Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 474 токтому менен бекитилген |
Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Токойлорду корголуу категорияларына киргизүүдө, токойлорду негизги корголуу категориясына бөлүүдөгү өзгөчө талаптарга жооп берген бак-дарактарды кылдаттык менен тандоону камсыздоо зарыл.
2. Токойлордун корголуу категориясы токой фондунун токойлуу жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлуу жерлери үчүн жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлор үчүн аныкталат.
Токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токойлорду пайдалануу режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токойлордун корголуу категорияларынын негизги максаттуу багытына жараша белгиленет жана токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Токойлорду тийиштүү корголуу категорияларына киргизүүдө токой фондунун токойлуу жерлеринин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлуу жерлеринин жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлорунун чек аралары кошо аныкталат.
4. Корголуу категориясына киргизүү үчүн токойлуу жерлердин чек араларын, мүмкүн болушунча табигый чектер жана бөлүктөрдүн чек аралары менен ылайык келтирүү зарыл.
5. Эгер бир аймактагы өскөн токойлор бир нече коргоо функцияларын аткарса, алар:
- токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн жана токойду пайдалануунун жогорку режими белгиленген;
- төмөндөгү келтирилген таблицага ылайык, мааниси чоң корголуу категорияларына кирет (иреттик номери канчалык кичине болсо, ошончолук маанилүү болот).
Таблица
Корголуу категориясынын маанилүүлүгү
№ | Корголуу категориясы |
1 | Мамлекеттик жаратылыш коруктары жана корууга алынган чөлкөмдөр |
2 | Мамлекеттик жаратылыш парктары |
3 | Коруктар |
4 | Өзгөчө баалуу токой массивдери |
5 | Илимий маанидеги токойлор, анын ичинде генетикалык резерваттар жана жаратылыш эстеликтери |
6 | Суу менен жабдуучу булактардын санитардык коргоо чөлкөмүнүн биринчи жана экинчи тилкелериндеги токойлор |
7 | Эрозияга каршы токойлор |
8 | Транспорттук жолдордун бойлорундагы коргоочу токой тилкелери |
9 | Курорттордун санитардык коргоочу аймактарындагы токойлор |
10 | Шаар токойлору, токой парктары, калктуу конуштардын тегерегиндеги жашыл токой зоналары |
11 | Чөлдөрдөгү жана сейрек токойлуу тоолуу чөлкөмдөрдөгү айлана-чөйрөнү коргоо үчүн мааниге ээ болгон токойлор |
12 | Дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка суу объектилеринин жээгиндеги тыюу салынган токой тилкелери |
6. Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү, аларды бир категориядан башкасына которуу, токойду пайдалануунун чектелген режими бар өзгөчө корголуучу токой участокторун бөлүү токойду жайгаштырууда жана атайын изилдөөлөрдө ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
2. Токойлорду бир корголуу категориясынан башкасына которуу эрежелери
7. Токойлорду корголуунун бир категориясынан башкасына которуу жер фондунун жана токойчулуктун багыты өзгөргөндө токой жайгаштыруунун жүрүшүндө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корутундуларынын негизинде жүргүзүлөт.
3. Көбүнчө суу сактоо функцияларын аткарган токойлорду корголуу категорияларына киргизүү эрежелери
8. Дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка суу көлмөлөрдүн жээгиндеги тыюу салынган токой тилкелерине дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка суу объектилеринин, жээктеринде жайгашкан дарыянын куймасына же көлмөнүн жээгиндеги суу сактоо функцияларын аткарган токойлор кирет.
Тыюу салынган токой тилкелеринин кеңдиги үчүн Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык аныкталат.
4. Көбүнчө коргоо функцияларын аткаруучу токойлорду корголуу категорияларына киргизүү эрежелери
9. Эрозияга каршы токойлорго терең сайлардын жээгине тигилген табигый жана экме токойлор, кумдак жерлердеги, таштуу куйулмалардагы, сел жүрүүчү жайлардагы, тоолордун тик капталдарындагы участоктору, суулардын тик сайларындагы токойлор кирет.
Эрозияга каршы токойлорго, ошондой эле рекультивация болгон карьерлерде жана бузулган жерлердеги эрозияга каршы мааниси чоң токойлор дагы кириши мүмкүн.
Кар көчкүлөрүнүн, тоо кыртышынын чыккан, көчкөн жерлердин кыр жагындагы, маанилүү эрозияга каршы функцияларды аткарган токойлор, алардын майда участоктор топторуна киргизилгендигине байланыштуу эреже боюнча өзүнчө корголуу категориясына бөлүнбөйт, бирок токой пайдаланууга чек коюлган өзгөчө корголуучу участокторго кирет. Эрозияга каршы токойлордун аянттары токой жайгаштырууда ушул Эрежелеринин 2-тиркемесине ылайык аныкталат.
10. Чөлдөрдөгү жана сейрек токойлуу тоолуу райондордо айлана-чөйрөнү коргоо үчүн мааниге ээ болгон токойлорго, чөлдүү, жарым чөл, талаа жана токой талаасындагы райондордогу гидрологиялык тармакка байланышкан мааниси чоң, табигый жана экме токойлор кирет.
11. Транспорттук жолдордун (темир жолдордун) бойлорундагы коргоочу токой тилкелерине курулуп жаткан жана колдонулуп жаткан темир жолдон ар бир тарабы 100 метр кеңдикте жайгашкан токой тилкелери кирет.
Транспорттук жолдордун (автомобиль жолдорунун) жээгиндеги коргоочу токойлорго (автомобиль жолдорунун), курулуп жаткан жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна, ведомстволук автомобиль жолдоруна жана муниципалдык жолдорго канатташ жолдун ортосунан баштап ар бир тарабындагы 50 метр кеңдиктеги жайгашкан токой тилкелери кирет.
12. Тоолуу райондордогу токойлордун коргоочу тилкелери зарыл болгон учурларда тийиштүү талаптарга ылайык жолдордун жана кыймылдын коопсуздугун ишенимдүү сактоону камсыздаган өлчөмдөргө чейин атайын изилдөөлөрдүн негизинде кеңейтилиши мүмкүн.
5. Көбүнчө санитардык-гигиеналык жана ден-соолукту чыңдоо функцияларын аткаруучу токойлорду корголуу категорияларына киргизүү эжелери
13. Калктуу конуштардын тегерегиндеги жашыл токой чөлкөмдөрүнө, шаарлардын, башка калктуу конуштардын жана өндүрүштүк мекемелердин же аларга жакын санитардык-гигиеналык, ден соолукту чыңдоо функцияларын аткарган жана элдердин эс алуучу жерлери болгон токойлор кирет.
14. Курорттордун санитардык коргоочу аймактарындагы токойлорго, курорттук коргоодогу санитардык округдардын чек арасындагы токойлор кирет.
15. Шаардык токойлорго шаарлардын чек арасында жайгашкан токойлор кирет.
Шаар токойлору эреже катары шаарлардын белгиленген чек аралары (өзгөртүү) менен бирге бөлүнөт.
6. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлорун корголуу категорияларына киргизүү эрежелери
16. Мамлекеттик жаратылыш коруктардын токойлоруна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулган мамлекеттик жаратылыш коруктарынын аймагындагы бардык токойлор кирет.
17. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын токойлоруна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулган мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймагындагы баардык токойлор кирет.
18. Корууга алынган токой участокторуна, курамына реликтик же эндемикалык өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө кирген өзгөчө баалуу дарак, бадалдардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн камтыган, коргоого алынган токой участоктору кирет.
Токойдун корууга алынган участокторун бөлүү жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын сунушу боюнча токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Илимий же тарыхый мааниси бар токойлорго, маданий-тарыхый коруктардын аймактарында жайгашкан токойлор, мемориалдык комплекстердин, тарыхий окуяларга, ата-мекендик илимий жана маданиятка байланышкан жерлердеги, археологиялык, шаар куруудагы, ошондой эле айыл чарбасынын илимий жана практикалык чоң жетишкендиктеринин, тарыхий эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүнүн жана келечекте узак убакытка изилдөө объектиси болгон токойлор кирет.
20. Өзгөчө баалуу токой массивдерине, түрлүк курамы уникалдуу болгон, Токой кодексине ылайык өзгөчө баалуу дарак түрлөрүнө кирген реликтик жана эндемикалык түрлөрү бар, өндүрүмдүүлүгү жана генетикалык сапаты уникалдуу болгон токойлор кирет.
21. Жаратылыш эстеликтеринин токойлоруна түрлүк курамы, өндүрүмдүүлүгү, дарактардын жайгашуусу жана башка жаратылыш өзгөчөлүктөрү боюнча уникалдуу ошондой эле өзгөчө чарбачылык, илимий же маданий-эстетикалык баалуулуктагы токой участоктору же токой массивдери кирет.
22. Мөмө-жаңгак токойлоруна, курамында баалуу жаңгак жана мөмө-жемиш түрлөрү өскөн табигый же экме токойлор кирет.
Токой жайгаштырууда аныкталган грек жаңгагынын түрлүк курамы 5% же андан көптү түзөт.
23. Арча токойлоруна, табигый же экме арча токойлору кирет. Токой жайгаштырууда аныкталган дарак түрүндөгү арчанын түрлүк курамы 5% же андан көптү түзөт.
24. Мисте токойлоруна, табигый же экме токойлор кирет, токой жайгаштырууда аныкталган мистенин түрлүк курамы 5% же андан көптү түзөт.
7. Токой пайдалануу режими чектелген токойдун өзгөчө корголуучу участокторун бөлүү эрежелери
25. Токойдун өзгөчө корголуучу участогуна, эрозияга каршы маанилүү функцияны аткарган, эгер алар анча чоң эмес аянтта жана топтолуп жайгашкандыгына байланыштуу эрозияга каршы токойлордун корголуу категориясына кирбей калган токойлор дагы кирет. Мындай өзгөчө корголуучу токой участокторун бөлүү эрозияга каршы токойлордун ченемине жана ушул эрежелеринин 2-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
1-тиркеме
Суу сактоочу токойлор тилкелери
1. Суу сактоочу токойлорго, дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка суу объектилеринин жээгиндеги жайгашкан токойлор кирет.
2. Түз жерлердеги дарыялардын жээгиндеги суу сактоочу токойлор дарыялардын узундугуна байланыштуу төмөнкү жазылыкка бөлүнөт:
1-таблица
Түз жерлердеги дарыялардын жээгиндеги тыюу салынган токой тилкелеринин жазылыгы
Дарыялардын узундугу, км | Тыюу салынган токой тилкелеринин жазылыгы, м | Дарыялардын узундугу, км | Тыюу салынган токой тилкелеринин жазылыгы, м |
5ден 10го чейин | 75 | 50дөн 100гө чейин | 125 |
10дон 50гө чейин | 100 | 100дөн ары | 150 |
3. Тоо дарыяларынын жээгиндеги суу сактоочу токойлор, дарыя жээгинен, 10° жантайыңкылыктан ашпаган, 1000 метр аралыкка чейинки токойлуу жерлер, дарыялардын узундугуна байланыштуу төмөнкү жазылыкка бөлүнөт:
2-таблица
Тоо дарыяларынын жээгиндеги тыюу салынган токой тилкелеринин жазылыгы
Токой өсүмдүктөрү каптаган чөлкөмдөр жана чөлкөм ичиндегилер | Дарыялардын узундугу, км | Тыюу салынган токой тилкелеринин жазылыгы, м | Дарыялардын узундугу, км | Тыюу салынган токой тилкелеринин жазылыгы, м | Дарыялардын узундугу, км | Тыюу салынган токой тилкелеринин жазылыгы, м |
Тоо этегиндеги (деңиз деңгээлинен 1000 м чейин бийиктиктеги) | 5тен 10го чейин | 300 | 10дон 50гө чейин | 350 | 50дөн ары | 350 |
Орточо тоолор (деңиз деңгээлинен 1000-3000 м чейин бийиктиктеги) | 5тен 10го чейин | 250 | 10дон 50гө чейин | 300 | 50дөн өйдө | 300 |
Бийик тоолуу (деңиз деңгээлинен 3000 м чейин бийиктиктеги) | 5тен 10го чейин | 200 | 10дон 50гө чейин | 250 | 50дөн өйдө | 300 |
3-таблица
Тоо сууларынын жээктериндеги токойлордун тыюу салынган тилкелеринин жазылыгы
Көлмөнүн көлөмү, куб.м | Дарыялардын узундугу, км | Көлмөнүн көлөмү, куб.м | Дарыялардын узундугу, км |
10 млн. куб.м чейин | 30 | 1000 млн. куб.м чейин | 70 |
100 млн. куб.м чейин | 50 | 1000 млн. куб.м ары | 100 |
2-тиркеме
Эрозияга каршы токойлорду бөлүү ченемдери
№ | Токойлордун аттары | Эрозияга каршы токойлорду жана токойдун өзгөчө корголуучу участогун бөлүү ченемдери |
1 | Жарлардагы (адырдагы) токойлор | Жарлардын (адырдын) жээгиндеги токой участокторуна, жарлардын жээгиндеги туурасы 50-100 метр токой тилкелери кирет |
2 | Таштуу куйулмалардагы токойлор | Токойдун 1/3 бөлүгү таштуу келген жана жалакай аскаларга чыгып турган токой аянттарынын участоктору ошондой эле мындай участоктордогу кеңдиги 50-100 метрден кеткен токой тилкелери кирет |
3 | Сел жүрүү коркунучу бар жерлердеги токойлор | Туурасы 200-300 метрден кем болбогон сел жүрүүчү жерлердеги токой тилкелери. Зарыл болгон учурларда атайын илимий-техникалык изилдөөлөрдүн жана аныктоолордун негизинде бул тилкелердин туурасы чоңоюшу мүмкүн |
4 | Тик жантайыңкы тоолордогу токой тилкелери | Жантайыңкынын экспозициясына карабастан, тиктиги 25° ашкан жантайыңкыда өскөн токой участоктору кирет |
5 | Карьердик казып алуулардын ордуна кыртышты калыптандыруу үчүн отургузулган токой тилкелери | Карьердик казып алуулардын ордуна кыртышты калыптандыруу үчүн отургузулган токой тилкелери |
6 | Кар көчкү коркунучу бар жерлердеги токой тилкелери | Тоолуу райондордогу такай кар көчкү коркунучу бар жерлердеги кеңдиги 150 метрден ашкан токой тилкелери |
7 | Аңдардын жана шагылдардын жээгиндеги токойлор | Тоолуу райондордун аңдуу жерлериндеги кеңдиги 50-100 метрден ашкан токой тилкелери |