Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-октябры № 220
Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17 - беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн социалдык долбоорлорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы 2-тиркемеге ылайык;
- Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн экономикалык долбоорлорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы 3-тиркемеге ылайык;
- Максаттуу каржылоо жөнүндө келишим 4-тиркемеге ылайык;
- Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү тартиби 5-тиркемеге ылайык;
- Экономикалык долбоорлор боюнча кредиттик линияны финансы-техникалык тейлөөгө укуктарды өткөрүп берүү боюнча Регионду өнүктүрүү фондунун, финансы-кредиттик уюмдун жана ишкердик субъекттин ортосундагы типтүү макулдашуу 6-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үч айлык мөөнөттө Региондорду өнүктүрүү фонддорунун уставдык документтерин ушул типтүү жобого ылайык келтиришсин.
3. Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 101 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 143 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 465 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 480 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 52 токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
2-тиркеме
Регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн социалдык долбоорлорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы
Долбоордун аталышы:
Долбордун жалпы наркы:
Мамлекеттик мекеменин/айыл аймагынын/шаардын аталышы:
Район:
Облус:
Критерийдин аталышы | Индикаторду баяндоо | Баалоочу балл | Иш жүзүндөгү балл |
1. Социалдык проблеманын негиздүүлүгү | Төмөнкү негиздүүлүк | 5 |
|
| Орточо негиздүүлүк | 10 |
|
| Жогорку негиздүүлүк | 20 |
|
2. Аймактык деңгээлдеги маанилүүлүк | - айыл аймагынын деңгээлиндеги маанилүүлүк | 5 |
|
| - райондун деңгээлиндеги маанилүүлүк | 10 |
|
| - облустун деңгээлиндеги маанилүүлүк | 15 |
|
| - республиканын деңгээлиндеги маанилүүлүк | 20 |
|
3. Артыкчылыкты аныктоого калктын тартылышы | - социалдык мобилизациялоо жүргүзүлгөн эмес | 0 |
|
| - социалдык мобилизациялоо жарандардын айрым топторунун катышуусу менен өткөрүлдү | 10 |
|
| - социалдык мобилизациялоо калкты кеңири камтуу менен жүргүзүлдү | 20 |
|
4. Техникалык документтердин болушу | - техникалык документтердин талаптарга шайкеш келбегендиги | 0 |
|
| - техникалык документтердин талаптарга толук эмес шайкеш келбегендиги | 10 |
|
| - техникалык документтердин талаптарга толук шайкештиги | 20 |
|
5. Республикалык бюджеттин жергиликтүү бюджеттин, эл аралык уюмдардын жана башка булактардын каражаттары | - республикалык/жергиликтүү бюджеттин, коомчулуктун, донорлордун салымынын жоктугу | 0 |
|
| - долбоордун жалпы наркынын 50%ынан азы республикалык/жергиликтүү бюджеттин, коомчулуктун, донорлордун салымы | 5 |
|
- долбоордун жалпы наркынын 50%ынан көбү республикалык/ жергиликтүү бюджеттин, коомчулуктун, донорлордун салымы | 10 |
| |
6. Долбоорду ишке ашыру үчүн эмгектик катышуусунун же материалдык төгүмдөрүнүн болушу | - эмгектик катышуусунун же материалдык төгүмдөрүнүн жоктугу | 0 |
|
| - калктын эмгектик катышуусу же материалдык төгүмдөрү жалпы салымдын 50%ынан азын түзөт | 5 |
|
| - калктын эмгектик катышуусу же материалдык төгүмдөрү жалпы салымдын 50%ынан көбүн түзөт | 10 |
|
3-тиркеме
Регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн экономикалык долбоорлорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы
Долбоордун аталышы:
Мамлекеттик мекеменин/айыл аймагынын/шаардын аталышы:
Район:
Облус:
Критерийдин аталышы | Индикаторду баяндоо | Балл | Иш жүзүндөгү балл | |
1. Күтүлгөн жумуш орундарынын саны | - 5 адамга чейин | 5 |
| |
| - 5тен 10го чейин | 10 |
| |
| - 10дон ашык адам | 20 |
| |
2. Долборду талкуулоого жана тандоого бизнес коомчулуктун тартылуусу | - ишкерлер менен талкуу өткөрүлгөн эмес | 0 |
| |
| - ишкерлердин тартылуусу төмөн | 5 |
| |
| - ишкерлердин тартылуусу жогору долбоорду талкуулоо боюнча жыйналыштардын протоколдору бар | 10 |
| |
3. Техникалык документтердин болушу | - техникалык документтердин талаптарга шайкештиги жок | 0 |
| |
| - техникалык документтердин талаптарга толук эмес шайкештиги | 10 |
| |
| - техникалык документтердин талаптарга толук шайкештиги | 20 |
| |
4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пландалган жумуш орундары | - пландалган эмес | 0 |
| |
| - 5ке чейин жумуш орду | 10 |
| |
- 5тен 10го чейин жумуш орду | 20 |
| ||
5. Мамлекеттик/муниципалдык менчик объекттер үчүн каржылоонун экономикалык кооптуулуктары | - кооптуулук жогору, объект өндүрүштүк иште колдонулат жана долбоор ийгиликсиз ишке ашкан учурда объект баалуулугун (жабдуулар, шаймандар) жоготот | 0 |
| |
- кооптуулугу орто, объект башка инвестициялык долбоорлор үчүн колдонулушу мүмкүн (имарат, тосмо, курулуш техникасы) | 10 |
| ||
| - кооптуулук аз, объект жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн бир убакта пайдаланылышы мүмкүн (трансформатор, скважина, жүк ташуучу машина, трактор ж.б.) | 20 |
| |
6. Долбоордун инновациялуулугу | - инновациянын жоктугу | 0 |
| |
| - инновациялар белгилүү бир уюмдун ишинин жакшырышына таасирин тийгизет | 5 |
| |
- инновациялар региондун аймагындагы бул сектордун өнүгүшүнө таасирин тийгизет | 10 |
| ||
|
| |||
4-тиркеме
Максаттуу каржылоо жөнүндө келишим
20__-жылдын "___" ________________
Мындан ары Фонд деп аталып, __________________ районун/облусун өнүктүрүү фонду Фонддун аткаруучу директору ___________________ атынан жана мындан ары "Алуучу" деп аталуу менен, _______________ мамлекеттик мекемесинин/айыл аймагынын/шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы менен бирге алганда “тараптар” деп.аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1-глава. Келишимдин предмети
1.1. Фонд конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча акча каражаттарын Алуучуга акысыз негизде өткөрүп берет, ал эми Алуучу_____________________ долбоорун ишке ашыруу үчүн ушул Келишимдин шарттарына ылайык аларды максаттуу багыты боюнча колдонууга милдеттенет.
1.2. Долбоорду каржылоо Келишимге (мындан ары - Планга) карата долбоорду ишке ашыруу планына (1-тиркеме) ылайык Алуучунун жана Фонддун каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдардын сметасына (2-тиркеме) (мындан ары - Смета) жана долбоорду каржылоо планына (3-тиркеме) ылайык ушул келишимде каралган шарттарда ишке ашырылат
1.3. № 1, 2 жана 3-тиркемелери ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана бул тиркемелерсиз Келишим жараксыз.
1.4. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 20__-жылдын _____ тартып _____ чейин.
2-глава. Гранттын өлчөмү жана төлөө тартиби
2.1. Каржылоонун жалпы суммасы _________ (сумма жазуу менен) сомду түзөт.
2.2. Акча каражаттары Фонд тарабынан бөлүктөр (транштар) менен берилет, мында бардык транштардын суммасы ушул Келишимдин 2.1-пунктуна ылайык каржылоонун жалпы суммасынан ашпоосу керек.
2.3. Фонд акча каражатын Алуучу тарабынан сатып алуу жол-жоболорунун алкагында тандалып алынган жана аны менен жумуштардыаткаруу/товарларды жеткирүү/кызматтарды көрсөтүү келишимин кол койгон уюмдун - подрядчынын алыш бериш эсебине жөнөтөт.
2.4. Транштар подрядчыга Алуучу берген өтүнмөнүн негизинде подрядчыга чегерилет, өтүнмө мурунку жумуштардын жана мурунку транштардын аткарылгандыгы тууралуу актыны камтыйт.
2.5. Акча каражатын которгондугу үчүн банктар алынуучу бардык комиссиялык төлөмдөрдү Тараптар өз алдынча жана өз эсебинен төлөшөт, Фонддун банкында – “Фонд”, Алуучунун банкында – “Алуучу”.
3-глава. Фонддун укуктары жана милдеттери
3.1. Фонд ушул Келишимде аныкталган шарттарга ылайык мөөнөттөрдө жана көлөмдө каржылоону камсыздоого милдеттенет.
Фонд белгиленген шарттарды бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө укуксуз.
3.2. Фонд Алуучунун долбоорду ишке ашырууга катышуучу үчүнчү жактарды тандоо жоопкерчилигин тартпайт.
3.3. Долбоордун ишке ашырылышын натыйжалуу контролдоону камсыздоо үчүн Фонд Алуучудан долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, акча каражаттарын сарпталышы жөнүндө отчеттук документтерди, долбоорду ишке ашыруу мезгилинде акча каражаттарын пайдаланууга тийиштүү бухгалтердик отчетту, финансылык документтерди алууга укуктуу.
3.4. Фонд Алуучуга карата Долбоорду ишке ашыруунун каалаган баскычында акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын камсыздоого багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган таасир көрсөтүү чараларын колдонууга укуктуу.
4-глава. Алуучунун укуктары жана милдеттери
4.1. Алуучу алынган жана өздөштүрүлгөнкаражаттардын эсебин ушул Келишимдин негизинде жүргүзүүгө милдеттенет.
4.2. Алуучу ушул Келишимде (4-тиркеме) белгиленген форма жана мөөнөт боюнча акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетту Фондго берүүгө милдеттенет.
4.3. Алуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.3.1. Акча каражатын долбоордун Сметасына ылайык ушул Келишимде аныкталган максаттарда гана пайдаланууну камсыздоого.
4.3.2. Планда белгиленген талаптарга ылайык жана ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө долбоордун толук көлөмдө ишке ашырылышын камсыздоого.
4.3.3. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту Фондго ар кварталдык негизде берүүгө. Фонддун сын пикири, Пландан, Сметадан жана Каржылоо планынан четтөөлөр болсо, Алуучу Фонд менен макулдашып, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.
4.4. Алуучу долбоорду ишке ашыруунун мүмкүн эместиги же ишке ашырууну улантуунун мүмкүн эместиги жөнүндө Фондго кечиктирбестен маалымдашы керек. Мындай учурда Алуучу 3 (үч) банктын күндүн ичинде подрядчынын эсебине өздөштүрүлбөгөн акча каражаттарын кайтарууну камсыз кылышы керек жана 10 (он) жумуш күндүн ичинде ушул Келишимдин 5-главасына ылайык акча каражаттарын максаттуу пайдаланылышы тууралуу отчетту бериши керек.
5-глава. Отчеттуулук жана контролдоо
5.1. Алуучу долбоор аяктагандан кийин 1 айдан кечиктирбестен долбоор тарабынан коюлган максаттарга жетишүү боюнча Планга, Сметага жана Каржылоо планына ылайык маалыматты камтыган, Фонддун акча каражаттарынын пайдаланылышы жана Долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту 2 (эки) нускада Фондго берет.
5.2. Фонд долбоор жөнүндө фото- жана (же) видео отчетторун жана башка маалыматты толук көлөмдө же алардын каалаган бөлүктөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тармактарында жарыялоого укуктуу.
5.3. Фонд Алуучудан отчетту алып, аны карап чыгат жана анын ишенимдүүлүгүн жана толуктугун баалайт. Отчетту карап чыгуу процессинде Фонд Алуучудан долбоордун ишке ашыруу жөнүндө толук түшүнүк алуу үчүн долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, анын жыйынтыктары жанан акча каражаттарын сарптоонун максаттуу мүнөзү жөнүндө зарыл болгон каалаган документтерди жана (же) маалыматты талап кылууга укуктуу, ал эми Алуучу аны бериши керек.
5.4. Фонд долбоордун оңдолушун же толуктап иштелип чыгышын жана акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетту талап кылууга укуктуу, ал эми Алуучу Фонддун бул талабын Тараптар макулдашкан мөөнөттө аткарышы керек.
5.5. Эгерде акча каражаттарынын ушул Келишимге ылайык максаттуу багытта сарпталгандыгы жөнүндө шек жаралбаса, Фонд отчетту бекитет жана отчеттун бир нускасын Алуучуга кайтарат.
5.6. Алуучунун ушул Келишим боюнча милдеттенмелери Алуучунун отчету Фонд тарабынан бекитилген учурдан тартып аткарылган болуп саналат.
6-глава. Тараптардын жоопкерчилиги
6.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Келишим боюнча өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгына мүлктүк жоопкерчиликти тартышат.
6.2. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үчүнчү жактарды ишке тартуу Алуучуну ушул Келишимди талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Фонддун алдында жоопкерчиликтен бошотпойт.
6.3. Алуучу тарабынан акча каражаттарын берүүнүн негизги шарттарынын аткарылбагандыгы, ошондой эле алардын максаттуу пайдаланышы жөнүндө отчеттун Фонд талап кылган ырастоочу документтердин ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө берилбегендиги же аталган отчетторго анык эмес жана бурмаланган маалыматтардын киргизилиши Алуучунун акча каражаттарын максаттуу пайдалануу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыгы катары каралат.
6.4. Аткаруучу акча каражаттарын максаттуу пайдалануу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда Фонд Алуучудан аларды кайтарууну талап кылууга, ошондой эле укук коргоо жана фискалдык органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине салуу жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу.
7-глава. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жана өзгөртүү
7.1. Ушул Келишим Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптардын өздөрүнүн келишимдик милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
7.2. Ушул Келишим Тараптардын макулдугу боюнча же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте жана негиздер боюнча соттун чечими аркылуу (Тараптардын биринин талабы менен) бузулушу мүмкүн.
7.3. Ушул Келишим боюнча алынган милдеттенмелерди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт, Фонд тарабынан социалдык маанилүү долбоор боюнча күтүлүүчү жыйынтыктарды алуунун мүмкүн эместигин, акча каражаттарын максатсыз пайдаланылышы аныкталганда Фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан бир тараптуу баш тартуудан жана Ушул Келишимде каралган башка учурлардан тышкары.
7.4. Ушул Келишимге карата каалаган өзгөртүүлөр жана толуктоолор, кошумча макулдашуулар, эгерде алар жазуу жүзүндө түзүлгөн жана Тараптардын буга ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган шарттарда жарактуу болуп эсептелет.
8-глава. Талаштарды чечүү
8.1. Ушул Келишим боюнча талаштар пайда болгон учурда Тараптар аларды сүйлөшүү жолу менен чечүү чараларын көрүшөт.
8.2. Талаштарды жана пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
9-глава. Корутунду жоболор
9.1. Эгерде Тараптар күн мурунтан биле албаган, акылга сыярлык чаралар менен алдын алууга мүмкүн болбогон, өзгөчө мүнөздөгү окуялардын кесепетинен ушул Келишимди түзгөндөн кийин пайда болгон жеңилгис күч жагдайларынын натыйжасыда милдеттенмелерди аткарбаса, анда Тараптар ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан толугу менен же жарым-жартылай бошотулат.
9.2. Бардык кабарлоолор жана билдирүүлөр жазуу жүзүндө жөнөтүлүшү зарыл. Кабарлоолор жана билдирүүлөр заказдык кат менен же Тараптардын тиешелүү өкүлдөрүнө кол коюу менен өткөрүп берилсе, талаптагыдай аткарылган болуп саналат.
Маалыматтарды жана документтерди оперативдүү түрдө алмашуу үчүн Тараптар телефонду, факсты, электрондук почтаны колдоно алышат, мында документти факс, электрондук почта аркылуу жөнөткөн учурдан тартып 2 (эки) күндөн кечиктирбестен, ушул пунктта белгиленген тартипте документтин түп нускасын милдеттүү түрдө жөнөтүү зарыл.
9.3. Ушул Келишим Тараптардын ар бири үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү.
10-глава. Ушул Келишимге тиркемелер
1-тиркеме - Долбоорду ишке ашыруу планы.
2-тиркеме - Долбоордун сметасы.
3-тиркеме - Долбоорду каржылоо планы.
11-глава. Тараптардын реквизиттери жана колдору
Фонд: |
| Алуучу: |
Максаттуу каржылоо
Жөнүндө келишимге
1-тиркеме
Форма
Долбоорду ишке ашыруу планы
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Ресурстар | Жооптуулар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Максаттуу каржылоо
Жөнүндө келишимге
2-тиркеме
Форма
Алуучунун жана Фонддун эсебинен жабылуучу чыгымдардын сметасы
№ | Чыгымдардын аталышы | Сарптоолордун суммасы (сом) | Эскертүү | |
Пландаган сумма | Сарпталган сумма | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Максаттуу каржылоо
Жөнүндө келишимге
3-тиркеме
Форма
Долбоорду каржылоо планы
№ | Милдеттин/чаранын аталышы | Каржылоо булагы | Каржылоонун көлөмү (мезгил) | |||
| 1-кв | 2-кв | 3-кв | 4-кв | ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Максаттуу каржылоо
Жөнүндө келишимге
4-тиркеме
Форма
Акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчет
Уюмдун аталышы__________________________________________
Отчет берүү датасы_________________________________________
Отчет берүү мезгили________________________________________
№ | Келип түшкөн датаны көрсөтүү менен акча каражатынын түшүүсү (план) | Келип түшкөн датаны көрсөтүү менен акча каражатынын түшүүсү (план) | Пландал- ган чыгымдар | Иш жүзүндөгү чыгымдар | Киреше боюнча четтөө | Чыгымдар боюнча четтөө | Четтөөлөргө түшүндүрмө- лөр |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 1-2 | 3-4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Уюмдун жетекчиси___________________________________________
Аты-жөнү, колу
Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү ушул тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобого ылайык иштелип чыкты жана региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүү тууралуу чечим кабыл алынганда иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт.
2. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттардын көлөмү жана багыты ар жылдык негизде, республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде бекитилет.
2-глава. Республикалык бюджеттен региондорду өнүктүрүү фонддоруна каражаттарды бөлүштүрүү
3. Республикалык бюджеттен каражаттар эки топ боюнча бөлүштүрүлөт:
1) Облустарды өнүктүрүү фонддору боюнча - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган) тарабынан белгиленген ушул топ боюнча республикалык бюджеттеги каражаттардын көлөмүнөн тең үлүш менен, ири кендерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү кармоого чегерүүлөр түшкөн облустарды кошпогондо;
2) Райондорду өнүктүрүү фонддору боюнча - ар бир район боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул топ боюнча республикалык бюджетте белгиленген каражаттардын көлөмүнөн кирешелердин көлөмүнө жараша каражаттар бөлүштүрүлөт (активдерди, милдеттенмелерди жана атайын каражаттарды эсепке албаганда), буга № 1 таблицага ылайык ири кендерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү кармоого чегерүүлөр (10000000 (он миллион) сомдон ашык) түшкөн райондор кирбейт.
|
|
Экономикалык долбоорлор боюнча кредиттик линияны финансы-техникалык тейлөөгө укуктарды өткөрүп берүү боюнча Регионду өнүктүрүү фондунун, финансы-кредиттик уюмдун жана ишкердик субъекттин ортосундагы ТИПТҮҮ МАКУЛДАШУУ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
Чогуу алганда мындан ары "Тараптар" деп аталуучу, бир тарабынан мындан ары "Фонд" деп аталуучу Регионду өнүктүрүү фондунун атынан (аты-жөнү) экинчи тарабынан мындан ары "ФКУ" деп аталуучу финансы-кредиттик уюм (аталышы) жана үчүнчү тарабынан мындан ары "ишкердик субъект" деп аталуучу ишкердик субъект (аталышы) төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1. Макулдашуунун предмети
1. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун иш тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык Фонд экономикалык долбоорлорду андан ары каржылоо үчүн Фонддун бюджеттик эсебине түшкөн каражаттардын алтымыш пайыз өлчөмүндөгү финансы каражаттарын ФКУга бөлүп берет.
2. ФКУ экономикалык долбоорлорду каржылоо төмөнкүдөй шарттарды сактоо менен ички ченемдик актыларга ылайык жүргүзөт:
1) 5 жылга чейинки мөөнөт менен инвестициялык иш үчүн - жылына 6%дык ставка менен, бир зайымчыга кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 30000000 (отуз миллион) сомдон ашпоого тийиш;
2) 3 жылга чейинки мөөнөт менен жүгүртүү капиталы үчүн - жылына 6%дык ставка менен, бир зайымчыга кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 5000000 (беш миллион) сомдон ашпоого тийиш;
3) алыскы, барууга кыйын, бийик тоолуу жана чек ара аймактарында ишке ашырылуучу долбоорлор үчүн кредит берүүнүн көлөмү каржылоонун жалпы көлөмүнүн 30%нан кем болбошу керек:
- 7 жылга чейинки мөөнөт менен инвестициялык иш үчүн - жылына 5,5%дык ставка менен, бир зайымчыга кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 30000000 (отуз миллион) сомдон ашпоого тийиш;
- 5 жылга чейинки мөөнөт менен жүгүртүү капиталы үчүн - жылына 5,5%дык ставка менен, бир зайымчыга кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 5000000 (беш миллион) сомдон ашпоого тийиш.
Мында Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарында, өзгөчө статусу бар, татаал, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарында жашагандар үчүн долбоорлорду тандоодо кошумча артыкчылыктуу фактор болуп саналат.
3. Ишкердик субъекттерге кредит берүүгө арналган 30% өлчөмүндөгү бул каражаттар ФКУга төлөм, кайтарымдуулук жана мөөнөттүүлүк принциптеринде берилет.
4. Ушул Макулдашуу боюнча бардык төлөмдөр ФКУ тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сомдо) жүргүзүлөт жана карызды жоюунун эсебине төлөөгө тийиш болгон сумма Фонддун алыш-бериш эсебине иш жүзүндө келип түшкөн күнгө карата карызды төлөө катары эсептелет.
5. Финансылык каражаттар бизнес-долбоорду жактыруу жөнүндө тастыктоочу документтерди тиркөө менен ишкердик субъекттин өтүнмөсүнүн негизинде транштар менен бөлүнөт, ар бир транш үчүн жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда ушул Макулдашууга кошумча макулдашуу түзүлөт жана "Төлөм графиги" түзүлөт.
2. Фонддун милдеттенмелери
6. Кредит берүүнүн конкреттүү шарттарын көрсөтүү менен экономикалык долбоорду жактыруу жөнүндө тастыктоочу документтерди тиркөө менен ФКУга алардын өтүнмөсү боюнча каржылоону бөлүп берүү.
7. Фонд каражаттарды ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык көлөмдө жана өз убагында которууга милдеттенет.
3. ФКУнун милдеттенмелери
8. ФКУ региондук бизнес-долбоорлорду (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) төмөнкү багыттарга жана шарттарга ылайык келсе, каржылоого милдеттенет:
1) инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү;
2) жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;
3) электр энергетика;
4) айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү;
5) куроочу өндүрүш;
6) ар кандай экспортко багытталган өндүрүш;
7) жумушчу орундарын түзүү;
8) жергиликтүү сырьену колдонуу;
9) экспорттук потенциалды жогорулатуу жана импорттун ордун алмаштырууну камсыздоо.
9. ФКУ ушул Макулдашуунун негизинде төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде ишкердик субъекттерге кредит берет;
2) негизги карызды жана пайыздык төлөмдөрдү Фонддун эсебине кайтарат;
3) экономикалык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт.
10. ФКУ карыз алынган каражаттардын кайтарылышы, камсыздалышы, төлөнүшү жана мөөнөтү үчүн жоопкерчилик тарат.
11. ФКУ квартал сайын Фондго каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчёт берет.
12. Төлөм графигинде каралган төлөмдү жабуу үчүн ФКУ тарабынан которулган каражаттар жетишсиз болгон учурда, ушул Макулдашуу боюнча ФКУ тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр биринчи кезекте негизги сумманы, андан кийин пайыздарды, ал эми соңунда айыптарды төлөөгө чегерилет.
13. Эгерде төлөм датасы иш күнү эмес же Кыргыз Республикасында майрам күнүнө туура келсе, мындай төлөм мурунку банк күнүндө жүргүзүлүүгө тийиш.
14. ФКУ тарабынан ушул Макулдашуунун талаптары бузулган учурда Фонд мыйзамдарда каралган тартипке ылайык ушул Макулдашуу боюнча карыздын толук суммасын, анын ичинде негизги карыздын суммасын жана башка тиешелүү төлөмдөрдү мөөнөтүнөн мурда жабууну талап кылууга укуктуу.
15. Финансылык каражаттарды пайдалануунун бүткүл мезгилинин ичинде ФКУ Фонддун биринчи суроо-талабы боюнча керектүү документтерди, ошондой эле ФКУнун региондук экономикалык долбоорлордун алкагында жүзөгө ашырылып жаткан финансы-чарбалык ишине таандык маалыматтарды берүүгө милдеттенет.
4. Талаш-тартыштарды чечүү
16. Бул Макулдашуудан келип чыккан же ага байланыштуу Тараптардын ортосундагы кандай болбосун талаш-тартыштар, карама-каршылыктар жана өз ара дооматтар сүйлөшүүлөр же доомат жөнөтүү жолу менен чечилет.
17. Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши мүмкүн болбогон ар кандай талаш-тартыштар, карама-каршылыктар жана өз ара дооматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
18. Форс-мажордук жагдайлар (ал жеткис күчтөн таасири) болгон учурда ФКУ ушул Макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну форс-мажордук жагдайдын мөөнөтүнө токтотот. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынын фактысы Тараптардын ортосундагы акт же башка тиешелүү документ менен таризделет. Форс-мажордук жагдайлар токтотулгандан кийин ФКУ Фонддун алдындагы өз милдеттенмелерин толук жана мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө аткарууга милдеттенет.
5. Жалпы жоболор
19. Бул Макулдашуу ага Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуу боюнча ФКУ тарабынан карыз толук төлөгөнгө жана бардык милдеттенмелер толук аткарганга чейин күчүндө болот.
20. Финансылык каражаттардын транштарын берүүнү жол-жоболоштурган кошумча макулдашуулар, ошондой эле ушул Макулдашууга башка өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптар кол койгондон кийин юридикалык күчкө ээ болот жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
21. Бул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, алар жазуу жүзүндө түзүлгөн жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган учурда гана жарактуу болот.
22. Ушул Макулдашуунун шарттарын толугу менен же жарым-жартылай аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт.
23. Ушул Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлөт, ар бир тарап үчүн бирден нуска берилет.
6. Тараптардын реквизиттери жана юридикалык дареги
24. Тараптардын реквизиттери жана юридикалык даректери:
Фонд: |
| ФКУ: |
_________________________________ _________________________________ _________________________________ |
| _________________________________ _________________________________ _________________________________ |
25. Тараптардын реквизиттери жана юридикалык даректери:
Ишкердик субъект: |
|
|
_________________________________ _________________________________ _________________________________ |
|
|
26. Кол коюлган күнү жана жери, ар бир Тараптан кол коюучу адамдардын аты-жөнү, Тараптардын мөөрлөрү.".