Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июлу № 524
Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-октябры № 723, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Чачынды алтынды жекече казып алуу боюнча ишти тартипке келтирүү, алынган металлды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:
- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы бөлүкчө менен толукталсын:
"
Баалуу металлдар департаменти | ||
1 | Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтылган концентратты сатып алууга, сатууга уруксатты | "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
";
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик" деген бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:
"
1 | Аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кендердин жана тоо тектеринин үлгүлөрүн, концентраттарды, өндүрүш калдыктарын жана лабораториялык сынамдарды Кыргыз Республикасына ташып киргизүүгө жана чегинен сыртка ташып чыгууга уруксатты | "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
".
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-октябры № 723 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтылган концентратты сатып алууга уруксат берүүнүн тартибин аныктоочу жобонун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында белгиленген ырааттуулукка ылайык баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу жана алардын башка өлкөлөргө контрабандасынын каналдарын жабуу боюнча чараларды көрүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын аймагында жекече алтын казып алуучулук жана кум түрүндөгү алтынды кабыл алууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |