Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 8-июлу № 89
Транспорт жөнүндө
(КР 2003-жылдын 1-августундагы № 169, 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2006-жылдын 6-февралындагы № 36, 2006-жылдын 15-июлундагы № 111, 2006-жылдын 19-июлундагы № 124, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 15-февралындагы № 21, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын транспортунун укуктук, экономикалык жана уюштуруу иштеринин негиздерин аныктайт.
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Транспорт жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын транспортунун иши менен байланышкан мамилелер ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Ташуу шарттары, транспорт каражаттарын пайдалануу, кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу, эмгекти коргоо өрткө каршы коопсуздук эрежелерин жана санитардык ченемдерди сактоо тартиби белгиленген үлгүдө бекитилүүчү жана транспорттук мамилелердин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү болуп саналган жана транспорттун тийиштүү түрлөрүндө колдонулуп жаткан ченемдик актылар менен аныкталат.
2-статья. Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Автовокзал - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз кылуучу жана 75тен көбүрөөк адам бата турган күтүү залы жана билеттик кассалары; жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчун перрону; автобустар токтой турган аянтчасы, сактоочу жайы, эне менен баланын бөлмөсү, айдоочулардын эс алуу бөлмөсү, сантехникалык түйүнү жана маалымат тактама тутуму бар имаратты камтыган бекеттик имарат жай.
Автостанция - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз кылуучу жана 75ке чейинки адам бата турган күтүү залы жана билеттик кассалары; жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчүн перрону; автобустар токтой турган аянтчасы, сантехникалык түйүнү жана маалымат тактама тутуму бар имаратты камтыган бекеттик имарат жай.
Автопавильон - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автожолдордун боюна жайгашкан линиялык имарат жай.
Кыргыз Республикасынын транспорту - бул республиканын аймагында катталган автомобиль, темир жол, аба, ички суу, шаардык электр транспорту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын менчигинде турган магистралдык трубопровод транспорту.
Ташуучу - бул менчиктөө укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде өзүнүн транспорт каражаты бар, жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн, жүктү жана почтаны акыга же жалданып ташуу боюнча кызмат көрсөткөн жана тийиштүү чечими же буга белгиленген тартипте берилген лицензиясы бар юридикалык же жеке жак.
Транспорт ишканасы - бул ташуучу болуп саналган жана жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн жана почтаны ташуу, транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо боюнча чарбалык-коммерциялык иш жүргүзгөн, транспорт иши менен байланышкан кызматтардын башка түрлөрүн көрсөткөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аракеттенген юридикалык жак.
(КР 2006-жылдын 6-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Транспорттогу менчик жөнүндө
Кыргыз Республикасында транспорт менчиктин тариздеринин (формасынын) көп түрдүүлүгүнө негизденет.
Транспортту менчиктөөчүлөрдүн бардыгы мыйзам алдында бирдей.
Транспортто мамлекеттик менчикке төмөндөгүлөр кирет:
- жалпы пайдалануудагы темир жана автомобиль жолдору жана андагы инженердик курулуштар;
- магистралдык трубопроводдор;
- кеме жүрүүчү суу жолдору, маяктар, ошондой эле кыймыл коопсуздугун жөнгө салган жана гарантиялаган жасалгалар жана навигациялык белгилер;
- аба кыймылын башкаруу тутумунун аэронавигациялык жасалгалары, коммуникация тармагы, аба кемелерин, авиациялык ташууларды тейлөө технологиясы жана учууну камсыз кылуу менен байланышкан инженердик тармактар.
Транспортто мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана приватташтыруу мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
(КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Транспортко тиешелүү жерлер
Транспортко тиешелүү жерлерге:
жерди пайдалануучу транспорт объектилерине бөлүп берген жерлер;
транспорт жолдорун жана өткөөлдөрүн курууну, реконструкциялоону, оңдоону жана күтүүнү ишке ашыруучу транспорт, жол жана башка ишканалар транспорттук жолдор жана өткөөлдөр үчүн бөлгөн жерлер.
Транспортко жер бөлүүдө пайда болуучу жер мамилелери, транспортту пайдалануу тартиби, анын ичинде калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерин бөлүп берүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, ошондой эле ага ылайык чыгарылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам жана ченем актылары менен жөнгө салынат.
Жер кулап түшкөн, көчүп, жуулуп кеткен, селге жана башка коркунучтуу табият таасирлерине дуушар болгон райондордо транспорт курулуштарын жана башка объектилерин ишенимдүү пайдаланууну камсыз кылуу максатында коргоочу зоналар түзүлүшү мүмкүн.
Транспорт ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн жерлерди башка ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге жана граждандарга жүктөрдү сактоо, жүргүнчүлөрдү тейлөө жана транспорттун иши менен байланышкан башка максаттар үчүн убактылуу пайдаланууга бере алышат.
(КР 2005-жылдын 7-февралындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II бөлүм Транспорттун ишини мамлекеттик жөнгө салуу жана башкаруу тутуму
5-статья. Транспорттун ишин мамлекеттик жөнгө салуу
Транспорттун ишин мамлекеттик жөнгө салуу транспорттун бардык түрлөрүн өнүктүрүү, укуктук жагынан камсыз кылуу, лицензиялоо, салык алуу, кредит берүү, финансылоо жана баа түзүү, инвестициялык, бирдей социалдык жана илимий-техникалык саясатты ишке ашыруу, транспорт ишканалары жана ташуучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагынан бирдей мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Башкалардын арасында сектордогу парник газдарын ыргытуу көлөмүн аныктоочу транспортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы транспортту башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана 5 жылда бир жолудан кем эмес Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизилет.
(КР 2013-жылдын 15-февралындагы № 21, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Транспорт комплексинин ишинин жана кызматынын түрлөрүн лицензиялоо
Транспорт комплексинин ишин жана кызматын жүзөгө ашыруу менен байланышкан иштер атайын уруксаттын (лицензиянын) негизинде жүргүзүлөт.
Транспорт процессин камсыз кылуучу транспорттук иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоонун колдонулуу мөөнөтү төмөнкүчө белгиленет:
жүргүнчүлөрдү ташууга - 1 жыл;
жүк ташууга - 3 жыл;
(төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык авиациянын аба кемелерин кабыл алууга жана чыгарууга, аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү, кол жүктү, жүктү жана почтаны ташууга, аба кемелерин жана алардын жабдууларын техникалык тейлөөгө - 2 жыл.
(КР 2003-жылдын 1-августундагы № 169, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
III бөлүм Транспорт ишинин негизги жоболору
7-статья. Экономикалык жана чарбалык ишинин негиздери
Транспортто экономикалык жана чарбалык мамилелердин негиздерин транспорт кызматына суроо жана сунуш-талаптардын рыногу түзөт.
Транспорт ишканалары заказчынын керектөөсүнө ылайык иш аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө өз алдынча пландарды иштеп чыгып, келишимдерди түзөт.
Рентабелдүүлүгү колдонуудагы жөнгө салынуучу тарифтер менен камсыз кылынбаган жүргүнчүлөр транспортунун ишканалары тиешелүү түрдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден дотацияланат.
Акысыз жүрүү укугун кошкондо, айрым категориядагы адамдарга транспорт кызматынан пайдаланууда жеңилдик берүүдө мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары транспорт ишканаларынын кирешесинин буга байланыштуу тарткан чыгымдарын компенсациялоонун булагын аныктайт.
Вокзалдарда, станцияларда, пристандарда, жүргүнчүлөр платформаларын жана калкты тейлөө боюнча башка объектилерди куруу мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Автовокзалдардын, автостанциялардын, автопавильондордун кызмат көрсөтүү иштерин уюштуруу жол жүрүүгө байланышкан бардык операцияларды аткарууда аз убакытты сарптоо менен жүргүнчүлөргө бардык ыңгайлуулуктарды түзүп берүүгө тийиш.
Автовокзал, автостанция шаарлар аралык жүргүнчүлөрдү жана областтар аралык жана эл аралык маанидеги шаарлардын чет жакаларындагы маршруттарды тейлөөгө арналышкан.
Мамлекеттик портторду жана суу жолдорун пайдалануу үчүн, ошондой эле аба транспортунда учууну башкаруу үчүн юридикалык жана жеке жактардан, анын ичинде чет өлкөлүк жактардан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана өкмөттөр аралык макулдашуулар менен аныктала турган тартипте жана өлчөмдө акы алынат.
(КР 2006-жылдын 6-февралындагы № 36, 2006-жылдын 15-июлундагы № 111, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Жол кире
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка жагдайлар каралбаса, жүк, жүргүнчү жана кол жүк ташуу үчүн төлөнүүчү жол киренин өлчөмү тараптардын макулдашуусунда белгиленет.
Жалпы пайдалануудагы транспорт менен жүк, жүргүнчүлөрдү жана кол жүгүн ташууга жол кире Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы монополияга каршы саясат боюнча Мамлекеттик департамент менен макулдашылган тарифтердин негизинде аныкталат.
Жүк ээлеринин талабы боюнча аткарылуучу иштер жана көрсөтүлгөн кызмат тарифтерде каралбаса, тараптардын макулдашуусу боюнча төлөнөт.
9-статья. Жүк, жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн ташуу, транспорттук экспедициялык кызмат көрсөтүү
Жүк, жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн ташуу, транспорттук-экспедициялык операцияларды ишке ашыруу шарттары жана ташуу, транспорттук-экспедициялык операциялар боюнча тараптардын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.
10-статья. Аралаш транспорт катнашы
Темир жол, суу жана автомобиль транспорту аралаш транспорт катнашынын тутумунун уюштура алат.
Аралаш транспорт катнашын уюштуруу тартиби мамлекеттик транспортту башкаруу органы тарабынан белгиленет.
11-статья. Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү транзиттик ташуу
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү транзиттик ташуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык макулдашууларына жана келишимдерине ылайык мамлекеттер аралык катнаш үчүн ачылган жолдор, трассалар жана аба жолдору боюнча ишке ашырылат.
IV бөлүм Транспорттогу коопсуздук жана жоопкерчилик
12-статья. Транспорт каражаттарына коюлуучу талаптар
Транспорт каражаттары эл аралык жана мамлекеттик стандарттар жана техникалык шарттар менен белгиленүүчү коопсуздук талаптарына, медициналык-санитардык ченемдерге, эмгекти коргоо жана экология ченемдерине ылайык келүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте катталууга тийиш.
(КР 2006-жылдын 19-июлундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу
Транспорт каражаттарын башкаруу укугу тийиштүү квалификациясы бар жана ден соолук абалын медициналык жактан күбөлөндүрүүдөн өткөн адамга берилет.
Транспорт каражаттарын башкаруу боюнча квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
Транспорт каражатын башкарууга адамдын саламаттык абалынын жарактуулугуна баа берүү критерийлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген тартипте медицина кызматкерлери тарабынан аныкталат.
14-статья. Ташуучунун жоопкерчилги
Ташуучу жүктү, кол жүгүн жана почтаны кабыл алган учурдан тартып ээсине бергенге чейин сакталышын камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларды кошпогондо, ташуучунун жүргүнчүлөр жана жүк ээлери менен жоопкерчиликти чектөө же четтетүү жөнүндө макулдашуусу жараксыз.
Ташуучу ташууга кабыл алынган жүктүн жоголушу, жетпей калышы жана зыянга учурашы үчүн жооп берет, өз күнөөсү менен келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактарга төлөп берет.
Ташуучу зыян тартуу жабырлануучунун арамзалыгынын же табияттын баш ийгис күчүнүн кесепетинен пайда болгондугун далилдей албаса, ташуу учурунда жүргүнчүнүн өлүмүнүн же саламаттыгына залал келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан зыян тартуу үчүн мүлктүк жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында жоопкерчиликтин башка түрлөрү да каралышы мүмкүн.
15-статья. Транспортто коопсуздукту жана экологиялык ченемдерди камсыз кылуу
Транспорт ишканалары жана ташуучулар граждандардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын копсуздугун, транспорт каражаттарынын жүрүү коопсуздугун, ошондой эле курчаган чөйрөнү коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
Станциялардын, пристандардын, аэропорттордун, автотранспорт ишканаларынын аймактары, ошондой эле транспорт каражаттары жүргөн жана жүк жүктөө -жүк түшүрүү иштери жүргүзүлгөн темир жол линиялдары жана суу жолдору коркунучу көп зоналар болуп саналат.
Коркунучу көп зонада болуу жана анда иш жүргүзүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Көрсөтүлгөн эрежелердин бузулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизме боюнча коркунучтуу жүктөрдү кайтаруу жана узатуу, ченемдик актыларга ылайык, жүк жеткиче бүткүл жол бою жүктү жөнөтүүчүлөр же алуучулар тарабынан камсыз кылынат.
Жардыргыч, тез от алуучу, радоактивдүү, уулу жана башка коркунучтуу жүктөрдү ташыган жүк жөнөтүүчүлөр жана жүк алуучулар аларды ташуу коопсуздугун гарантиялоого, жүк ташууда авариялык кырдаалдардын алдын алуу, ошондой эле авариянын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон каражаттары жана шайма-шай бөлүктөрү болууга милдеттүү.
Ташуучулар курчаган чөйрөнү, аба бассейнин, суу көлмөлөрүн, жерлерди коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча бардык зарыл чараларды ишке ашырууга милдеттүү. Курчаган чөйрөгө келтирилген зыян үчүн ташуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
Пайдалуу кен жаткан аянттарда транспорт ишканаларын долбоорлоого жана курууга, мындай кен бар жерлерге жер астынан өтүүчү курулуштарды жайгаштырууга тыюу салынат. Айрым бир учурларда гана буга атайын ыйгарым укугу бар геология жана жер казынасын коргоо органдарынын уруксаты менен жол берилет.
Транспорт ишканалары жаратылышты коргоо иш-чараларын пландаштырууга жана уюштурууга жана финансылоого, курчаган чөйрөнү жана жер казынасын коргоо жагынан өндүрүштүк жана ведомстволук көзөмөл жүргүзүүгө, милдеттүү түрдө экологиялык паспорт алууга тийиш.
(КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Транспорттук камсыздандыруу
Жүргүнчүлөр транспортту пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандырылышы мүмкүн.
Эл аралык ташуулар боюнча камсыздандыруу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана конвенцияларга ылайык жүзөгө ашырылат.
Жүктөрдү ыктыярдуу камсыздандыруу түрлөрү жана шарттары, ошондой эле тартиби тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
17-статья. Транспорт коопсуздугун камсыз кылуу
Транспорт каражаттарын кабыл алган, чыгарган же тейлеген транспорт ишканалары жана ташуучулар транспорт коопсуздугунун эрежелерине ылайык транспорттун ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн аны коргоо боюнча чара көрүүгө милдеттүү.
Транспорттун ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн аны коргоо төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
башка бирөөлөрдүн транспортко аралашуусуна жол бербөө;
транспорт токтогон жайларда башка бирөөлөрдүн транспорт каражаттарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө жол бербей, транспорт каражаттарын кайтаруу;
транспортто ташууга тыюу салынган курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч, радиоактивдүү, ууландыруучу, тез от алуучу жана башка коркунучтуу заттарды мыйзамсыз ташып өтүүгө мүмкүнчүлүк бербөө;
курал-жарактарды жана ок-дарыларды ташууда копсуздуктун өзгөчө чараларын киргизүү менен, аларды транспорт каражаттарында жүргүнчүлөрдөн обочо жүк ташылуучу жайда, дүрмөттөлбөгөн абалда ташууну камсыз кылуу;
эгерде транспорт жөнүндө мыйзам актыларында буга жол берилсе, атайын текшерүүлөрдү жүргүзүүгө; транспорт каражаттарын транспорттун коопсуз иштөөсүн камсыз кылуучу, ошондой эле транспорт каражатынын мыйзамга каршы пайдаланылышына жол бербеген техникалык каражаттар менен жабдуу;
транспортту мамлекеттик башкаруу органы атайын иштеп чыккан ченемдик укуктук актылар менен, алар жардыргыч, радиоактивдүү, ууландыруучу, тез от алуучу заттарды жана буюмдарды ташууда коопсуздук чараларын, техникалык ченемдерди жана копсуздук эрежелерин, ошондой эле транспорт коопсуздугун камсыз кылуу менен транспорттун ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө каршылык көрсөтүү чараларын камтыйт.
V бөлүм Корутунду жоболор
18-статья. Транспорттун ишине контролдук
Транспорттун ишин жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан транспорт каражаттарын пайдаланууда транспорттук мыйзамдардын, жол кыймылынын коопсуздугу жана экология жагынан талаптардын аткарылышына контролду Кыргыз Республикасынын транспортту мамлекеттик башкаруу органы жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган башка мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашырылат.
Транспорт каражаттарын тинтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда гана жүргүзүлөт.
19-статья. Транспорт жаатындагы мамлекеттер аралык мамилелер
Кыргыз Республикасынын транспортун мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте макулдашууларды жана келишимдерди түзүү укугу менен транспорт жаатындагы мамлекеттер аралык мамилелерде республиканын кызыкчылыгын билдирет.
Транспорт ишканалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен тышкы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүп жана продукцияны экспорттоп (импорттоп), иш жана кызмат көрсөтө алышат.
Эгерде эл аралык, мамлекеттер аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандагыдан башка эрежелер белгиленсе, анда тийиштүү келишимдин эрежелери колдонулат.
20-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 1998-жылдын 17-июлунда № 93-94 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин;
- өз чечимдерине ушул Мыйзамдан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга өздөрүнүн чечимдерин, токтомдорун жана ведомстволук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү камсыз кылсын.
(КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
1998-жылдын 16-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |