Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 9-январындагы № 1
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 536 токтому менен бекитилген |
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктү берүүнүн, колдонулушун токтотуунун жана чакыртып алуунун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктү берүүдөгү, колдонулушун токтотуудагы жана чакыртып алуудагы аракеттерди жөнгө салат.
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген юридикалык жактарга берилет.
3. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду реестрге киргизүү Бажы бирлигинин Бажы кодексине, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Тартиптин 2-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик мекеме ыйгарым укуктуу экономикалык оператор боло албайт.
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүнүн жол-жобосу
5. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү үчүн юридикалык жак бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 21-беренелеринде каралган маалыматтарды жана документтерди тиркөө менен ушул Тартиптин тиркемесине ылайык формадагы арызды берет.
6. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү тиркелген документтер жана маалыматтар төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүсү керек:
- юридикалык жактын ээлигинде турган арыз берүүчүнүн товарларынын убактылуу сакталышын жүзөгө ашырган жана (же) товарлардын бажы операцияларын жүргүзгөн жайлардын жана (же) ачык аянттардын жана башка аймактардын жайгашкан жери жөнүндө маалымат, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 токтому менен бекитилген Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптардын 7-пунктунун "а" - "г" пунктчаларына, 8-10-пункттарына, 13-пункттун "а" - "г", "е" пунктчаларына ылайык келүүсү жөнүндө маалыматтын болушу;
- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизилген банк-кепил тарабынан берилген, банк кепилдиги катары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 39-беренесинин 1-пунктчасында аталган суммадан кем эмес сумма банк кепилдигин берүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы бажы алымдарынын, салыктардын төлөнүшүн ырастаган банк-кепилдин кат жүзүндөгү милдеттенмеси.
Банк кепилдиги катары салыктарды, бажы алымдарын төлөөнүн камсыздалышын ырастаган бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында банк-кепилдин кат жүзүндөгү милдеттенмесинин мөөнөтү аяктаган учурда юридикалык жак үч иш күндүн ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул пункттун үчүнчү абзацында белгиленген эрежелер боюнча банк-кепилдин жазуу жүзүндөгү жаңы милдеттенмесин берүүгө тийиш;
- көз карандысыз аудитордук отчет жана (же) аудитордук отчеттор менен ырасталган, эки жүз миң эсептешүү көрсөткүчүнөн кем болбогон өлчөмдөгү юридикалык жактын толугу менен түзүлгөн уставдык капиталы тууралуу маалыматтын болуусу;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө чейин бар жылдан кем эмес тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруусу жөнүндө ар бир жылы товарларга карата ондон кем эмес декларациянын болуусу менен ырасталган маалыматтын болуусу.
7. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды жана берилген документтерди, маалыматтарды кароо учурунда Бажы бирлигинин Бажы кодексине жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жоболоруна ылайык көчмө текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
8. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыздарды жана ага тиркелген маалыматтарды жана документтерди карап чыгуусунун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун жактарын Реестрге киргизүү жөнүндө чечимди бардык документтер каттоодон өткөн күндөн баштап он беш күндөн кечиктирбей документтерди кароо мөөнөттөрүн кошуу менен кабыл алат.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган чечим жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн баштап үч күндүн ичинде арыз берүүчүгө кабарлоого милдеттүү.
9. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жакты Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө кабыл алынган чечим тиешелүү арыз берген жакка карата гана жарактуу жана мөөнөтсүз болуп саналат.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 39-беренесинде, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүндө, 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда жана ушул Тартипте белгиленген шарттарынын бирине гана ылайык келбегендиги белгиленген учурда кабыл алат жана чечим кабыл алынган күндөн үч күндүн ичинде арыз берүүчүгө кабарлайт.
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарландыруу арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө кат жүзүндө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жиберилет (берилет).
11. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинде каралган тартипте Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрин жүргүзүүнү камсыз кылат.
12. Юридикалык жактарды Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү, чыгаруу боюнча, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө чечимин чакыртып алуу жана токтотуу боюнча функцияларды аткаруу боюнча регламент бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.
3. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктү берүү
13. Юридикалык жакты Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө кабыл алынган чечимдин негизинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча күбөлүк берет.
14. Күбөлүк эки нускада толтурулат, алардын бири бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат, экинчиси Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган жакка берилет.
Күбөлүк юридикалык жактын жетекчисине же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилет.
15. Күбөлүктү башка жакка берүүгө уруксат берилбейт.
4. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жана чакыртып алуу
16. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктүн колдонулушун токтотуу же чакыртып алуу "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинде каралган тартипте кабыл алынган Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу чечимдин колдонулушун токтотуу же чакыртып алуу жөнүндө тиешелүү чечимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
17. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктүн колдонулушун токтотууда же чакыртып алууда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу экономикалык операторду "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинде каралган мөөнөттө Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктүн колдонулушун токтотуу же чакыртып алуу жөнүндө кат жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.
18. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктүн колдонулушун токтотуу же чакыртып алуу жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылуусу мүмкүн.
|
| Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктү берүүнүн, колдонулушун токтотуунун жана чакыртып алуунун тартибине 1-тиркеме |
Форма
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу АРЫЗ
|
| _____________________ жетекчисине (бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы) ________________________________ (аты-жөнү) "__" ______________-ж. (датасы) |
_____________________________________________________________________________________
(уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүү менен уюмдун толук аталышы)
__________________________________________________ (уюмдун кыскача аталышы) Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сурайт.
Арыз берүүчү жөнүндө маалымат
I. Арыз берүүчү жөнүндө жалпы маалымат | ||
1 | Юридикалык жактын уюштуруу-укуктук формасы |
|
2 | Юридикалык жактын толук аталышы |
|
3 | Юридикалык жактын кыскартылган аталышы |
|
4 | Юридикалык жактын ИНН |
|
5 | Юридикалык жактын жайгашкан жери (дареги) |
|
6 | Байланыш каражаттары (телефон, факс, электрондук почтанын дареги), Интернеттеги сайты |
|
7 | Арыз берүүчүнүн жетекчисинин, түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин аты-жөнү, аталган кызмат адамдары убактылуу жок болгон учурда милдеттерин аткаруунун тартибин көрсөтүү менен |
|
8 | Банк эсеби жөнүндө маалымат |
|
9 | Банктын реквизиттери (аталышы, дареги, ОКПО, БИК, ИНН) |
|
II. Кыргыз Республикасынын бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) иш регионунун, алкагында өзүнүн иш регионун чектөө же болбосо өзүнүн иш регионун чектебөө ниети жөнүндө маалымат | ||
Арызга берилген маалыматтарды ырастаган төмөнкүдөй документтер тиркелет:
(ар бир документ боюнча барактардын санын көрсөтүү менен бардык берилген документтер саналат).
Барактардын жалпы саны _______
Уюмдун жетекчиси | ______________________ | _____________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
| М.О. |
|
|
| Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктү берүүнүн, колдонулушун токтотуунун жана чакыртып алуунун тартибине 2-тиркеме |
Форма
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу № _____ КҮБӨЛҮК
_______________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
Ушуну менен
_________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, жайгашкан жери,
_________________________________________________________________________________
өз алдынча түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн болушу тууралуу маалымат)
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилгендиги ырасталат.
Атайын жөнөкөйлөтүүлөр берилди:
_________________________________________________________________________________
("Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
_________________________________________________________________________________
Мыйзамынын 234-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык
_________________________________________________________________________________
операторлордун реестрине киргизүүдө берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөр)
Атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууда бажы операцияларын жүргүзүү орду:
__________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун жайларынын, ачык аянттарынын
__________________________________________________________________________________
жана башка аймактарынын жайгашкан жерлери)
Атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу менен товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү мүмкүн болгон бажы органдары
__________________________________________________________________________________
(бажы органдарынын аталыштары жана коддору)
Бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү жана төлөөнү камсыз кылуунун ыкмалары
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси, колу, аты-жөнү)
М.О. (гербдүү мөөр) Берүү датасы |
| "__" __________ 20__-ж. |