Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жер казынасынын бүтүндүүлүгүн олуттуу бузбастан, кол менен же өндүрүмдүүлүгү саатына 2 куб метрден ашпаган текти чайкоочу приборлорду колдонуу менен чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу боюнча ишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында кум түрүндөгү алтынды кабыл алууну жана сатууну уюштурууну регламенттейт.
2. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр:
чачынды - сынык, агрегат, кум түрүндө баалуу минералдарды (алтын) камтыган тоо тектеринин сынык материалдарынын топтолушу;
кум түрүндөгү алтын - чачынды кендин кумдарын гравитациялык байытуудан алынган, көбүнчө таза түрдө, ар кандай чоңдуктагы баалуу металлдын майда бөлүктөрү түрүндө тазаланбаган алтын.
чайкоочу - пайдалуу кенди жекече казып алган жана иштеткен жеке ишкер.
алтын кабыл алуучу кассалар - жекече чайкоочулардан алтыңды кабыл алуу боюнча пункт.
3. Чачынды алтынды казып алуу жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан берилген күбөлүктүн негизинде ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жекече чайкоочулар тарабынан ишке ашырылат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан берилген жекече чайкоочу катары катталган, чачынды алтынды казып алуу ишин жүзөгө ашыруу күбөлүгү (мындан ары - Күбөлүк) бөлүнгөн участокто чачынды алтынды казып алууга укук берет.
Күбөлүк бир жер участогуна жана бир жылдык мөөнөткө берилет.
2. Жекече казып алуу ыкмасы менен иштетүүгө тийиштүү жер казынасынын участоктору
4. Жекече казып алуу ыкмасы менен Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин жана көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик кадастрына киргизилбеген алтындын чачынды минерализациясы менен жер казынасынын участогу иштетилиши мүмкүн. Чачынды алтынды казып алуу жекече чайкоочулар тарабынан ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн Күбөлүктүн негизинде, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында төмөнкүлөрдөн тышкары ишке ашырылат:
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чачынды алтынды издөөгө, чалгындоого же чачынды алтын кендерин иштетүүгө лицензия берилген аянттардан;
- чачынды алтынды издөөгө жана чалгындоого же чачынды алтын кендерин иштетүүгө билдирүү берилген аянттардан;
- чалгындалган запастары бар аянттардан;
- кен калдыктары жана уулуу заттар көмүлгөн жайлардан;
- коруктардын, мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын, мамлекеттик заказниктердин, жаратылыш жана маданият эстеликтеринин аймактарынан;
- мамлекеттик чек арасын белгилүү же кесип өтүү чек ара тилкесинде, мамлекеттин чек арасында жана анын ичинде чек ара дарыяларында мамлекеттик чек ара режими далилделген участокторунда.
5. Чачынды алтын кенинин жана чачынды алтынды жекече казып алууну жүргүзүүгө тыюу салынган аянттардын лицензиялангандыгы жана лицензияланбагандыгы тууралуу маалыматтар жергиликтүү мамлекеттик администрациянын суроо-талабы боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 30 календардык күндүн ичинде берилет, ошондой эле жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Жаңы кендерди жана аянттарды лицензиялоодо маалымат лицензия берилгенден кийин 15 календардык күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрацияга берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бош, рентабелдүү эмес жана иштелип бүткөн чачынды участоктордо, алтындын белгилеринин жана кендеринин, жана чачынды алтынды жекече казып алууну жүргүзүүгө тик бурчтуу бурчтук координаттары менен аянттардын тизмеси жергиликтүү мамлекеттик администрациянын суроо-талабы боюнча 30 календардык күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет, ошондой эле жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Чачынды алтынды издөөгө же чалгындоого аянттарды лицензиялоодо, ушул аянтка мурда чачынды алтынды казып алууга Күбөлүк алган жекече чайкоочу учурдагы жылдын аягына чейин өз ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.
8. Жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан чачынды алтынды жекече казып алуу үчүн бөлүнүп берилүүчү жер участогунун өлчөмү конкреттүү геолого-географиялык шарттар жана координаттар менен аныкталат жана суу агымынын узундугу боюнча (суунун жайылмасы, жайылманын үстүндөгү тектирчелер) анын табигый кеңдиги боюнча 500 метрден ашпашы керек же статистика органдарында жумушчуларды жалдоого укуксуз жеке ишкер катары катталган 0,1 гектардан көп эмес же статистика органдарында жумушчуларды жалдоо укугу менен жеке ишкер катары катталган 0,5 гектардан көп болбоого тийиш.
9. Жер участокторунда жүзөгө ашырылуучу жекече чайкоочу иши жердин менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде жүргүзүлөт.
Жекече чайкоочуга жер участогун убактылуу пайдаланууга жазуу жүзүндөгү макулдук аймактык таандыгына ылайык төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагындагы жер участогуна, - аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (жергиликтүү мамлекеттик администрация) тарабынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчисинин колу коюлган расмий бланкта;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагындагы жер участогуна, - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин колу коюлган расмий бланкта;
- үчүнчү жактын жеке менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган жер участогуна, - алардын жазуу жүзүндөгү макулдугун берүү керек. Мында жер участогунун менчик ээси жеке жак болуп эсептелген учурда, анда жазуу жүзүндөгү макулдашууга коюлган анын колу нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүшү керек.
10. Жер участокторун колдонууга жазуу жүзүндөгү макулдук алуу үчүн статистика органдарында катталган, ошондой эле Күбөлүктү алган жеке ишкер мамлекеттик администрацияга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына төмөнкүлөрдү берет:
- арызды;
- Күбөлүктүн көчүрмөсүн.
11. Жер укугунун ээси, арыз берилген күндөн тартып, 30 календардык күндүн ичинде берилген документтерди карап чыгуусу жана жекече казып алуу ишине жер участокторун берүүгө кат жүзүндөгү макулдугун берүүсү керек. Эгерде, арыз берилген күндөн тартып 30 календардык күндүк мөөнөттө келип түшкөн арызды карап чыгуунун жыйынтыгы жок болсо, ушул Жобонун 9-пунктундагы шарттарына ылайык жер участокторун берүүгө макулдугу алынды деп эсептелет.
12. Жеке менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган жер участогун убактылуу колдонуу укугу келишимдин негизинде жер участоктун жеке менчик ээси же жер укугун пайдалануучусу тарабынан берилет.
3. Чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруучу жактардын реестри
13. Жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан бөлүнгөн жана ага Күбөлүк берилген жер участогунда чачынды алтынды казып алууну жүзөгө ашырган жекече алтын чайкоочу чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашырган жактардын реестрине (мындан ары - Реестр) киргизилет.
14. Реестр жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан жүргүзүлүп, квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 10нан кечиктирбей жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына Жыйынды реестрин түзүү үчүн Реестрде камтылган маалыматты жиберет.
15. Жыйынды реестрдин формасы жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
16. Реестр төмөнкүдөй маалыматтарды камтуу менен чачынды алтынды жекече казып алууну каттоо жөнүндө Күбөлүктөр берилген, ар бир жекече алтын чайкоочу боюнча маалыматты камтыйт:
- жекече алтын чайкоочунун аты-жөнүн, паспорттук маалыматтарын, туулган күнүн, жашаган жерин;
- учурдагы жылдын аягына чейин жекече алтын чайкоочу чачынды алтынды казып алууну жүзөгө ашырууга укуктуу болгон жер участогунун жайгашкан жерин жана өлчөмүн;
- жеке ишкер катары статистика органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номерин;
- жекече алтын чайкоочулар тарабынан мурда иштетилген участоктор боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматтарды (эгерде мындайлар бар болсо);
- мурда иштетилген чачынды түрүндөгү алтын бар участоктор боюнча казып алынган кум түрүндөгү алтынды сатуунун шарттарын бузуу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аларды жокко чыгарууну (эгерде мындайлар бар болсо);
- мурда иштетилген чачынды түрүндөгү алтын бар участоктор боюнча жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аларды жокко чыгарууну (эгерде мындайлар бар болсо).
4. Чачынды алтынды казып алууну жүзөгө ашырган жекече чайкоочуну каттоо жөнүндө Күбөлүктү берүүнүн өзгөчөлүктөрү
17. Статистика органдарында жеке ишкер катары катталган жекече чайкоочу Жыйынды реестрден жекече чайкоочунун иши тууралуу маалыматты алуу үчүн жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз менен кайрылат.
18. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 5 календардык күндүн ичинде Жыйынды реестрден маалыматты көчүрмө түрүндө берет.
Жекече чайкоочу жөнүндө маалымат жок болгон учурда, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү маалыматтардын жоктугу жөнүндө маалымдайт.
19. Күбөлүктү алуу үчүн статистика органдарында жеке ишкер катары катталган, жеке жак жергиликтүү мамлекеттик администрацияга төмөнкүдөй документтерди бериши керек:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арызды;
- ушул Жободо каралган бузуулардын жоктугу/болушу жөнүндө Жыйынды реестрден көчүрмөнү.
20. Арыз анын аймагында билдирилген участок жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан 15 календардык күндүн ичинде Күбөлүгү берилди/берилген жок деген чечим чыгаруу менен каралат.
21. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы ар бир жекече чайкоочу боюнча иш ачат, анын маалыматтары Реестрге киргизилет.
22. Жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан Күбөлүк берүү "биринчи билдирүү укугу" башкы каттоо принциби боюнча жүргүзүлөт (биринчи билдирмесин берген жекече чайкоочусуна Күбөлүк берилет).
23. Жергиликтүү мамлекеттик администрация Күбөлүктү берүүгө төмөнкү учурларда баш тартууга укуктуу:
- статистика органдарында жеке ишкер катары каттоонун жоктугу;
- эгерде чайкоочу чачынды алтынды казууга укуктуу болгон, билдирилген участокко Күбөлүк берилген же билдирүү катталган болсо;
- жекече чайкоочулар тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга мурун иштетилген чачынды участоктор боюнча жылдык отчёттун берилбеши (эгерде мындайлар бар болсо);
- мурда иштетилген чачынды участоктор боюнча казылган кум түрүндөгү алтынды сатуу шарттарынын бузулушу (эгерде мындайлар бар болсо жана/же жокко чыгарылбаса);
мурда иштетилген чачынды участоктор боюнча жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушу (эгерде мындайлар бар болсо жана/же жокко чыгарылбаса).
5. Жекече чайкоочулардын милдеттери
24. Чачынды алтынды казууга байланыштуу жумуштарды жүргүзүүдө жекече чайкоочу кумдан алтынды алуунун гравитациялык гана ыкмасын колдонууга милдеттүү. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуу менен алтынды бөлүп алуу технологиясын колдонууга таптакыр тыюу салынат (цианиддөө, амальгамациялоо ж.б.).
25. Жекече чайкоочу экологиялык, техникалык, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо, кен байлыктарды коргоо жана казылган алтынды камтыган концентраттын бузулбай сакталышы боюнча зарыл эрежелерди жана чараларды сактоого милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
26. Экологиялык, техникалык, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо боюнча зарыл эрежелерди жана чараларды сактоо милдетин бузуу учурунда, экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу территориялык мамлекеттик органы жекече чачынды алтынды казып алуу ишин токтотууга укуктуу.
27. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, ушул Жободо каралган талаптар бузулган учурда, анын толук жоюусуна чейин чачынды алтынды казып алуу ишин токтотууга укуктуу.
28. Ушул Жободогу каралган талаптар бир жылдын ичинде кайра бузулган учурда, жергиликтүү мамлекеттик администрация Күбөлүгүн кайта чакырып алат.
29. Ушул Жободо каралган жана экологиялык, техникалык, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо боюнча талаптарды бузуу, ошондой эле аларды жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтар Жыйынды реестрге киргизилет.
30. Жекече чайкоочулар отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-февралынан кечиктирбей, аткарылган иштер (чачынды алтынды казып алуу, кум түрүндөгү алтынды сатуу) тууралуу жылдык отчётту ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык формада жергиликтүү мамлекеттик администрацияга тапшырат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация ар жыл сайын, 1-марттан кечиктирбей, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жекече чайкоочулар берген отчётторду жөнөтөт.
Жекече чайкоочулар жылдык отчётту бербеген учурда, жергиликтүү мамлекеттик администрация Жыйынды реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизүү үчүн жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органды 15 календардык күндүн ичинде кабарлайт.
31. Отчётту тапшыруу, ошондой эле ушул Жободо каралган казып алуу шарттарын сактоо төмөнкүлөр үчүн негиз болуп эсептелет.
- Күбөлүктүн мөөнөтүн бир жылга узартууга;
- жаңы чачынды участогун алууга.
32. Райондук жана облустук борборлордо, ошондой эле чачынды алтын кендери жайгашкан жана жекече чайкоочу иш жүргөн жерлерде кум түрүндөгү алтынды сатып алуу жана сатуу үчүн алтынды кабыл алуучу кассалар уюштурулат.
33. Кыргыз Республикасында казылып алынган кум түрүндөгү алтынды жана алтынды камтыган концентраттарды сатып алууга уруксат берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
6. Башка жоболор
34. Жаңы келечектүү аянтчалар табылган учурда жекече чайкоочу геологиялык изилдөөгө лицензия алууга жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүнү берүүгө укуктуу.
35. Жекече чайкоочу тарабынан чачынды участокту үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө кандай гана формада болбосун тыюу салынган.
36. Жекече чайкоочулар менен жер участокторунун ээлеринин ортосундагы жер мамилелеринен келип чыккан талаштар соттон тышкары тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жардамы менен, тараптар макулдашууга жетише албаган учурда - сот тартибинде чечилет.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
|
| ______________________________________ |
|
| мамлекеттик администрациясына |
|
| кимден: ______________________________ |
|
| арыз ээсинин аты-жөнү |
АРЫЗ
Мени чачынды алтынды жекече казып алуучу катары каттоодон өткөрүүңүздөрдү суранам,
жер участоктун жайгашкан жери:
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
кенди казып алуунун так географиялык координаттары көрсөтүлөт, район, облус
20___жылга.
Паспорттук маалыматтар: Сериясы __________ № ____________________________________
Берилген датасы, жери ____________________________________________________________
Туулган датасы __________________________________________________________________
Жашаган жери ___________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
Жеке ишкер катары катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелет.
Дата _______________ Колу _______________
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Чачынды алтынды жекече казып алуучуну каттоо жөнүндө № __________________ КҮБӨЛҮК
Кимге берилген:
_________________________________________________________________________________
(жекече казып алуучунун аты жөнү)
Паспорттук маалыматтар:
серия ________________________________________ № _________________________________
ким тарабынан берилген: ___________________________, берилген датасы: ________________
туулган датасы: ____________________________________________________________________
Жашаган жери: ____________________________________________________________________
Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк:
сериясы ______________________________________ № _________________________________
ким тарабынан берилген: _____________________________ берилген датасы: _______________
Жекече казып алуу жүзөгө ашырылуучу участоктун аталышы ______________________________
___________________________________________________________________________________
Жекече казып алуу участогунун администрациялык жайгашкан жери ________________________
___________________________________________________________________________________
Каттоонун жарактуу мөөнөтү: 20_____-жылдын "___" _____________ чейин
Катталган күнү: _____________________________________________________________________
Мамлекеттик администрациянын башчысы | _________________________________________ |
| (аты-жөнү) |
М.О.
Дата ____________________________ Колу _____________________
____________________________________________________________________ чейин узартылды |
(аты-жөнү) |
М.О.
____________________________________________________________________ чейин узартылды |
(аты-жөнү) |
М.О.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
Чачынды алтынды жекече казып алуу жөнүндө ОТЧЕТ ____________________________________________ боюнча (административдик райондун аталышы) _________________________-жыл үчүн
№ | Жекече казып алуучунун аты-жөнү, чачынды алтын казып алынган участоктун жайгашкан жери жана аталышы | Чачынды алтын казып алууну жүзөгө ашырган жекече казып алуучунун катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номери | Казып алынган чачынды алтын (таза уюган түрдөгү), кг | Сатып өткөрүлгөн алтын | |
Баасы, сом/г | Бардыгы, сом | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Дата: ________________ Колу:__________________
М.О.