Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 токтому менен бекитилген |
Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 367 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо төмөнкүлөрдүн тартибин аныктайт:
- балдарды Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына асырап алууга берүүнүн;
- балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүүнүн;
- Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттин аймагында жашаган асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндө балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоону жүзөгө ашыруунун;
- баланы асырап алууну жокко чыгаруунун.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын балдарды асырап алуусу (мындан ары - асырап алуу) баланын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына, 1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укук мамилелери жөнүндө Минск конвенциясына, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укук мамилелери жөнүндө Кишинев конвенциясына, 1993-жылдын 29-майындагы Балдарды коргоо жана эл аралык асырап алууга карата кызматташуу жөнүндө Гаага конвенциясына, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
3. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
- ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген балдарды коргоо боюнча мамлекеттик орган;
- аймактык бөлүм - камкордук жана көзөмөлдөөчү органдын функциясын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырган балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү;
- чет өлкөлүк уюм - чет мамлекеттин аймагында мамлекеттер аралык асырап алуу боюнча ишти жүзөгө ашырган коммерциялык эмес уюм;
- аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык расмий катталган, Кыргыз Республикасынын аймагында балдарды мамлекеттер аралык асырап алуу боюнча ишти жүзөгө ашырган жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында мындай ишти жүзөгө ашыруу үчүн аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү;
- ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкы (мындан ары - балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкы) - социалдык жардамдын Корпоративдик маалыматтык системасынын маалымат базасынын бөлүгү, ал ата-энелеринин камкордугусуз калган жана үй-бүлөлөргө орноштурууга тийиш балдар жөнүндө, ошондой эле асырап алуучу болууга талапкерлер тууралуу маалыматтарды камтыйт;
- потенциалдуу асырап алуучу - ата-энесинин камкордугусуз калган баланы асырап алууну каалаган арыз ээси;
- асырап алуучу болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду - чет мамлекеттин аймактык бөлүмү, мамлекеттик органы тарабынан асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө потенциалдуу асырап алуучуларга берилген корутундусу;
- асырап алуучу болууга талапкерлер - Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын сыртында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асырап алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундусу болгондо жана асырап алуучуга талапкер катары ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө Мамлекеттик маалыматтар банкында катталган учурда.
4. Балдарды асырап алууну каалаган Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын сыртында туруктуу жашаган жарандар, чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү асырап алуу маселеси боюнча консультация алуу үчүн аймактык бөлүмгө же ыйгарым укуктуу органга кайрыла алышат.
Кайрылуу жазуу жүзүндө, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук формада таризделиши мүмкүн, андан ары асырап алууга талапкер болуу укугуна корутунду алуу жол-жобосунан өтүү үчүн электрондук кезек системасына милдеттүү түрдө коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдарды асырап алуусу баланы үй-бүлөдө тарбияланууга жайгаштыруунун артыкчылыктуу формасы болуп эсептелет. Баланы асырап алганын аныктоо ошол асырап алынуучу бала жашаган (турган) жердеги сот тарабынан жүргүзүлөт. Асырап алынуучу баланын бардык укуктары жана милдеттери өз балдарынын укуктарына жана милдеттерине теңештирилет.
6. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 48-беренесинин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан тышкары жашы жеткен аял жана эркек киши асырап алуучу боло алышат.
7. Асырап алууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына катталган балдарга карата жана алардын кызыкчылыгында гана жол берилет, баланын дене бой, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүн, тарбиялануусун жана билим алуусун бапестеп камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жол берилет.
8. Ата-энелери төмөнкүдөй болгон балдарды асырап алууга болот:
- каза болгон;
- ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча баланы асырап алууга берүүгө макул экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызын берген;
- ата-энелик укугун ажыратылган жана калыбына келтирилген эмес;
- сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, кайсыл жерде белгисиз деп табылган, же каза болду деп жарыяланган;
- белгисиз деп таанылган.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Балдар өздөрүнүн бир туугандыгы тууралуу билбесе, чогуу жашабай жана тарбияланбай жүрсө, ден-соолугуна байланыштуу чогуу жашоого жана тарбияланууга мүмкүндүк болбогон учурларды кошпогондо, бир тууган уул-кыздарды ар башка адамдар асырап алуусуна жол берилбейт. Аталган эреже толук эмес бир тууган уул-кыздарды ар башка адамдар асырап алган учурларга да колдонулат.
10. Аймактык бөлүм ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асырап алууну каалаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсебин аларды балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында каттоо жолу менен жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асырап алууну каалашкан Кыргыз Республикасынын сыртында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды эсепке алууну ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
Баланы асырап алууну каалаган туугандары жарандыгына жана жашаган жерине карабастан асырап алууга талапкер катары эсепке турууга тийиш эмес.
11. Менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелеринин администрациялары Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрүнө ата-энесинин камкордугусуз калган жана асырап алууга берилүүчү балдар жөнүндө билдирүүгө, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, жол берилбейт.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарына балдарды асырап алууга берүүнүн тартиби
12. Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы асырап алууну каалаган Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары жашаган жериндеги аймактык бөлүмгө асырап алуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берүү тууралуу арыз менен кайрылышат.
Арызда Кыргыз Республикасынын жарандары ата-энелик укуктарынан ажыратылбаганын, мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн камкорчу (көзөмөлчү) милдеттеринен четтетилбегендигин, анын күнөөсү боюнча сот асырап алууну жокко чыгарган мурда асырап алуучу болбогондугун милдеттүү түрдө көрсөтөт.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери арыз ээлери менен жеке маектешүүдө асырап алуунун себебин, аларда баланы тийиштүү түрдө багууну жана тарбиялоону камсыз кылуу мүмкүндүктөрү бар экенин, асырап алуу үчүн тоскоолдуктар жоктугун аныктайт жана арыз ээсине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык асырап алуунун жол-жобосун түшүндүрөт.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 токтому менен бекитилген "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарда белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардан арыз ээси жөнүндө төмөнкү маалыматтарды сурайт:
- жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосу жөнүндө, берилген Бирдиктүү салык декларациясы жөнүндө, патенттин негизинде ишкердик жүргүзгөндүгү жөнүндө;
- турак жайга менчик укугу жөнүндө;
- жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө;
- малы бар экендиги жөнүндө;
- соттуулугу жок экендиги жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Асырап алуучу болууга мүмкүндүгү тууралуу корутунду алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди тапшыруусу керек:
1) асырап алуучу болууга мүмкүндүгү тууралуу корутунду берүү жөнүндө арыз;
2) арыз ээсинин (ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү;
3) эгерде жубайлар асырап алуучу болушса, нике жөнүндө күбөлүк;
4) жашаган жеринен жана үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;
5) кызмат ордун жана эмгек акысын көрсөтүү менен иштеген жеринен маалым кат;
6) (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) арыз ээсинин ден соолугунун абалы жөнүндө, анын ичинде баңгилик (токсикалык), алкоголдук кез карандылыгы жана психикалык бузулуштары жоктугу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген медициналык корутунду;
81) натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүү, анын ичинде вируска каршы өзгөчө терапия өткөрүү жөнүндө ВИЧ-инфекциясы, СПИД менен жашаган адамдын медициналык корутундусу ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык;
9) иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө.
Ушул пунктта саналган документтер толук болуп саналат жана алар берилген күндөн тартып бир жыл жарактуу болот.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 367 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Аймактык бөлүмдүн кызматкери арыз ээсинин жашаган жерине барып жашоо-тиричилик шарттарын текшерет жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча акт түзөт.
Арыз берилген күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде аймактык бөлүмдүн кызматкери асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуну даярдайт.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундунун негизинде баланы өзүнүн үй-бүлөсүндө тарбиялоого алууну каалаган жарандын анкетасын (мындан ары - жарандын анкетасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтому менен белгиленген форма боюнча толтурат жана жарандын анкетасын балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына асырап алууга талапкер катары каттайт.
15. Аймактык бөлүмдүн кызматкери асырап алайын деген баланын маалыматы (жашы, улуту, ден-соолугу) көрсөтүлгөн асырап алууну болууга талапкерлердин арызына ылайык аларга ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө анкеталарды көргөзөт. Асырап алуучуга талапкерлер балдар жөнүндө анкеталарды карап чыгып, кайсы бала менен жолугарын каалаганын, анын аты-жөнүн көрсөтөт.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери көрсөтүлгөн бала менен жолугушууга жолдомо даярдайт, баланын анкетасына Кыргыз Республикасынын башка жарандары аны менен таанышуу жол-жобосун убактылуу токтотуу жөнүндө белги коёт. Жолдомонун жарактуулук мөөнөтү 30 күндөн ашпашы керек.
Асырап алууга талапкерлер тарабынан баланы асырап алуу жөнүндө терс чечим кабыл алынса, ыйгарым укуктуу орган же аймактык бөлүм ата-энесинин камкордугусуз калган баланын анкетасын башка асырап алуучу талапкерлерге берет.
16. Асырап алууга талапкер (талапкерлер) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- байланыш түзүү үчүн балага барып турууга;
- баланын ден соолугу жөнүндө медициналык корутунду менен таанышкандыгын жазуу жүзүндө ырастоого;
- баланы асырап алуу жөнүндө арыз каралып жаткан учурда асырап алуу жөнүндө каалоосун ырастоо үчүн сот жыйынына катышууга.
17. Асырап алууга талапкер (талапкерлер) төмөнкүлөргө укуктуу:
- баланын документтери менен таанышууга;
- интернаттык типтеги балдар мекемесинин директорунан бала жөнүндө толук маалымат алууга;
- асырап алынуучу балага көз карандысыз медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн бала турган интернаттык типтеги балдар мекемесинин өкүлүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык мекемелерге кайрылууга.
18. Асырап алууга талапкер тарабынан баланы асырап алуу жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда аймактык бөлүм 7 жумуш күндөн кечиктирбестен баланы асырап алууга берүү жөнүндө корутундуну даярдайт.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери асырап алууга талапкердин колуна корутундуну асырап алынуучу баланын төмөнкү документтерин тиркөө менен берет:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн же туулгандыгы жөнүндө жарандык абалдын актылык жазуусу жөнүндө маалымкатты;
- асырап алууга берилүүчү баланын ден соолугу жөнүндө саламаттык сактоо мекемелеринин бир багыттагы адистеринин кароосунун негизиндеги медициналык корутундусун;
- баланын мүлкү тууралуу маалымат, анын жайгаштырылган жерин жана сактыгы боюнча көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен, ошондой эле асырап алынуучу балага таандык банктык эсептер жана башка мүлкү жөнүндө маалыматтар;
- асырап алууга берилген бала ата-энесинин көзөмөлүсүз калгандыгын ырастаган төмөнкү документтердин биринин көчүрмөсүн: ички иштер органдары түзгөн калтырылып кеткен (ташталган) бала тууралуу акты, же нотариус же бала жашаган мекеме тарабынан күбөлөндүрүлгөн баланы асырап алууга берүү макулдугу жөнүндө арыз; ата-энелик укугунан ажырагандыгы, аракетке жөндөмсүз деп табуу, дайынсыз жүргөндүгү, же каза болгондугу тууралуу соттун чечими, ата-энесинин каза болгондугу жөнүндө күбөлүк.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Он жашка чыккан баланы асырап алууда, аймактык бөлүмдүн кызматкеринин катышуусунда конкреттүү асырап алуучу талапкер тарабынан баланын жазуу жүзүндө билдирилген асырап алынууга макулдугу керек.
Бала конкреттүү асырап алуучу талапкер тарабынан асырап алынууну каалабаган учурда аймактык бөлүм терс корутунду чыгарат.
Терс корутундуну аймактык бөлүм асырап алууга талапкердин колуна берет. Ошону менен бирге арыз ээсине берилген бардык документтер кайтарып берилет жана аймактык бөлүм кабыл алган чечимге карата даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
20. Асырап алууга талапкерлер асырап алынуучу бала жашаган (жүргөн) жери боюнча баланы асырап алууга берүү жөнүндө корутундуну жана ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен баланы асырап алуу тууралуу сотко арыз менен кайрылышат.
21. Асырап алууга берүү жөнүндө мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде асырап алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- баланы интернаттык типтеги балдар мекемесинен асырап алуучуну күбөлөндүргөн документти көрсөтүү менен алып кетүүгө;
- асырап алган баланы багууга, тарбиялоого, анын билим алышына жана ар тараптуу өсүшүнө жооп берүүгө;
- баланын ар тараптуу өсүшү, тарбияланышы, билим алышы, ден соолугун чыңдоо жана аны үй-бүлөдөгү жана коомдогу өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
- асырап алынган баланын негизги жалпы билим алышын милдеттүү түрдө камсыз кылууга.
22. Асырап алынган баланын төмөнкүдөй укуктары бар:
- өзүнүн атын, атасынын атын жана фамилиясын сактоого;
- ата-энесинин өлүмүнө байланыштуу тиешелүү пенсияларды жана жөлөкпулдарды алууга, ал асырап алынганда да бул укукка ээ болот;
- аракетке жөндөмдүү жашка (эмансипацияга) жеткенде асырап алуучулардын макулдугу менен өзүнүн ата-энеси, жакын туугандары жөнүндө толук маалыматты алууга;
- асырап алуучулар багуу, тарбиялоо жана билим берүү боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаса же асырап алуучулар укуктарын кыянат пайдаланган учурда өзүнүн укуктарын коргоо үчүн аймактык бөлүмгө, ал эми он төрт жашка жеткенде сотко өз алдынча кайрылууга.
Он жашка чыккан асырап алынган баланын фамилиясы, аты-жөнү анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
23. Асырап алууга талапкердин ата-энесинин камкордугусуз калган баланы жашаган жери боюнча асырап алуусу болбой калса, анда асырап алууга талапкер интернаттык типтеги балдар мекемеси жайгашкан жери боюнча башка аймактык бөлүмгө кайрылууга укугу бар.
Асырап алууга талапкерлердин катталган жери боюнча аймактык бөлүм асырап алуучу талапкерге ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин түп нускасын, асырап алуу мүмкүндүгү тууралуу корутундуну, ошондой эле балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар базасында асырап алууга талапкер катталгандыгы тууралуу маалымкатты тиркеп берет.
Ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү асырап алууга талапкердин жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдө калат.
Эгерде баланы асырап алуу башка райондун аймагында жүргүзүлсө, баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин 7 жумуш күндүн аралыгында аймактык бөлүм баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн асырап алуучулар жашаган жердеги аймактык бөлүмгө асырап алынган баланы эсепке тургузуу жөнүндө билдирме жөнөтөт.
24. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана юридикалык жактардан потенциалдуу асырап алуучулар жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте сурап алууга;
- потенциалдуу асырап алуучулардын турак жай-тиричилик шарттарын текшерүүгө;
- асырап алынган баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн асырап алуучулардын үй-бүлөсүнө эркин кирүүгө;
- асырап алынган балага карата бардык зомбулуктун түрлөрү жана ырайымсыз мамиле кылуу учурлары айкындалса, асырап алуучулар өздөрүнө жүктөлгөн ата-энелик милдеттерди аткаруудан баш тартса, ошондой эле наркологиялык диспансерде эсепке алынгандыгы, психикалык жактан ооругандыгы аныкталганда, асырап алуучуларды аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө соттун чечими чыкса баланы асырап алуучулардан алып коюуга.
25. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет элдик жарандарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрүнө баланы асырап алуу маселелери боюнча консультация берүүгө;
- потенциалдуу асырап алуучу тарабынан берилген документтердин толуктугун жана тууралыгын текшерүүгө;
- баланын асырап алуучуга карата мамилесин аныктоого;
- асырап алынган баланын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган учурда баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө;
- асырап алынган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында асырап алынган баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарын жашаган жеринен контролдоого.
26. Эгер апасы (атасы) өзүнүн баласын белгилүү бир адамга (чоң апасына, чоң атасына, байкесине, эжесине, таякесине, таэжесине) асырап алууга берүүнү каалаган учурда, баланы асырап алууга берүү макулдугу жөнүндө арыз толтурулат, аны нотариус күбөлөндүрөт.
Адамдар баланы асырап алууга берүү макулдугу жөнүндө күбөлөндүрүлгөн арыздын негизинде баланы асырап алуу каалоосу тууралуу арызы менен жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө кайрылат жана ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тапшырат.
27. Бала асырап алууну каалаган Кыргыз Республикасынан сырткары жакта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны аймактык бөлүмгө кайрылат жана ушул Жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берет.
28. Чет өлкөлүк жаран менен никеде турган Кыргыз Республикасынын жарандарына асырап алууга баланы берүү Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде жана ушул Жободо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары катары жүргүзүлөт.
3. Балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүүнүн тартиби
29. Балдарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлүк жарандардын асырап алуусу Кыргыз Республикасынын жарандарына, жашаган жерине жана жарандыгына карабастан туугандарына тарбияланууга ошол балдарды берүү мүмкүн болбогон учурда гана жол берилет.
Ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында катталган күндөн үч ай өткөндөн кийин берилиши мүмкүн.
30. Балдарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын асырап алууну каалаган чет өлкөлүк жарандардын кызыкчылыктарын, КМШга катышуучу-мамлекеттердин жарандарын кошпогондо, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрү көрсөтөт.
31. Чет өлкөлүк жарандар баланы асырап алуу үчүн аймактык бөлүм берген баланы асырап алууга берүү жөнүндө корутундусу болууга зарыл.
32. Баланы - Кыргыз Республикасынын жаранын асырап алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар, КМШга катышуучу-мамлекеттердин жарандарын кошпогондо, Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу ыйгарым укуктуу органга кайрылышат жана төмөнкү документтерди беришет:
1) асырап алгысы келген баланын жынысын, жашын жана ал жөнүндө башка маалыматтарды көрсөтүү менен баланы асырап алууну каалагандыгы жөнүндө арызды;
2) паспорттун көчүрмөсүн, нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (жубайлар асырап жатса);
3) ээлеген кызматы жана эмгек акысы жөнүндө иштеген жеринен маалымкатты же кирешелер жөнүндө декларациянын көчүрмөсүн же кирешелер жөнүндө башка документти;
4) турак жайга менчик укугун же турак жайды пайдалануу укугун ырастаган документти;
5) соттолбогондугун жана балдарга жасалган катаал мамилеси (зомбулук) фактылары жоктугун ырастаган документти;
6) тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынын асырап алынган бала кабыл алып жаткан мамлекетке келүүсүнө жана анын ушул мамлекеттин аймагында туруктуу жашоосуна уруксатын;
7) ден соолугу жөнүндө, анын ичинде баңгизаттык (токсикалык), алкоголдук көз карандылыгы жана психикалык бузулуусу жоктугу тууралуу медициналык корутундуну;
8) багып алуучу ата-энелерди даярдоо боюнча окуудан өткөндүгүн ырастаган сертификатынын көчүрмөсү;
9) потенциалдуу асырап алуучулар жана аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун ортосундагы мамлекеттер аралык асырап алуу маселелери боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө макулдашуунун көчүрмөсүн;
10) социалдык кызматкер тарабынан түзүлгөн потенциалдуу асырап алуучулардын турак жай-социалдык шарттарын изилдөө жөнүндө корутундуну;
11) төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен потенциалдуу асырап алуучулардын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси:
- асырап алган баланы чет мамлекетке алып кирүүдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же асырап алуучулар жашаган мамлекетте аккредиттелген консулдук мекемесинде аны консулдук эсепке тургузуу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн (элчилигинин) же консулдук мекемесинин кызматкерлерине асырап алынган баланын жашоо жана тарбиялоо шарттарын текшерүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө;
- асырап алынган баланы билим берүүчү мекемеде окутуу жана асырап алуучулар туруктуу жашаган жерде медициналык эсепке тургузуу жөнүндө;
- асырап алынган балага карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы сактала тургандыгы жана анын 18 жашка чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же консулдук мекемесинде эсепте тургандыгы жөнүндө;
- аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдар аркылуу, ал эми аккредиттелген чет өлкөлүк уюм жоюлган (банкрот) учурда башка чет өлкөлүк уюмдар аркылуу балдардын жашоо жана тарбиялоо шарттары тууралуу отчетторду берүү жөнүндө;
Бардык берилген документтер белгиленген тартипте апостилдештирилүүгө же легалдаштырылууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулушу керек. Котормо асырап алууга талапкерлер жашаган мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же -консулдук мекемесинде нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт же Кыргыз Республикасынын аймагында нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтер бир жылдын ичинде жарактуу болот:
- компетенттүү органдардын документтери - аларды берген күндөн тартып;.
- жарандар түзгөн документтер - аларды түзгөн учурдан тартып.
Эгерде чет мамлекеттин мыйзамдарында ушул пункттун 3-10-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин иш мөөнөтү башкача каралган болсо, анда алар тиешелүү мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде каралат.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн-документтер ыйгарым укуктуу органга 1 түп нускада жана 1 нускасынын көчүрмөсүн тиркөө менен берилет.
33. Баланы - Кыргыз Республикасынын жаранын асырап алууну каалаган КМШга катышуучу мамлекеттин жарандары түздөн-түз ыйгарым укуктуу органга кайрылышат жана ушул Жобонун 32-пунктунун 1-8, 10 жана 11-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди беришет.
34. Эгерде чет өлкөлүк жарандардын баланы - Кыргыз Республикасынын жаранын асырап алууну каалагандыгы жөнүндө арызды берүү учурунда Кыргыз Республикасында жашоого уруксаты бар болсо жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жатса, ушул Жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден башка, жашаган жериндеги аймактык бөлүм тарабынан берилген асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуну жана турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысын берет.
35. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери асырап алууга талапкердин арызын жана берилген документтерин карап чыгып, балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында асырап алууга талапкер катары каттайт.
Арыз берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 48 жана 49-беренелеринде белгиленген талаптарга шайкеш келбегенде, ошондой эле тапшырылган документтер ушул Жобонун 32 жана 33-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык келбегенде ыйгарым укуктуу орган берилген документтерди асырап алуучу талапкерлерге Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу кайтарып берет, КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандарына - жеке өзүнө.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлүнө, КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандарына ыйгарым укуктуу орган кабыл алган чечимине карата даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
36. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жарандардын арызынын негизинде балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында катталган бала жөнүндө маалыматты берет.
Бала жөнүндө маалыматтарды берүүдө ыйгарым укуктуу органдын кызматкери бала тууралуу маалыматты даярдайт, анын ичинде анын ким экендиги, ден-соолугу, апасы (атасы) жөнүндө маалымат, социалдык чөйрөсү, асырап алынууга мүмкүндүк тууралуу маалыматтар.
Бала жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органдын кызматкери Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнө жиберет, ал эми КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандарына жеке колуна берет.
Ошону менен бирге ыйгарым укуктуу орган баланын жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкынан чет өлкөлүк жарандарга маалыматтар берилгендиги тууралуу маалымдайт.
37. Бала жөнүндө маалымат менен таанышкандыгы жөнүндө жана бала менен андан ары таанышууга макулдугу тууралуу жазуу жүзүндө ырастамасын чет өлкөлүк жарандар ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу жиберишет, ал эми КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандары - жеке колуна беришет.
Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жарандардын бала менен жолугушууну каалагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастаманын негизинде бала менен жолугушууга жолдомону Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнүн өкүлүнө, ал эми КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандарына - жеке өздөрүнө берет.
Мында ыйгарым укуктуу орган баланын жашаган (жүргөн) жери боюнча аймактык бөлүмгө асырап алууга талапкерлер менен жолугушуу өткөргөндүгү жана аларды интернаттык типтеги балдар мекемесине коштоп баргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.
38. Асырап алууга талапкер (талапкерлер) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасына бала менен таанышуу жана аны менен байланыш түзүү үчүн 10 күн мурда келүүгө;
- асырап алынуучу баланын документтери менен таанышууга;
- баланын ден соолугу жөнүндө медициналык корутунду менен таанышкандыгын жазуу жүзүндө ырастоого;
- ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө асырап алуу жол-жобосунан баш тартуусун же андан ары катышуусун ырастоого;
- асырап алуу каалоосун ырастаган учурда асырап алуу жөнүндө арызды кароо боюнча соттук жыйынга катышууга.
Мында асырап алууга талапкерлер баланы көз карандысыз медициналык кароодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык мекемеге кайрылууга укуктуу.
39. Асырап алууга талапкер баланы асырап алууну жазуу жүзүндө ырастаган учурда ыйгарым укуктуу органдын кызматкери чет өлкөлүк жарандар берген документтерди (түп нускаларын) коштомо кат менен Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу, ал эми КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандарынын документтерин (түп нускаларын) почта аркылуу баланы асырап алууга берүү жөнүндө корутундуну даярдоо жана берүү үчүн бала жашаган (жүргөн) жери боюнча аймактык бөлүмгө жиберет.
40. Аймактык бөлүмдүн кызматкери чет өлкөлүк жарандардан документтерди алган күндөн баштап 14 жумуш күндүн ичинде баланы асырап алууга берүү жөнүндө корутунду даярдайт жана аны ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн асырап алынуучу баланын документтерин тиркөө менен сотко жиберет.
41. Чет өлкөлүк жарандар мамлекеттер аралык асырап алуу боюнча сотко чейинки даярдоо асырап алууга алынып жаткан баланын жашаган (жүргөн) жери боюнча аймактык бөлүмдүн жардамы менен Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү тарабынан жүзөгө ашырылат, ал эми КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандары өздөрү ишке ашырышат.
42. Баланы - Кыргыз Республикасынын жаранын чет өлкөлүк жарандардын асырап алуусун аныктоо жөнүндө арызын канааттандырган же канааттандыруудан баш тарткан учурда аймактык бөлүм сот актысынын көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу органга жиберет.
43. Асырап алууну каалаган чет мамлекеттин жарандары болуп эсептелген баланын туугандары (чоң апасы, чоң атасы, ата-энеси бир жана ата-энеси башка ага-ини, эже-сиңдилери, таекеси, таежеси) баланын жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө өздөрү кайрылышат жана ушул Жобонун 32-пунктунун 1-7, 10 жана 11-пунктчаларында аталган документтерди тапшырат.
44. Чет өлкөлүк жарандар же жубайлар, анын бирөөсү - Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми экинчиси чет өлкөнүн жараны болсо, асырап алынган баланын - Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын жарандыгы сакталат.
45. Жарандык абалдын актыларын жазуу органы баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими чыгарылган жери боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте баланы асырап алуунун мамлекеттик каттоосун жүргүзөт.
46. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана чет өлкөлүк жарандар асырап алган балдарды Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде эсепке тургузуунун өзгөчөлүктөрү
47. Асырап алынган баланы консулдук эсепке тургузуу асырап алуучулар жашаган мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же консулдук мекемесинде бала чет мамлекетке кирүүдө жүргүзүлөт.
48. Асырап алынган баланы консулдук эсепке тургузуу үчүн асырап алуучулар аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдар аркылуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылышат жана төмөнкү документтерди беришет:
1) асырап алынган баланы консулдук эсепке тургузуу жөнүндө арызга баланын 2 фотосүрөтүн тиркөө менен;
2) асырап алуу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
3) баланын асырап алынгандыгын аныктоо жөнүндө сот чечиминин көчүрмөсүн;
4) баланы жана асырап алуучуларды күбөлөгөн документтердин көчүрмөлөрүн.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси асырап алынган баланын паспортуна консулдук эсепке тургузулгандыгы тууралуу белги коёт.
49. Асырап алынган баланын жашаган жери которулган учурда асырап алуучулар бул жөнүндө аталган бала консулдук эсепте турган Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине билдирүүгө милдеттүү.
Эгерде асырап алуучулар асырап алган бала менен бирге жашаган жерин которгон учурда, асырап алынган баланын жашаган жаңы жери анын консулдук эсепте турган Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси камтыган консулдук округуна кирбесе, асырап алуучу асырап алган баланын жашаган жаңы жериндеги консулдук округун тейлеген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине баланы консулдук эсепке тургузууга милдеттүү.
50. Асырап алуучулар асырап алган баланы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде консулдук эсепке тургузуусун контролдоону асырап алууга талапкерлердин кызыкчылыгын Кыргыз Республикасынын аймагында баланы асырап алууда белгиленген тартипте көрсөткөн аккредиттелген чет өлкөлүк уюм жүргүзөт.
КМШга катышуучу мамлекеттердин асырап алуучу жарандарына карата консулдук эсепке тургузуусун контролдоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
51. Чет өлкөлүк жарандар асырап алган балдарды Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан консулдук эсепке өз убагында тургузуусун камсыз кылуу максатында балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган асырап алынган балдар тууралуу маалыматты тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет.
52. Асырап алууга берилген баланы консулдук эсепке тургузгандан кийин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси консулдук эсепте турган асырап алынган балдардын тизмесин ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Ыйгарым укуктуу орган консулдук эсепте турган асырап алынган балдардын тизмесинин көчүрмөсүн аймактык бөлүмдөргө жиберет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет мамлекетте асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндө балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоону жүзөгө ашыруу
53. Асырап алынган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында аймактык бөлүмдөр асырап алынган балдардын жашаган жери боюнча асырап алуучулардын үй-бүлөсүндөгү жашоо шартын жана тарбияланышын контролдойт.
Асырап алынган баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдук текшерүүнү аймактык бөлүмдүн кызматкери асырап алуунун сырын сактоо менен асырап алуудан кийин алгачкы үч жылдын ичинде жылына эки жолу жүргүзөт.
54. Контролдук текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча үй-бүлөсүнө барган аймактык бөлүмдүн кызматкери асырап алынган баланын жашоо жана тарбиялануу шарттары жөнүндө отчет түзөт. Отчетто баланын ден соолугу, окуусу, эмоциялык жана жүрүм-турумдук өсүшү, өзүн-өзү тейлөө көнүмдөрү, тышкы көрүнүшү жана үй-бүлөдөгү өз ара мамилелери жөнүндө маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
Асырап алынган баланын жашоо жана тарбиялануу шарты жөнүндө отчет контролдук текшерүү жүргүзүлгөндөн баштап 7 күндүн ичинде таризделет, контролдук текшерүүнү жүргүзгөн аймактык бөлүмдүн кызматкери ага кол коёт жана аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилет. Отчет 2 нускада таризделет, бир нускасы отчет бекитилген күндөн тартып 3 күндүн ичинде асырап алуучунун колуна берилет, экинчи нускасы аймактык бөлүмдө сакталат. Асырап алуучунун (асырап алуучулардын) отчетко сот тартибинде талашууга мүмкүндүгү бар.
Асырап алынган баланын жашоо шарты жана тарбиялануусу жөнүндө отчет так отчеттуулук документи болуп саналат жана баланын жеке делосунда сакталат.
55. Асырап алынган бала менен асырап алуучу жашаган жерин өзгөртсө, алардын мурунку жашаган жериндеги аймактык бөлүм асырап алуучудан тийиштүү маалымат алгандан тартып 3 күндүн ичинде баланын өздүк ишин асырап алынган бала менен асырап алуучунун жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө жөнөтөт. Асырап алынган бала менен асырап алуучунун жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүм баланын өздүк ишин алган күндөн тартып бир күндөн кечиктирбестен асырап алынган баланы белгиленген тартипте эсепке тургузууга милдеттүү.
Асырап алынган бала менен асырап алуучунун жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүм баланын өздүк ишин алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде контролдук текшерүүнү жүргүзүүсү зарыл.
56. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, Кыргыз Республикасынан сырткары туруктуу жашаган асырап алуучулар ушул Жобонун 59-пунктунда каралган мөөнөттө балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттары жөнүндө отчетторду баланы асырап алууга берүүнү аныктоо тууралуу соттун чечими чыккан жериндеги аймактык бөлүмгө жана көчүрмөсүн - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу ыйгарым укуктуу органга беришет.
57. Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү балдардын - Кыргыз Республикасынын жарандарынын асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндөгү жашоо жана тарбиялануу шарттары жөнүндө отчетторду ыйгарым укуктуу органга жана отчеттун көчүрмөсүн асырап алууну аныктоо тууралуу соттун чечими чыккан жериндеги аймактык бөлүмгө берет.
Аккредиттелген чет өлкөлүк уюм жоюлганда (банкрот болгондо) отчетторду чет өлкөлүк асырап алуучулар менен келишим боюнча отчетторду берүү милдеттенмелерин өзүнө алышкан чет өлкөлүк уюмдар жөнөтүшөт.
Отчетто баланын үй-бүлөдөгү жашоо жана тарбиялануу шарттары, эмоциялык жана жүрүм-турумдук өсүшү, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрү, тышкы көрүнүшү жана үй-бүлөдөгү өз ара мамилелери, баланын ден соолугу, окуусу, хобби жана кызыгуулары, жетишкендиктери жана өсүү этаптары жөнүндө маалыматтар фотографияларды же видео жазууларды тиркөө менен камтылууга тийиш.
Ошону менен бирге аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдар консулдук эсепке тургузулган жериндеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүн жана консулдук мекемесин асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндө балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттары жөнүндө отчеттор ыйгарым укуктуу органга жана анын аймактык бөлүмүнө жиберилгендиги жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.
58. КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандары отчетторду ыйгарым укуктуу органга жөнөтүшөт жана көчүрмөлөрүн асырап алынган бала жашаган жериндеги аймактык бөлүмгө жиберишет.
59. Балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттары жөнүндө отчеттор төмөнкү мөөнөттөрдө берилет:
- асырап алуудан кийинки биринчи жылда - асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 7 ай аяктаганга чейин;
- баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарын экинчи текшерүүсү - отчет асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 13 ай аяктаганга чейин берилет;
- баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарын үчүнчү текшерүүсү - отчет асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 25 ай аяктаганга чейин берилет;
- баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарын төртүнчү текшерүүсү - отчет асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 37 ай аяктаганга чейин берилет.
Баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 3 жыл өткөндөн кийин жана анын жашы жеткенге чейин отчетторду берүү ыйгарым укуктуу органдын же аймактык бөлүмдүн суроо-талабы боюнча жүзөгө ашырылат.
60. Берилген отчеттор белгиленген тартипте апостилдештирилүүгө же легалдаштырылууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулушу керек. Котормо асырап алууга талапкерлер жашаган мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же консулдук мекемесинде нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт же Кыргыз Республикасынын аймагында нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
6. Баланы асырап алуусун жокко чыгаруу
61. Баланы асырап алуусун жокко чыгаруу сот тартибинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган баланы асырап алуусун жокко чыгаруу тууралуу арыз асырап алынган баланын жашаган (жүргөн) жери боюнча аймактык бөлүмдүн кызматкеринин жана прокурордун катышуусу менен каралат.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери баланы асырап алуусун жокко чыгаруу жөнүндө арызын бергенге чейин баланы үй-бүлөдөн алууга жана багып алуучу үй-бүлөгө же интернаттык типтеги балдар мекемесине жайгаштырууга укуктуу.
62. Эгерде бала менен асырап алуучулардын (асырап алуучунун) ортосунда объективдүү себептер боюнча өз ара жакшы мамилелер түзүлбөгөн учурда (бала өз ата-энесин, туугандарын эстейт, асырап алуучулардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жакшы мамиле кылалбайт, баланын жүрүм-турумунда, өсүшүндө четтөөлөр бар) асырап алуучулар (асырап алуучу) асырап алууну жокко чыгаруу тууралуу сотко кайрылышы мүмкүн.
Эгерде сот мындай жагдайларда асырап алууну жокко чыгаруу баланын кызыкчылыгына каршы келет деп эсептесе, эгерде бала менен асырап алуучулардын (асырап алуучунун) ортосундагы мамилелер келечекте оңолуп кетиши ыктымал болсо, асырап алууну жокко чыгаруу тууралуу арызды кароодон баш тартууга мүмкүн, ал эми асырап алуучуларга бала менен өз ара мамилени жөндөөгө чара көрүү сунушталышы мүмкүн.
63. Аймактык бөлүмдүн кызматкери баланын кызыкчылыгы үчүн асырап алынган баланын жашоо шартына текшерүү жүргүзөт жана асырап алууну жокко чыгаруунун шайкештиги жөнүндө корутундуну сотко берет.
Корутундуда сотко асырап алууну жокко чыгаруу же сактоо тууралуу сунуштар камтылат.
64. Асырап алууну жокко чыгаруу тууралуу 10 жашка чыккан баланын ой-пикирин билүүдө аймактык бөлүмдүн кызматкери асырап алынган бала менен маектешүүнү сылык жүргүзөт жана асырап алуучулар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн балага болгон мамилелерин билет.
Эгерде асырап алынган бала өзүн асырап алынгандыгы жөнүндө мурун билбесе, асырап алуунун сырын ачуу аймактык бөлүм тарабынан конкреттүү кырдаалды жана психологдун кеңешин эске алуу менен аныкталууга тийиш.
65. Аймактык бөлүм, эгерде асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндө баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарына контролдук текшерүү жүргүзгөндө асырап алуучулардын терс жүрүм-туруму аныкталган болсо, сотко кайрылууга укуктуу.
66. Он төрт жашка чыга элек асырап алынган бала аймактык бөлүм аркылуу асырап алууну жокко чыгаруу тууралуу сотко кайрыла алат.
67. Асырап алууну жокко чыгарганда бала соттун чечими боюнча ата-энесине берилет. Ата-энеси жок болгондо, ошондой эле ата-энесине баланы берүү анын кызыкчылыгына каршы келсе, бала белгиленген тартипте интернаттык типтеги балдар мекемесине жөнөтүлөт же багып алуучу үй-бүлөгө берилет.
68. Чет өлкөлүк жарандар асырап алган жана Кыргыз Республикасынан сырткары жашаган балдарга карата асырап алууну жокко чыгаруу жашаган өлкөнүн мыйзамы боюнча жүргүзүлөт.
|
| Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Баланы асырап алууга макулдук берүү жөнүндө АРЫЗ
Толтуруунун алдында төмөнкүлөрдү көңүл буруп окуңуз. Эгерде Сиз ар бир пункт менен толук макул болсоңуз гана төмөндө кол коюңуз. Сиздин макулдугуңуздан улам мүмкүн болуучу кесепеттер тууралуу зарыл маалыматты же ар түрдүү консультацияны алууга Сиздин укугуңуз бар. Ушул документтин көчүрмөсүн каалаган учурда алууга укугуңуз бар.
Баланы асырап алуу максатында Сиздин макулдугуңузду алуу үчүн жасалган же Сизге сунушталган ар түрдүү акыларды же сыйлыктарды алууга болбойт.
Мен төмөндө кол коюучу:
Аты-жөнү: _______________________________________________________________________________
Туулган күнү: ___________________________, туулган жери: ____________________________________
Паспорт: сериясы ________ № _______, ______________-жылдын "__" _________ берилген. ___________________________ дареги боюнча катталган.
Туруктуу жашаган жери: ___________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
Үй-бүлөлүк абалы: күйөөгө чыккан □, күйөөгө чыккан эмес □.
Мен 20__-ж. "__" ____________ ______________________________________________ (саламаттык сактоо уюмунун аталышы) төрөдүм.
эркек □ аял □ жынысындагы бою ______ см, салмагы _____ гр., башынын айланасы _____ см, төшүнүн айланасы _____ см.
Мен, өзүмдүн баламды ______________________________________________________ (саламаттык сактоо органынын же балдар мекемесинин аталышы) калтырамын же Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына
Аты-жөнү: ______________________________________________________ төмөнкү себептер боюнча
- туруктуу эмгек акы алуучу булагым жок □;
- туруктуу турак жайым жок □;
- каалабаган бала □;
- баланын оорусу боюнча □
башка себептер боюнча ____________________________ (себебин көрсөткүлө) асырап алууга бердим.
Өзүм жөнүндө маалымат: улутум ________________, боюм ______ см, чачымдын өңү _______________, көзүмдүн түсү _______________.
Тери-венерологиялык, психоневрологиялык, наркологиялык диспансерлерде эсепте турат □, турбайт □.
Баланын атасы тууралуу маалымат: Аты-жөнү: ___________________________ туулган күнү 20__-жылдын "__" ____________; улуту: ________________, бою ____ см, чачынын өңү ________________, көзүнүн түсү ________________; иштеген жери: ________________________________; жашаган жери _____________________________________.
Тери-венерологиялык, психоневрологиялык, наркологиялык диспансерлерде эсепте турат □, турбайт □.
Төмөнкүлөрдү билдирем:
1. Мен өз ыктыярым менен коркутуусуз же мажбурлоосуз өз баламды асырап алууга макулдугумду берем.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары же чет өлкөлүк жарандары тарабынан менин балам асырап алынууга мүмкүн экендигин мен түшүнөм.
3. Асырап алуу тууралуу соттун чечими чыкканга чейин өзүмдүн макулдугумду чакыртып алышым мүмкүн экендигин мага маалымдашты.
Арызды мен өз ыктыярым менен жаздым.
Эненин колу: ___________________________________________
Атасынын колу (эгерде бар болсо): ___________________________________
Күбөлөрдүн колдору: ________________________________________ (аты-жөнү, жашаган жери)
Баланы калтырганын тастыктайбыз:
Бөлүм башчысы: _______________________________________ (аты-жөнү, колу)
Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси: __________________________ (аты-жөнү, колу)
Асырап алууга макулдук бергенин тастыктайм
мамлекеттик нотариус ______________________________________________________________
Дата: 20__-жылдын "__" ______________
МО
| Тиркеме |
"Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
ВИЧ-инфекциясында натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүү, анын ичинде вируска каршы өзгөчө терапия өткөрүү жөнүндө медициналык корутунду(*)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Саламаттык сактоо уюму __________________________________
2. Бейтаптын аты-жөнү ______________________________________
3. Туулган күнү ____________________________________________
4. ВИЧти аныктоо күнү______________________________________
5. Вируска каршы терапиянын башталышы _____________________
6. Активдүү оппортунисттик оорулар
Бар/жок (керектүүсүнүн астын сызыңыз)
7. Вирустук жүктөм
а) жыйынтыгы, дата ______________________________________
б) жыйынтыгы, дата ______________________________________
8. CD4 лимфоциттеринин саны (жыйынтыгы, дата) ______________
Корутунду: натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүү, анын ичинде вируска каршы терапия өткөрүлүүдө.
Корутунду берген адистин кызмат орду, аты-жөнү
________________________________________________________
Колу __________________
Дата __________________
МО (уюмдун штампы жана адистин жеке мөөрү)
(*) ВИЧ-инфекциясында натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүүнүн критерийлери ВИЧ-инфекциясын дарылоо маселелери боюнча клиникалык протоколдор жана клиникалык колдонмолор менен аныкталат.