Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-августу № 554
Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-6-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому жана "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому (макулдашуу боюнча) менен бирге Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрмө түтүктөр аркылуу газды жана электр берүү линиялары аркылуу электр энергиясын ташууда (импорттоодо) маалыматтарды эсепке алуу жана өз ара аракеттенүү боюнча технологиялык схеманы иштеп чыксын жана бекитсин.
3. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна же жүктөрдү ташуу жана/же менчик ээсине (жүк алуучуга) өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн агентке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирге алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасы менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда ташылуучу жүктөр жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу жана салык органына берүү боюнча маалымат системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү сунушталсын.
4. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |