Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-июлу № 550
Евразия экономикалык бирлигинде товарларды, жумуштарды, кызматтарды экспорттоо жана импорттоо учурундагы документтердин тизмегин бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 40-1-главасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жумуштарды, кызматтарды жеткирүүнүн ордун ырастоочу документтердин тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
- Товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча экспорттолуучу же импорттолуучу товарларды ташууну ырастоочу документтердин тизмеги 3-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Евразиялык экономикалык бирлигинин ушул эле же башка мүчө-мамлекетинин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги 4-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча, кайра иштетилген продуктуну кийинчерээк Евразия экономикалык бирлигинин ошол эле мүчө-мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылышынын фактысын ырастоочу документтердин тизмеги 5-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча, кайра иштетилген продуктуну кийинчерээк Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылышынын фактысын ырастоочу документтердин тизмеги 6-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча, кайра иштетилген продуктуну кийинчерээк Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болбогон мамлекеттин аймагына ташып чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылышынын фактысын ырастоочу документтердин тизмеги 7-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттерине товарларды экспорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда КНС жана акциздик салык боюнча салык отчетторуна тиркелүүчү документтердин тизмеги 8-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда кыйыр салыктар боюнча салык отчетторуна тиркелүүчү документтердин тизмеги 9-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Жумуштарды, кызматтарды жеткирүүнүн ордун ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Жумуштарды, кызматтарды жеткирүүнүн ордун ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин салык төлөөчүсүнүн ортосунда жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө карата түзүлгөн келишим (контракт);
2) Евразия экономикалык бирлигинин тийиштүү мүчө-мамлекеттеринин бухгалтердик эсебинин талаптарына ылайык жумуштардын аткарылышынын, кызматтардын көрсөтүлүшүнүн фактысын ырастоочу документтер;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтер.
2-тиркеме
Товарлардын экспортун ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Товарлардын экспортун ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аларга карата өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тиркемелерди эсепке алуу менен, алардын негизинде товарлардын экспорту ишке ашырыла турган келишимдер (макулдашуулар) (мындан ары - келишимдер (макулдашуулар), товарлардын лизинги учурунда - финансылык ижара (лизинг) келишими же буюм-терим түрүндөгү зайымды берүүнү караштырган келишимдер (макулдашуулар), товарларды даярдоо келишимдери (макулдашуулары);
2) товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз аймагына товарлар импорттолгон Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык органынын кыйыр салыктар төлөнгөнү (бошотулганы же салык милдеттенмелерин башка тартипте аткарганы) жөнүндө белгиси менен, (кагазга жазылган түрүндө түп нускада же көчүрмөдө), же салык төлөөчүнүн электрондук (электрондук-санариптик) кол тамгасы коюлган Арыздардын тизмеги (кагазга жазылган же электрондук түрдө);
3) Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Евразиялык экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына товарлардын ташылышын ырастаган, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү;
4) магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча же электр берүү чубалгылары боюнча товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;
5) түшкөн каражаттан кассага же салык төлөөчүнүн банктык эсебине түшүшүн ырастаган документтер;
6) сырткы соода товар алмашуу (бартердик) операциялары боюнча келишимдер (макулдашуулар);
7) лизингдин предмети болуп саналган товардын баштапкы наркынын ордун толтуруу бөлүгүндө, лизингдик төлөмдүн кассага же салык төлөөчүнүн банктык эсебине түшүшүн ырастаган документтер;
8) интеллектуалдык менчик объектине карата укук жөнүндө интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастоосу.
2. Мурда Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин аймагында кайра иштетүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин аймагына ташып чыгарылган иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү келишимдери (макулдашуулары);
2) алардын негизинде кайра иштетүү продуктуларын экспорттоо ишке ашырылуучу келишимдер (макулдашуулар);
3) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштардын аткарылгандык фактысын ырастаган документтер;
4) иштетип алма чийки затын Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагына ташып чыгарууну ырастаган товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү, ал эми иштетип алма чийки затын магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча же электр берүү чубалгылары боюнча ташуу учурунда салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, товарларды кабыл алуу-тапшыруу актысы берилет;
5) товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз кагазга жазылган түрүндө түп нускада же көчүрмөдө, аймагына кайра иштетүү продуктулары импорттолгон Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык органынын кыйыр салыктар төлөнгөнү (бошотулганы же салык милдеттенмелерин башка тартипте аткарганы) жөнүндө белгиси менен, же товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндөгү арыздардын тизмеги кагазга жазылган түп нускада жана электрондук түрүндө же салык төлөөчүнүн электрондук-санариптик кол тамгасы коюлган электрондук түрдө;
6) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагынан кайра иштетүү продуктуларынын ташып чыгарылышын ырастаган, товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү, ал эми кайра иштетүү продуктуларын магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча же электр берүү чубалгылары боюнча ташуу учурунда товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрүнүн ордуна салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, товарларды кабыл алуу-тапшыруу актысы берилет;
7) түшкөн акчанын кассага же салык төлөөчүнүн банк эсебине түшүшүн ырастаган документтер;
8) кайтарылууга жаткан КНС суммасын аныктоо учурунда сырткы соода товар алмашуу (бартердик) операциялары боюнча кайра иштетүү продуктуларын экспортко чыгарганда алынган товарларды импорттоону (жумуштарды аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) ырастаган келишимдер (макулдашуулар), ошондой эле документтер;
3. Мурда Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагында кайра иштетүү үчүн ташып чыгарылган иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болбогон мамлекеттин аймагына экспорттоону ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү келишимдери (макулдашуулары);
2) алардын негизинде кайра иштетүү продуктуларын экспорттоо ишке ашырылган келишимдер (макулдашуулар);
3) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштардын аткарылгандык фактысын ырастаган документтер;
4) иштетип алма чийки затын Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагына ташып чыгарууну ырастаган товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү, ал эми иштетип алма чийки затын магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча же электр берүү чубалгылары боюнча ташуу учурунда товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрүнүн ордуна салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы берилет;
5) кайра иштетүү продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин чегинен сырткары ташып чыгарууну ырастаган товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү, ал эми кайра иштетүү продуктуларын магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча же электр берүү чубалгылары боюнча ташуу учурунда товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрүнүн ордуна салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы берилет;
6) экспорттун бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды чыгарууну ишке ашырган Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин салык органынын белгиси менен, ошондой эле ушул Тизмектин 3-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн учурлардан сырткары, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрүү пунктунда жайгашкан Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин бажы органынын белгиси менен жүк бажы декларациясы;
7) төмөнкү учурларда бажылык декларациялоону жүргүзгөн Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин бажы органынын белгиси менен толук жүк бажы декларациясы:
- магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча же электр берүү чубалгылары боюнча экспорттун бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда;
- мезгилдүү декларациялоонун жол-жоболорун колдонуу менен экспорттун бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташып чыгууда;
- убактылуу декларациялоонун жол-жоболорун колдонуу менен экспорттун бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташып чыгууда.
8) салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, түшкөн акчанын кассага же салык төлөөчүнүн банк эсебине түшүүсүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрү.
3-тиркеме
Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча экспорттолуучу же импорттолуучу товарларды ташууну ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча экспорттолуучу же импорттолуучу товарларды ташууну ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) экспорттоо учурунда - товарларды ташып чыгуу жана экспорттоочу тарабынан импорттоочудан алынган товарлардын кыйыр салыгын төлөө жөнүндө арыздын көчүрмөсү;
2) импорттоо учурунда - Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттогон салык төлөөчүдөн алынган кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын көчүрмөсү;
3) көрсөтүлгөн жүктөрдү андан ары жеткирүүнү ишке ашырышкан сатып алуучуга же башка адамдарга ал жүктөрдү мурда жеткирүүнү жүзөгө ашырган сатуучудан же башка адамдардан аткарылган жумуштардын актысы, жүктөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;
4) эсеп-фактуралар.
4-тиркеме
Eвразия экономикалык бирлигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин ушул эле же башка мүчө-мамлекетинин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин ушул эле же башка мүчө-мамлекетинин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу магистралдык өткөрүүчү түтүктөр тутуму боюнча жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аткарылган жумуштардын актылары;
2) көрсөтүлгөн жүктөрдү андан ары жеткирүүнү ишке ашырышкан сатып алуучуга же башка адамдарга ал жүктөрдү мурда жеткирүүнү жүзөгө ашырган сатуучудан же башка адамдардан жүктөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;
3) эсеп-фактуралар.
5-тиркеме
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча, кайра иштетилген продуктуну кийинчерээк Евразия экономикалык бирлигинин ошол эле мүчө-мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылышынын фактысын ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча, кайра иштетилген продуктуну кийинчерээк Евразия экономикалык бирлигинин ошол эле мүчө-мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылышынын фактысын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин салык төлөөчүлөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдер (макулдашуулар);
2) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштардын аткарылышынын фактысын ырастоочу документтер;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына иштетип алма чийки затты ташып кирүүнү ырастоочу документтер, анын ичинде кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенме;
4) Кыргыз Республикасынын аймагынан кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгууну ырастоочу документтер, анын ичинде кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенменин аткарылышы;
5) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштардын наркынан КНСтин төлөнгөндүгүн ырастоочу товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз;
6) Кыргыз Республикасынын аймагындагы банктарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ачылган салык төлөөчүнүн банктык эсебине валюталык түшкөн каражаттын келип түшүүсүн ырастоочу документтер;
7) Кыргыз Республикасынын өнөр жайды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын товарларды кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу корутундусу.
6-тиркеме
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча, кайра иштетилген продуктуну кийинчерээк Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылышынын фактысын ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча, кайра иштетилген продуктуну кийинчерээк Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылышынын фактысын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин салык төлөөчүлөрүнүн ортосунда түзүлгөн иштетип алма чийки затты кайра иштетүүгө, даяр продукцияны жеткирүүгө карата келишимдер (макулдашуулар);
2) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштардын аткарылышынын фактысын ырастоочу документтер;
3) иштетип алма чийки затты жана даяр продукцияны кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;
4) Кыргыз Республикасынын аймагына иштетип алма чийки затты ташып кирүүнү ырастоочу документтер (анын ичинде кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенме);
5) Кыргыз Республикасынын аймагынан кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгууну ырастоочу документтер (анын ичинде кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенменин аткарылышы);
6) иштетип алма чийки заттын менчик ээсинен алынган, иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштардын наркынан КНСтин төлөнгөндүгүн ырастоочу товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз;
7) Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүү чөйрөсүндө саясат жүргүзүүчү мамлекеттик органдын товарларды кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу корутундусу;
8) валюталык түшкөн каражаттын кассага же салык төлөөчүнүн банктык эсебине келип түшүүсүн ырастоочу документтер.
7-тиркеме
Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча, кайра иштетилген продуктуну кийинчерээк Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болбогон мамлекеттин аймагына ташып чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылышынын фактысын ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча, кайра иштетилген продуктуну кийинчерээк Евразиялык экономикалык бирлигинин мүчөсү болбогон мамлекеттин аймагына ташып чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылышынын фактысын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин салык төлөөчүлөрүнүн ортосунда түзүлүүчү келишим (макулдашуу);
2) Иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштардын аткарылган фактысын ырастоочу документтер;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына иштетип алма чийки затты ташып кирүүнү ырастоочу документтер (анын ичинде кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенме);
Кыргыз Республикасынын аймагынан кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгууну ырастоочу документтер (анын ичинде кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенменин аткарылышы);
4) Евразия экономикалык бирлигине мүчө болбогон мамлекеттин аймагына товарларды ташып кетүүдө бажылык декларацияны ишке ашыруучу Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттин бажы органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн экспорттун бажылык процедурасына ылайык жол-жоболоштурулган бажылык декларациясынын көчүрмөсү;
6) иш жүзүндө ташылып чыгарылган товарлар жөнүндө салык органдарынын маалыматтык системасындагы бажы органынын билдирүүсү боюнча электрондук документ түрүндө, ошондой эле товарлардын экспортун ырастоочу документ болгон бажылык декларация. Бул пунктчада каралган товарларга бажылык декларациянын электрондук документ түрүндө болушу, ушул Тизмедеги 5-пунктчада белгиленген документти көрсөтүүнү талап кылбайт.
7) валюталык түшкөн каражаттын кассага же салык төлөөчүнүн банктык эсебине келип түшүүсүн ырастоочу документтер;
8) Кыргыз Республикасынын өнөр жайды өнүктүрүү чөйрөсүндө саясат жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын товарларды кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу корутундусу.
8-тиркеме
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттерине товарларды экспорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда КНС жана акциздик салык боюнча салык отчетторуна тиркелүүчү документтердин ТИЗМЕГИ
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттерине товарларды экспорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда салыктык катталган орду боюнча салык органына КНС боюнча салык отчеттору менен бир мезгилде берилүүгө тийиш болгон документтер:
1) аймагына товарлар (анын ичинде иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктулары) импорттолгон Евразиялык экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин салык органынын белгиси менен товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө кагаз түрүндөгү арыз;
2) товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кошумча көчүрмөсү (ЕАЭБдын башка мүчө-мамлекетинин аймагына иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын экспорттоо учурда);
3) товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын ордуна, "Эркин кампа" жана "Эркин бажы аймагы" бажылык процедурасы астында товар импорттолгон мамлекетке товарларды жайгаштыруу учурундагы товар алуучунун бажылык декларациясы;
4) товарларды жеткирүүгө карата келишимдин (контракттын) салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) түшкөн каражаттын кассага же салык төлөөчүнүн банктык эсебине келип түшүүсүн ырастоочу документтердин салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
9-тиркеме
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда кыйыр салыктар боюнча салык отчетторуна тиркелүүчү документтердин ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды, анын ичинде иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктулары болуп саналган товарларды импорттоо учурунда салыктык катталган орду боюнча салык органына салык төлөөчү тарабынан кыйыр салыктар боюнча салык отчёттору менен бир мезгилде берилүүгө тийиш болгон документтер:
1) товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз (арыздар) кагазга жазылган (төрт нускада) жана электрондук түрдө же салык төлөөчүнүн электрондук-санариптик кол тамгасы менен электрондук түрдө;
2) импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарды төлөө боюнча салыктык милдеттенменин аткарылгандыгын ырастоочу төлөм документтери;
3) товарларды автоунаа менен ташып келген учурда - коштомо кагаздын көчүрмөсү;
4) эгерде, товарларды жүктөп жөнөтүү учурунда аларды чыгаруу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамы менен каралган болсо, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактуралары;
5) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон, сатылып алынган товарлардын негизиндеги келишимдер (макулдашуулар), товарларды лизингдөө учурунда (лизингдин предмети) - лизинг келишими (макулдашуусу), буюм түрүндө зайымдарды берүүдө - зайымдык келишимдер, товарларды даярдоо тууралуу келишимдер (макулдашуулар), иштетип алма чийки затты иштетүүгө карата келишимдер (макулдашуулар);
6) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан же Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттин аймагынан импорттолгон товарларды саткан Евразия экономикалык бирлигине мүчө эмес мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан (жетекчисинин (жеке ишкердин) колу коюлуп, уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн), Евразия экономикалык бирлигине мүчө үчүнчү мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн жана ушул Евразия экономикалык бирлигине мүчө үчүнчү мамлекеттин салык төлөөчүсү менен импорттолгон товарды сатып алуу жөнүндө түзгөн келишим (контракт) тууралуу төмөнкү маалыматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-18-беренесинин 2-3-бөлүктөрүндө каралган учурларда) берилген маалыматтык билдирүү:
- адамды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү катары идентификациялаган номер;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн (уюмдун, жеке ишкердин) толук аталышы;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн турган орду (жашаган жери);
- контракттын (келишимдин) номери жана датасы;
- спецификациясынын номери жана датасы;
7) комиссиянын же табыштаманын (түзүлгөн болсо) келишими (контракты);
8) комиссиянын же табыштаманын келишимдери боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон, сатылып алынган товарлардын негизиндеги келишимдер, (КНС ишенимдүү комиссионерлер тарабынан төлөнгөндөн башка учурларда, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-18-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларда).
2. Ушул Тизмектин 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер, төмөнкү учурларда берилбейт:
- салык төлөөчүнүн өздүк эсебинде импорттолгон товарлар үчүн КНСтин ашык төлөнгөнү бар болсо, жана салык төлөөчү салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын башка салыктарды төлөө эсебине которуу же аны алыш-бериш эсебине кайтаруу тууралуу арыз бербеген шартта, жана ал алдыдагы импорттолуучу товарлардын КНСи үчүн чегерилүүгө тийиш болсо;
- эгерде, товарлардын импортту Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык импортко КНСтен бошотулса.
3. Чекене сатып алуу-сатуу учурунда ушул Тизмектин 1-пунктунун 3-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жок болсо, анда Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды алганын (же сатылып алынганын) тастыктоочу документтер (анын ичинде контролдук-кассалык машинанын чеги, товардык чектер, сатып алуу актылары) көрсөтүлөт.
4. Ушул Тизмектин 2-8-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жетекчинин жана башкы бухгалтердин (бар болсо) же салык төлөөчүнүн чечими боюнча ыйгарым укуктуу башка адамдын колу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча салык төлөөчүнүн мөөрү жок болгондон башка учурларда, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү көрсөтсө болот.
5. Лизинг келишими (контракты) боюнча салык төлөөчү салык органына салыктык мезгилден кийинки айдын - импорттолгон товарларды (лизингдин предметин) эсепке алуучу айдын 20сынан кечиктирбестен, ушул Тизмектин 1-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларында каралган документтерди импорттолгон товарларга карата кыйыр салыктар боюнча отчёт менен кошо берет. Андан кийин салык төлөөчү салык органына лизинг келишими (контракты) менен каралган салыктык мезгилден - төлөмдүн мөөнөтүнүн айынан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ушул Тизменин 1-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) импорттолгон товарларга карата кыйыр салыктар боюнча отчёт менен кошо берет.
6. Ушул Тизмектин 1-пунктунун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер кыйыр салыктар боюнча отчёт менен кошо салык органына тапшырылууга тийиш. Ушул Тизмектин 1-пунктунун 4-8-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер кыйыр салыктар боюнча отчёт менен кошо салык органынан жазуу жүзүндөгү суроо-талап болгондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамында каралган салыктык контролду жүргүзүү максатында тапшырылат.
7. Документтердин көчүрмөлөрү тигилип, ар бир барагына номер коюлуп, акыркы бетинде барактардын жалпы саны көрсөтүлүп, жетекчинин жана башкы бухгалтердин (бар болсо) же салык төлөөчүнүн чечими боюнча ыйгарым укуктуу башка жактын колу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча салык төлөөчүнүн мөөрү жок болгондон башка учурларда, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн китеп (китептер) түрүндө тапшырылат.
8. Эгер товарды сатып жаткан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү сатылып жаткан товардын ээси болбосо (комиссионер, ишенимдүү адамы болуп саналса), анда бул Тизмектин 1-пунктунун 6-пунктчасынын экинчи-алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтар сатып алып жаткан адам жөнүндө да берилет.
9. Эгер маалыматтык билдирүү чет тилде берилсе, анда сөзсүз түрдө кыргыз жана/же орус тилдериндеги котормосу (нотариус күбөлөндүргөн котормо) болууга тийиш.
10. Эгер ушул Тизмектин 1-пунктунун 6-пунктчасында каралган маалыматтар ушул Тизмектин 1-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн келишимде бар болсо, анда маалыматтык билдирүү берилбейт.