Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-январы № 38
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө импорттолгон товарларды эсепке алууну камсыздоо жана эсепке алуу датасын аныктоо максатында, 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып кирүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколго, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кабарлоону талап кылбастан жеке пайдалануу үчүн Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке жактар алып өтүүчү товарлардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарына бекитилген биргелешкен аймактык мобилдүү топторду түзүшсүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу эсепке алынбаган товарларды ташып кирүү/ташып чыгаруу, товарларды алып өтүү боюнча талаптарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча контролдук жана оперативдүү-рейддик иш-чараларды уюштурушсун.
3. Ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык түзүлгөн аймактык мобилдүү топтордун иши үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жекече жоопкерчилиги белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июнундагы № 427 "Мамлекеттик контролдон өтүү жөнүндө талондун формасын жана берүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 554 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-октябрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
2-тиркеме
Товарлар өндүрүштүк же башка иштер үчүн эмес, жеке жактар тарабынан жеке пайдалануусу үчүн арналган товарлар катары каралат, эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын аймагынан/аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына/аймагынан жеке жактар алып өткөн товарлар төмөндө көрсөтүлгөн ченемдерден жана айрым товарларды алып өтүү жыштыгынан ашпаса, жеке пайдалануу үчүн товарлар деп таанылат.
Эскертүү: * - жыштыгы айына бир жолудан ашык алып өтүүгө болбогон товарлар.
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Товарлардын категориялары | Ташып кирүү/чыгуу ченемдери (негизги жана кошумча өлчөө бирдиктери) |
01* | Тирүү жаныбарлар | 1 адамга 1 (бир) баш жаныбар |
02* | Эт жана эттен субпродуктулар | 1 адамга 10 (он) кг |
03 | Балыктар, рак сымалдар, моллюскалар жана башка суудагы омурткасыздар | 1 адамга10 (он)кг |
0401 | Коюлтулбаган, шекер жана башка таттуулантуучу зат кошулбаган сүт жана камкаймак | 1 адамга 5 (беш) литр |
0402 | Коюлтулган же шекер жана башка таттуулантуучу зат кошулган сүт жана камкаймак | 1 адамга 5 (беш) литр |
0403 | Пахта, уютулган сүт жана камкаймак, йогурт, айран жана башка ферменттелген же ачытылган сүт жана коюлтулган же коюлтулбаган камкаймак, шекер жана башка таттуулантуучу зат кошулган же кошулбаган, даамдуу жана жыттуу кошулмалары бар же жок, жемиштер, жаңгактар же какао кошулган же кошулбаган | 1 адамга 3 (үч) литр |
0404 | Коюлтулган же коюлтулбаган, шекер жана башка таттуулантуучу зат кошулган же кошулбаган сүттүн сары суусу; сүттүн накта компоненттеринен жасалган, шекер жана башка таттуулантуучу зат кошулган же кошулбаган башка жерлерде аталбаган же киргизилбеген продукциялар | 1 адамга 3 (үч) литр |
0405 | Жууган май жана сүттөн даярдалган башка майлар, сүт пасталары | 1 адамга 5 (беш) кг |
0406 | Сыр жана быштак | 1 адамга 5 (беш) кг |
0407 | Канаттуулардын жумурткасы кабыгы менен, жаңы алынганы, консервацияланганы же бышырылганы: | 1 адамга 10 (он) даана |
0408 | Канаттуулардын кабыксыз жумурткасы жана жумуртканын сарысы, жаңы алынганы, кургатылганы, бууга же кайнатылган сууга бышырылганы, формага келтирилгени, тоңдурулганы же башка жол менен консервацияланган, кант же башка таттуу кылуучу заттар кошулганы же кошулбаганы | 1 адамга 10 (он) даана |
0504 00 000 0 | Жаныбарлардын ичегилери, ыйлаакчалары, карыны (балыктан сырткары), бүтүн же бөлүкчөсү, жаңы союлганы, муздатылганы, тоңдурулганы, туздуу суудагысы, кургатылган же ышталганы (сүрсүтүлгөнү) | 1 адамга 5 (беш) кг |
050800 000 0 | Кораллдар жана окшош материалдар, иштелип чыкпаган же баштапкы иштелип чыгуудагысы; моллюскалар рак сымалдар ийне терилүүлөр калканы жана кабыгы, каракатица скелет пластинкасы, тазаланбаганы же баштапкы иштелип чыгууга камдалганы, формага келтирилбегени, порошок жана ушул азыктардын калдыктары | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
06* | Өсүп турган өсүмдүктөр, алардын пиязтүбү, тамырлары жана өсүмдүктөрдүн башка окшош бөлүктөрү; кесилип алынган гүлдөр жана декоративдик өсүмдүктөр | 1 адамга 10 (он) даана |
07* | Жашылчалар жана айрым тамыры жемиш жана жемиши тамыр жегиликтүү өсүмдүктөр | 1 адамга 10 (он) кг |
08* | Жегиликтүү жемиштер жана жаңгактар; цитрус өсүмдүктөрүнүн кабыгы же коондун кабыгы | 1 адамга 10 (он) кг |
09 | Кофе, чай, мате же парагвай чайы жана даамдуу татымалдар | 1 адамга 1 (бир) кг |
10 | Дан өсүмдүктөр | 1 адамга 10 (он) кг |
1101* | Буудай уну же буудай - кара буудай уну | 1 адамга 50 (элүү) кг |
1102* | Кээ бир дан өсүмдүктөр уну, буудай-кара буудай унунан сырткары: | 1 адамга 50 (элүү) кг |
1103* | Крупа, одуракай салдырылган ун жана дан өсүмдүктөрүнүн данынын гранулдары | 1 адамга 50 (элүү) кг |
1104* | Дан өсүмдүктөрүнүн даны, башка ыкма менен иштелип чыкканы (мисалы кабыгы ажыратылган, бүртүкчөлөргө жалпайтылган, бадыракка кайра иштетилгени, майдаланган жана талкаланган түрдөгү); 1006-товардык позициядагы күрүчтөн сырткары; дан өсүмдүктөрүнүн дан түйүлдүгү, бүтүнү, бүртүкчөлөргө жалпайтылганы, бадырак же майдаланган түрүндөгү | 1 адамга 50 (элүү) кг |
1105* | Майда жана одуракай салдырылган ун, порошок, бүртүкчөлөр, картофель гранулдары | 1 адамга 50 (элүү) кг |
1106* | Майда жана одуракай салдырылган ун жана 0713-товардык позициядагы кургатылган буурчак өсүмдүктөрүнөн порошок, саго пальмасынын өзөгүнөн, 0714-товардык позициядагы тамыры жемиш же жемиши тамыр өсүмдүктөрдөн же 08-группадагы азыктардан | 1 адамга 50 (элүү) кг |
1107 | Угут куурулган же куурулбаган | 1 адамга 5 (беш) кг |
1108 | Крахмал; инулин | 1 адамга 5 (беш) кг |
110900 000 0 | Буудай клейковинасы, кургак же чийки | 1 адамга 10 (он) кг |
12 | Май алынуучу урук жана мөмөлөр; башка уруктар, мөмө жана дан; дары чөптөр жана техникалык максатта колдонуу үчүн өсүмдүктөр; саман жана жем-чөп | 1 адамга 5 (беш) кг |
15 | Жаныбарлардан же өсүмдүктөрдөн алынган майлар жана буларды ажыратуудан алынган продуктулар; даяр азык майлары; жаныбарлардан же өсүмдүктөрдөн алынган мом | 1 адамга 10 (он) кг |
16 | Эт, балык, рак сымал, моллюска же кээ бир суу омурткасыздарынан алынган даяр продуктулар | 1 адамга 5 (беш) кг |
17* | Кант жана канттан даярдалган кондитердик азыктар | 1 адамга 10 (он) кг |
18 | Какао жана андан даярдалган продуктулар | 1 адамга 2 (эки) кг |
19* | Дан өсүмдүктөрүнүн данынан, ун, крахмал же сүттөн даярдалган даяр продуктулар; ун кошулган кондитердик тамактар | 1 адамга 10 (он) кг |
20* | Жашылча, жемиш, жаңгак же өсүмдүктүн башка бөлүктөрү иштелип чыккандан кийинки продуктулар | 1 адамга 5 (беш) кг |
21* | Түрдүү тамак аш продуктулары | 1 адамга 5 (беш) кг |
2201 | Суулар, табигый же жасалма минералдык, газдалган, кант же башка таттуу кылуучу же жыпар жыт даамдуу заттар кошулбагандарды кошо алганда; муз жана кар | 1 адамга 2 (эки) литр |
2202 | Суулар, минералдык жана газдуу сууларды, кант же башка таттуу кылуучу же жыпар жыт даамдуу заттар кошулгандарды кошкондо жана 2009-товардык позициядагы жашылча же жемиш ширелерин кошпогондо, башка алкоголсуз суусундуктар | 1 адамга 2 (эки) литр |
2203 00 | Угут пивосу | 1 адамга 2 (эки) литр |
2204 | Шараптар, жүзүмдөн табигый шарап, кордолгонун кошкондо; жүзүм шире суусу, 2009-товардык позицияда көрсөтүлгөндөн тышкары | 1 адамга 2 (эки) литр |
2205 | Вермуттар жана өсүмдүк же жыпар жыттуу заттар кошулган табигый жүзүм винолору | 1 адамга 2 (эки) литр |
220600 | Ачытылган кээ бир ичкиликтер (мисалы: ширеден жасалган вино, перри же алмурут ширесинен вино, бал ичимдиги); башка жерде аталбаган же киргизилбеген ачытылган ичкиликтердин аралашмасы жана ачытылган ичкиликтер менен алкоголсуз ичкиликтердин аралашмасы | 1 адамга 2 (эки) литр |
2207 | 80% көл. же көбүрөөк спирт концентрациясы менен денатурдаштырылбаган этил спирти; түрдүү концентрацияда, денатурдаштырылган этил спирти жана кээ бир спирттер | 1 адамга 1 (бир) литр |
2208 | 80% көл. азыраак спирттин концентрациясы менен денатурдаштырылбаган этил спирти; спирт настойкасы, ликёр жана кээ бир спирт ичимдиктери | 1 адамга 1 (бир) литр |
2209 00 | Уксус кислотасынан алынган уксус жана анын ордун алмаштыруучулар | 1 адамга 1 (бир) литр |
23 | Тамак өнөр-жайынын калдыктары; Жаныбарлар үчүн даяр тоюттар | 1 адамга 10 (он) кг |
24* | Тамеки жана тамекинин өнөр-жайлык ордун алмаштыруучулары | 1 адамга 10 (он) пачка |
250100 | Туз (тамакка салуучу жана денатурдаштырылган тузду кошкондо) жана таза натрий хлориди, сууга эритилгени же эритилбегени же чапташууга тоскоол кылган же чубурмалуулукту камсыз кылган кошумча агенттер камтылган же камтылбаган, деңиз суусу | 1 адамга 2 (эки) кг |
250900 000 0 | Бор | 1 адамга 1 (бир) кг |
2711 | Нефть газдары жана башка газ сымал углеводдор | 1 адамга 10 (он) кг |
30 | Фармацевтикалык продукция | 1 адамга 500 грамм |
31* | Жер семирткичтер | 1 адамга 20 (жыйырма) кг |
33 | Эфир майлары жана резинаиддер; парфюмерия, косметика же жасануу каражаттары | 1 адамга 3 (үч) предмет |
34 | Самын, үстүртөн-активдүү органикалык заттар, жуугуч каражаттары, майлоочу материалдар, жасалма жана даяр момдор, тазалоо же жылмалоо үчүн составдар, шамдар жана окшош буюмдар, жабыштырып жасоо үчүн пасталар, пластилин, "тиш врачтык мом" жана гипстин негизинде тиш врачтын составдары | 1 адамга 3 (үч) предмет |
35 | Белоктуу заттар; Модификацияланган крахмалдар; Желимдер; Ферменттер | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
37 | Фото жана кино товарлар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
381900 000 0 | Бутиминоздук тектерден алынган, 70% сал. нефть же нефть продуктылары камтылган же камтылбаган гидравликалык тормоздук суюктуктар жана гидравликалык өткөрүүлөр үчүн кээ бир даяр суюктуктар | 1 адамга 5 (беш) литр |
382000 000 0 | Антифриздер жана даяр тоңуп калууга каршы суюктуктар | 1 адамга 10 (он) литр |
39 | Пластмассалар жана алардан даярдалган буюмдар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
42 | Булгаарыдан даярдалган буюмдар; Ат шаймандары жана араба жабдыгы; Жолдо жүрүүдөгү шаймандар, аялдар сумкалары жана буларга окшош товарлар; Жаныбарлардын ичегисинен даярдалган жасалгалар (жибек көпөлөгүнүн фиброин буласынан тышкары) | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет (мурда колдонуп жүргөн буюмдарынан башка) |
43 | Накта жана жасалма мех; алардан даярдалган буюмдар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет (мурда колдонуп жүргөн буюмдарынан башка) |
441400 | Сүрөт, күзгү же буларга окшош буюмдарын жээктей турган жыгач рамкалар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
4415 | Ящиктер, коробкалар, упаковкалоочу клет же себеттер, барабандар жана сөңгөктөн буларга окшош тара; кабель жыгач барабандары; паллеттер, поддондор жана башка жүктөө щиттери жыгачтан; жыгач обечайкасы | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
441600 000 0 | Бочкалар, кичинекей бочкалар, чандар, жыгач челектер жана жыгачтан башка челек буюмдары жана алардын бөлүктөрүн, челектин ар бир тактайын кошкондо | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
441900 | Ашканага тийиштүү жыгач буюмдары | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
4420 | Мозаикалык жана инструкцияланган жыгач буюмдары; асыл жасалгалар же бычактар жана буларга окшош буюмдар үчүн жыгачтын шкатулкалары жана коробкалар; 94-группада көрсөтүлбөгөн жыгач үй эмерек буюмдары | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
46 | Согуу (өрүү) үчүн саман, альфа же башка материалдардан буюмдар; Себет буюмдар жана согулган (өрүлгөн) буюмдар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
48 | Кагаз жана картон; Кагаз массасынан, Кагаз жана картондон даярдалган буюмдар | 1 адамга ар бир аталыштан 10 (он) даана |
49 | Басмадан басылып чыгарылган китептер, газеталар, репродукциялар жана полиграфиялык өнөр жай буюмдары; Кол жазмалар, машинкага басылган тексттер жана пландар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) даана |
57 | Килемдер жана башка жерге төшөлүүчү текстиль төшөөлөр | 1 адамга 2 (эки) даана |
62 | Кийимдердин предметтери жана кийимге тиешелүү буюмдар, машинада же кол менен согулган трикотаждан | 1 адамга ар бир аталыштагы бирдей өлчөмдө жана фасондо 2 (эки) предмет (мурда колдонуп жүргөн буюмдарынан башка) |
63 | Башка даяр текстиль буюмдары; буюмдар тобу; эски (пайдаланылган) кийимдер жана текстиль буюмдары; эски чүпүрөктөр | 1 адамга ар бир аталыштан, бирдей өлчөмдө жана фасондо 2 (эки) предмет (мурда колдонуп жүргөн буюмдарынан башка) |
64 | Бут кийимдер, гетрылар жана аларга окшош буюмдар; алардын бөлүктөрү | 1 адамга ар бир аталыштан, бирдей өлчөмдө жана фасондо 2 (эки) предмет (мурда колдонуп жүргөн буюмдарынан башка) |
65 | Баш кийимдер жана алардын бөлүктөрү | 1 адамга ар бир аталыштан, бирдей өлчөмдө жана фасондо 2 (эки) предмет (мурда колдонуп жүргөн буюмдарынан башка) |
66 | Кол чатырлар, күндөн калкалоочу чатырлар, тросттор, трост-отургучтар, ат менен жүрүүдө колдонулуучу камчылар жана алардын бөлүктөрү | 1 адамга 1 (бир) даана |
6702 | Жасалма гүлдөр, жалбырактар жана мөмөлөр жана алардын бөлүктөрү; жасалма гүлдөр, жалбырактар же мөмөлөрдөн жасалган буюмдар | 1 адамга 5 (беш) даана |
6704 | Көп чачтар (париктер), жасалма сакалдар, каштар жана кирпиктер жана адамдын чачынан же малдын түгүнөн же текстиль материалдарынан жасалган ушуларга окшош буюмдар; башка жерде аталбаган же киргизилбеген адамдын чачынан жасалган буюмдар | 1 адамга 1 (бир) даана |
69 | Керамикалык буюмдар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
70 | Айнек жана андан жасалган буюмдар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
71 | Табигый же өстүрүлгөн бермет, асыл же жартылай асыл таштар, баалуу металлдар, баалуу металл чөгөрүлгөн металлдар, алардан жасалган буюмдар; бижутерия; тыйындар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
761100 000 0 | Сыйымдуулугу 300 л. ашык, беттелген же жылуулук изоляциясы бар же аларсыз, бирок механикалык эмес же жылуулук техникалык жабдуусуз бардык заттар үчүн (кысылган же суюлтулган газдан башка) резервуарлар, цистерналар, бактар жана окшош алюминий идиштер | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
7612 | Сыйымдуулугу 300 л. ашык, беттелген же жылуулук изоляциясы бар же аларсыз, бирок механикалык эмес же жылуулук техникалык жабдуусуз бардык заттар үчүн (кысылган же суюлтулган газдан башка) челектер, барабандар, банкалар, ящиктер жана окшош алюминий идиштер катуу же майышуучу түтүк идиштер менен кошо) | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
761300 000 0 | Кысылган же суюлтулган газ үчүн алюминий идиштер | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
7615 | Алюминийден жасалган тиричилик муктаждыктары үчүн ашкана буюмдары же башка буюмдар жана алардын бөлүктөрү; алюминийден жасалган ашкана идиш-аягын тазалоо үчүн жуугучтар, тазалоо же жылтыратуу үчүн жаздыкчалар, мээлейлер жана окшош буюмдар; алюминийден жасалган санитардык-техникалык жабдуу жана анын бөлүктөрү | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8501 | Электрдик кыймылдаткычтар жана генераторлор (электр генератордук түзүлүштөрдөн башка) | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8502 | Электр генератордук түзүлүштөр жана айлануучу электрди өзгөрткүчтөр | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8503 00 | Өзгөчө же негизинен 8501 же 8502-товардык позициясынын машиналары үчүн арналган бөлүктөр | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8507 | Тик бурчтуу (анын ичинде квадраттык) же башка формадагы алар үчүн сепараторлор менен кошо электрдик аккумуляторлор | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8508 | Чаң соргучтар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8509 | Кыналган электр кыймылдаткычтары бар электрдик механикалык тиричилик машиналары, 8508-товардык позициядагы чаң соргучту кошпогондо | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8510 | Электр кыймылдаткычы кыналган электр устаралары, чач кыркуу үчүн машинкалары жана чач алгыч шаймандары | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8516 | Агуучу же топтоочу электр суу жылыткычтары (сыйымдуулары), жүктөлүүчү электр жылыткычтары, мейкиндикти ысыткыч жана топуракты ысыткыч электр жабдуу; чачты күтүү үчүн электр термикалык аппараттар (мисалы, чач кургаткычтар) жана колду кургаткычтар; электр үтүктөрү; башка электр менен ысытуучу тиричилик приборлору; 8545-товардык позицияда көрсөтүлгөндөн башка электрдик ысытуу каршылыктары | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8517 | Байланыштын уюктук же башка зымсыз байланыш түйүндөрү үчүн телефондук аппараттарды кошо алганда телефон аппараттары үндү, сүрөттөлүштү же башка маалыматтарды берүү же кабыл алуу үчүн башка аппаратуралар, зымдуу же зымсыз байланыш тармагындагы коммуникациялар үчүн аппаратураларды кошо алганда (мисалы, байланыштын локалдуу же глобалдуу тармактарында), 8443, 8525, 8527 же 8528 - товардык позициядагы берүү жана кабыл алуу аппаратураларын кошпогондо | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8518 | Микрофондор жана алар үчүн таканчыктар; тулкуларында куралган же куралбаган катуу сүйлөткүчтөр; микрофон менен бириктирилген же бириктирилбеген наушниктер жана башка кийме телефондор жана микрофондон жана бир же андан көп катуу сүйлөткүчтөрдөн турган комплекттер; үн жыштыгын электрдик күчөткүчтөр; электрдик үн күчөтүүчү комплекттер | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8519 | Үн жазуучу же үндү кайта чыгаруучу аппаратура | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8521 | Видеотюнер менен айкалышкан же айкалышпаган видео жазуучу же видеону кайра көрсөтүүчү аппаратура | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8523 | Дисктер, ленталар, маалыматтарды сактоочу энергияга көз карандысыз катуу бөлүктөрдөн турган түзүлүштөр, "интеллектуалдык карточкалар" жана жазылган же жазылбаган, үндөрдү же башка көрүнүштөрдү жазуу үчүн башка сактагычтар, алардын ичинде 37-топтогу буюмдардан башка, дисктерди даярдоо үчүн матрицалар жана мастер-дисктерди кошкондо | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8525 | Өз курамына кабыл алуучу, үн жазуучу же үндү кайра уктуруучу аппаратураны камтыган же камтыбаган радио уктуруу же теле көрсөтүү үчүн берүүчү аппаратура; теле камералар, санариптик камералар жана жазуучу видео камералар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8526 | Радиолакациялык, радионавигациялык аппаратура жана дистанттык башкаруунун радио аппаратурасы | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8527 | Үн жазуучу же үндү кайра чыгаруучу аппаратуралар же сааттар менен бир корпуста айкалышкан же айкалышпаган радио уктуруу үчүн кабылдагыч аппаратура | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8528 | Курамына кабылдагыч теле көрсөтүү байланышын камтыбаган; өз курамына кеңири уктуруучу радио кабылдагычты же үн же сүрөттөлүштү жазуучу же кайра уктуруучу аппаратураны камтыган же камтыбаган мониторлор жана проекторлор | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8529 | Өзгөчө же негизинен 8525-8528-товардык позициялардын аппаратуралары үчүн арналган бөлүктөр | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8537 | Пульттар, панелдер, консолдор, столдор, электр аппаратуралары үчүн бөлүштүргүч щиттер жана негиздер, электр тогун башкаруу же бөлүштүрүү үчүн 8535 же 8536-товардык позициядагы эки же андан көбүрөөк түзүлүштөгү башкалары, анын ичинде 90-группадагы өзүнө кирген приборлор же түзүлүштөр, 8517-товардык позициядагы коммутациялык түзүлүштөрдү кошпогондо | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
8539 | Электрдик же газ разряддык кызытуу лампалары, жарык багытында герметикалык лампаларды кошкондо, ошондой эле ультра көгүлтүр же инфракызыл лампалар; дого формасындагы лампалар | 1 адамга ар бир аталыштан 5 (беш) предмет |
8545 | Көмүр электроддору, көмүр щеткалары, лампа же батарейкалар үчүн көмүрлөр же графит буюмдары металл менен же металлсыз, башкалары, электр техникада колдонулгандары | 1 адамга 1 (бир) кг |
91 | Сааттын бардык түрлөрү жана алардын бөлүктөрү | 1 адамга 2 (эки) даана (мурда колдонуп жүргөн буюмдарынан башка) |
92 | Музыкалык инструменттер; алардын бөлүктөрү жана аларга тиешелүүлөр | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
9401 | Керебеттерге айландырылуучу же айландырылбаган отуруу үчүн эмерек (9402-товардык позициясында көрсөтүлгөндөн башка) жана анын бөлүктөрү | 1 адамга 1 (бир) комплект |
9404 | Матрацтык негиздер; төшөк буюмдары жана эмеректин окшош буюмдары (мисалы, матрацтар, тышталган жууркандар, тышталган мамык жууркандар, диван жаздыкчалары, жумшак жапыз отургучтар жана жаздыктар) серпилгичтери бар же ар түрдүү материалдар менен толтурулган же майда тешиктүү резинадан же пластмассадан турган, капталган же капталбаган | 1 адамга 1 (бир) комплект |
9405 | Башка жерде аталбаган же киргизилбеген прожекторлор, кууш багытталган жарыктын лампалары, фаралар жана алардын бөлүктөрү менен кошо лампалар жана жарык кылуучу жабдуу; башка жерде аталбаган же киргизилбеген аты же аталышы же дареги бар, жарык көрнөктөр, жарык табличкалар жана кошо орнотулган жарыктын булагы бар окшош буюмдар жана алардын бөлүктөрү | 1 адамга 1 (бир) комплект |
95 | Оюнчуктар, оюндар жана спорттук буюмдар; алардын бөлүктөрү жана аспаптары | 1 адамга 2 (эки) комплект жана модель |
9603 | Шыпыргылар, щеткалар (механизмдер, приборлор же транспорт каражаттарынын бөлүктөрү болуп эсептелинген, щёткалар менен кошо), пол сүртүү үчүн кыймылдаткычсыз, механикалык кол щёткалар, чаң үйлөө үчүн швабралар жана куш канатынан шыпыргылар; шыпыргы же щётка буюмдарын даярдоо үчүн боолор жана түйүндөр; боёо үчүн малярдык жаздыкчалар жана валиктер; резина швабралар (нымды сүртүү үчүн резина валиктен тышкары) | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
960400 000 0 | Кол электери жана калбырлары | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
9608 | Шариктүү калем саптар; фетрден жана башка майда тешиктүү материалдардан башына кийгизилген калем саптар жана башка калем саптар, көчүрмө калем саптар; сыя автокалем сап, стилографтар жана башка калем саптар; чыгарып-киргизилчү стержен карандаштары; калем сап үчүн кармагычтар, карандаштар үчүн кармагычтар жана аналогиялуу кармагычтар; жогоруда айтылган буюмдардын бөлүктөрү, 9609-товардык позициядагы буюмдардан тышкары | 1 адамга ар бир аталыштан 5 (беш) предмет |
9609 | Жөнөкөй карандаштар (9608-товардык позицияда көрсөтүлгөндөн тышкары), карандаш грифелдери, пастелдер, көмүр карандаштар, кат же сүрөт тартуу үчүн борлор жана бычмачылар үчүн борлор | 1 адамга ар бир аталыштан 5 (беш) предмет |
961000 000 0 | Жазуу же сүрөт тартуу үчүн грифелдик такталар, рамкасы менен же рамкасы жок | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
9613 | Сигарет күйгүзгүчтөр жана башка күйгүзгүчтөр, механикалык же электрдик менен кошо жана булардын бөлүктөрү, кремний жана биликтерден тышкары | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
961400 | Тамеки тартуу түтүкчөлөр (чөйчөк сымал) бөлүктөрү, сигара же сигареталар үчүн мунштуктар жана алардын бөлүктөрү | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
9615 | Тарактар, чачтар үчүн тарактар жана аларга окшогон предметтер; чачтар үчүн сайгычтар, тармалдоо үчүн кыскычтар, бигуди жана аларга окшогон предметтер, 8516-товардык позицияда көрсөтүлгөндөн тышкары жана алардын бөлүктөрү | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
9616 | Жыпар жыттуу заттарды чачыраткычтар жана гигиеналык максаттар үчүн аларга окшогон чачыраткычтар, алардын орноткучтары жана баштары; косметикалык же жасалгалануу каражаттарын сүртүү үчүн жаздыкчалар жана тыбытчалар | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
961700 000 | Термостор жана кураштырган түрдө, башка вакуумдук идиштер; алардын бөлүктөрү, айнек колбалардан тышкары | 1 адамга ар бир аталыштан 1 (бир) предмет |
961900 | аялдар үчүн гигиеналык каражаттар жана тампондор, наристелер үчүн жалаяктар жана жалаякшым жана ар кандай материалдардан аларга окшогон буюмдар | 1 адамга ар бир аталыштан 10 (он) предмет |