Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-августу № 600
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорунун системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө
Айыл чарба продукциясынын рыногун жана экспорттук дараметин өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорунун системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары (мындан ары - Негизги багыттар) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, башка мамлекеттик органдар менен биргеликте Негизги багыттарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын региондорунда айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүүгө катышуу үчүн мамлекеттик-менчик өнөктөштүктүн негизинде эл аралык уюмдарды жана бизнес-түзүмдөрдү ишке тартуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 28-августунда № 82 жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорунун системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ
Киришүү
Айыл чарбасы - бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу жана региондук өнүгүү менен тыгыз байланыштагы экономиканын тармагы болуп саналат. Ушуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү, анын майнаптуулугун жогорулатуу, продукциянын сапатын жакшыртуу, продукцияны кайра иштетүүнүн, сактоонун жана сатып өткөрүүнүн тиешелүү системасын түзүү тармактын артыкчылыктарынан болуп саналат.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын ички дүң продуктундагы агрардык тармактын үлүшү 14,8%ды, айыл чарба өндүрүшүндө иштегендердин саны - 32%ды түзгөн, 2009-2014-жылдар ичинде айыл чарба продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 12%га өстү.
Ушул Негизги багыттар азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба продукциясын экспорттоонун эсебинен айыл калкынын кирешелерин көтөрүү, эл аралык стандарттарга жооп берген алдыңкы технологиялары бар атаандаштыкка жөндөмдүү агроөнөр жай секторун уюштуруу үчүн 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорунун системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн концепциясын аныктайт.
1. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
"Продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси" - салыштырып жаткан мезгилдердеги продукциянын көлөмүнүн өзгөрүүсүн мүнөздөөчү салыштырмалуу көрсөткүч.
"Агроөнөр жай кластери" - агроөнөр жай өндүрүшү чөйрөсүндө аракеттенүүчү жана өз ара бири бирин толуктап туруучу географиялык жактан коңшу турган өз ара байланыштагы компаниялардын (жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр ж.б.) жана аларга байланышкан уюмдардын (билим берүү мекемелери, мамлекеттик башкаруу органдары, инфратүзүмдүк компаниялар) тобу.
"Кластердик технология" - айыл чарба продукциясын экономикалык жактан майнаптуу өндүрүү үчүн иштелип чыккан технология.
"Баалардын диспаритети" - баа түзүүдөгү эквиваленттик принциптин, ошондой эле финансылык, экономикалык өз ара мамиледеги тең пайданын бузулушу.
"Чынжырча" - даяр продукцияны даярдоого жана аны сатып алуучуга ташууга байланышкан баштапкы логистика.
"ISO" - эл аралык стандартташтыруу уюму.
2. Учурдагы абалды талдоо
Ички рыноктун жана дыйканчылык, мал чарбачылык продукцияларынын экспортунун абалы.
Жашылча-жемиш продукциялары бышкан учурда көпчүлүк фермердик чарбалар өндүрүлгөн продукцияларын түз эле экспорттук компанияларга сатууга багыт алышат, экспорттук компаниялар өз кезегинде өстүрүлгөн продукциянын сапатына жогорку талаптарды коюшат. Ал компаниялар жашылча-жемиш продукцияларын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө автомобиль, темир жол жана аба жолдору аркылуу түз жеткиришет.
Көпчүлүк фермердик чарбалар келерки жылдын жазында кыйла пайдалуу баага сатуу үчүн өстүргөн түшүмдөрүнүн негизги бөлүгүн кампаларына салып коюшат. Ылайыкташтырылбаган жайларда сакталган айыл чарба продукциялары жакшы сапатта сакталбай бузулуп калып, натыйжада зыян тартууга жана бузулган товарын кайра тандап алып, тийиштүү идиштерге салууга байланышкан кошумча сарптоолорго учуратат.
Агроөнөр жай комплексинин продукцияларын сатуудан түшкөн кирешенин айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр, кайра иштетүүчүлөр жана ортомчу соода уюмдарынын ортосунда адилеттүү бөлүштүрүлүүсү чечилбеген маселе бойдон калууда. Фермерлер рыноктогу суроо-талапты жана сунушту билбегендиктен жана сактоочу жайлардын жетишсиздигинен улам өз продукциясын өткөрүүдө олуттуу жоготууларга учурап калышат. Алар көбүнчө продукцияларын арзан баага ортомчу компанияларга беришет.
Айыл чарба продукциясынын өндүрүшү менен аны кайра иштетүү көлөмдөрүнүн ортосундагы ажырым азайбай жатат. Кайра иштетүү өнөр жайы жана соода айыл чарба өндүрүшүнүн түрдүү формадагы кооперацияларын түзүү боюнча көптөгөн иш-аракеттер күтүлгөн натыйжаларды берген жок.
Агроөнөр жай кластерлерин түзүү боюнча күч-аракеттер да күтүлгөн натыйжаларды бере албады. Мунун негизги себептери - кластердик технологияларды колдонуунун майнаптуу методологиялык базасынын жоктугу, даярдалган адистердин жетишсиздиги ж.б. болду. Тамак-аш азыктарынын баасынын өскөндүгүнө карабастан баанын диспаритети курч көйгөй бойдон калууда. Азык-түлүк товарлары өндүрүшүн өнүктүрүүгө товар өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын кошуна мамлекеттердин базарларына чыгуусун оорлоткон соода тоскоолдуктары терс таасир тийгизип келет.
Экспорттун өнүгүүсүн кармап жаткан дагы бир көйгөй - бул ата мекендик айыл чарба продукциясынын жана анын кайра иштетилген азыктарынын сапатынын төмөндүгү болуп саналат, анткени айыл чарба продукциясынын сапатын контролдоо жана сертификаттоо системасы начар өнүккөн, ал продукциянын эл аралык стандарттардын талаптарына шайкеш келүүсүн толук көлөмдө ырастап бере албайт.
Совет мезгилинде мал чарбасынын продукцияларын ички рынокко жеткирүү жана экспорттоо бардык ветеринардык жана санитардык талаптарга ылайык, милдеттүү түрдө малды союу алдындагы жана союлгандан кийинки ветеринардык контролду жүргүзүү менен, эт комбинаттары аркылуу адистешкен түзүмдөр тарабынан ишке ашырылган.
Азыркы учурда бир катар объективдүү себептер менен этти жана эт азыктарын республикадан сыртка чыгаруу республикада мал союу пункттарынын эл аралык стандарттарга шайкеш келбегендигине, аймакташтыруу, жандыктарды идентификациялоо системасынын жоктугуна, эпизоотиялык абалдын туруксуздугуна, өркүндөтүлгөн сертификаттоо лабораторияларынын жоктугуна ж.б. байланыштуу мүмкүн эмес.
Алсак, Кыргыз Республикасынын сүттү кайра иштетүүчү 34 заводунун ичинен 8инин гана Казакстанга сүт азыктарын экспорттоого уруксаттары бар.
Мал чарба продукциясы негизинен республиканын ички рыногуна гана өткөрүлөт.
Этти жана эт азыктарын ички рынокто өткөрүү чынжырчасы бардык санитардык жана ветеринардык ченемдерди бузуу менен жүргүзүлүүдө.
Тиешелүү ветеринардык контролдун жоктугунан улам ылаңдаган жандыктар союла берет, эмделгенден кийин жана антибиотиктерди, акарациддик жана гельминттерге каршы препараттарды алгандан кийин малды союуга салынган тыюулардын мөөнөттөрү сакталбайт, бул керектөөчүлөрдүн ден соолуктарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Этти жана эт азыктарын сатып өткөрүү же кайра иштетүү жайларына чейин продукцияны адистештирилбеген автоунаада жеткирүү (автомобилдердин багаждарында же жүргүнчүлөр салондорунда жүктөлүп алып келинет) өз кезегинде азыктардын бактериялык уруктанып кетүүсүнө алып келет.
Ушуга байланыштуу бардык керектүү инфратүзүмү менен соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү жогоруда аталган көйгөйлөрдүн бир бөлүгүн чечүүгө өбөлгө түзүп бермек.
Айыл чарба продукциясын сертификаттоо.
Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) кошулуусунун алкагында мындан ары эл аралык стандарттардын сапатынын негизинде аккредитация жол-жоболорунан өтүү үчүн лабораторияларды керектүү жабдуулар менен жабдуу каралган.
Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр тарабынан техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келүүсүнө ыктыярдуу декларацияны киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан андан кийинки тийиштүү контролду колго алуу Кыргыз Республикасынын экспорттук дараметин көтөрүүгө мүмкүндүк бермекчи.
Айыл чарба продукциясына баа түзүү.
Жашылча-жемиштердин түрлөрү боюнча акыркы үч жылдын ичинде региондор арасында жасалган жашылча-жемиш продукциясына болгон керектөө баалары жана аны өндүрүүгө жумшалган сарптоолор жөнүндөгү маалыматтарды талдаганда экөөнүн ортосундагы айырма абдан чоң экенин көрсөттү.
Маселен, картошканы чекене сатуудагы баасы Бишкек шаарында көп кошулганы (60%), ал эми Каракол шаарында (26%) эң аз кошулганы байкалды.
Бул абал картошканын көлөмү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондорунда көп өндүрүлөрү менен түшүндүрүлөт, буга байланыштуу картошкага орточо жылдык кошулган баа Каракол шаарында 30%дын тегерегинде кармалат.
Жалпы республика боюнча акыркы үч жылдын ичинде картошкага кошулган орточо жылдык баа 70%дан ашпай келет, себеби дал ушул айыл чарба продукциясы жылына эки эсеге ашыкча өндүрүлүүдө.
Ал эми томаттын орточо жылдык баасы боюнча абал андан айырмаланат. Керектөө баасы менен өндүрүү баасынын ортосундагы айырма абдан чоң, бул айырма орточо алганда өлкө боюнча 200%дан 500%га чейинкини түзөт.
Баадагы мындай жогорку ажырым Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан ачык талаада же күнөсканаларда өстүрүлүп жаткан томаттардын баасынын эсеби алынбастан алардын орточо жылдык баасы гана көзөмөлдөнүп тургандыгы менен түшүндүрүлөт.
Соода-логистикалык борборлорду куруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жашылча-жемиш продукцияларын сактоого, бөлүштүрүүгө жана ташууга коротуучу каражаттарын орточо 30-50%га азайтууга мүмкүндүк берет. Демек, туура сакталышынан, оптималдуу бөлүштүрүлүшүнөн жана экспорттук бажы тариздөөсү боюнча жол-жоболордун борборлоштурулушунан улам продукциянын баасы реалдуу төмөндөйт.
Тез арада бузулуучу жашылча-жемиш жана кайра иштетүү продукцияларынын түрлөрү боюнча өндүрүүчүдөн акыркы керектөөчүгө чейинки баа түзүү чынжырчасында жоготуулар 40%га чейин жетерин эске алганда, локалдык же региондук, ошондой эле эл аралык соода-логистикалык борборлорду куруу алардын жоготууларын бардык өстүрүлгөн продукциялардын 10-15%ына чейин азайтууга мүмкүндүк берет.
3. Максаттар жана милдеттер
Соода-логистикалык борборлор системасын (мындан ары - СЛБ) түзүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын ички рыногун айыл чарба продукциясы менен жыл бою камсыздоо жана бул багытта орчундуу мааниге ээ болгон экспорттук дараметти көтөрүү болуп саналат.
Агроөнөр жай комплексинде жогорку технологиялуу өндүрүш-кампа объектилерин куруу, чийки затты, продукцияны жана азык-түлүктөрдү бөлүштүрүүнүн соода-транспорттук системасын түзүү төмөнкү милдеттерди комплекстүү чечүү мүмкүнчүлүгүн берет:
- айыл чарба продукциясын заманбап сактоо сыйымдуулугун көбөйтүү, ошондой эле өндүрүү жана кайра иштетүү көлөмдөрүн жогорулатуу;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо;
- логистикалык коромжуларды азайтуу жана продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн оптималдаштыруу;
- айыл чарба продукциясын өндүрүү, узак мөөнөткө сактоо, кайра иштетүү жана бөлүштүрүү чөйрөсүндөгү иштерди механикалаштыруу, автоматташтыруу жаатында жаш адистерди кесиптик даярдоо жана окутуу аркылуу жаңы технологияларды жайылтуу;
- ата мекендик товарлардын ички жана тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык абалды жакшыртуу;
- айыл чарбасын өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясын, чийки зат жана азык-түлүктөр рынокторун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик бийлик органдарынын натыйжалуу ишин камсыздоо;
- дыйканчылык продукцияларын жыл бою өндүрүүнү өнүктүрүү жана көбөйтүү (күнөсканалар жана оранжереялар);
- айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген азыктарын, анын ичинде сезон эмес мезгилде да (ноябрь-апрель) ички жана тышкы рынокторго берүү көлөмдөрүн кеңейтүү;
- айыл калкын иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу, жаңы жогорку технологиялуу жумуш орундарын сактоо жана түзүү;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн кирешелерин жана айыл калкынын жашоо сапатын жогорулатуу.
4. Укуктук жана институттук өзгөчөлүктөр
Кыргыз Республикасында соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү үчүн укуктук жана институттук негиз салынган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 47 техникалык регламент кабыл алынды, алардын 45и күчүнө кирип, колдонулууда, алардын ичинен "Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө", "Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшыртууга жана инвесторлорго адилеттүү жана тең укуктук режимди жана Кыргызстандын экономикасына алар тараткан инвестицияларды коргоо кепилдигин берүү аркылуу өлкөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларга түрткү берүүгө багытталган мамлекеттик инвестициялык саясаттын негизги принциптери белгиленген.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мамлекет тарабынан объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча, ошондой эле иштеп жаткан же кайрадан түзүлгөн, анын ичинде инфратүзүмдүк объекттерди башкаруу боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн узак мөөнөттүү өз ара аракеттенүүсү каралган.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери да жеке өнөктөрдөн боло алышат.
Кыргыз Республикасында айыл чарбасы, жер, суу ресурстары, ирригациялык жана мелиорациялык инфратүзүм, кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жүргүзөт.
Техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик контролду төмөндөгү ыйгарым укуктуу органдар жүргүзөт: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин айыл чарба продукциясын сертификаттоо тармагында аккредиттелген лабораториялар жок болуп, бул эл аралык соодада белгилүү бир тоскоолдуктарды жараткан жана республикада тамак-аш продукциясынын коопсуздугуна да коркунуч келтирип турган.
Айыл чарба продукциясынын сапатын контролдоонун жана сертификаттоонун анча өнүкпөгөн системасы эл аралык талаптарга жана стандарттарга шайкеш келүүнү тастыктап бере албайт.
Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча "жол картасын" жүзөгө ашыруунун алкагында мындан аркы аккредитация жол-жоболорунан өтүү үчүн лабораторияларды керектүү жабдуулар менен жабдуу жана Бирдиктүү реестрге киргизүү, аккредитациялоо жаатын кеңейтүү боюнча уруксат берүүчү документтерди жаңылоо каралган.
Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык-диагностикалык лабораториялар аккредитациядан өткөрүлдү, чек арадагы 7 ветеринардык жана фитосанитардык посттордо керектүү жабдуулар менен жабдылган контейнерлер орнотулуп, иштеп жатат.
5. Соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөр
Кыргыз Республикасында СЛБ түзүү жана өнүктүрүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде мүмкүн болот. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) мамлекеттик башкаруудагы менчик сектордун жана бизнес-түзүмдөрдүн мамлекеттик маанидеги милдеттерди жүзөгө ашырууга катышуусун кеңейтүүгө мүмкүндүк бере турган жаңыча ыкма болуп саналат.
МЖӨнүн пайдасы жана артыкчылыктары төмөнкүлөрдөн турат:
- жеке капиталдын каражаттарын тартуудан;
- узак мөөнөттүү инвестициялардан;
- жаңы объекттерден - жаңы сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдөн;
- алдыңкы тажрыйбадан жана жеке сектордун демилгесинен;
- бюджеттик каражаттардын майнапсыз бөлүштүрүлүшүнө каршы иш-аракеттерден.
МЖӨнү киргизүү үчүн жер бөлүп берүү, келечекте долбоорду демилгелеп жана жүзөгө ашыра турган мамлекеттик өнөктү аныктоо, техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу аркылуу СЛБлардын майнаптуулугуна жана максатка ылайыктуулугуна дыкаттык менен талдоо жүргүзүү сыяктуу маселелерди чечип алуу кажет.
СЛБлар зарыл инфратүзүмдөр болгон учурда, айрыкча тамак-аш азыктарынын коопсуздугу, тамак-аш стандартынын, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык маселелердин чечилиши менен гана майнаптуу иштей алат.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусуна байланыштуу ЕАЭБге шайкеш келүүчү декларациялардын/сертификаттардын бирдиктүү реестри - ЕАЭБдин техникалык регламенттерине шайкеш келүү жөнүндө декларацияларды каттоонун бирдиктүү тартиби киргизилет.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө келишими күчүнө кирген күндөн тартып, техникалык регламенттер боюнча эки режим иштейт: улуттук режим жана ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн бирдиктүү режим.
Жөнгө салуунун бирдиктүү режимине продукциянын коопсуздугун тастыктоочу бирдиктүү документтерди берүү менен ЕАЭБдин алкагында шайкеш келүүсү милдеттүү бааланууга (тастыкталууга) таандык болгон Бирдиктүү тизмекке киргизилген продукция кирет.
Улуттук режим болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында гана ички рынокто жүгүртүүгө максатталган товарлар үчүн иштейт. Тамак-аш азыктары үчүн 2 жылга өткөөл мезгили белгиленген.
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин товарлары менен өз ара соодалашуудагы ички рыноктун ишинин алкагында 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде каралган учурлардан тышкары, ташып кирүү жана ташып чыгуу бажы төлөмдөрү (эквиваленттик иш-аракетке ээ болгон башка төлөмдөр, салыктар жана жыйымдар), тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары, атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар колдонулбайт.
Мында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери товарлар менен өз ара соодалашууда чектөөлөрдү колдонууга укуктуу болушат (мындай чаралар өзүн актабаган басмырлоонун же сооданы жашыруун чектөөнүн каражаты болбогон шартта).
Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) мүчө болуп кириши эл аралык рынокторго жол ачууга жана ата мекендик өндүрүүчүлөргө атаандаштык чөйрөсүн түзүү мүмкүнчүлүгүн берди. Өлкөбүздө алдын ала айкын соода системасынын негизи түзүлдү, география кенейтилип, тышкы соода жүгүртүү түзүмү өзгөрдү.
Кыргыз Республикасы 1993-жылдан тартып Европа бирлигинин Жалпы преференциялар системасынын бенефициары болуп эсептелет. Бирок аталган схеманы пайдалануу деңгээли өтө төмөн жана бул ишти жакшыртуу талап кылынат.
Кыргыз Республикасы үчүн Европа бирлигинин Жалпы преференциялар системасын пайдалануучу статусун алуу жана кошумча тарифтик преференцияларды колдонуу, ошондой эле кыргыз товарларын Европа бирлигинин өлкөлөрүнө өткөрүү жана эл аралык соодалашуу системасына интеграциялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-мартындагы № 105 токтому менен Европа бирлигинин Комиссиясынын дарегине Европа бирлигинин туруктуу өнүктүрүүсүн жана ак ниет башкаруусун өбөлгөлөөнүн атайы схемасын (жалпы преференциялар системасы +) колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмеси жөнүндө билдирүүсүнүн тексти жактырылган. Анда Кыргызстандан Европа бирлигинин өлкөлөрүнө экспорттоло турган продукцияга, анын ичинен айыл чарба продукцияларына бажы төлөмдөрүнүн жеңилдетилген же нөлдүк ставкаларын колдонуу каралган.
ЕАЭБдин жана Европа бирлигинин өлкөлөрүндөгү товарлардын сапатына болгон жогорку талаптарды жана стандарттарды эске алып, СЛБнын ички рынокту толтуруусуна жараша жогорку сапаттуу азык-түлүк товарларын өндүрүүнү жана экспорттоону көбөйтүүгө багыт алуусу максатка ылайык келет.
6. Соода-логистикалык борборлорду пландоонун жана түзүүнүн негизги критерийлери
СЛБларды түзүү жана өнүктүрүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчик компаниялардын, кооперативдердин жана/же эл аралык донор уюмдарынын биргелешкен иш-чараларынын комплексин камтыйт.
СЛБларды куруу төмөндөгү 4 параметрди камтыйт:
- иштетиле турган айыл чарба продукцияларынын артыкчылыктары;
- жайгаштырылышы (дислокацияланган орду);
- өлчөмү (сактоо үчүн продукциянын көлөмдөрү жана регионду камтуу);
- иштетилиши (башкаруу жана тейлөө).
Айыл чарба продукцияларынын төмөнкүдөй түрлөрүн иштетүү боюнча СЛБларды түзүү болжолдонууда: жашылчаларды, жемиштерди, мөмөлөрдү, дан буурчактарды, эт жана эт азыктарын, сүт жана сүт азыктарын.
Айыл чарба продукциясынын аталган түрлөрүнүн артыкчылыктары каралып жаткан азыктын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, сапатын, сатылуучу баасын, өлкөнүн экономикасы үчүн ал азыктын маанисин, өндүрүш көлөмүн жана ишке тартылган айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн санын камтыган бир катар фактыларга байланыштуу болот.
СЛБлар үч деңгээлде жайгаштырылат: эл аралык, региондук жана локалдык.
Эл аралык СЛБда локалдык жана региондук СЛБлар тарабынан айыл чарба продукциясы берилип турат (ал экспортер өлкөнүн чек арасынан алыс эмес аймакта, аэропорттун жана/же автожол, темир жол кыймылынын түйүндөрүнө жакын жерде жайгаштырылат).
Региондук СЛБ локалдык СЛБлар алып келген айыл чарба продукциялары менен регионду жабдыйт (облус, район), экономикасы өнүккөн шаарда, адатта облустук борбордо, максаттуу базардын чегинен алыс эмес, автожол жана/же темир жол кыймылынын түйүнүнө жакын жерде жайгаштырылат.
Локалдык СЛБ региондук же эл аралык СЛБлар аркылуу региондук же экспорттук рынокторго жөнөтүү үчүн айыл чарба продукциясын жыйноону, ылгоону, сактоону ишке ашырат. Ал продукция өстүрүлгөн райондун борборунда же ичинде, негизги өндүрүш аймагында жана транспорттук коридорлордон (автомобилдик, темир жол) алыс эмес жайларда жайгаштырылышы мүмкүн.
СЛБлардын өлчөмү СЛБлардын деңгээлине жана алардын жайгашкан жерлерине жараша болот. Эл аралык деңгээлдеги СЛБлардын төмөнкүдөй жайгаштырылышы болжонууда: бирөө - өлкөнүн түштүгүндө ("Түштүк"), экинчиси - өлкөнүн түндүгүндө ("Түндүк").
"Түндүк" эл аралык СЛБ негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияны экспорттоого, ал эми "Түштүк" СЛБ - продукцияны Өзбекстанга, Тажикстанга, Афганистанга ж.б. экспорттоого багытталат.
Региондук СЛБлар айыл чарба продукцияларын фермерлерден сатып алып, облустун деңгээлинде калкты, ошондой эле ага жакын райондорду жана айылдарды жабдуу максатында иштейт, мындан тышкары эл аралык СЛБлардын керектөөлөрүн канааттандырып турат.
Локалдык СЛБлар айыл чарба продукцияларын фермерлерден түздөн-түз сатып алуу, топтоо, ылгоо, сактоо жана региондук, эл аралык СЛБларды же дүң жана чекене тармактарды дайыма жабдып туруу максатын көздөшөт.
7. Негизги багыттарды ишке ашыруу чаралары
СЛБлардын майнаптуу иштөөсү үчүн конкреттүү максаттуу азыктары менен, өндүрүүчүлөрдөн түздөн-түз продукцияны топтой турган жергиликтүү логистикалык борборлордун колдоосунда эки эл аралык соода-логистикалык борборду жана 7 региондук логистикалык борборду түзүү сунушталат.
Айыл чарба азыктары аккредиттелген лабораториялардан бериле турган, азыктын тамак-аш коопсуздугунун талаптарына, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык стандарттарга шайкеш келүүсүн ырастоочу сертификаттар менен коштолот. Сертификаттар тийиштүү лаборатория тарабынан өткөрүлгөн экспертизанын негизинде берилет.
Тамак-аш коопсуздугун контролдоо боюнча менчик лабораторияларды түзүүгө түрткү берүү сунушталат. Буга "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы негиз болуп берет. Менчик лабораториялар тарабынан берилген сертификаттардын импортер өлкөлөр тарабынан таанылуусун камсыздоо үчүн, алар 180 системасы боюнча аккредитацияга ээ болууга тийиш.
Академиялык жамаат тарабынан биринчи кезекте техникалык жана илимий экспертиза көмөгүн көрсөтүү күтүлөт.
Инфратүзүм жаатында маанилүү талап болуп техникалык регламенттерди иштеп чыгуу үчүн академиялык коомдоштуктун мамлекеттик органдар менен күтүлгөн кызматташуусу саналат. Лабораторияларды түзүү учурунда академиялык коомдоштук эл аралык стандарттарга жооп берген лабораториялык методдорду киргизүүдө жана лабораториялардын кызматкерлерин окутууда алдыңкы ролду ойношу керек.
Бул багытта И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы "Технолог" тамак-аш жана өнөр жай боюнча окуу-практикалык борборунун (мындан ары - Борбор) иш-милдети күчөтүлүшү керек. Бул Борбор адистерди даярдоо үчүн, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын, ошондой эле лабораториялардын (мамлекеттик жана менчик) кызматкерлерин окутуу жана квалификацияларын жогорулатуу үчүн база катары пайдаланылууга тийиш.
8. Мониторинг жана баалоо
Негизги багыттар мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелеринин, окуу жайлардын, коомчулуктун жана бизнес-түзүмдөрдүн өнөктөштүгүнө негизделет.
Негизги багыттардын конкреттүү чараларынын аткарылышына мониторингдин жана баалоонун дайыма жүргүзүлүп турушу алардын жүзөгө ашырылышындагы процесске байкоо салуучу натыйжалуу каражат болуп берет жана төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк түзүлөт:
- артыкчылыктарды алдыга жылдыруу процессине оңдоолорду киргизүү боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө алардын тийгизген таасирин баалоону жүргүзүүгө.
9. Негизги багыттарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
Негизги багыттарды ишке ашыруу максатында конкреттүү чараларды караган Иш-чаралар планы иштелип чыккан, жооптуу аткаруучулар, каржылоо булактары жана аткаруу мөөнөттөрү аныкталган.
Иш-чаралар планы этап менен ишке ашырылат (2015-2016-жылдар - биринчи этап жана 2016-2017-жылдар - экинчи этап).
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Иш-чаралар планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлөт жана анын негизинде тийиштүү сунуштар киргизилет.
Алынган натыйжалардын негизинде альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыгуу боюнча ыкчам чечимдер кабыл алынат, аларды кийинки ишке ашыруу кадамдары, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, донор жамааты менен күч-аракеттерди координациялоону жакшыртуу каралат.