Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 554 токтому менен бекитилген |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу аба, темир жол транспорту менен жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу аба, темир жол транспорту менен жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алуу тартибин аныктайт.
2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү жүктөр ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан эсепке алынууга тийиш.
3. Жүктөрдү ташууну жана/же эсепке алууну жана/же болбосо менчик ээсине (жүктү алуучуга) өткөрүп берүүнү ишке ашыруучу субъект ыйгарым укуктуу уюм тарабынан таанылат.
Ыйгарым укуктуу уюмдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) темир жол транспорту менен ташууда - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы;
2) аба транспорту менен ташууда - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому же жүктөрдү ташуу жана/же менчик ээсине (жүк алуучуга) өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн агент.
4. Ыйгарым укуктуу уюм ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алуу журналына (мындан ары - журнал) жазат.
Журналды толтуруу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
5. Өз ара аракеттенүү жана жүктөрдү алып өтүү жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби ыйгарым укуктуу уюмдар менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген салык кызматы органы менен ыйгарым укуктуу уюмдардын ортосундагы Өз ара аракеттенүү регламентине ылайык ишке ашырылат.
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу аба, темир жол транспорту менен жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Катталган дата | Станция, аэропорт, кампа | Жүк алуучу жөнүндө маалымат | Жүк жөнүндө маалымат | Жүк жөнөтүүчү жөнүндө маалымат | ||||||||||
Жүк алуучунун аталышы | Жүк алуучунун ИСНи | Жүк алуучунун коду | МСКБнын коду | ТЭИТН боюнча товардын тобунун коду | Жүктүн аталышы | Көлөмү (салмагы) | Келишим боюнча наркы | Жүктүн максаттуу багытталышы | Жиберүүчү өлкө | Жиберүүчүнүн аталышы (экспорт/импорт) | Жиберүүчүнүн ИСНи | ||||
чет элдик валютада | сом менен | ||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|