Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу № 494
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Жашап турууга уруксат чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу учурунда анын өздүк күбөлүгү болуп саналат.";
- 7-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо минимумун камсыздаган, туруктуу легалдуу киреше булагынын бар экендигин ырастаган төмөнкү документтердин бирин: эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, активдерин, банктагы эсептерин же Кыргыз Республикасынын жаранынын көзөмөлчүлүгүн, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.у.с.;";
- 12-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин" деген сөздөр "билим жана илим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктта:
жетинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо-тиричилик минимумун камсыздаган, туруктуу легалдуу киреше булагынын бар экендигин ырастаган төмөнкү документтердин бирин: эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, активдерин, банктагы эсептерин же Кыргыз Республикасынын жаранынын көзөмөлчүлүгүн, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.у.с.;";
- 16-пунктта:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арыз даана эмес толтурулган, талап кылынган пункттарда айрым жазуулар болбогон, оңдолгон жана кырылган жерлер аныкталганда Департаменттин аймактык органынын кызматкери белгиленген тартипте жаңы арызды толтурууну талап кылышы керек.";
үчүнчү абзацтагы "Андай текшерүүнүн фактысы, ошондой эле арыз ээси" деген сөздөр "Арыз ээси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пунктта:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ), облустук, Бишкек жана Ош шаардык ички иштер башкармаларынын" деген сөздөр жана аббревиатура "ички иштер органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине (мындан ары - МУКК) жана анын аймактык подразделениелерине" деген сөздөр жана аббревиатура "улуттук коопсуздук органдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пункттагы "кабыл алынышы мүмкүн" деген сөздөр "кабыл алынат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пункттун экинчи абзацындагы "Айрым учурларда, анын ичинде арыз ээси" деген сөздөр "Арыз ээси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 38-пунктта "ИИМдин, ИИБнын" деген аббревиатуралар "ички иштер органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 56-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"56. Чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынан белгиленген мөөнөттө чыгып кетпеген учурда ички иштер органдары чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынан депортациялоо боюнча белгиленген тартипте чараларды көрүшөт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |