Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-июлу № 504
Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралардын планын ("Жол картасын") ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63, 246 жана 252-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Бажылык контролдоонун техникалык каражаттарын колдонуу тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы "Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 1 тиркемесинин "Контролдоонун түрлөрү" позициясындагы "Бажылык" мамычасы алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 378 "Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |