Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 9-январындагы № 1
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
4-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 536 токтому менен бекитилген |
Товарларды текшерүү жөнүндө ыйгарым укуктуу экономикалык операторду алдын ала кабарлоонун ТАРТИБИ
1. Бул Тартип ыйгарым укуктуу экономикалык операторго (мындан ары - ЫУЭО) бажы органынын ишинин регионунда турган бажы контролунун зонасы деген статусу бар жайларда, ачык аянттарда жана башка аймактарда, ЫУЭО дарегине ташылып кирүүчү товарларды текшерүү жөнүндө бажы органы тарабынан кабарлоонун жол-жобосун аныктайт.
2. Товарларды текшерүү Бажы бирлигинин Бажы кодексинде, Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасын түзгөн эл аралык келишимдеринде, бажылык жөнгө салуу жана бажы иши чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын чечимдеринде, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ЫУЭОнун ортосунда түзүлгөн макулдашууда белгиленген талаптардын ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор тарабынан сакталышын камсыздоо максатында бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.
3. Товарларды текшерүү төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
- товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу ташып кирүүдө же бул аймактан Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу ташып чыгууда тыюу салуу же чектөөлөргө байланыштуу болсо же "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартип бузулса;
- декларанттын же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ башка жактардын арызынын негизинде;
- товарларды чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга таасири тийген, товарларды бажылык декларациялоодо берилген бажы декларациясында жана башка документтерде так эмес маалыматтар болсо;
- эгерде контролдун чаралары тобокелдиктердин багытында камтылса;
- ЫУЭО тарабынан товарларды алдын ала бажылык декларациялоо колдонулган учурда бажы операциясын өткөрүүнү тездетүү максатында, анын ичинде толук эмес мезгилдүү бажы декларациясын тапшырган учурда.
4. Эгерде ушул Тартиптин 3-пунктуна ылайык бажы органы ЫУЭОнун дарегине ташылып бара жаткан товарларды текшерүү жөнүндө чечим кабыл алса, анда бажы органы ЫУЭОдон маалыматтарды жана документтерди алган учурдан баштап беш сааттын ичинде алдын ала кабарлоо жөнөтүшү керек.
5. Товарларга текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алган бажы органы ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча кабарлоону жөнөтүү жолу менен өзүнүн ниети жөнүндө билдирет.
6. Кабарлоо төмөнкү жолдор аркылуу жөнөтүлөт:
1) тапшырык каты түрүндө почта аркылуу;
2) электрондук түрдө;
3) факсималдык байланыш аркылуу;
4) башка жолдор менен.
7. Кабарлоону каттоо ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча товарларды текшерүү жөнүндө кабарлоолорду каттоо журналына жүргүзүлөт.
8. Журнал иш кагаздарын жүргүзүүнүн эрежелерине ылайык таризделет, катталат жана брошюра түрүндө чыгарылат.
|
| Товарларды текшерүү жөнүндө ыйгарым укуктуу экономикалык операторду алдын ала кабарлоонун тартибине 1-тиркеме |
Форма
Товарларды текшерүү жөнүндө кабарлоо
Кимге:
Аталышы, турган жери (дареги), телефону |
|
Муну менен "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-главасына ылайык товарларды текшерүү жөнүндө чечим кабыл алынганын билдиребиз.
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин Бирдиктүү товардык номенклатурасы боюнча товардын коду жана аталышы |
|
Товарлар өткөрүлгөн транспорт каражаттарынын номери |
|
Товарлар өткөрүлгөн транспорттук (ташуучу) документтердин номери |
|
Коммерциялык документтердин номери |
|
Кабарлоону жөнөттү | __________________________ | ________________________ |
| (кызмат орду, колу) | (аты-жөнү) |
| М.О. |
|
| ______________ (датасы) |
|
Кабарлоону алды | __________________________ | ________________________ |
| (кызмат орду, ЫУЭО колу) | (аты-жөнү) |
| ______________ (датасы) |
|
|
| Товарларды текшерүү жөнүндө ыйгарым укуктуу экономикалык операторду алдын ала кабарлоонун тартибине 2-тиркеме |
Форма
Товарларды текшерүү жөнүндө кабарлоону каттоо журналы
№ | Кабарлоону жөнөткөн убакыт жана дата | Кабарлоону жөнөтүү жолу | Кабарлоону жөнөткөн кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү |
|
|
|
|
|
|
|
|