Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-октябры № 636
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жободо:
4-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды координациялоону камсыз кылуу жана ишке ашыруу;";
6-пунктунун он сегизинчи абзацындагы "өзгөчө кырдаалдардан" деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |