Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июлундагы № 504 токтому менен бекитилген |
Бажылык контролдоо зоналарын түзүүнүн жана белгилөөнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 246-беренесине ылайык иштелип чыккан жана бажылык контролдоо зоналарын түзүүнүн жана белгилөөнүн тартибин жана шарттарын, ошондой эле бажылык контролдоонун укуктук режимин аныктайт.
2. Бажылык контролдоо зоналары туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнөт.
3. Туруктуу бажылык зоналарына төмөнкүлөр кирет:
- бажы органдарына тиешелүү жана мамлекеттик чек араны коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган же өткөрмө пункттарды кармоо үчүн жооптуу мамлекеттик чек араны коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына тиешелүү Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарынын чегиндеги аймактар;
- бажы органдарына тиешелүү болгон, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары жасалуучу аймактардын чегиндеги аймактар же юридикалык жактарга тиешелүү товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары жасалуучу аймактар;
- бажы органдары өз ишин ишке ашырып жаткан убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээси катары бажы иши чөйрөсүндөгү ишти ишке ашыруу реестрине киргизилген юридикалык жактарга тиешелүү убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн аймактары.
4. Бажылык контролдоонун убактылуу зоналары болуп бажы органдары тарабынан аныкталган жерлер эсептелинет:
- бажы декларациясын берүүдөн мурда бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн - аларды аткарган учурда, эгерде мындай операцияларды жүргүзүүдө бажы органдары менен өзүнүн функцияларын тоскоолдуксуз жүзөгө ашырууну камсыз кылуу зарылчылыгынан келип чыккан бажы контролунун зонасын аныктоо талап кылынса;
- товарларга бажылык кароо же бажылык тыкыр кароо жүргүзүү үчүн;
- убактылуу сактоо кампаларында товарларды убактылуу сактоонун тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган учурларда, бажылык контролдун астында турган товарларды убактылуу сактоо максаттары үчүн башка жерлер.
2. Бажылык контролдоо зоналарын түзүүнүн жана аныктоонун тартиби
5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын аймагынын тиешелүү участогу иш регионуна кирген бажы органынын сунуштамасынын негизинде, Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы (мындан ары - Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы) менен дал келген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын туруктуу бажылык контролдоо зоналарын түзүү зарыл болгон участокторун аныктайт жана мындай зоналарды түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасын бойлото туруктуу бажылык контролдоо зоналары Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү болуп саналбаган чектеш мамлекеттердин жарандарын, тирүү жаныбарларды жана аскер техникасын өткөрүү менен байланыштуу болгон участкаларында түзүлөт.
Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасын бойлото бажылык контролдоо зоналарын түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик чек араны коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен таризделет.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн жерлерде бажылык контролдоо зоналарын түзүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) бажылык контролдоо зонасынын турган жери;
2) бажылык контролдоо зоналарынын чек арасы жана адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары өтүүчү жерлер.
6. Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасын бойлото бажылык контролдоонун зоналары анын чеги боюнча транспорт каражаттарынын жолу менен кесилишкен жерлеринде, Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасын адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары өткөн жерлери, жол маалымат белгилери ГОСТ 10807-78 үчүн аныкталган техникалык шарттарга жана стандарттарга ылайык жасалган, жашыл фондогу ак түстөгү "Бажылык контролдоо зонасы" деген жазуу менен белгиленет.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык орнотулган жана ачылган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу формасында кабыл алынат.
Өткөрмө пунктунда туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө буйруктун тиркемесинде чек аранын жана көрсөтүлгөн бажылык контролдоо зонасынын аймагынын графикалык сүрөттөлүшү план же карта түрүндө берилиши зарыл.
Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пунктунда түзүлүп жаткан бажылык контролдоо зонасына бажылык контролдоо астындагы товарлар менен бажылык операциялар жүргүзүлгөн, жүк түшүрүү жана кайра жүктөө, аларды сырттан кароосу жана тыкыр кароо ишке ашырылган аймактын участкалары, имараттар, курулмалар, аянттар, мындай товарларды ташуучу транспорт каражаттарынын токтотуу жерлери кирет.
8. Туруктуу бажылык контролдоо зонасынын чек арасы, аба жана темир жол катнашында жолдорунда өткөрмө пункттары орнотулган транспорттук инфратүзүм объектисинин башкармалыгы менен макулдашылат.
9. Өткөрмө пунктунда туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
а) түзүүнүн негизи жана максаты;
б) жайгашкан жери;
в) алардын адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары кесип өтүүчү чектери жана жерлери;
г) белгилөө үчүн пайдаланылуучу каражаттар.
10. Ушул тартиптин 3-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн жерлерде туруктуу бажылык контролдоо зоналарын түзүү жөнүндө чечимди бажылык контролдоонун мындай зоналары түзүлүүчү жерлер жана аймактар жайгашкан региондо иш жүргүзгөн бажы органынын начальниги кабыл алат.
11. Ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган бажылык контролдоонун зонасын түзүү жөнүндө чечим, бажы органынын буйругу менен таризделүүгө тийиш, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) түзүүнүн негизи жана максаты;
б) жайгашкан жери;
в) алардын адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары менен кесилишкен чектери жана жерлери;
г) белгилөө үчүн пайдаланылуучу каражаттар.
Ушул тартиптин 3-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн жерлерде туруктуу бажылык контролдоо зоналарын түзүү жөнүндө буйруктун тиркемесинде чек аранын жана көрсөтүлгөн бажылык контролдоо зонасынын аймагынын графикалык сүрөттөлүшү план же карта түрүндө берилиши зарыл.
12. Ушул тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде туруктуу бажылык контролдоо зоналарын түзүү жөнүндө чечимди Бажылык контролдоонун мындай зоналары түзүлүүчү жерлер жана аймактар жайгашкан чөлкөмдө иш жүргүзгөн бажы органынын начальниги кабыл алат.
Көрсөтүлгөн чечим убактылуу бажылык контролдоо зонасын түзүүнүн максатын, убактылуу бажылык контролдоо зонасынын жайгашкан жерин, иштөө мөөнөтүн, чек арасын жана адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары кесип өтүүчү жерлерин, ошондой эле белгилөөнүн колдонулган каражаттарын көрсөтүү, бажы органынын буйругу менен таризделет.
13. Бажылык контролдоо зонасынын чек арасы жашыл түстөгү фондо ак түс менен мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде "Бажылык контролдоо зонасы", "Зона таможенного контроля" жана "Customs control zone" (тиркеме № 1) жазуу жазылган тик бурчтуу формадагы белги менен белгиленет (1-тиркемедеги форма боюнча). Көрсөтүлгөн белгилер бажы контролу зонасын белгилөөнүн негизги каражаты болуп саналат.
Бажылык контролдоо зонасы мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде "Бажылык контролдоо зонасы", "Зона таможенного контроля" жана "Customs control zone" жазууларды анын периметрин түзгөн тосмолорго жана имараттардын дубалдарына түздөн-түз жазуу менен белгилениши мүмкүн.
Чет тилиндеги жазууну, конкреттүү бажылык контролдоо зонасын түзүүдө пайдалануу үчүн максаттуу болгон, каалаган башка тилде жазууга жол берилет.
14. Бажылык контролдоо зонасын белгилөө анын чек арасы боюнча транспорт жолдору менен кесилишкен жерлеринде, ошондой эле бажылык контролдоо зонасынын чек арасын адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары кесип өткөн жерлеринде жүргүзүлөт. Бажылык контролдоо зонасын белгилөөдө анын чек арасы, анын чек арасын кесип өтүүнүн аныкталган жерлери, бажылык контролдоо зонасына уруксаты бар адамдардын тизмеси, аны белгилөөнүн каражаттары жана анын иштөөсү менен байланыштуу башка жагдайлар тууралуу маалыматты камтыган калканыч кошумча колдонулушу мүмкүн.
15. Автомобилдик жолдордо орнотулуучу бажылык контролдоо зоналарынын белгилери аныкталган тартипте даярдалат.
16. Убактылуу бажылык контролдоо зонасынын чек арасы тосмо лента (2-тиркемеге ылайык форма боюнча), ошондой эле убактылуу орнотулуучу белгилер менен белгилениши мүмкүн.
17. Убактылуу бажылык контролдоо зонасын белгилөө аны түзүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт.
18. Туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечим бажы органынын жайгашкан жери алмашкан, Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункту жабылган, бажы контролу астында турган товарлардын сактоо жери алмашкан, бажылык операцияларды жүргүзүүгө жол берилген жерлери алмашкан, Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын бөлүктөрүн бөлүү жана белгилөө талап кылган негиздер токтогон учурларда жокко чыгарылат.
19. Убактылуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечим аны түзүүгө негиз болгон иш-чаралар аяктагандан кийин же убактылуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө бажы органынын чечиминде көрсөтүлгөн иштөө мөөнөтүнүн аякташы менен жокко чыгарылат.
20. Бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечимди жокко чыгаруу анын жоюлушуна алып келет.
21. Бажылык контролдоо зонасын жоюу жөнүндө чечим:
- ушул Тартиптин 5 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда - бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен;
- ушул Тартиптин 11 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда - бажы органынын буйругу менен кабыл алынат.
22. Бажы органы өзү иш жүргүзгөн региондо жайгашкан бажылык контролдоо зонасы жоюлгандан кийин, аны белгилөө каражаттарын алуу жана анын жоюлушу тууралуу кызыктар болгон жактарга маалымдоо боюнча чара көрөт.
3. Бажылык контролдоо зоналарында өндүрүш жана башка чарба ишин жүргүзүү
23. Бажы контролу астында турган товарларды ташуу, жүк түшүрүү жана кайра жүктөө (которуштуруп жүктөө), сактоо; мындай товарларды ташуучу транспорттук каражаттарын токтотуу жерлерин уюштуруу жана тейлөө; Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү юридикалык жана жеке жактарды тейлөө; бажы операцияларын жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу имараттарды жана курулуштарды, ошондой эле алардын инженердик тармактарын куруу, кайра куруу; жолдорду жана өткөрмө пункттарына кайрылуучу жолдорду, бажылык контролдоо зоналарындагы Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасын бойлото түзүлгөн товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн (автомобилдик токтотмо жайларды, жол тосмолору, жол белгилерин орнотууну кошкондо) пайдаланылуучу транспорттук-инженердик курулуштарды куруу жана кайра куруу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарба иштер бажы органдарынын уруксаты жана алардын контролу астында жүргүзүлөт.
24. Бажылык контролдоо зоналарынын чегинде ишке ашырылуучу өндүрүштүк жана башка чарба иши бажы органдарынын кызмат адамдарынын тоскоолдуксуз иштөөсүнө жолтоо келтирбөөгө тийиш.
25. Бажылык контролдоо зонасында өндүрүштүк же башка чарба ишин жүзөгө ашырууга уруксат кызыкдар жактын кат жүзүндөгү арызы боюнча бажылык контролдоо зонасында жайгашкан бажы органынын начальниги тарабынан берилет.
26. Бажылык контролдоо зонасында өндүрүштүк жана башка чарба ишине уруксат алуу арызында бажылык контролдоо зонасынын чегинде жүзөгө ашыруу болжолдонуп жаткан иштин түрү жана мүнөзү, ал ишти жүзөгө ашыра турган адамдардын тизмеси, аны ишке ашыруунун пландаштырылган мөөнөтү тууралуу маалымат болушу керек.
27. Арызды кароонун натыйжасы боюнча жана болжолдонуп жаткан иш ушул Тартиптин 23-пунктуна ылайык бажы органы бажылык контролдоо зонасында өндүрүштүк жана башка чарба ишин жүзөгө ашырууга уруксат берүү жөнүндө чечим чыгарат.
Ушул Тартиптин 23-пунктунун талаптарына ылайык келбеген учурда, бажы органы баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Кабыл алынган чечим тууралуу бажы органы кызыкдар болгон жакка кат жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде кабарлайт.
4. Бажылык контролдоо зонасынын укуктук режими
28. Бажылык контролдоо зонасы аймактын белгиленген участогунун чегинде, бажылык контролдоонун астында турган товарларды, анын ичинде транспорт каражаттарын жайгаштырууну камсыз кылган, аларга бажылык сыртынан кароону жана бажылык тыкыр кароону, сактоону, ошондой эле жүк жана бажылык операцияларды жүргүзүү максатында жана бажы контролу астында турбаган товарларга, транспорт каражаттарына карата көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө катышпаган жеке жактардын өтүүсүн чектеген өзгөчө укуктук режим.
29. Бажылык контролдоо зоналарына кирүүгө уруксат берүү төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- бажылык контролдоо зоналарында ишин жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу органдарынын кызмат адамдары үчүн туруктуу өткөрмө кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө;
- көрсөтүлгөн жактардын кызматтык милдеттери түздөн-түз бажылык контролдоо зонасында болушу менен байланыштуу болгон, юридикалык жактардын кызматкерлери үчүн туруктуу өткөрмө;
- мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын кызмат адамдары үчүн туруктуу өткөрмө көрсөтүлгөн жактардын бажылык контролдоо зоналарында кыска мөөнөттүн ичинде болушу менен түздөн-түз байланыштуу болгон функцияларды аткаруу максатында.
Туруктуу өткөрмөлөр ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн адамдардын кат жүзүндөгү арызынын негизинде бажы органынын начальнигинин, болбосо анын милдетин аткаруучунун чечими боюнча бир календардык жылга берилет.
Убактылуу өткөрмөлөр бажылык контролдоо зонасында адамдын убактылуу болгон мөөнөтүнө, анын жазуу түрүндөгү арызынын негизинде берилет.
Өткөрмөлөрдү каттоо, ал өткөрмөлөрдү берген бажы органы тарабынан атайын журналда жүргүзүлөт.
30. Өткөрмөлөрдү тариздебестен бажылык контролдоо зонасына кирүүгө уруксат:
1) өздөрүнө жүктөлгөн функцияларды бажылык контролдоо зоналарында жумуш убактысында аткарган бажы органдарынын кызмат адамдары кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө;
2) бажылык контролдоо зонасындагы товарлардын жана транспорт каражаттардын өкүлү болгон адамдарга ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасынан өтүүчү адамдарга берилет.
Өзүнүн жумуш убактысынан тышкары убакта бажы органынын начальнигинин, болбосо анын милдетин аткаруучунун уруксаты жок бажылык контролдоо зонасында бажы органынын кызмат адамынын болушуна жол берилбейт;
3) почта автомашиналары жана почтаны коштоп бараткан адамдар.
31. Бажылык контролдоо зоналарынын чек аралары аркылуу жана алардын чектеринде товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсү бажы органынын уруксаты менен ишке ашырылат.
|
| Бажылык контролдоо зоналарын түзүүнүн жана белгилөөнүн тартибинин 1-тиркемеси |
Бажылык контролдоо зонасын белгилөөнүн эн тамгасынын ҮЛГҮСҮ
БАЖЫЛЫК КОНТРОЛДОО ЗОНАСЫ ЗОНА ТАМОЖЕННОГО КОНТРОЛЯ CUSTOMS CONTROL ZONE |
Тактанын түсү - жашыл.
Жазуунун түсү - ак.
Өлчөмдөрү: кеңдиги - 75 см, бийиктиги - 25 см.
|
| Бажылык контролдоо зоналарын түзүүнүн жана белгилөөнүн тартибинин 2-тиркемеси |
Бажылык контролдоо зонасын белгилөөнүн тосмо лентасынын ҮЛГҮСҮ
БАЖЫЛЫК КОНТРОЛДОО ЗОНАСЫ ЗОНА ТАМОЖЕННОГО КОНТРОЛЯ CUSTOMS CONTROL ZONE |
Лента полимердик материалдардан даярдалат.
Тактанын түсү - жашыл.
Жазуунун түсү - ак.
Өлчөмү: кеңдиги - 10 см.