Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-сентябры № 660
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2015-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17 жана 31-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 26-августундагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2015-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтан белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- 2015-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укуктарынан ажырашкан эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автоунаа менен жеткирүүнү уюштурсун;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), аскер комиссариттарына жарандарды аскердик альтернативдик кызматтарга чакырууну уюштурууда көмөк көрсөтүшсүн жана чакыруу комиссияларынын ишин уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыздашсын:
- жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автоунаа, байланыш каражаттары;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары менен.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын өтүнмөлөрү боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссияларына чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтөөр алдында, аларды контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы жыйноо пункттарын, адис дарыгерлер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
- ден соолугунун абалы изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттуулугу ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиштүү жарандарынын, аскердик кызматка чакыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү суроолору чечилмейинче, Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун убактылуу чектесин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ
Керималиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын (чакыруу) начальниги, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Калмаматов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Сулайманов Н.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын аскердик - мобилизациялык иштерди уюштуруу жана жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн инспектору; |
Абакиров Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Мураталиев Б.О. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Назаралиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Эдилбаев С.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Барпиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Маметов И.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Султанов М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Мамбеталиев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси, улук дарыгер (Республикалык жыйноо пункту); |
Матазов Б.А. | - | Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын врач-урологу (Ош жыйноо пункту); |
Сатарова Н.А. | - | Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы дарыгер-терапевт (Жалал-Абад облустук жыйноо пункту); |
Миталипов К.К. | - | Үй-бүлөлүк медицина борборунун маалымат бөлүмүнүн бөлүмчөсүнүн башчысы (Кадамжай жыйноо пункту); |
Ташматова Г.Б. | - | Балыкчы шаардык Үй-бүлөлүк медицина борборунун өспүрүмдөр дарыгери, дарыгер-терапевт (Балыкчы жыйноо пункту); |
Жумабекова И.М. | - | Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун өспүрүмдөр дарыгери, терапевт-дарыгери (Талас облустук жыйноо пункту). |
Резерв: | ||
Абдылдаева Г.М. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборунун амбулаториялык-диагностикалык бөлүмчөсүнүн башчысы (Республикалык жыйноо пункту); |
Шананова Г.Т. | - | Ош шаарынын облустар бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгер-терапевти (Ош жыйноо пункту); |
Эсенбаева Г. | - | Жалал-Абад шаарынын № 2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери-терапевти (Жалал-Абад жыйноо пункту); |
Эргешов М.Б. | - | Кадамжай аймактык ооруканасынын директорунун орун басары (Кадамжай жыйноо пункту); |
Самакова Н.Ж. | - | Балыкчы № 2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер-терапевти (Балыкчы жыйноо пункту); |
Абдраимова Н. | - | Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун, директорунун орун басары, дарыгер-терапевти (Талас облустук жыйноо пункту). |