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
21. 299-уячада салык төлөөчүнүн жетекчисинин ээлеген кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.