Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июлундагы № 504 токтому менен бекитилген |
Бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 252-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Бажы биримдигинин бажы чек арасы аркылуу алынып өтүлгөн товарларга, транспорт каражаттарын эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө (мындан ары - ЭПЖ) Бажы биримдигинин бажы чек арасынан өткөн жеке адамдарга бажы контролун жүргүзүүдө техникалык каражаттарды колдонуу тартибин аныктайт.
2. Бажы контролунун техникалык каражаттары - бажы контролун жүргүзүү убактысын кыскартуу жана бажы иши чөйрөсүндө укук бузуу (кылмыштарды) фактысын табуу максатында жеке адамдарга, товарларды, ЭПЖ жана транспорт каражаттарын бажылык контролдоо процессинде бажы органдары колдонуучу атайын техникалык каражаттардын комплекси.
3. Бажы контролунун техникалык каражаттары бажы контролун Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 110-беренесине ылайык жүргүзүүдө колдонулат.
Бажы контролун жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамдары бажы контролунун техникалык каражаттарын ушул Тартипте (1-тиркеме) белгиленген тизмекке ылайык колдонушат.
2. Бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу тартиби
4. Бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу адамдын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн коопсуз болууга тийиш жана адамдарга, товарларга, ЭПЖ жана транспорт каражаттарына зыян келтирбеши керек.
5. Бажы контролун жүргүзүүчү бажы органынын кызматтык адамы бажы контролунун формасына жана жеке адамдардын, товарлардын, ЭПЖ жана транспорт каражаттарынын өтүү өзгөчөлүгүнө жараша тигил же бул бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу зарылдыгын аныктайт.
6. Бажы контролун бажы байкоо формасында жүргүзүүдө бажы контролунун төмөнкү техникалык каражаттары колдонулат:
1) Бажы биримдигинин бажы чек арасынан өткөн автотранспорт каражаттарына карата колдонулуучу транспорт каражаттарынын мамлекеттик номерин каттоо жолу менен автотранспорт каражаттарын эсепке алуучу автоматташкан система.
Автотранспорт каражаттарын эсепке алуучу автоматташкан системаларды колдонуунун натыйжалары боюнча алынган маалыматтар бажы биримдигинин бажы чек арасынан өткөн автотранспорт каражаттарын борбордук эсепке алуу үчүн бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга байланыш каналдары аркылуу берилет.
2) бажы контролунун зонасында жайгашкан товарларга, транспорт каражаттарына жана жеке адамдар көрүп контролдоо жүргүзүү үчүн колдонулуучу көрүп байкоонун техникалык каражаттары.
7. Бажылык кароодо жана бажылык тыкыр кароодо бажы контролунун төмөнкү техникалык каражаттары колдонулат:
1) Бажы биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз алып өтүлгөн радиоактивдүү материалдарды табуу максатында Бажы союзунун бажы чек арасынан алып өтүшкөн товарларга, транспорт каражаттарына жана жеке адамдарга карата колдонулуучу радиациялык контролдун техникалык каражаттары;
2) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан байланыш каналдары аркылуу алынган маалыматты контролдоо жана берүүнү эсепке алуу максатындагы Бажы биримдигинин бажы чек арасынан алып өтүлгөн автотранспорт каражаттарына карата колдонулуучу видео байкоо жана транспорт каражаттарынын салмактык жана тышкы параметрлерин аныктоочу автоматташкан системалар;
3) Жеке адамдардын дене-боюндагы жана ички организмдеги, эл аралык почта жөнөтүүлөрүндөгү, транспорт каражаттарындагы, контейнерлердеги, кол жүктөрүндөгү мыйзамсыз салынган товарларды табуу максатында Бажы биримдигинин бажы чек арасынан өткөн товарларга, транспорт каражаттарына жана жеке жактарга карата колдонулуучу тыкыр кароочу интраскопиялык техника, анын ичинде сүрөттөрдү анализдөө жана иштеп чыгуу системалары менен жабдылган техника;
4) транспорт каражаттарын, товарлардын таңгагын ачпастан, текшерилүүчү объекттин бүтүндүгүн бузбастан жана ажыратпастан транспорт каражаттарын жана товарларды кароону жүргүзүүдө колдонулуучу техникалык издөө каражаттары;
5) төмөнкү товарларды кароону жүргүзүүдө колдонулуучу техникалык идентификациялоо каражаттары:
- баалуу таштардын жана металлдардын сынамдарын идентификациялоо үчүн баалуу таштардагы нурлардын өзгөрүүлөрүн анализдөөнүн негизинде иштеген приборлор жана эритмелерди аныктоонун ар кандай методдорун колдонуучу приборлор колдонулат. Баалуу таштарды жана металлдарды кооздоонун бардык учурунда колдонулат;
- баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду табуу жана (же) текшерүү үчүн төмөнкүлөр колдонулат:
микро бөлүктөрүн чогултуу методу менен баңги заттарынын детекторлору жана экспресс-анализаторлору, салфеткаларды жана аларды талдоо жүргүзүү үчүн детекторго жайгаштыруу жардамы менен, ошондой эле шектүү участоктон детектор компрессорун иштетүү менен бууну талдоо;
атайын тунук идиштердеги баңгизаттардын түстөрүн айырмалоо үчүн ампулалар же ампулалардын топтому;
- жарылгыч заттарды табуу жана (же) текшерүү үчүн шектүү участоктордон детектордун компрессорунун жардамы менен бууларды чогултуу жолу менен, микро бөлүкчөлөрдү салфетка менен чогултуп, анализ жасоо үчүн аларды детекторго жайгаштыруу жолу менен микро-бөлүкчөлөрдүн детектору жана жарылгыч заттардын буусунун анализи колдонулат;
- катуу, суюк жана порошок сыяктуу абалдагы заттарды анализдөө үчүн рентгенофлуоресценттик анализаторлор колдонулат, бул приборлор менен иштөө үчүн кызматкерлерди атайын окутуу керек;
- товарлардын жана транспорт каражаттарынын салмагын аныктоо үчүн тараза приборлору колдонулат;
- убакыт бирдигинде өтүүчү товарлардын көлөмүн аралыктан өлчөө үчүн энергия ресурстарын эсепке алуучу приборлор колдонулат, өлчөөнүн натыйжалары бажы органдарына маалыматтарды берүү каналдары менен байланышкан маалымат системаларына киргизилет;
- озон бузуучу заттарды табуу максатында товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүүдө хладагенттердин анализаторлору, идентификаторлору, детекторлору колдонулат;
- электрондук тыгындап-пломбалоочу түзүлүштөрдү санкцияланган ачууну (электрондук пломба) текшерүү, саноо, алуу жана дагы контролдоо үчүн электрондук тыгындап-пломбалоочу түзүлүштөрдү эсептөө приборлору колдонулат. Электрондук тыгындап-пломбалоочу түзүлүштөрдү эсептөөнүн стационардык, көчмө жана мобилдик приборлору колдонулат;
- этикеткаларга, өзү чапталуучу ленталарга маалыматтарды (штрих-кодду, тексттик маалыматты, ар кандай графикаларды) басуу үчүн штрих-коддун принтерлери колдонулат, булар мындан ары товарларга, маркалоо үчүн таңгактарга, транзиттик декларацияга, транспорттук каражаттарга түшүрүлөт;
- штрих-коду бар этикеткаларды, чаптагычтарды идентификациялоо үчүн штрих-кодду эсептөө приборлору колдонулат (штрих-коддун сканери).
Идентификациялоонун натыйжалары каражаттарын колдонуу менен товарларды далдаштыруунун жыйынтыгы товарлардын маалыматтарын экспертизага терең изилдөөгө жөнөтүүнүн негизи болуп эсептелет;
6) бажы органдарынын кызматтык адамдары тарабынан бажы органдарынын администрациялык имаратынын объектилерине жана бажы контролдоо зонасындагы оперативдик кырдаалга күндүз жана түнкү убакта байкоо жүргүзүүдө бажылык контролдоо максатында дайыма колдонулуучу көрүп-байкоонун техникалык каражаттары;
7) магниттик булактарда (плёнкада, бобинада, компакт-кассетада, дисктерде, электрондук эсептөөчү машиналарынын дисктеринде) бул техникалык маалымат булактары бажылык контролдоодо жазылган аудио маалыматтарды, видео маалыматтарды көрүү, угуу жана өчүрүү үчүн колдонулуучу аудио жана видео маалыматтар булактарын контролдоонун техникалык каражаттары. Аудио жана видео маалыматтар булактарын контролдоо техникалык каражаттары өңүнө чыгарылган фото плёнкаларга жана кино плёнкаларга, слайддарга жана микрофишаларга көрүп контролдоо үчүн колдонулат.
8. Бажы органдары бажы контролу зонасында жана талаа шартында да байланыш менен камсыз кылуу үчүн тез байланыш техникалык каражаттарын колдонушат.
9. Бажы органдарынын кызмат адамдары интраскопиялык кароо техникасын, аны колдонуу боюнча атайын окуу курсунан, ошондой эле адамдын организмине, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө, тирүү микроорганизмдери бар азык-түлүккө рентгендик нурдануунун таасири боюнча окуу жана радиациялык коопсуздук боюнча окуу курсунан өткөндөн кийин колдонууга укуктуу.
10. Бажы контролунун техникалык каражаттары бажы органынын кызмат адамдары тарабынан даярдоочу завод тиркеген техникалык маалыматтарга, нускамага ылайык пайдаланылат.
Интраскопиялык кароо техникалары заводдук нускамага же техникалык өзгөчөлүктөргө ылайык радиациялык коопсуздук жана техникалык коопсуздук эрежелерин жана анын бардык техникалык мүмкүндүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн сактоо менен колдонулат.
Техникалык издөөнүн каражаттары товарларга, ЭПЖ жана транспорт каражаттарына механикалык зыян келтирбестен техникалык коопсуздукту сактоо менен колдонулат.
|
| Бажы контролунун техникалык каражаттарынын колдонуу тартибинин 1-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан бажы контролун өткөрүүдө колдонулуучу бажы контролунун техникалык каражаттарынын ТИЗМЕГИ
1. Бажы контролунун техникалык каражаттары
№ | Аталышы | Бажы контролунун ар кандай формасында колдонуу | |||||||
Маалыматтарды жана документтерди текшерүү | Ооз эки сурамжылоо | Бажы байкоосу | Бажы кароосу | Бажы тыкыр кароосу | Атайын маркалар менен товарлардын маркаланышын, аларда идентификациялоо белгилеринин бардыгын текшерүү | Кеңселерди жана аймактарды бажы кароосу | Бажы текшерүүсү | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
1 | Тыкыр кароо рентгендик телевизиондук техникасы (ТКРТТ) | ||||||||
1.1 | Кол жүгүнүн жана багаждын ичиндегисин контролдоо үчүн ТКРТТ |
|
|
| + |
|
|
|
|
1.2 | Багажды жана почта жөнөтүүлөрүн контролдоо үчүн ТКРТТ |
|
|
| + |
|
|
|
|
1.3 | Орто жана ири көлөмдүү жүктөрдү контролдоо үчүн ТКРТТ |
|
|
| + |
|
|
|
|
1.4 | Көчмө рентгендик телевизиондук түзүлүш |
|
|
| + |
|
|
|
|
1.5 | Көтөрмө рентгендик телевизиондук түзүлүш |
|
|
| + |
|
|
|
|
2 | Инспекциялык-тыкыр кароо комплекстери (ИТКК) | ||||||||
2.1 | Транспорт каражаттарын жана ири көлөмдөгү жүктөрдү контролдоо үчүн стационардык ИТКК |
|
|
| + |
|
|
|
|
2.2 | Транспорт каражаттарын жана ири көлөмдөгү жүктөрдү контролдоо үчүн оңой тургузулуучу (жаңы орунга көчүрүлүүчү) ИТКК |
|
|
| + |
|
|
|
|
2.3 | Транспорт каражаттарын жана ири көлөмдөгү жүктөрдү мобилдүү ИТКК |
|
|
| + |
|
|
|
|
2.4 | Авиациялык контейнерлерди контролдоо үчүн ИТКК |
|
|
| + |
|
|
|
|
2.5 | Темир жол вагондорун контролдоо үчүн ИТКК |
|
|
| + |
|
|
|
|
3 | Издөө каражаттары | ||||||||
3.1 | Портативдик металл издөөчү |
|
| + | + | + |
|
|
|
3.2 | Стационардык металл издөөчү |
|
| + |
|
|
|
|
|
3.3 | Тыкыр кароо күзгүсү |
|
|
| + | + |
| + |
|
3.4 | Тыкыр кароо эндескобу |
|
|
| + | + |
| + |
|
3.5 | Тыкыр кароо шиши |
|
|
| + | + |
| + |
|
3.6 | Алыскы аралыкты жарык кылуучу тыкыр кароо чырактары |
|
|
| + | + | + | + |
|
3.7 | Кичине аралыкты жарык кылуучу тыкыр кароо чырактары |
|
|
| + | + | + | + |
|
3.8 | Жарыктандыруусу бар лупа | + |
|
| + | + | + |
| + |
3.9 | Люминесценттик лупа | + |
|
| + | + | + |
| + |
3.10 | Жарым жумшак техникалык видеоскоп |
|
|
| + | + |
| + |
|
3.11 | Кароого кыйын жерлерди көрүнөө текшерүү жүргүзүү үчүн кароонун портативдик телевизиондук тыкыр системасы |
|
|
| + | + |
| + |
|
4 | Атайын белгилерди түшүрүү жана эсептөө каражаттары | ||||||||
4.1 | Флуоресценттик фломастер | + |
|
| + | + | + |
| + |
4.2 | Ультра кызгылт чырактар | + |
|
| + | + | + |
| + |
5 | Тыкыр кароо шайманы | ||||||||
5.1 | Топтук колдонуудагы аспаптардын топтому |
|
|
| + | + |
|
|
|
5.2 | Жеке колдонуу аспаптарынын топтому |
|
|
| + | + |
|
|
|
6 | Үстүртөн байкаштыруунун техникалык каражаттары | ||||||||
6.1 | Гомогендик эшилме, үймө жүктөрдү аралыктан байкаштыруунун радио техникалык портативдик приборлору |
|
|
| + | + |
|
|
|
6.2 | Баңгизаттарды жана жарылуучу заттарды аралыктан табуунун техникалык каражаттары |
|
|
| + | + |
|
|
|
6.3 | Ар түрдүүлүктөрдү жана жашырылган көңдөйлөрдү табуунун техникалык каражаттары |
|
|
| + | + |
|
|
|
6.4 | Адамдын денесинин ичинде жашырылгандарды табуу үчүн сканер |
|
| + |
|
|
|
|
|
7 | Идентификациялоонун техникалык каражаттары (ИТК) | ||||||||
7.1 | Баалуу таштардын өлчөмүнүн анализи үчүн приборлор |
|
|
|
| + |
|
|
|
7.2 | Баалуу таштардын жана кошулмалардын өлчөмүнүн анализи үчүн приборлор |
|
|
|
| + |
|
|
|
7.3 | Документтерди, акча белгилерди жана корголгон кагаздарды изилдөө үчүн программалык аппараттык комплекс | + |
|
|
|
| + |
| + |
7.4 | Документтердин, акча белгилердин жана корголгон кагаздардын аныктыгын контролдоочу прибор | + |
|
|
|
| + |
| + |
7.5 | Банкноттордун портативдүү детектору | + |
|
|
| + |
|
|
|
7.6 | Банкнот детектору | + |
|
|
| + |
|
|
|
7.7 | Банкнотторду саноо жана текшерүү үчүн прибор | + |
|
|
| + |
|
|
|
7.8 | Баалуу таштарды идентификациялоо үчүн прибор |
|
|
|
| + |
|
| + |
7.9 | Баалуу таштарды жана баалуу металлдарды идентификациялоо үчүн прибор |
|
|
|
| + |
|
| + |
7.10 | Баалуу таштарды жана баалуу металлдарды идентификациялоо үчүн универсалдуу детектор |
|
|
|
| + |
|
| + |
7.11 | Баалуу таштарды жана баалуу металлдарды идентификациялоо үчүн электр химиялык анализатор |
|
|
|
| + |
|
| + |
7.12 | Геологиялык изилдөөлөр үчүн жабдуулар |
|
|
|
| + |
|
|
|
7.13 | Транспорт каражаттарынын агрегат номерлерин идентификациялоо үчүн приборлор |
|
|
|
| + |
|
|
|
7.14 | Көркөм чыгармалардын аныктыгын далдаштыруу үчүн программалык аппараттык комплекс |
|
|
|
| + |
|
|
|
7.15 | Акциздик маркалардын аныктыгын аныктоо үчүн прибор |
|
|
|
| + |
|
| + |
7.16 | Жыгачтын жалбырактуу жана ийне жалбырактуу түркүмүндөгү жыгач жана тактай материалын идентификациялоо үчүн прибор |
|
|
| + | + |
|
|
|
7.17 | Озон бузуучу заттарды инструменталдык контролунун техникалык каражаттары |
|
|
|
| + |
|
|
|
8 | Идентификациялоонун химиялык каражаттары (ИТК) | ||||||||
8.1 | Баңгизаттардын экспресс-анализинин химиялык каражаттары |
|
|
|
| + |
|
|
|
8.2 | Жарылуучу заттардын бардыгына болгондугуна үлгү экспресс-анализдин тести |
|
|
|
| + |
|
|
|
8.3 | Иммунохроматиялык экспресс-тесттер |
|
|
|
| + |
|
|
|
9 | Документтештирүүнүн техникалык каражаттары | ||||||||
9.1 | Санариптик диктофон |
| + |
|
|
|
|
|
|
9.2 | Санариптик видеокамера |
| + | + | + | + |
| + |
|
9.3 | Санариптик фотокамера |
| + | + | + | + |
| + |
|
10 | Аудио жана видео маалыматтар булактарын контролдоонун техникалык каражаттары | ||||||||
10.1 | Аудио жана видео маалыматтарды чыгаруучу түзүлүш |
|
|
|
| + |
|
|
|
11 | Жыгач жана тактай материалдардын сандык жана сапаттык көрсөткүчүн өлчөөнүн техникалык каражаттары | ||||||||
11.1 | Металл өлчөгүч метр (рулетка) |
|
|
| + | + |
|
|
|
11.2 | Металл өлчөгүч сызгыч |
|
|
| + | + |
|
|
|
11.3 | Жыгач өлчөгүч скоба |
|
|
| + | + |
|
|
|
11.4 | Жыгач өлчөгүч вилка |
|
|
| + | + |
|
|
|
11.5 | Нымдуулукту өлчөгүч |
|
|
| + | + |
|
|
|
12 | Автотранспорт каражаттарынын номердик белгисин эсептөө жана аныктоо системасы | ||||||||
12.1 | Автотранспорт каражаттарынын номердик белгисин эсептөө жана аныктоо системасы |
|
|
| + | + |
|
|
|
13 | Транспорттук контролду жүзөгө ашыруу үчүн техникалык каражаттар | ||||||||
13.1 | Телескопиялык шесттер |
|
|
| + | + |
|
|
|
13.2 | Курвиметрлер |
|
|
| + | + |
|
|
|
13.3 | Сызгыч (штангенциркуль) |
|
|
| + | + |
|
|
|
13.4 | Жарык чагылдыргычы бар кызыл сигналдуу диск |
|
|
| + | + |
|
|
|
13.5 | Жүк ташуучу автотранспорт каражаттардын көлөмүнүн автоматташкан контролдук системасы |
|
|
| + | + |
|
|
|
14 | Көрүп байкоо системасы | ||||||||
14.1 | Теле байкоонун оперативдик системасы |
|
| + |
|
|
|
|
|
14.2 | Портативдик видео каттоочу |
| + | + | + | + | + |
|
|
15 | Оптикалык түзүлүштөр жана приборлор | ||||||||
15.1 | Дүрбү |
|
| + |
|
|
|
|
|
15.2 | Түндө көрүүчү прибор |
|
| + |
|
|
|
|
|
15.3 | Түндө көрүүчү система |
|
| + |
|
|
|
|
|
15.4 | Электрондук оптикалык приборлор (тепловизор) |
|
| + |
|
|
|
|
|
16 | Тараза приборлору | ||||||||
16.1 | 3 кг чейинки электрондук таразалар |
|
|
| + | + |
| + |
|
16.2 | 150 кг чейинки электрондук таразалар |
|
|
| + | + |
| + |
|
16.3 | 150 кг көп тартуучу таразалар |
|
|
| + | + |
| + |
|
16.4 | Автомобилдик таразалар |
|
|
| + | + |
| + |
|
16.5 | Темир жол таразалары |
|
|
| + | + |
| + |
|
2. Бөлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдардын бажы контролунун техникалык каражаттары (БРМТКМ) жана радиациялык коопсуздугун камсыздоо
№ | Техникалык каражаттардын аталыштары | Техникалык каражаттарды колдонуу | ||||||
Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу БРМди мыйзамсыз алып өтүүнү алдын алууга багытталган бажы контролу | Тышкы экономикалык иш алкагында өтүүчү БРМ бажы | Жумушта радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу | ||||||
Бажы байкоосу | Бажы кароосу | Бажы тыкыр кароосу | БРМ менен | ТКРТга | ИТККга | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1. БРМди табуу стационардык системасы | ||||||||
1.1 | Радиациялык контролдун стационардык темир жолдук системасы <*> | + |
|
|
|
|
|
|
1.2 | Радиациялык контролдун стационардык автомобилдик системасы <*> | + |
|
|
|
|
|
|
1.3 | Радиациялык контролдун стационардык жөө жүрүүчү системасы <*> | + |
|
|
|
|
|
|
2. Бүлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдарды табуунун мобилдик системасы | ||||||||
2.1 | Радиациялык контролдун көчмө бажы дөңгөлөктүү посту | + | + | + | + | + | + | + |
3. Радиациялык контролдун издөө приборлору | ||||||||
3.1 | Издөөчү ченөө-сигнализатор <**> | + | + | + |
|
|
|
|
3.2 | Издөөчү ченөө-сигнализатор <***> |
| + | + |
|
|
|
|
4. Дозиметрлер | ||||||||
4.1 | Гамма-нурлануунун жеке дозиметри |
| + | + | + | + |
|
|
4.2 | Рентген гамма-нурлануунун универсалдуу дозиметри |
| + | + | + | + | + | + <****> |
4.3 | Рентген гамма-нурлануунун универсалдуу дозиметри |
| + | + | + | + | + |
|
4.4 | Термо-люминесценттик дозиметр |
|
|
|
| + | + | + <*****> |
4.5 | Издөөчү дозиметр-радиометр |
| + | + | + | + |
|
|
5. Радиометр-спектрометрлер | ||||||||
5.1 | Универсалдуу радиометр-спектрометр |
| + | + | + |
|
|
|
5.2 | Дозиметр- радиометр |
| + | + | + |
|
|
|
6. Спектрометрлер | ||||||||
6.1 | Сцинтилляциондук детекторлуу спектрометр |
|
|
| + |
|
|
|
6.2 | Жарым өткөргүч детекторлуу спектрометр |
|
|
| + |
|
|
|
7. Жеке коргонуу каражаттары | ||||||||
7.1 | Радиациялык жеке коргонуу каражаттары |
|
|
|
| + |
|
|
Эскертүү:
<*> Гамма жана нейтрондук нурлануу детекторлору;
<**> Гамма жана нейтрондук нурлануу детекторлору;
<***> Гамма-нурлануунун детекторлору;
<****> Радиациялык контролдоо жүргүзүү үчүн дозанын амбиенттик эквивалентин жана дозанын амбиенттик эквивалентинин кубаттуулугун өлчөөгө мүмкүндүк берүүчү дозиметрлер колдонулушу жана төмөнкү мүнөздөмөлөрдү камтуусу керек: энергетикалык диапазондун төмөнкү чеги - 50 кэВден көп эмес, энергетикалык диапазондун жогорку чеги - 9 МэВден аз эмес; импульстун узактыгы - 1,0 мкс түзгөн импульстук фотондук нурланууну өлчөө мүмкүндүгү; импульстук нурлануу дозасынын орточо кубаттуулугун жана дозаны өлчөө режиминин бар болушу; импульстук нурлануу дозасынын орточо кубаттуулугун өлчөө убактысындагы максималдуу маанисин өлчөө мүмкүнчүлүгү; импульстук фотондук нурлануунун дозасынын кубаттуулугун өлчөө диапазонунун төмөнкү чеги - 0,2 мкЗв/с көп эмес; импульстук фотондук нурлануунун дозасынын кубаттуулугун өлчөө диапазонунун төмөнкү чеги - 0,01 мкЗв көп эмес;
<*****> Прибор импульстук фотондук нурлануунун дозасын ИТККнын конкреттүү түрдөгү мүнөздөмөсүн эске алуу менен ылайыктуу энергетикалык диапазондо өлчөөнү камсыз кылуусу керек.
Бажы контролунун техникалык каражаттары төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
1) Бажы биримдигинин бажы аймагына келип жаткан/кетип жаткан автотранспорт каражаттарынын катталган мамлекеттик номерлүү белгиси боюнча алардын каттоосун автоматташтыруу жолу менен көрүнөө жана автоматташкан контролдоо үчүн бажы органдары тарабынан колдонулган автотранспорт каражаттарын эсепке алуучу автоматташкан системалар;
2) алынып келген радиоактивдүү жана бөлүнүүчү материалдары, коркунучтуу калдыктарды табуу, чектөө жана идентификациялоо, алардын сандык жана сапаттык мүнөзүн өлчөө үчүн арналган радиациялык контролдун техникалык каражаттары. Аларга дозиметрлер, радиометрлер, портативдик жана стационардык спектрометрлер, радиоактивдүү жана бөлүнгөн материалдарды табуучу стационардык системалар;
3) транспорт каражаттарынын салмактык жана тышкы параметрлерин аныктоочу автоматташкан система жана автотранспорт каражаттардын салмактык жана тышкы параметрлерин өлчөө үчүн бажы органдары тарабынан колдонулуучу видео байкоо;
4) бажы органдары тарабынан транспорт каражаттарын, транспорт каражаттарынын жүк салуучу бөлүмүнүн ичиндегилерди, контейнерлерди, жүргүнчүлөрдүн коштолуучу жана коштолбоочу жүгүн, эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жана майда, орто габариттик жана чоң габариттик идиштеги товарларды көрүнөө текшерүү ошондой эле жеке адамдарды интрузивдик (контактсыз) метод менен кароо үчүн колдонулуучу интраскопиялык кароо техникалары, анын ичинде сүрөттөрдү анализдөө жана иштеп чыгуу системалары менен жабдылган техникалар. Бажы органдары тарабынан интрузивдик эмес кароонун стационардык, көчмөсү жана мобилдик системалары колдонулат;
5) жүргүнчүлөрдүн коштолуучу жана коштолбоочу жүктөрүн, эл аралык почта жөнөтүүлөрүн, товарларды жана транспорт каражаттарындагы кароого кыйын жерлерди бажылык кароодо колдонулуучу издөөнүн техникалык каражаттары. Издөөнүн техникалык каражаттары болуп:
- металл детекторлор - кара жана түстүү металл буюмдарын табууга арналган электрондук приборлор. Бажы органдары тарабынан портативдик, көчмө жана стационардык металл детекторлору колдонулат;
- тыкыр кароо күзгүлөрү - ар түрдүү формадагы жана көлөмдөгү алмаштырылуучу күзгүлөрдүн топтому бар телескоптук кармагычтар жарык кылуучу кол приборлору менен бирге товарларды, транспорт каражаттарын кароого кыйын жерлерин тыкыр кароо үчүн колдонулат;
- тыкыр кароо шиштери - тешилип калган объектилердин (жумшак жана картон таңгактардын, транспорт каражаттарынын отургучтарынын, чубурма жүктөрдүн) салындыларынан сынам чогултуу үчүн атайын формадагы тешиги менен даярдалган ар кандай көлөмдөгү жана узундуктагы өзгөчө чыңалуудагы металл стержендер;
- эндескоптор - транспорт каражаттарынын кароого кыйын жерлерин жана ар кандай, анын ичинде агрессивдүү суюктуктар менен да толтурулган сыйымдуулуктарды тыкыр кароо үчүн арналган оптикалык приборлор;
- тыкыр кароо чырактары жана лампалары - түнкү убакта жана начар жарык болгон жайларда оптималдуу жарык кылуу үчүн арналган жарык кылуучу приборлор. Бажы органдары тарабынан мобилдик, көчмө жана стационардык чырактар жана лампалар колдонулат;
- тыгыздыктын өзгөрүүсүн аныктоо үчүн приборлор - күйүүчү май куюлуучу челек, эшиктер, транспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрү, жүк ташуучу автомобилдердин чиркегичтеринин капталдары сыяктуу кароого кыйын жерлердеги бөтөн салууларды табуу үчүн арналган приборлор;
- жылуулук көрсөткүчтөр - жылуулук чыгаруучу объекттердин өзүнүн чыгаруусунун динамикасын тез издөө, табуу жана байкоо үчүн арналган приборлор;
6) идентификациялоонун техникалык каражаттары, аларга:
- бажы жана башка документтердин аныктыгын текшерүү приборлору;
- баалуу таштардын сынамынын аныктыгын текшерүү приборлору;
- баалуу таштардын аныктыгын текшерүү приборлору;
- баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду идентификациялоо приборлору;
- жарылуучу каражаттарды далдаштыруу приборлору;
- рентгенофлуоресценттик анализаторлор;
- таразага тартуу приборлору;
- энергия ресурстарын эсепке алуучу приборлор;
- хладагенттердин анализаторлору;
- электрондук тыгындап-пломбалоочу түзүмдөрдү эсептөө приборлору (электрондук приборлорду);
- принтердин штрих-коду;
- штрих-коддорду эсептөө приборлору;
- далдаштыруунун каражаттары;
7) бажы органдары тарабынан бажы контролу ишке ашырылган объектилердеги оперативдүү кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн колдонулуучу көрүп байкоонун техникалык каражаттары.
Көрүп байкоонун техникалык каражаттарына байкоонун оптикалык приборлор, дүрбүлөр, монокулярдык жана стереотрубалар, түн ичинде көрө алуучу приборлору, жана дагы бирдиктүү контролдук мониторлордон жана контролдук пульттан аралыктан башкарылуучу же башкарылбоочу серептик (обзордук) телекөрсөтүүнүн локалдуу (жабык) системалары - телекөрсөтүү камераларынын таркамы;
8) аудио жана видео маалымат булактардын контролдоочу техникалык каражаттар, аларга кирген магнитофондор, жаздыруунун бардык системасындагы жана форматындагы плейерлер, телемониторлор, телевизорлор, атайын компьютердик контролдук системалар, фото, кино, слайд долбоорлор, микрофишаларды көрүү үчүн түзүлүштөр, аудио, видео маалыматтарды өчүрүүчү түзүлүштөр;
9) бажы контролдоо процессин тез башкаруу үчүн бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан колдонулуучу тез байланыштын техникалык каражаттары. Комплекске төмөнкүлөр кирет: бажы органдары тарабынан атайын аныкталып берилген радио жыштыкта иштеген көчмө, стационардык (базалык), автомобилдик радио байланыш аппаратура.