Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАКСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-октябры № 723
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомунуну редакциясына ылайык )
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдериндеги коллизияларды жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомуна ылайык) КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |