Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-октябры № 650
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 71 жана 72-беренелерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыйыр салыктар боюнча салык отчётунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакциядагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын тизмегинин формасы (FORM STI-153), 8-тиркемеге ылайык;
- Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын тизмегин толтуруу тартиби (FORM STI-153), 9-тиркемеге ылайык.";
- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакциядагы 8 жана 9-тиркемелер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 550 "Евразия экономикалык бирлигинде товарларды, жумуштарды, кызматтарды экспорттоо жана импорттоо учурундагы документтердин тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмегинде:
- 1-пункттун 2-пунтчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз аймагына товарлар импорттолгон Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык органынын кыйыр салыктар төлөнгөнү (бошотулганы же салык милдеттенмелерин башка тартипте аткарганы) жөнүндө белгиси менен, (кагазга жазылган түрүндө түп нускада же көчүрмөдө), же салык төлөөчүнүн электрондук (электрондук-санариптик) кол тамгасы коюлган Арыздардын тизмеги (кагазга жазылган же электрондук түрдө);";
- 2-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз кагазга жазылган түрүндө түп нускада же көчүрмөдө, аймагына кайра иштетүү продуктулары импорттолгон Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык органынын кыйыр салыктар төлөнгөнү (бошотулганы же салык милдеттенмелерин башка тартипте аткарганы) жөнүндө белгиси менен, же товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндөгү арыздардын тизмеги кагазга жазылган түп нускада жана электрондук түрүндө же салык төлөөчүнүн электрондук-санариптик кол тамгасы коюлган электрондук түрдө;";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда кыйыр салыктар боюнча салык отчетторуна тиркелүүчү документтердин тизмеги ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
1-тиркеме
Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын ТИЗМЕГИ
(Кагаз түрүндѳгyсy юстиция министрлигинде )
2-тиркеме
Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын тизмегин толтуруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын тизмеги (мындан ары - Арыздардын тизмеги) ичине титулдук баракчаны (FORM STI-153) жана ага "Кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын колдонуунун жана/же акциздик салык салбоонун негиздүүлүгүн ырастоочу, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реквизиттери" (FORM STI-153-001) тиркемесин камтыйт.
2. Салык төлөөчү-экспортчу экспорттук операцияларды ишке ашырууну тастыктоо максатында салык органына Арыздардын тизмегин жана ага тиркемелерди толтурат жана берет.
3. Арыздардын тизмеги экспорт ишке ашырылган салыктык мезгил үчүн берилет. Салыктык мезгил болуп календардык ай саналат.
4. Эгерде Арыздардын тизмеги ката толтурулса (субъекттердин реквизиттери туура эмес көрсөтүлсө ж.б.) салык төлөөчү салык органына такталган Арыздардын тизмегин берет.
2. Арыздардын тизмегин толтурууга карата талаптар
5. Салык төлөөчү Арыздардын тизмегин белгиленген форматта кагаз жүзүндө же электрондук түрдө толтурат.
6. Оңдоочу жана башка каражаттарды колдонуу менен каталарды оңдоого жол берилбейт.
Арыздардын тизмегинин ар бир көрсөткүчүнө бир сап туура келет. Ар бир сапта бир гана көрсөткүч көрсөтүлөт.
Арыздардын тизмегинин барактары биринчи бетинен баштап, тепчиме номерге ээ болот. Барактардын катар номери атайын аныкталган сапка коюлат.
7. Эгерде, кандайдыр бир көрсөткүчтү көрсөтүү үчүн тиешелүү саптагы бардык уячаларды толтуруу талап кылынбаса, толтурулбаган уячалардын оң тарабындагы сапка сызыкча коюлат. Мисалы, уюмдун он орундуу "5021002118" ИСН көрсөтүүдө он төрт уячадан турган "ИННдин" сабына көрсөткүчтөр төмөнкүдөй толтурулат: "5021002118----".
3. Арыздардын тизмегин толтуруу тартиби
8. Арыздардын тизмеги "Салык органы тарабынан таризделди" деген бөлүмдөн башкасы Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетинин аймагына ташылып барган товарларды сатуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
9. Арыздардын тизмегин толтурууда 001-уячага "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде Арыздардын тизмеги салык мезгилинде биринчи жолу берилип жатса, белги "Алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде, мурда ушул эле салыктык мезгил үчүн Арыздардын тизмеги берилген болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилип жаткан такталган Арыздардын тизмегинде оңдолсо, белги "Такталган" деген уячага коюлат. Арыздардын тизмегинин электрондук түрүн толтурууда 001-уячада отчеттун статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет: "0" (нөл) - алгачкы, "1" - такталган. Арыздардын тизмегин кайрадан тактаган учурда такталган Арыздардын тизмегинин электрондук форматында Арыздардын тизмегине тактоолор киргизилүүчү "номер" жана "дата" графаларында такталган акыркы Арыздардын тизмегинин номерин жана датасын көрсөтүү зарыл.
Мисалы: биринчи такталган Арыздардын тизмегинде алгачкы Арыздардын тизмегинин номерин жана датасын көрсөтүү зарыл, экинчи такталган Арыздардын тизмегинде - биринчи такталган Арыздардын тизмегинин номерин жана датасын, үчүнчү такталган Арыздардын тизмегинде - экинчи такталган Арыздардын тизмегинин номерин жана датасын, ошентип ар бир кийинки тактоодо мурунку такталган Арыздардын тизмегинин номерин жана датасын көрсөтүү зарыл.
10. Салык төлөөчү салык органына Арыздардын тизмегин электрондук вариантта берген учурда алмашуу файлынын аты төмөнкүдөй түрдө болууга тийиш: "K_N_GGGGMMDD_O", мында:
К - салык төлөөчү тарабынан берилип жаткан Арыздардын тизмегинин формасынын номерин билдирүүчү префикс;
N - маалыматты алуучунун коду (салык органдарынын маалымдамасы боюнча салык органынын үч сандан турган коду);
GGGG - берилип жаткан файлдын түзүлгөн жылы, ММ - айы, DD - күнү;
О - маалыматты жиберүүчүнүн идентификатору, б.а. салык төлөөчүнүн ИСНи (маалыматты жиберүүчүнүн идентификатору файлдын уникалдуулугун камсыздашы керек).
11. Электрондук түрдө берилген отчёттор таанылат, эгерде салык төлөөчүдө төмөнкүдөй электрондук билдирүүлөр болсо:
- сервистин адистештирилген операторун ырастоо (салык төлөөчү тарабынан Арыздардын тизмеги жөнөтүлгөн убакыт жана дата көрсөтүлгөн электрондук документ);
- салык кызматынын Арыздардын тизмегин алгандыгы жөнүндө ырастамасы (кириш контролунун протоколу).
102, 103, 104, 107, 1 12, 113, 114, 115, 116, 117-уячаларда салык төлөөчү же анын өкүлү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
12. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
13. 103-уячада уюштуруучу документтерге ылайык салык төлөөчүнүн - юридикалык жактын толук аталышы, салык төлөөчү-жеке адамдын паспорту боюнча аты-жөнү толук көрсөтүлөт.
14. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жериндеги салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
15. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.
16. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жериндеги почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
17. 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, поселок, ж.б.).
18. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, офистин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
19. 115-уячада салык төлөөчүнүн өкүлүнүн аталышы көрсөтүлөт.
20. 116-уячада салык төлөөчүнүн өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтин аталышы жана реквизиттери көрсөтүлөт.
21. 117-уячада салык төлөөчүнүн өкүлүнүн идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
22. 201-уячада "ДД.ММ.ГГГГ" форматында салыктык мезгил башталган дата көрсөтүлөт (күн, ай жана жыл).
23. 202-уячада "ДД.ММ.ГГГГ" форматында салыктык мөөнөт аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы: "01.01.2017". Мында "Салыктык мезгил" көрсөткүчү салык декларациясында көрсөтүлгөн мезгилдерге ылайык толтурулат, аны менен кошо Арыздардын тизмеги берилет.
24. 151-уячада берилүүчү Арыздардын тизмегинин беттеринин саны жана Арыздардын тизмегине тиркелген тастыктоочу документтердин же алардын көчүрмөлөрүнүн барактарынын саны көрсөтүлөт.
25. 297-уячада кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, Арыздардын тизмегинде көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугу жана тууралыгы үчүн салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн өкүлүнүн жоопкерчилигин тастыктоо менен, салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн өкүлүнүн кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
26. 120-уячада салык төлөөчүнүн ички эсепке алуусуна ылайык, Арыздардын тизмегинин номери көрсөтүлөт.
27. 121-уячада Арыздардын тизмеги берилген дата көрсөтүлөт.
28. 122-уячада Арыздардын тизмеги такталып берилген учурда, алгачкы Арыздардын тизмегинин датасы көрсөтүлөт.
29. 123-уячада Арыздардын тизмеги такталып берилген учурда, алгачкы Арыздардын тизмегинин номери көрсөтүлөт. Мында Арыздардын тизмеги кайрадан такталса, 122 жана 123-уячаларга акыркы такталган Арыздардын тизмегинин номери жана датасы көрсөтүлөт.
30. II бөлүмдөгү уячалар салык органынын кызмат адамдары тарабынан толтурулат.
4. Арыздардын тизмегинин "Кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын колдонуунун жана/же акциздик салык салбоонун негиздүүлүгүн ырастоочу, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реквизиттери" тиркемесин толтуруу
31. Арыздардын тизмегинин "Кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын колдонуунун негиздүүлүгүн жана/же акциздик салык салбоонун негиздүүлүгүн ырастоочу, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реквизиттери" тиркемесинде (мындан ары - Тиркеме) товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздар боюнча Кыргыз Республикасынын салык органдарына келип түшкөн маалыматтар камтылат.
102, 103 жана 104-уячаларда Арыздардын тизмегинин титулдук баракчасындагы маалыматтарга шайкеш келген, салык төлөөчүнүн маалыматтары көрсөтүлөт.
201 жана 202-уячаларда Арыздардын тизмегинин титулдук баракчасында көрсөтүлгөн салык мезгилине шайкеш келген салык мезгили көрсөтүлөт.
32. ИСН көрсөткүчүн толтурууда Арыздардын тизмеги менен кошо берилүүчү салык декларациясында көрсөтүлгөн ИСН коюлат.
33. Тиркеменин графаларында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1-графада саптардын катар номери көрсөтүлөт.
2-графада салык органы тарабынан импортчуга ыйгарылган жана салык органына кыйыр салыктардын төлөнүшүн (салык салуудан бошотулушун) ырастаган жана товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн каттоо номери жазылат. Көрсөткүч милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш.
3-графада салык органына кыйыр салыктардын төлөнүшүн (салык салуудан бошотулушун) ырастаган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды толтурган салык төлөөчү - импортчунун идентификациялык коду көрсөтүлөт. Көрсөткүч милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш.
4-графада товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды салык органына берүүдө, салык органына кыйыр салыктардын төлөнүшүн (салык салуудан бошотулушун) ырастаган импортчунун салык органы тарабынан товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын 2-бөлүгүнө коюлган каттоо датасы көрсөтүлөт. Көрсөткүч милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш.
5-графада МК (ИСО 3166) 004-97 Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык, товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды толтурган салык төлөөчү-импортчу (сатып алуучу) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин санариптик коду көрсөтүлөт.
Арыздардын тизмегине тиркеменин ар бир барагы салык төлөөчүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.".
3-тиркеме
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда кыйыр салыктар боюнча салык отчетторуна тиркелүүчү документтердин ТИЗМЕГИ
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды, анын ичинде иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктулары болуп саналган товарларды импорттоо учурунда салыктык катталган орду боюнча салык органына салык төлөөчү тарабынан кыйыр салыктар боюнча салык отчёттору менен бир мезгилде берилүүгө тийиш болгон документтер:
1) товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз (арыздар) кагазга жазылган (төрт нускада) жана электрондук түрдө же салык төлөөчүнүн электрондук-санариптик кол тамгасы менен электрондук түрдө;
2) импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарды төлөө боюнча салыктык милдеттенменин аткарылгандыгын ырастоочу төлөм документтери;
3) товарларды автоунаа менен ташып келген учурда - коштомо кагаздын көчүрмөсү;
4) эгерде, товарларды жүктөп жөнөтүү учурунда аларды чыгаруу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамы менен каралган болсо, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактуралары;
5) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон, сатылып алынган товарлардын негизиндеги келишимдер (макулдашуулар), товарларды лизингдөө учурунда (лизингдин предмети) - лизинг келишими (макулдашуусу), буюм түрүндө зайымдарды берүүдө - зайымдык келишимдер, товарларды даярдоо тууралуу келишимдер (макулдашуулар), иштетип алма чийки затты иштетүүгө карата келишимдер (макулдашуулар);
6) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан же Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттин аймагынан импорттолгон товарларды саткан Евразия экономикалык бирлигине мүчө эмес мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан (жетекчисинин (жеке ишкердин) колу коюлуп, уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн), Евразия экономикалык бирлигине мүчө үчүнчү мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн жана ушул Евразия экономикалык бирлигине мүчө үчүнчү мамлекеттин салык төлөөчүсү менен импорттолгон товарды сатып алуу жөнүндө түзгөн келишим (контракт) тууралуу төмөнкү маалыматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-18-беренесинин 2-3-бөлүктөрүндө каралган учурларда) берилген маалыматтык билдирүү:
- адамды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү катары идентификациялаган номер;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн (уюмдун, жеке ишкердин) толук аталышы;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн турган орду (жашаган жери);
- контракттын (келишимдин) номери жана датасы;
- спецификациясынын номери жана датасы;
7) комиссиянын же табыштаманын (түзүлгөн болсо) келишими (контракты);
8) комиссиянын же табыштаманын келишимдери боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон, сатылып алынган товарлардын негизиндеги келишимдер, (КНС ишенимдүү комиссионерлер тарабынан төлөнгөндөн башка учурларда, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-18-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларда).
2. Ушул Тизмектин 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер, төмөнкү учурларда берилбейт:
- салык төлөөчүнүн өздүк эсебинде импорттолгон товарлар үчүн КНСтин ашык төлөнгөнү бар болсо, жана салык төлөөчү салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын башка салыктарды төлөө эсебине которуу же аны алыш-бериш эсебине кайтаруу тууралуу арыз бербеген шартта, жана ал алдыдагы импорттолуучу товарлардын КНСи үчүн чегерилүүгө тийиш болсо;
- эгерде, товарлардын импортту Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык импортко КНСтен бошотулса.
3. Чекене сатып алуу-сатуу учурунда ушул Тизмектин 1-пунктунун 3-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жок болсо, анда Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды алганын (же сатылып алынганын) тастыктоочу документтер (анын ичинде контролдук-кассалык машинанын чеги, товардык чектер, сатып алуу актылары) көрсөтүлөт.
4. Ушул Тизмектин 2-8-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жетекчинин жана башкы бухгалтердин (бар болсо) же салык төлөөчүнүн чечими боюнча ыйгарым укуктуу башка адамдын колу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча салык төлөөчүнүн мөөрү жок болгондон башка учурларда, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү көрсөтсө болот.
5. Лизинг келишими (контракты) боюнча салык төлөөчү салык органына салыктык мезгилден кийинки айдын - импорттолгон товарларды (лизингдин предметин) эсепке алуучу айдын 20сынан кечиктирбестен, ушул Тизмектин 1-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларында каралган документтерди импорттолгон товарларга карата кыйыр салыктар боюнча отчёт менен кошо берет. Андан кийин салык төлөөчү салык органына лизинг келишими (контракты) менен каралган салыктык мезгилден - төлөмдүн мөөнөтүнүн айынан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ушул Тизменин 1-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) импорттолгон товарларга карата кыйыр салыктар боюнча отчёт менен кошо берет.
6. Ушул Тизмектин 1-пунктунун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер кыйыр салыктар боюнча отчёт менен кошо салык органына тапшырылууга тийиш. Ушул Тизмектин 1-пунктунун 4-8-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер кыйыр салыктар боюнча отчёт менен кошо салык органынан жазуу жүзүндөгү суроо-талап болгондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамында каралган салыктык контролду жүргүзүү максатында тапшырылат.
7. Документтердин көчүрмөлөрү тигилип, ар бир барагына номер коюлуп, акыркы бетинде барактардын жалпы саны көрсөтүлүп, жетекчинин жана башкы бухгалтердин (бар болсо) же салык төлөөчүнүн чечими боюнча ыйгарым укуктуу башка жактын колу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча салык төлөөчүнүн мөөрү жок болгондон башка учурларда, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн китеп (китептер) түрүндө тапшырылат.
8. Эгер товарды сатып жаткан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү сатылып жаткан товардын ээси болбосо (комиссионер, ишенимдүү адамы болуп саналса), анда бул Тизмектин 1-пунктунун 6-пунктчасынын экинчи-алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтар сатып алып жаткан адам жөнүндө да берилет.
9. Эгер маалыматтык билдирүү чет тилде берилсе, анда сөзсүз түрдө кыргыз жана/же орус тилдериндеги котормосу (нотариус күбөлөндүргөн котормо) болууга тийиш.
10. Эгер ушул Тизмектин 1-пунктунун 6-пунктчасында каралган маалыматтар ушул Тизмектин 1-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн келишимде бар болсо, анда маалыматтык билдирүү берилбейт.".