Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2020-жылдын 30-сентябры № 06-р
Аскар кызы Жанаранын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, төрагалык кылуучу – К.А. Дуйшеевдин, М.Р. Бобукееванын, Л.П. Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Э.Ж. Осконбаевдин, Ж.И. Саалаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы С.А. Джолгокпаеванын,
жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Мирбек Исамаматович Арзиевдин, Шамиль Суранчыевич Дуйшенбаевдин,
- башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Айсулуу Жаныбаевна Букамбаеванын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Элдар Майрамбекович Токторовдун, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Сайра Темирбековна Ызакованын, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишеним кат боюнча өкүлү Каныбек Ныязбаевич Ныязбаевдин катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш ачык соттук отурумда карап чыкты.
Ж.Аскар кызынын өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп «Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат.
Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы М.Ш. Касымалиевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 5-мартында «Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 5-бөлүгүнүн 4, 5, 8-пункттарына, 25-беренесинин 1-бөлүгүнө, 32-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 35-беренесине, 45-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө Ж. Аскар кызынын өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, кайрылуу субъектиси христан толук евангел динин тутат. Аскар кызы Жанара мүчө болгон диний уюм жогоруда келтирилген дин чөйрөсүндө жогорку билими бар чет өлкөлүк миссионерлерди Кыргызстанга чакырууну, ошондой эле диний жамааттын өкүлдөрүнө диний билим берүү жана динди бузбастан диний ишти жүзөгө ашыруу максатында диний окуу жайын негиздөөнү чечкен.
Бирок бул маселени чечүүдө талашылып жаткан ченемдердин колдонулушуна байланышкан аны жүзөгө ашыруунун белгилүү бир татаалдыктары пайда болду. Алсак, «Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту менен миссионер дин иштери боюнча мамлекеттик органга эсептик каттоого алуудан өтүш үчүн арыз берет, арызга Кыргызстанга миссионерди чакырышкан, диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында миссионердин иш-аракети үчүн мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган тизмеси тиркелет деп белгиленген. Андан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык диний окуу жайын эсептик каттоого алуу үчүн дагы окшош талаптар орнотулган.
Ж. Аскар кызы Бишкек шаардык кеңеш макулдашуунун механизминин жоктугуна шилтеме жасап, демилгечилердин тизмесин макулдашуудан баш тарткан деп белгилейт. Мында ал Бишкек шаарынын Райондор аралык соту 2012-жылдын 27-июлундагы чечими менен ушул маселе боюнча алардын доосун канааттандыруудан баш тарткан деп көрсөтөт.
Кайрылуу субъектиси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2014-жылдын 4-сентябрындагы чечими менен диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен Уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу бөлүгүндө «Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 35-беренесине карама-каршы келет деп таанылган. Бирок, көрсөтүлгөн Мыйзамдын ошол эле талаптарды камтыган 12 жана 13-беренелеринин окшош ченемдери кароосуз калган.
Ошентип, жарандардын билим алууга болгон конституциялык укугун, анын ичинде диний билим алуунужүзөгө ашыруу үчүн диний окуу жайын негиздөөдө диний уюм жергиликтүү кеңеште жарандардын тизмесин макулдашууну ишке ашыруу механизми болбогон процедурадан өтүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктар менен колдонуп жана милдеттерди аткаруусун эске алып, Ж. Аскар кызы ал талашып жаткан ченемдер миссионерлердин дин тутуу эркиндигин жана биригүү эркиндигине болгон укуктарды кемсинтет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын диний билим алууга болгон укугун чектейт деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 17-апрелиндеги аныктамасы менен арыздануучунун өтүнүчү «Кыргыз Республикасында дин тутуу жана диний уюмдар жөнүндө» Мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө, 32-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган.
Ошол эле учурда арыздануучуга талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 5-бөлүгүнүн 4, 5, 8-пункттарына, 25-беренесинин 1-бөлүгүнө, 35-беренесине, 45-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүүдөн баш тартылган.
Кайрылуучу тараптын сот отурумунда болбогондуктан, анын көз карашы угузулган.
Жоопкер-тараптын өкүлү Ш.С. Дуйшенбаев арыздануучунун жүйөлөрүн кийинкидей негиздер боюнча жараксыз деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат. Кыргыз Республикасынын жарандарына гана тийиштүү укуктар, тактап айтканда өкүлчүлүк органдарга шайланууга, шайлоого, укугу алып салууды түзөт.
Көрсөтүлгөн конституциялык ченем «Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде чагылдырылган.
Ш.С. Дуйшенбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү менен адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектөөгө жол берилет деп белгилейт. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
Жоопкер-тараптын өкүлү талашылып жаткан ченемдер «Улуттук коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин талаптарын эске алуу менен кабыл алынган, ага ылайык улуттук коопсуздукка улуттук коопсуздук жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү, инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына туудурган коркунучка жараша экономикалык, саясий, уюштуруучулук, согуштук жана башка мүнөздөгү чаралардын тутуму аркылуу жетишилет.
Кыргыз Республикасында улуттук коопсуздук объектилеринин корголуусунун зарыл деңгээлин түзүү жана колдоп туруу үчүн улуттук коопсуздук чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдер тутуму иштелип чыгат, бул чөйрөдө мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ишмердигинин негизги багыттары аныкталат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдары жана алардын ишин контролдоо жана көзөмөл жүргүзүү механизмдери калыптандырылат же кайра түзүлөт.
«Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацына ылайык мамлекетте дин тутуу эркиндиги чөйрөсүндө мамлекеттин саясаты, анын ичинде бардык диндердин жана диний уюмдардын мыйзам алдында бирдейлиги принципте түзүлөт. Ошол эле учурда Мыйзамга ылайык дин иштери боюнча мамлекеттик органда каттоого алуусуз диний уюмдардын ишине жана иштешине тыюу салынат. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан эсептик каттоого алуудан өтөт деп айтат. Ошол эле Мыйзамдын 12-беренесинин 6-бөлүгү эгерде анын иш-аракети коомдук коопсуздукка жана тартипке, этнос аралык жана конфессия аралык ынтымакка, калктын саламатчылыгына жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса, миссионерди каттоого эсепке алуудан баш тартылышы мүмкүн деп белгилейт.
Ш.С. Дуйшенбаев «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте эсептик каттоодон өтпөй туруп диний окутууга тыюу салынат деп белгилейт. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 20-беренесине ылайык диний уюмдар, миссиялар жана диний окуу жайлар өз иштеринде өздөрүнүн уставдарын жетекчиликке алууга тийиш жана Конституцияны, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоого милдеттүү.
Бул талаптар экстремисттик аракеттерди болтурбоого багытталган алдын алуу чараларын көрүүнү, анын ичинде экстремисттик аракеттерди жүргүзүүгө түрткү болгон себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюуну, ошондой эле коомдук бирикмелердин же диний, дагы башка уюмдардын, жеке адамдардын экстремисттик аракеттерин ашкерелөөнү, алдын алуу жана болтурбоону караган «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жоболорунан түздөн-түз келип чыгат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Ш.С. Дуйшенбаев Ж.Аскар кызынын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартууну суранат.
Жоопкер-тараптын экинчи өкүлү М.И. Арзиев Ш.С. Дуйшенбаевдин жүйөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү А.Ж. Букамбаева. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү С.Т. Ызакова кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен жалпысынан макул болушту жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацынын «жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп эсептешет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Э.М. Токторов талашылып жаткан ченемдер туурасында көз карашында башка жактардын жогорудагы өкүлдөрү келтиргендей жүйөлөрдү келтирилген. Ошол эле учурда ал Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын эсептик каттоо (кайра каттоо) аткарылгандыгын билдирүү жөнүндө жобону мыйзамдарга киргизүү менен талашылып жаткан ченемдердин жокко чыгарылышын караган «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору демилгеленгенин белгилеген.
Бул жагдайды эске алуу менен ал талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугу маселесине тийиштүү конкреттүү тыянактардан карманды.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Ныязбаев К. Н жазуу жүзүндө баяндалган көз карашын өзгөрттү. Эгер ал башында кайрылуучу тараптын пикири менен макул болуп келсе, соттук отурумда ал талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына карама-каршы келбээри жөнүндө билдирди. Анын пикири боюнча ченемдер эсептик каттоого байланышкан процедурага гана тиешелүү жана миссионерлер менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын диний эркиндиктерин чектебейт.
К.Н. Ныязбековдун айтымы боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия каралып жаткан чаралар Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун бекемдөөгө багытталган деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Н.А. Салибаеванын жазуу жүзүндө берилген көз карашына ылайык диний окуу жайын негиздөөнү демилгечилер болуучу жана уставдын алкагында мыйзам алдында жооптуу болуучу Негиздөөчү кеңештин мүчөлөрүнүн, жарандарынын, тизмесин жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу жөнүндө талаптарды коюу менен мыйзам чыгаруучу улуттук коопсуздук, анын ичинде элди диний экстремизмден коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн, башка жактардын көз караштарын талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы конституциялуулугу күмөндүүлүктү туудурган ченемдик укуктук актынын кайрылууда козголгон бөлүгүндөгү предмет боюнча гана акт чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп кийинкидей мазмундагы «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы саналат:
«12-берене. Дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандарды (миссионерлерди) эсептик каттоого алуу
3. Миссионер дин иштери боюнча мамлекеттик органга эсептик каттоого алуудан өтүш үчүн арыз берет.
Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
4) Кыргызстанга миссионерди чакырышкан, диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында миссионердин иш-аракети үчүн мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси.
13-берене. Диний окуу жайды эсептик каттоого алуу
2. Диний окуу жайларды эсептик каттоого алуу үчүн уюштуруучу төмөнкүлөрдү берет:
- диний окуу жайын уюштуруунун демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси;».
«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинде 2009-жылдын 16-январында № 3 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет, эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес, дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган (1-берененин 1-бөлүгү, 7-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү) деп жар салуу менен мамлекеттик башкарууга динди аралаштырбоо принциби кийинкиден келип чыгат, ал: мамлекетти диний догмалардан ажыратууну болжойт, бирок дин менен толеранттуу кошо жашоо мүмкүндүгүн кароо менен коомдук турмуштан жокко чыгарууну билдирбейт жана нукура демократиянын белгилеринин бири болуп саналат. Мамлекеттик башкарууга дин аралаштырбоо принциби коомдук-саясий бийликтин уюштурулушунун негизги формасы катары мамлекеттин ролун сактоодо мамлекеттин жана диний уюмдардын таасир этүү чөйрөлөрүнүн бөлүштүрүлүшүнө көмөктөшөт. Бул принцип Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинен келип чыгат.
Мында диний эркиндик деген инсандын рухий-нравалык таануусунда маани жаратуучу жана пайдубал баалуулуктардын бири жана өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо, диний жана башка ынанымдарды тандоо, ээ болуу жана жайылтуу укугун кошкондо ал өздүк укуктарынын бири катары абийир жана дин тутуу эркиндиктерине кепилдик болорун эске алуу керек (32-берененин 1, 2, 3-бөлүктөрү).
Абийир жана дин тутуу эркиндигине укук Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамынын бөлүгү болуп саналуучу эл аралык-укуктук актылары менен да таанылат. Алсак, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакты менен (18-берене) абийир жана диний эркиндигине укук өзүнө дилди же ишенимдерди өз тандоосу менен кабыл алуу эркиндигин, өз динин жана ишенимдерин жеке өзү да, башкалар менен бирдикте да, жалпы же өзүмдүк тартипте колдонуу эркиндигин, сыйынуу, диний жана үрп-адаттарды, окууларды жүргүзүү эркиндигин камтый тургандыгын карайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы дин тутуу эркиндиги боюнча өзүнүн көз карашын билдирген, ага ылайык дин тутуу эркиндигинин түшүнүгүнүн маңызы болуп адамдын диний ынанымдарды тандап алуу, ээ болуу, алмаштыруу, билдирүү жана жайылтуу, ушуларга ылайык мыйзамдарда тыюу салынбаган динге табынуу иштерине, ырым-жырымдарга, каадаларга катышуу укугу эсептелинет. Демек, дин тутуу эркиндиги эки жактуулукту камтып, өзүнө жеке жана жалпы элге каралган башталыштарды айкаштырат да, биринчи учурда, укук ар ким менен бул же тиги динди тандоо аркылуу ишке ашырылат, экинчи учурда, жаран ѳз алдынча же башкалар менен бирдикте дин тута алат (2014-жылдын 4-сентябрындагы чечими).
Демек, бул укук биригүү эркиндигине болгон укукту жүзөгө ашыруу аркылуу тышкы чөйрөдө да өзүнүн өнүгүүсүнө ээ болуш керек, анткени анын мамлекеттин коомдук турмушундагы маанилүүлүгү укуктук жана башкарууга дин аралашпаган мамлекет катары Кыргыз Республикасын диний уюмдардын ишине өз билемдикке жана акталууга жатпаган кийлигишүүгө жол бербестен ар кимге өзүнүн дилин, ынанымдарын жана динин тутуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө милдеттендирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы көрсөтүлгөн укук кандайдыр бир чектелүүгө жатпай турган укуктардын категориясына киргендиктен (Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-пункту) дин тутуу эркиндиги жарандар өзүнүн диний ынанымдарды эркин тандоо жана аларга ээ болууукугун жүзөгө ашырууда кандайдыр бир тоскоолдуктардын болуу мүмкүнчүлүгүн алып салган укуктук шарттардын мамлекет тарабынан түзүлүшүн болжойт .
3. Демократиялык негиздеги мамлекеттин жана диндин өз ара мамилеси абийир жана дин тутуу эркиндигин таанууну жана кепилдикке алынганын болжойт, ал көрсөтүлгөн чөйрөдө мамлекеттик саясатты түзүү жолу менен жана андан келип чыккан мамлекеттин зарыл кепилдиктерди да, чектөө мүнөзүндөгү чараларды да караган укуктук механизмди түзүү боюнча милдети мененкамсыздалат.
Мамлекеттик саясаттын максаты болуп адам укуктарынын принциптеринин жана дин тутуу эркиндигинин негизинде диний радикализмге жана экстремизмге каршы аракеттенүүнү жарандардын жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча диний жана коомдук институттардын ишин натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуу аркылуу конфессиялар аралык макулдашуунун жана кандай динге болсо да жол коюунубекемдөөнү, мамлекеттин башкарууга дин аралашпаган мүнөзүнүн негизинде мамлекеттик-конфессиялык кызматташуунун оптималдуу үлгүсүн түзүү саналат.
Өз кезегинде, диний иштин чөйрөсүндө укуктук механизмдин курамдык бөлүгү болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана эл аралык келишимдер менен кепилденген ар бир адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу жана диний уюмдар жөнүндө» Мыйзам саналат.
Аталган Мыйзамдын 12 жана 13-беренелери менен диний ишти жана диний окуу жайларында ишти жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандарды (миссионерлерди) эсептик каттоо алуу тартиби регламенттелет.
Миссионерлерди жана диний окуу жайларды эсептик каттоого алуу үчүн Мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 13-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин тизмеси ыйгарым укуктуу органга тапшырылат. Алардын бири болуп Кыргызстанга миссионерди чакырышкан, диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында миссионердин иш-аракети үчүн мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган тизмеси саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы каралып жаткан Мыйзамдын диний уюмду уюштуруунун демилгечилеринен болуп эсептелишкен жарандардын, Уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн жергиликтүү кеңеш тарабынан макулдашылган тизмесин эсептик каттоого алуу жөнүндө талапты караган окшош ченеми анын кароо предмети болгон деп белгилейт.
Көрсөтүлгөн Чечимде «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамдын 16-беренесинде бекитилген жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоонун принциптерине негизинде, диний уюмду түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жарандардын тизмесин макулдашуу жергиликтүү маанидеги маселелерге таандык болушу мүмкүн эмес, себеби эсептик каттоо боюнча функция дин иштери боюнча мамлекеттик органга жүктѳлгөн деп белгиленген.
Ошол эле тартипте, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасына миссионерди чакырышкан же диний окуу жайды түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен, Уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн, жарандардын тизмесин макулдашуу маселелери жергиликтүү маанидеги маселелерге кирбейт. «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу жана диний уюмдар жөнүндө» Мыйзамга ылайык жогоруда белгиленгендей диний иш чөйрөсүндө эсептик каттоого алуу функциясы Дин иштери боюнча мамлекеттик органга жүктөлгөн.
Чакырылган миссионердин эсептик каттоого алуу үчүн, ага тете диний окуу жайды каттоо үчүн Уюштуруу кеңешинин мүчөлөрү болгон жарандардын тизмесин жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу жөнүндө талашылып жаткан мыйзам жоболору өзүнүн маңызы боюнча жарандардын диний ынанымдарын эркин тандоо жана ээ болуу укугун жүзөгө ашырууда, алардын дин тутуу эркиндигине болгон укукту, диний мүнөздөгү иш-чараларды жүзөгө ашырууда муктаждыктарын канааттандыруу үчүн мүмкүндүктөрдү чектеп, өзүнөн өзү акылга сыйбаган жана регулятивдик мааниси жок тоскоолдук болуп келип чыгат.
Демек, талашылып жаткан ченемдердин колдонулушу диний ынанымдарды тандап алуу жана ээ болуу укуктарынын чектелишине тыюу салууну кепилдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келет (20-берененин 5-бөлүгүнүн 5-пункту, 32-берененин 1, 2, 3-бөлүктөрү).
Дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан диний иштер чөйрөсүндө эсептик каттоого алуунун мааниси диний негизде коомдук тартипти туруксуздукка чындап эле коркунуч келтирүүчү түзүлүшкө каршы диний уюмдардын же диний окуулардын идеологиялык таасирин жайылуусун жокко чыгаруу максатында мамлекеттик деңгээлде бирдиктүү саясатты жүргүзүү зарылдыгында турат.
Ушуга байланыштуу, дин иштери боюнча мамлекеттик органдын көмөктөшүүсү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти камсыз кылуу, конфессиялар аралык ынтымакты жана кандай динге болсо да жол коюунубекемдөө, диний кыянатчылыкка жана экстремизмге каршы аракеттенүү максаты болгон дин жаатындагы мамлекеттик саясатты тиешелүү аймакта гана жүзөгө ашыра алат.
4. Динди мамлекеттен конституция тарабынан бекемделген ажыратылуусу шарттарында диний уюмдарды укуктук жөнгө салуу мамлекеттик-конфессионалдык мамилелердин өзөктүү калыптардын бирин түзөт, ал дин жана диний уюмдарды жөнүндө мыйзамдарга, аны жүзөгө ашыруу механизмине көтөрүңкү талаптарды алдын ала аныктайт.
Мындай регламенттөөнүн зарылдыгы инсандын ар кандай формадагы идеологиялык мажбурлоодон корголушун камсыз кылуу үчүн бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дин тутуу жана диний уюмдардын иштешинин эркиндиги маселелерин квалификациялуу жана мыйзамдуу чечилүүсүн талап кылуучу маселелердин татаалдыгы менен шартталган, ал түздөн-түз башка укуктар жана эркиндиктердин абалына, укуктук мамлекеттин жана жарандык коомдун түптөлүшүнө жалпысынан таасирин тийгизет. Ар бир адамдын өзүнүн рухий эркиндигин толук кандуу көрсөтүү үчүн шарттардын түзүлүшү өлкөнүн жана конституциялык түзүлүшүнүн демократизминин маанилүү элементи болуп чыгат.
«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу жана диний уюмдар жөнүндө» Мыйзамдын талаптарынын бири болуп Кыргыз Республикасындагы диний уюмдарды, чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын (өкүлчүлүктөрдү), Кыргыз Республикасына диний ишти максат кылып келүүчү диний окуу жайларды жана чет өлкөлүк жарандарды (миссионерлерди) эсептик каттоого алуу болуп саналат. Мында бул Мыйзам эсептик каттоого алууга байланышкан маселелерди регламенттөө менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандарынын укуктары жана эркиндиктери ортосунда эч кандай айырмачылыктарды жасабайт, ушул эки категорияга тең коюлган талаптар бирдей болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан диний уюмдарды эсепке алуусу уюмдун ишин жарыялап жаткан баалуулуктары менен өз ара мамилесин аныктоого, диний жамааттын иштешинин жана функцияларынын коомдук коопсуздугун баалоого мүмкүндүк түзөт деп дагы бир жолу белгилейт.
Ошентип, арыздануучунун талашылып жаткан ченемдер менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн чет өлкөлүк жарандарынын укуктарына жана милдеттерине тийиштүү жоболордун бузулушу жөнүндө жүйөлөрү жараксыз деп табылат.
Баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 42, 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацынын «жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ