Загрузка документа…
(КР Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы №220 токтомунуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июлу № 468
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 «Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 211-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 «Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жободо:
4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Облусту өнүктүрүү фонду жана Районду өнүктүрүү фонду мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзулөт.»;
7-пункттагы «атайын эсеп ачылат» деген сездөр «бюджеттик жана атайын эсеп ачылат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Фонддун акча каражаттары Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилген долбоорлордун тизмегине жана жылдык бюджетке ылайык төмөнкү максаттарга багытталат:
1) Фонддун бюджеттик каражаттарынын эсебинен:
- калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иш-чараларга;
- жерлерди мелиоративдик жакшыртуу, сугат түйүндөрүн, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү иш-чараларына жана жердин абалын жакшыртуу боюнча агротехникалык иш-чараларга;
- курорттук-рекреациялык зонаны өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоонун долбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп чыгууга, экологиялык коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыздоого;
- жергиликтүү калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, суу түтүктөрүнүн тарамдарын оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларга;
- облуста, райондордо, шаарларда жана айыл аймактарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлорду өнүктүрүүгө;
- инвесторлор менен капиталга чогуу катышуу жана/же инвесторлор менен биргелешип каржылоо принцибинде облустарда, райондордо, шаарларда жаңы ишканаларды ачууга;
- облустун, райондун, шаардын, айыл аймагынын аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга;
- туризмди өнүктүрүү жана эл аралык туризм үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чараларга;
- коомчулуктун муктаждыктарын камсыздоого жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган техниканы жана жабдууну жаңыртууга жана борборлоштуруп сатып алууга;
2) Фонддун атайын каражаттарынын эсебинен:
- жөндөмдүү жана таланттуу балдарды колдоого;
- акы төлөөчүлүк, мөөнвттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде көп балалуу жана жаш үй-бүлөлөрдү, бюджеттик уюмдардын жумушчуларын, облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүүтө көмөк керсетүүчү бизнес-долбоорлорго чакан кредиттик уюмдар аркылуу чакан кредит берүүгө;
- ипотекалык насыялоого, калктын социалдык аярлуу катмары үчүн турак жайдын курулушуна;
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин, укук коргоо органдарынын, коргоонун, жарандык коргонуунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана ишин колдоого.»;
15-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төменкүдей редакцияда баяндалсын:
«Байкоочу кеңештин жыйындарынын протоколун Байкоочу кеңештин катчысы түзөт. Протоколдорго Байкоочу кеңештин төрагасынын же жыйында төрагалык кылган адамдын жана Байкоочу кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлат. Протоколдордун түп нускасы Байкоочу кеңештин катчысында сакталат.
Байкоочу кеңештин жалпы курамынын жарымынан ашыгы Байкоочу кеңештин жыйынынын кворумун түзөт. Байкоочу кеңештин чечимдери Байкоочу кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн добуштарынын көпчүлүгү менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Байкоочу кеңештин жыйынында терагалык кылган адамдын жана Байкоочу кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлат. Добуштар тең болгон учурларда Байкоочу кеңештин жыйынында терагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.»;
18-пункт «анын курамы» деген сездөрдөн кийин «Фонддун уюмдаштыруучусунун чечими менен» деген сөздөр менен толукталсын;
2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
28-пунктта:
- 7-пунктча темөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү жөнүнде чечимди кабыл алуу;»;
- 9-пунктча «Фонддун» деген сөздөн кийин «бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча» деген сездөр менен толукталсын;
- 11-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11) Фонддун бюджеттик жана атайын каражаттары боюнча Фонддун чыгымдарынын сметасынын аткарылышы тууралуу отчётту угуу жана бекитүү.»;
31-лунктта:
- «в» пунктча «Фонддун» деген сөздүн алдында «Байкоочу кеңешинен жана» деген сездөр менен толукталсын;
- «г» пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«г) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн жана Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрүн дайындайт жана бошотот.»;
42-пункттагы «сандык жана сапаттык» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 431-пункт менен толукталсын:
«431. Фонддун Башкармалыгынын жыйындарынын протоколун Фонддун Башкармалыгынын катчысы түзөт. Протоколдорго Фонддун Башкармалыгынын терагасынын же жыйында терагалык кылган адамдын жана Фонддун Башкармалыгынын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлат. Протоколдордун түп нускасы Байкоочу кеңештин катчысында сакталат.
Фонддун Башкармалыгынын чечимдери Фонддун Башкармалыгынын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн добуштарынын кепчүлүгү менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Фонддун Башкармалыгынын жыйынында терагалык кылган адамдын колу жана Фонддун Башкармалыгынын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлат. Добуштар тең болгон учурларда Фонддун Башкармалыгынын жыйынында терагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.»;
51-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Казыналык тутумунда Фонддун бюджеттик жана атайын эсебин ачат;»;
- сегизинчи абзац «отчёттуулукту» деген сөздөн кийин «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте» деген сездер менен толукталсын;
онунчу абзац «кеңештин кароосуна» деген сездердөн кийин «жана бекитүүсүнө» деген сөздөр менен толукталсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: «Байкоочу кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен календарлык планга ылайык Фонддун түшүүчү акча каражаттарынын болжолун республикалык бюджетке киргизүү үчүн тиешелүү эсептөөлөр жана негиздөөлөр менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.»;
56-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«56. Ар квартал сайын Фонддун администратору еткөн кварталда бюджеттин сметаларынын пайдаланылышы боюнча отчётту жана кийинки кварталга Фонддун каражаттарынан каржыланган долбоорлордун тизмеги боюнча такталган божомолду Байкоочу кеңештин бекитүүсүнө сунуштайт.»;
59-пункт «Фондго сунуштайт» деген сөздөрдөн кийин «жана Фонддун максаттарына шайкеш келген» деген сөздөр менен толукталсын;
67-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«67. Долбоорду кабыл алуу жана тандоону өткерүүнүн шарттары женүндө маалымат тандоо башталганга чейинки 10 календарлык күндөн кечиктирилбей жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.»;
82 жана 83-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«82. Облусту өнүктүрүү фондунун каражаттары төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) бюджеттик каражаттар боюнча төмөнкүлөрдүн эсебинен:
- алтындын запасы 50 тоннадан ашык болгон кен чыккан жерлерди, ошондой эле салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги башка пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү күтүүгө чегерүүлөрдүн 50 пайызынын;
- конкурстук объекттин кенин пайдалануу укугун сатуудан жыйынтык баадан жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин бонусун жана наркынын баасын эсептен чыгаруу менен 3 пайызынын;
- айыл аймактарынын жана шаарлардын жерлерине кирбеген жерлерде жайгашкан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөрдүн каражаттарынын;
2) атайын каражаттар боюнча төмөнкүлөрдүн эсебинен:
- донорлордун жана демөөрчүлөрдүн ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
83. Районду өнүктүрүү фондунун каражаттары төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) бюджеттик каражаттар боюнча төмөнкүлердүн эсебинен:
- алтындын запасы 50 тоннадан ашык болгон кен чыккан жерлерди, ошондой эле салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги башка пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрден жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү күтүүгө чегерүүлөрдүн 30 пайызынын;
- алтындын запасы 50 тоннадан аз болгон кен чыккан жерлерди, ошондой эле салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги башка пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү күтүүгө чегерүүлөрдүн 80 пайызынын;
- конкурстук объекттин кенин пайдалануу укугун сатуудагы жыйынтык баадан жер казынасы жөнүнде геологиялык маалыматтын пакетинин бонусун жана наркынын баасын эсептен чыгаруу менен 3 пайызынын;
- кен чыккан жерлери токой фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин аймагында жайгашкан пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү енүктүрүүге жана күтүүге арналган каражаттарынын;
2) атайын каражаттар боюнча төмөнкүлөрдүн эсебинен:
- донорлордун жана демеөрчүлөрдүн ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.»;
төмөнкүдөй мазмундагы 831 - 833-пункттар менен толукталсын:
«831. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүруүгө жана күтүүгө чегерүүлөр казыналык тутумунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын аккумуляциялык эсептерине чегерилет жана төменкүдөй тартипте мыйзамдарда белгиленген ченемдерге ылайык бөлүштүрүлөт: 20 пайызы - тиешелүү айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине жана 80 пайызы - республикалык бюджетке.
Республикалык бюджетке түшкөн 80 пайызды Райондорду өнүктүрүү фонду менен Облусту өнүктүрүү фондунун ортосунда бөлүштурүү Фонддун Байкоочу кеңеши сунуштаган тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Каражаттардын белүштүрүлгөн көлөмдөрү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын «Имараттар жана курулуштар» 3111 -беренеси боюнча каржыланат.
832 . Облусту өнүктүрүү фондун жана Районду өнүктүрүү фондун республикалык бюджеттен каржылоо бөлүштүрүү ченемдерине ылайык республикалык бюджетке Фонддун каражаттарын эсептөө күнүнөн тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде сөзсүз артыкчылыктуу тартипте чыгымдардын бекитилген сметаларына жараша белгиленген казыналык жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат. Фонд бюджеттик каражаттардын негизги башкаруучусу болуп саналып, тандалган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын аткарууда, бөлүнгөн лимиттин чегинде акча каражаттарын сарптоону жүзөгө ашырат. Тиешелүү жылга карата республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген каражаттардын көлөмүнөн түшүүлөр жогору болгон учурда, сметалык дайындоолорду тактоо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
833, Фонддун каражаттарын кассалык тейлөө Фонддун берилген билдирүүлөрүнө ылайык каржыланган суммалардын көлөмүндө казыналыктын региондук бөлүмдөрү тарабынан аткарылат.»;
85-пункттагы «башкармалыгынын төрагасынын» деген сөздөр «администраторунун» деген сез менен алмаштырылсын;
86-пункт темөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«86. Долбоорлор боюнча төлөмдөрдү мониторингдөө жана контролдоо Фонд тарабынан жүзөгө ашырылат. Фонд сметаларды аткаруу боюнча отчётту белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине сунуштайт.»;
88-пункт «арыз ээси менен макулдашылган» деген сөздөрдөн кийин «, же долбоордо каралган иштин түрүнө жараша арыз ээси сунуштаган» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдей мазмундагы 881-пункт менен толукталсын:
«881. Отчёттук жылдын аягына карата Фонддун эсебиндеги өздөштүрүлбөгөн бюджеттик каражаттар белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылат жана отчёттук жылдан кийинки жылы тиешелүү Фонддун каражаттары катары бекитилет.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
|