Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-августу № 579
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмесин бекитүү жана 2011-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бөлүктөрүнүн базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жарандарын биометриялык каттоо тартиби жөнүндө жарандарды ыкчам маалымат менен камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолорун өткөрүү үчүн шайлоочулардын тизмесин түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмесин бекитүү жана 2011-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бөлүктөрүнүн базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобонун 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын чогултуу, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоочулардын тизмелерин түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы берүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын экстрендик кызматтарды чакырууну камсыздоо системасына кирген, Кыргыз Республикасынын оперативдүү кызматтарынын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-3-пункт менен толукталсын:
"
4-3 | 119 | МККнын колл-борбору | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги экстрендик оперативдик кызматтары үчүн номерлердин диапазонунан "119" деген номерди Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон тармагында "МККнын колл-борборуна" бекитип берсин.
3. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматынын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы үчүн бөлүнүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |