Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ЧЕЧИМИ
Бишкек шаары, 2021-жылдын 27-январы
Б.И.К. кызыкчылыгында Айнура Мусаевна Осмоналиеванын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинин 39-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - К.А.Дуйшеевдин,
судьялар - М.Р.Бобукееванын, Л.П.Жумабаевдин, М.Ш.Касымалиевдин, К.Дж.Кыдырбаевдин, Э.Ж.Осконбаевдин, Ж.И.Саалаевдин, Ж.А.Шаршеналиевдин курамында,
катчы - Ж.А.Лобанованын,
кайрылуучу тарап - Б.И.К. кызыкчылыгында Айнура Мусаевна Осмоналиеванын;
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Элдар Майрамбекович Токторовдун;
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Амантур Уланбекович Эгембердиевдин, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык борборунун ишеним кат боюнча өкүлү Умуткан Жусуповна Чокморованын, "ВИЧ менен жашаган аялдардын өлкөлүк желеси" коомдук фондунун ишеним кат боюнча өкүлү Бактыгуль Карыпбековна Исраилованын катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинин 39-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти жабык соттук отурумда карап чыкты.
Б.И.К. кызыкчылыгында А.М.Осмоналиеванын өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинин 39-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналган.
Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ж.И.Саалаевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинин 39-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтүн мазмунунан келип чыккандай, Оорулардын тизмегинин 39-пунктуна ылайык ВИЧ-инфекциясы бар адам асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албастыгы келип чыгууда.
Арыздануучу белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык жана жогорку баалуулуктарга кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылат. Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт.
Жогоруда келтирилген конституциялык жоболор бардык адамдар мыйзам алдында бирдей жана мыйзам тарабынан кодулоосуз корголууга укуктуу деген Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 7-беренеси, Атуулдук жана жарандык саясий укуктук жөнүндө Эл аралык пакттын 26-беренеси жана Көз карандысыз Мамлекеттерден Шериктештигинин Конвенциясынын 20-беренеси менен шайкеш келет. Бул жагдайда кодулоонун кандай гана түрү болбосун, ал мыйзам менен тыюуга алыныш керек, өз кезегинде мыйзам бардыгына жынысы, расасы, өңү, тили, туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, улуту же социалдык чыгыш теги, мүлктүк абалы, теги (туулгандыгы) же башка жагдайы боюнча бирдей жана натыйжалуу коргоону кепилдөөгө тийиш.
Ошол эле учурда, арыздануучу көрсөткөндөй, ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү жөнүндө Декларациянын 58-беренесине ылайык катышуучу болгон мамлекеттер ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга, алсыз топтордун мүчөлөрүнө карата кодулоонун бардык формаларын жоюу үчүн тийиштүү мыйзамдарды, жоболорду жана башка чараларды камсыз кылууну, бекемдөөнү жана сактоону, алар тарабынан адамдын бардык укуктарын толук жүзөгө ашыруунун камсыз кылуу үчүн жаманатты кылууга жана эпидемияга байланыштуу социалдык обочолонууга каршы күрөшүү стратегиясын иштеп чыгууну милдеттенишет.
Европада жана Борбордук Азияда ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүдө өнөктөштүк жөнүндө Дублин декларациясы да ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар туурасында бардык адам укуктарынын натыйжалуу сакталышын камсыз кылуу максатында, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарды, саясатты жана тажрыйбаны сынчыл талдоодон жана мониторингден өткөрүү аркылуу Европа жана Борбордук Азияда ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды кодулоого каршы күрөшүү зарылдыгын жарыялаган.
А.М.Осмоналиева талашылып жаткан ченем ВИЧке чалдыккан адамдар кодуланбайт деген тыюуну бузуп, ВИЧ-инфекциялуу деген диагнозу бар маалыматтын негизинде аларды асырап алуу укугунан мөөнөтсүз ажыратып, жарандардын башка категориясы алдында теңсиздик абалда калтырат деп жогоруда келтирилген эл аралык ченемдердин негизинде белгилейт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык ыйгарым укуктуу органдын кызматкери балдарды асырап алууга берүүнүн алдында асырап алуучулардын ким экендигин, аларды турак жай шартын, үй-бүлөлүк кирешесин текшерет, жашаган жана иштеген жеринен асырап алуучуларга берилген мүнөздөмөлөр менен таанышат, асырап алуучуларды ден-соолугун жана башкасын изилдейт. Бардык зарыл документтер изилденгенден кийин чечим кабыл алынат.
Арыздануучунун пикири боюнча, ВИЧ диагноздуу потенциалдуу асырап алуучулар ыйгарым укуктук мамлекеттик органдын өкүлүнө асырап алынып жаткан баланы ВИЧ-инфекциясын жугузуудан бардык зарыл коргоону камсыз кылып, ойдогудай багып-кароону далилдей алса, анда аталган адамдар асырап алуу укугу менен камсыз болушу керек. Мында потенциалдуу ата-эне ВИЧ-инфекциясын дарылап туруусу кажет, ошондой эле баланын жашоосу жана саламаттыгы үчүн бардык зарыл санитардык-гигиеналык жана турак жай шарттарын камсыз кылуусу керек.
Дал ушуга байланыштуу, А.М.Осмоналиеванын пикири боюнча адамдардын баланы асырап алууда өздөрүндө ВИЧ-инфекциянын болуусу аларды автоматтык түрдө ВИЧ-инфекцияга чалдыккан асырап алуучу катары жокко чыгаруучу белги болуп саналбайт деген бүткүл дүйнө жүзүндөгү тажрыйба бар.
Кайрылуунун субъекти Конституциянын 16-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында балдардын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат, бул Атуулдук жана жарандык укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын 24-беренесинин 1-бөлүгү менен үндөшөт, ага ылайык ар бир бала расасы, өңү, жынысы, тили, туткан дини, улуту же социалдык чыгыш теги, мүлктүк абалы же теги (туулгандыгы) боюнча эч бир кодулоосуз үй-бүлө, коом жана мамлекет тарабынан жашы жете элек абалында талап кылынган коргоонун мындай чараларына укуктуу экендигин белгилейт.
Андан тышкары, Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын 3-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү менен социалдык камсыздоо маселелерине тийиштүү мамлекеттик же менчик мекемелер, соттор, административдик же мыйзам чыгаруучу органдар тарабынан болсо дагы, ага карабастан, балдарга карата бардык аракеттерде балдардын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылууга биринчи кезекте көңүл бөлүнөт. Катышуучу мамлекеттер баланын ата-энелеринин, камкорчуларынын жана мыйзамда ага жооптуу болгон башка адамдардын укуктарын жана милдеттерин эске алып, ушул максатта бардык тийиштүү мыйзам чыгаруучу жана административдик чараларды кабыл алып, баланын бакубаттуулугу үчүн зарыл болгон андай коргоону жана камкордукту камсыз кылууну милдеттенет.
Ушул эле Конвенциянын 20-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык убактылуу же биротоло үй-бүлөлүк жашоодон ажыраган же өзүнүн эң жакшы кызыкчылыктарында андай чөйрөдө кала албаган бала мамлекет тарабынан берилүүчү өзгөчө коргоого алынууга жана жардамга укуктуу. Катышуучу мамлекеттер өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык андай баланын багылуусун алмаштырууну камсыз кылат.
Арыздануучу өзүнүн ата-энеси эмес болгон адамдар асырап алууда, аларга балдарды өткөрүп берүүгө тийиштүү бардык маселелерди кароодо эң бакшысы болуп баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу болуш керек экенин балдарды улуттук же эл аралык деңгээлде өзгөчө балдарды асырап алууга берүүдө Балдарды коргоого жана алардын бакубаттуулугуна тийиштүү социалдык жана укуктук принциптер жөнүндө Декларациянын 5-беренесине шилтеме жасайт.
Ошентип, кайрылуу субъектинин пикири боюнча мамлекет баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу керек, бирок талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда келтирилген жана жалпыга таанылган эл аралык актыларды бузуп, алардын абалын начарлатууда.
А.М.Осмоналиеванын айтуусу боюнча кайсыл бир себептер ата-энесинен ажырап калган баланы асырап алуу, ага камкордук көрсөтүү балдарды коргоонун механизмдеринин бири болуп саналат. Баланы асырап алуу процедурасын жүргүзүүдө биринчи кезекте анын туугандарына асырап алууга артыкчылык укугу берилет. Ал эми, баланын асырап алуу ниети болгон жана ата-эне милдетин аткарам деген туугандарынын биринде ВИЧ диагнозу аныкталган учурда талашылып жаткан ченем туугандарынын үй-бүлөсүндө калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууда. Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинин 39-пунктунан келип чыксак, бала балдар үйүнө же багып алуучу үй-бүлөгө берилет, эми бул ченемдик жобо баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принцибине эч кандай ылайык келбейт.
Андан тышкары, арыздануучу кайрылуусунда баланын өзү дагы ВИЧке чалдыккан учурлары бар, андай балдарды асырап алуучулар ВИЧ-инфекциясын жугузуп алуу же ВИЧке чалдыккан балага өзгөчө багуу жана дарылануу талап кылынган шартынан улам жогорку жоопкерчилик коркунучунан сейрек асырап алышат деп көрсөтөт. Өз кезегинде, талашылып жаткан ченемден улам жогоруда көрсөтүлгөн балдар ВИЧке чалдыккан ата-энелер тарабынан асырап алынышы мүмкүн эмес, ал эми дал ушундай адамдар ВИЧке чалдыккан балага физикалык жактан дагы, психологиялык жактан дагы тиешелүү багууну камсыз кыла алышат.
Кайрылуунун субъекти Конституциянын 20-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү менен Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек деп белгилейт. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.
Мында, А.М.Осмоналиева айткандай, баланы асырап алууну ниети бар адамдарды укуктарын чектөө сөзсүз зарыл, ошол эле учурда андай чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болуу керек, бирок ВИЧке чалдыккан адамдарга бала асырап алууга тыюу салуу калктын бул категориясын кодулоо болуп саналат жана бирдейлик, өлчөмдөштүк жана акылга сыяр принциптерин бузат.
Баяндалганды эске алуу менен, А.М.Осмоналиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинин 39-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 27-августундагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуучу тарап сот отурумунда өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранган.
Жоопкер тараптын өкүлү Э.М.Токторов кийинкидей көз карашын баяндап берген.
Баланын укуктары жөнүндө Конвенциянын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык социалдык камсыздоо маселелерине тиешелүү мамлекеттик же менчик мекемелер, соттор, административдик же мыйзам чыгаруучу органдар тарабынан болсо дагы, ага карабастан, балдарга карата бардык аракеттерде балдардын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылууга биринчи кезекте көңүл бөлүнөт. 6-берененин 2-бөлүгү болсо, катышуучу мамлекеттер мүмкүн болушунча баланын жашоосун жана сак саламат өнүгүүсүн камсыз кылат.
Мында Конституциянын 16-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында баланын эң мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби иштегенин белгилеп кетүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесинин 1-бөлүгү ар бир адам саламаттыгын сактоого укуктуу деп белгилейт.
Анын менен бирге, Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
Ушундан улам, Э.М.Токторов белгилүү чөйрөдөгү адамдардын асырап алууга укуктарын чектөө негиздүү, анткени бул чектөө балдардын саламаттыгын кайтарууга гана багытталган.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык баланын эң мыкты таламдарын камсыз кылуу максатында баланын укуктарынын жана таламдарынын биринчи кезектүүлүгүн таанууга, баланын укуктарын жана таламдарын бузуу, ага залал келтиргендик үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызматкерлеринин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилигине, ар бир баланын дене-бой, акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укугун камсыз кылууга негизделет.
Талашылып жаткан ченемде көрсөтүлгөн чектөө, биринчи кезекте, баланын кызыкчылыктары толук кандуу, ден соолугу чың үй-бүлөдө тарбиялануу укугу менен байланыштуу, ал жерден ата-эне жашоонун татыктуу деңгээлин камсыз кылуусу керек.
ВИЧке чалдыккан адамдар үчүн үзгүлтүксүз адекваттуу дарылануу, белгилүү талаптардын сакталышы талап кылынганын эске алуу менен, чогуу жашаган адамдарга, анын ичинде балдарга ал дартты жуктуруп алуу тобокелчилиги жок эмес.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 22-октябрындагы маалыматына ылайык ВИЧ инфекция асырап алууга, камкорчулук кылууга, көзөмөлгө алууга оорулуу врачтын көзөмөлүндө жана диспансердик каттоодо такай турган; антиретровирустук терапияны мезгилдүү алып турган; адис врачтын бардык талаптарын аткарган; тегерегиндегилерге жугузууга мүмкүн болбогон жана белгилөөгө мүмкүн болбогон вирустук жүктөмгө жеткен шарттарда тоскоолдук болуп саналбайт.
Жоопкер тарап бул маалыматтын негизинде түзүлгөн үй-бүлөлүк мамилелерден улам үй-бүлөдө жашап жаткан балдарды ВИЧке чалдыккан адамдар тарабынан, ошондой эле ата-эненин камкордугусуз калган баланын тууганы ВИЧке чалдыккан болсо, асырап алуу маселесин карап чыгуу мүмкүн дейт (Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 7-беренесинин 1-бөлүгү, 43-беренесинин 1-бөлүгү).
Ошону менен бирге, ал ВИЧке чалдыккан адам тарабынан баланы асырап алуу маселесин чечүү үчүн асырап алуу баланын кызыкчылыктарына жооп берет жана жугузуу коркунучу жок экендигин калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдардын ырастоо процедурасын белгилөө зарыл деп эсептейт.
Ошентип, Э.М.Токторов ВИЧке чалдыккан жарандар тарабынан балдарды асырап алуу маселесин жөнгө салууда белгилүү кылдаттыктын болушу максатка ылайык деп эсептейт, бул жерден киргизилген чектөөлөр баланын кызыкчылыгында гана белгилениши керек.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М.Курманбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн чечимдеринде адамдын социалдык же башка сапаттарына жараша, ага таандык укуктарды, эркиндиктерди же милдеттерди басмырлоого жол бербөө үчүн шарттардын түзүлүшүн болжогон кодулабоо принциптерине бир нече жолу шилтеме жасаган.
Ошону менен бирге, ВИЧ/СПИД көйгөйү кодуланбоо укугу, жашоого укук, мыйзам алдында бирдей болуу укугу, жеке турмуш укугу, ошондой эле саламаттыктын жогорку жеткиликтүү деңгээлине жетишүү укугу сыяктуу адам укуктарына тиешелүү көптөгөн маселелерди көтөрдү.
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренеси менен ЛЖВС жана ЛПВСтерди кемсинтүүгө жана аларга белги коюуга, ошондой эле алардын ВИЧ-инфекциясына чалдыкканына байланыштуу алардын мыйзамдуу таламдарын, укуктарын жана эркиндиктерин кемсинтүүгө жол берилбейт деп каралган.
Мында жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар ВИЧ-инфекциясынын башка адамга жугуусун болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Өзүндө ВИЧ-инфекциясы бар экенин билген адам башка адамды (же бир нече адамды) алдын ала билип туруп ВИЧтин жугуу коркунучунда калтырса, же болбосо жуктурса Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген жазык жоопкерчилигине тартылат.
Баяндалгандан келип чыксак, А.М.Курманбаева мамлекеттин ВИЧке чалдыккан адамдарга карата кодулоону жоюу боюнча мыйзамдар деңгээлинде милдеттенменин болгонуна карабастан, Тизмекте ВИЧке чалдыккан адамдарды кодулоочу ченем болбой эле караштырылган деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү А.У.Эгембердиев Балдар жөнүндө Кодекске ылайык ар бир бала саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, медикалык-санитардык жардам алуу ажырагыс укугуна ээ, ал жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте камсыз кылынат деп белгилейт.
Ал тууганчылыгы бар үй-бүлөдө жашап жаткан балдарды ВИЧке чалдыккан адамдар тарабынан асырап алуу маселесин, ошондой эле, эгер ата-эненин камкордугусуз калган балага ВИЧке чалдыккан адам тууган болсо, баланын үй-бүлөдө жашоонун артыкчылыктуу принцибин камсыз кылып, караштыруу мүмкүн деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык борборунун өкүлү У.Ж.Чокморова бүгүнкү ВИЧ-инфекция узакка созулган өнөкөт ооруу экендигин, ал эми ВИЧке чалдыккан адамдар врачтын так рекомендацияларын карманып келишсе, алар тегерегиндегилер үчүн кооптуулукту туудурбастан жашай берет, иштей берет, окуйт жана балдарды төрөй алат деп белгилейт.
Анын пикири боюнча оорулуу врачтын көзөмөлүндө диспансердик каттоодо такай турган; антиретровирустук терапияны мезгилдүү алып турган; адис врачтын бардык талаптарын аткарып турган; тегерегиндегилерге жугузууга мүмкүн болбогон деңгээлге вирустук жүктөмдү жеткирген мындай шарттарда ВИЧ-инфекция камкорчуга, көзөмөлчүгө асырап алууга тоскоолдук болуп саналбайт.
"ВИЧке чалдыккан аялдардын өлкө боюнча тармагы" коомдук фондунун өкүлү Б.К.Исраилова талашылып жаткан ченем ВИЧ-инфекциясы бар деген диагноздун негизинде гана ВИЧке чалдыккан адамдар асырап алуу укугунан мөөнөтсүз ажырап калууда жана башка жарандарга салыштырмалуу бирдей эмес абалда калууда деп белгилейт. ВИЧ-инфекциясына чалдыккан адамдардын укуктарынан тышкары, инфекциялык ооруунун алып жүрүүчүсү болбогон жубайлардын укуктарына да шек келтирилүүдө. Мындай учурда, ВИЧке чалдыкпаган жубайлардын бири - аялы же эри ушул дартка чалдыккан деген негизде гана баланы асырап алуу укугунан ажыратылууда, мындайга жарандардын тең укуктуулугу көз карашынан алып караганда жол берилгис.
Андан тышкары, Б.К.Исраилованын пикири боюнча талашылып жаткан ченем, эгер туугандардын же жубайлардын биринде ВИЧ-инфекция диагнозу белгиленген болсо, ага байланыштуу бала балдар үйүнө жөнөтүлүп, туугандардын үй-бүлөсүндө жашап калуу мүмкүндүгүнөн ажыратат, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгү менен кепилденген баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциптерине туура келбей калышы мүмкүн.
Мында "ВИЧке чалдыккан аялдардын өлкө боюнча тармагы" коомдук фондунун өкүлү Б.К.Исраилова ВИЧке чалдыккан адамдарга камкордугусуз калган балдарды асырап алууну тыюу салуу теңдик, өлчөмдөштүк жана акылга сыярлык принциптерин бузуучу кодулоо болуп саналат деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинин 39-пункту саналат:
"39. ВИЧ-инфекциясы, СПИД".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобо "Эркин-Тоо" гезитинде 2015-жылдын 3-ноябрында № 108 номурунда жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы ченемдик укуктук акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы үй-бүлөнү мамлекеттин артыкчылыктуу коргоосуна алынган пайдубал конституциялык баалуулуктардын бири катары аныктайт (36-берененин 1-бөлүгү). Бул конституциялык орнотмо укуктук жана социалдык мамлекет катары Кыргыз Республикасынын саясаты коомдун өзөгү катары үй-бүлөгө колдоо жана аны коргоого алууну камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталышы керек деп аныктайт.
Үй-бүлө коомдук мамилелердин өзгөчө категориясы катары өлкөнү сактоонун жана анын өнүгүүсүнүн, бакубаттуулугунун жана өркүндөп-өсүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат, анысыз коомдун да, мамлекеттин да жашоосу мүмкүн эмес.
Ушундан келип чыксак, Кыргыз Республикасынын Конституциясы үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык - бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот деп бекитет.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 5-беренесине ылайык үй-бүлө түшүнүгүн никеден, туугандыктан, асырап алуудан же баланы тарбиялоого кабыл алуунун башка формасынан келип чыккан жана үй-бүлөлүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөктөшүүгө чакырылган, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктар жана милдеттер менен байланышкан адамдардын тобу деп аныктайт.
Инсандын өнүгүүсүндө жана калыптануусунда, анын руханий канааттануусунда үй-бүлөнүн өзгөчө ролун жана аны менен шартталган үй-бүлө институтунун конституциялык баалуулугун эске алып, мамлекет үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук жөнгө салууда балдардын үй-бүлөдө тарбиялануусуна артыкчылык берет. Белгилүү турмуштук жагдайларда, балдар ата-эненин камкордугунан ажыраганда, үй-бүлө табуунун каражаттарынын бири баланы асыранды үй-бүлөгө тарбияланууга, камкордукка же көзөмөлдүккө берүү болот.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси (8, 9, 10-главалар) менен караштырылган ата-эненин камкордугусуз калган балдарды жайгаштыруунун жогоруда көрсөтүлгөн формалары балдардын толук кандуу өнүгүүсү үчүн (анын ичинде эмоционалдык-психологиялык) тиешелүү шарттарды камсыз кылуу зарылдыгы менен шартталган, андан тышкары медициналык көрсөткүчтөр боюнча биологиялык энелик же аталык жокко чыгарылганда, ата-эне болуп камкордук көрүү табигый зарылчылыктын жүзөгө ашырылуусу, кеңири маанисинде, жарандардын үй-бүлө табууда көмөк болот.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу деп жар салат. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт (36-берененин 2, 3-бөлүктөрү).
Мыйзам чыгаруучу тарабынан асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана асыранды ата-эне болуу ниети бар адамга карата өзгөчө талаптардын белгилениши сөзсүз акталуу болуп саналат, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 18-июнундагы Чечиминен келип чыккандай, балдар калктын өтө алсыз жана начар корголгон категориясы, алардын укуктарын камсыз кылуу мамлекеттин биринчи кезектеги милдети. Ушуга байланыштуу, баланын укуктары чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуу жана мамлекеттик саясатты аныктоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгүндө бекитилген баланын эң жакшы кызыкчылыктарынын принциптерин толук кандуу жүзөгө ашыруу зарылдыгын болжойт.
Асырап алуу маселелерин укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашырууда эл аралык-укуктук актылардын талаптарын эске алуу зарыл, ал эми алар Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.
Баланын укуктары жөнүндө Конвенция баланын инсан катары толук жана төрт тарабы төп өнүгүүсү үчүн ал үй-бүлөдө, бакыт-таалай, жакшы көрүү жана түшүнүшүү маанайда өсүшү керек экендигин таануу менен, конвенцияга кол койгон мамлекеттерди балдардын бакубаттуулугу үчүн зарыл болгон коргоо алынууну жана ага кам көрүлүүнү камсыздоого, алардын укуктарын жүзөгө ашырылуусу үчүн бардык тиешелүү мыйзамдар, административдик жана башка чараларды, анын дене-бой, акыл, руханий, нравалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн талап кылынуучу жашоонун деңгээлине болгон ар бир баланын укугун кошуп кабыл алууга милдеттендирет (преамбула, 3-берененин 2-пункту, 4-берене жана 27-берененин 1-пункту).
БУУнун башкы Ассамблеясы кабыл алган Баланын укуктар Декларациясына (1959-жылдын 20-ноябрындагы 1386 (XIV) Резолюция) жана балдарды коргоого жана бакубаттуулугуна тийиштүү социалдык жана укуктук принциптер жөнүндө Декларациясына ылайык баланын дене-бою жетилбегендигинен жана жеткиликтүү акылынын болбогондугунан улам, балдарды улуттук жана эл аралык деңгээлдерде өзгөчө тарбияланууга жана асырап алууга өткөрүп берүүдө тиешелүү укукту кошкондо атайын коргоого туруктуу камкордукка алынууга тийиш, ал эми баланы өзүнүн эмес ата-энелердин багуусуна өткөрүп берүүгө байланыштуу бардык маселелерди кароодо анын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана мээримге бөлөнүү муктаждыгы башкы ой-максат болуу керек.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 44-беренесине ылайык асырап алуу деген өз үй-бүлөсүндө ата-энесинин камкордугунан ажырап калган баланын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо чарасы болуп иштеген, асырап алууга үй-бүлөсүндө ата-энелик камкордуктан ажырап калган балдардын таламдарында, ошондой эле балдардын эң мыкты таламдарында, балдардын укуктарын коргоонун туура ыкмасы катарында гана жол берилүүчү ата-эненин камкордугусуз калган баланы асырап алуунун эң ылайыктуу формасы болуп саналат.
Ошону менен бирге, асырап алуу балага өсүү жана өнүгүү үчүн табигый чөйрө катары татыктуу жашоо, үй-бүлөлүк мээримге бөлөнүү укугун камсыз кылуу кепилдиги катары иштейт. Камкордугусуз калган балага үй-бүлөгө өткөрүп берүүдө анын этникалык теги, белгилүү динге жана маданиятка таандыктыгы, баланын эне тили, аны тарбиялоодо жана ага билим берүүдө мураскерликти камсыз кылуу мүмкүндүгү да эске алынат.
Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет элдик жарандарга балдарды асырап алууга берүүнүн тартиби, ошондой эле асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндөгү балдардын жашоосунун жана тарбиялануусунун шарттарын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат (Балдар жөнүндө Кодексинин 45-беренесинин). Балдар жөнүндө Кодексинин 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пункту асырап алуучу боло алат деген адамдарды аныктап, ден-соолугу боюнча ата-энелик укуктарды аткара албаган адамдар үчүн асырап алуу мүмкүндүгүн жокко чыгарат. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2015-жылдын 27-октябрында № 733 токтомун кабыл алган, аны менен Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегин бекиткен. Бул Тизмектин 39-пунктунда ВИЧ-инфекция, СПИД андай ооруулардын катарында турат.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамды, анын укуктарын жана эркиндиктерин жогорку баалуулук деп жар салып, алар бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын маанисин жана мазмунун аныктайт, ар бир адамга ден соолугун коргоо укугун кепилдейт (баш сөз, 16-берененин 1-бөлүгү, 47-берененин 1-бөлүгү).
Бул укукту көрсөтүлгөн конституциялык орнотмо бекитип жатып, баарынан мурун, адамдын саламаттыгы жогорку ажырагыс бакубаттуулук болуп саналаарынан келип чыгат, анысыз башка бакубаттуулуктар жана баалуулуктар өзүнүн маанисин жогото баштайт, ошон үчүн аны сактоо жана бекемдөө ар бир адамдын турмушунда дагы, коомдун жана мамлекеттин турмушунда дагы негизги ролду ойнойт.
Жарандардын саламаттыгын сактоо маселелеринин укуктук жөнгө салынуусу "Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган, ал ар бир адамдын дене-бой жана психикалык саламаттыгын сактоого жана бекемдөөгө жана ага ден соолугун жоготкон учурда медициналык жардам көрсөтүүгө арналган саясий, экономикалык, укуктук, социалдык, маданий, илимий, экологиялык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы мүнөздөгү жалпы чараларды аныктайт.
Кыргыз Республикасынын аймагында ВИЧ/СПИДди жайылышын алдын алуу, ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдардын укуктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугу боюнча иш-чаралар тутумун камсыз кылуу жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун мыйзамдардагы негизин "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы түзөт, ал ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды социалдык колдоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди орнотот.
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдарды дарт өзүн көрсөтпөгөн стадиясында, ошондой эле ВИЧ/СПИДга чалдыккан адамдын иммуножетишсиздигинин вирусунан улам иммундук тутумдун терең жаракат алуу стадиясында да белгилейт.
Көрсөтүлгөн адамдарга асырап алууга тыюу салуу алардын асырап алып жаткан балдардын турмушуна, дене-бой жана психикалык ден-соолугуна, алардын инсан катары калыптануусуна мүмкүн болуучу терс таасирин алдын алууга багытталган. Бул мыйзамдардагы чектөөнүн негизинде баланын таламдарын болушунча камсыз кылуу принциби жатат.
Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө антиретровирустук терапияны өткөрүүдө ВИЧке чалдыккан адамдардын жашоосунун сапаты жана узактыгы жогорулап, ВИЧке чалдыкпаган адамдардын жашоосунан дээрлик айырмаланбай тургандыгы жалпы таанылган. Терапияны алып жаткан адам вирустук жүктү нөлгө түшүрүүгө жетишет, натыйжада тиричилик шарттарда башка адамдарга жугуза албайт.
Андан тышкары, Саламаттыкты сактоонун Бүткүл дүйнөлүк Уюмунун аныктамасы боюнча ВИЧ-инфекция күнүмдүк демейдеги жашоодо же жеке предметтери чогуу пайдаланууда жана тамак ичүүдө аба аркылуу жукпайт, ал жеке мүнөздөгү конкреттүү учурларга тийиштүү.
Ошентип, ооруунун баштапкы стадиясын эске алуу менен, ошондой эле медициналык көрсөтмөлөрдү сактоодо ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдар үчүн өзгөчө чектөөлөрдү киргизүү үчүн кандайдыр бир негиздер жок.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясы Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары (16-берененин 2-бөлүгү), анын ичинде ар кандай ооруулар менен шартталган жагдайлар боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес деп жар салат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2020-жылдын 16-февралындагы Чечиминде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын өзөктүү милдети болуп коомдо социалдык калыстыкты орнотуу саналат, аны аткаруунун өзү адамдын турмуш тиричилигинин бардык чөйрөлөрүндө жалпы теңдикти жүзөгө ашырууну талап кылат деп белгилеген. Ар бир инсандын бирдей баалуу экендигин таануу, инсанга көлөмү жана мазмуну боюнча бирдей укуктарды жана милдеттерди алуу мүмкүндүгүн, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун жана коргоонун ыкмаларын берүү дегенди билдирет.
Көрүнүп тургандай, каралып жаткан жарандардын категориясы ВИЧ/СПИД диагнозу менен шартталып, социалдык, дене-бой жана психо-эмоционалдык абалдагы терс кесепеттер менен коштолуп, социалдык жактан алсыз болуп саналат. Коом бул категориядагы адамдарды социумга кабыл албай татаалдаштырат, бул өз кезегинде, алардын жашоосунун бардык чөйрөлөрүндө терс түрдө чагылдырылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мыйзам чыгаруучу конституциялык максаттар менен жактырылып жаткан жана шартталган кайсыл бир чектөөлөрдү киргизүүдө өлчөмдөштүктүн конституциялык принциптерин жана ага негизделген адекваттуулук жана колдонулуп жаткан укуктук каражаттардын пропорционалдуулугун жетекчиликке алууга тийиш. Башка сөз менен айтканда, Конституциядан келип чыгуучу жана мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилип жаткан чектөөлөр жана мамлекеттик коргоосунда турган балдарды асырап алуу укугу көрсөтүлгөн чөйрөдө инсандын конституциялык статусу менен шайкеш келбеген конституциялык укуктарды өлчөмсүз чектөөгө алып келбеш керек, аны менен үй-бүлөнүн бүтүндөй кызыкчылыктарын да, асырап алынуучу балдардын таламдарын да ойдогудай камсыз кылынуусуна тоскоол болбош керек.
ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга асырап алуу мүмкүндүгүн берүү ата-эненин камкордугусуз калган балдарга толук кандуу үй-бүлөгө келишине жол берет, балага дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине зарыл болгон жашоо деңгээлин жогорулатуу шарты (Конституциянын 36-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү), анын үстүнө асырап алуучулар жана асыранды балдар ортосунда туугандык байланыш, ошондой эле нагыз чогуу жашап келаткан учурларда негизги болуп саналат.
Ат-эненин камкордугусуз калган балдарды туугандары тарабынан асырап алуу артыкчылыгы туурасында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2020-жылдын 18-июнундагы өзүнүн Чечиминде үй-бүлөлүк укуктук мамилелерде аныктоочу юридикалык факттардын бири мыйзамда белгиленген тартипте укук субъекттерин бириктирген биринен биринин (же жалпы ата-тегинен) чыгыш тегине ылайык туугандык болуп саналат деп белгилеген. Туугандык байланыштар же камкорчулар жана көзөмөлчүлөр менен калыпка келген мамилелер баланын социалдык тез көнүгүүсүн жана коргоонун жогорулатылган деңгээлин камсыз кылууга жөндөмдүү кыйла жагымдуу чөйрөнү түзө алат.
Ошентип, ата-эненин камкордугусуз калган балдарды асырап алууга баш тартуу үчүн негиз болгон ВИЧ/СПИД - ооруусун белгилеген жана ага чалдыккан адам камкорчу (көзөмөлчү) жана асырап алуучу ата-эне боло албайт деген Оорулардын Тизмегинин талашылып жаткан 39-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдикке алынган ар кимдин кодуланбоо укугун өлчөмсүз чектөө болуп саналат.
Мында ченем жаратуучу орган ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар тарабынан асырап алууга зарыл болгон жана баарынан мурда, баланын эң жакшы кызыкчылыктарын, ошондой эле ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдын абалы жана мүмкүнчүлүктөрү балага жашоонун тиешелүү жашоо деңгээлин камсыз кылуу боюнча, асырандынын ден-соолугуна зыян келтирүү коркунучусуз эске алуучу критерийлерди иштеп чыгууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 7 жана 8-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинин 39-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Төрагалык кылуучу |
| К.Дуйшеев |
Судьялар: |
| М.Бобукеева |
|
| Л.Жумабаев |
|
| М.Касымалиев |
|
| К.Кыдырбаев |
|
| Э.Осконбаев |
|
| Ж.Саалаев |
|
| Ж.Шаршеналиев |