Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 717 токтому менен бекитилген |
Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 552, 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Ушул Тартип камсыздалган жарандардын топтомо пенсиялык фонддорду тандоо укугун жүзөгө ашыруу, топтомо пенсиялык фонддордун өнүгүшүнө дем берүү максатында "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражатты инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана топтомо пенсияны Жөнөтүүчү фонддон Алуучу фондго жөнөтүү эрежесин, ошондой эле топтолгон пенсияны которуунун негиздеринин болушун аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
Жөнөтүүчү фонд - топтомо пенсиялык фонд, аманатчынын же камсыздандырылган адамдын арызынын негизинде андагы топтолгон пенсия башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которулат;
Алуучу фонд - топтоочу пенсиялык фонд, ага камсыздандырылган адам же аманатчы (катышуучу) мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо келишиминин негизинде пенсиялык топтоолорун которот, же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду;
топтолгон пенсияны которуу - Жөнөтүүчү фонддун аманатчынын (алуучунун) же Алуучу фонддун камсыздандырылган адамдын жекече пенсиялык эсебине топтолгон пенсиянын суммасын которууга керектүү иш-аракетинин ырааттуулугу;
топтолгон пенсияны которуу жөнүндө арыз - топтолгон пенсиянын суммасын которуу үчүн Жөнөтүүчү фондго берилүүчү бекитилген формадагы документтер.
3. Камсыздандырылган адам, аманатчы (катышуучу) Алуучу фонддун милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишими же мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо келишими болсо Жөнөтүүчү фонддон өзүнүн топтолгон пенсиясын Алуучу фондго которууга укуктуу.
4. Топтомо пенсиялык фонд (мындан ары - ТПФ) Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жана ушул Тартипке ылайык аманатчынын (катышуучунун) же камсыздандырылган адамдын топтолгон пенсиясын, анын ичинде инвестициядан алган кирешесин кошо которууга милдеттүү.
5. Топтомо пенсиялык каражатты түзүүдө жана инвестициялоодо көрсөтүлгөн каражатты которуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жылына бир жолкудан көп эмес жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
6. Жөнөтүүгө жаткан топтолгон пенсиялык каражаттын өлчөмү, тиешелүү камсыздандырылган адамдын пенсиялык эсебиндеги топтолгон пенсиянын бөлүгүн же аманатчынын (катышуучунун) мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоодогу пенсиялык эсебиндеги топтолгон пенсиянын суммасы менен аныкталат.
2. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин же мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо келишиминин аракетин токтотуу шарты
7. Камсыздандырылган адамдын же аманатчынын (катышуучунун) пенсиялык камсыздандыруу боюнча келишиминин аракети төмөнкүдөй токтотулат:
1) милдеттүү пенсиялык төгүмдүн эсебинен топтолгон пенсияны Алуучу фондго которууда - мындай адамдардын жекече пенсиялык эсеби жабылган күндөн;
2) ыктыярдуу пенсиялык төгүмдүн эсебинен топтолгон пенсияны Алуучу фондго которууда - ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган документтер алынган күндөн он беш жумушчу күн өткөндөн кийин, которулган топтолгон пенсия кайтарылбаган жана пенсиялык төгүмдөр түшпөгөн шартта;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 316 "Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна ылайык ТПФны же ТПФнын башкаруучу компаниясын тандоодо.
3. Топтолгон пенсияны Жөнөтүүчү фонддон Алуучу фондго которууга негиздер
8. Жөнөтүүчү фонд топтолгон пенсияны төмөнкү негиздер боюнча, алардын кайсынысы биринчи болгонуна жараша берет:
1) ТПФ менен камсыздандырылган адамдын же аманатчынын (катышуучунун) ортосундагы милдетnүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишим же мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим бул жактардын ортосунда жаңы келишим түзүлгөнүнө байланыштуу токтотулганда.
Пенсиялык эсептеги эсепке алынып топтолгон пенсия камсыздандырылган адам же аманатчы (катышуучу) которуу жөнүндө белгиленген формада арыз берген учурдан тартып үч айдан кеч эмес мөөнөттө Жөнөтүүчү фонддон Алуучу фондго өткөрүлөт.
Которууга негиз болуп, көрсөтүлгөн арызды канааттандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондусунун камсыздандырылган адамга жана ТПФга жөнөткөн билдирүүсү эсептелет;
2) ТПФнын милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча ишти жүргүзүүгө лицензиясынын жокко чыгарылышы. Топтолгон пенсия лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч айдан ашпаган мөөнөттө өткөрүп берилет.
Топтолгон пенсияны берүүгө негиз болуп соттун лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечими эсептелет;
3) соттун ТПФны кудуретсиз деп таануу жөнүндө чечим чыгарышы жана/же ТПФ жоюлганда. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча топтолгон пенсия ушул Тартипке ылайык Социалдык фондго өткөрүлөт.
Топтолгон пенсияны өткөрүп берүүгө негиз болуп соттун тиешелүү чечими эсептелет.
4) пенсиялык топтоо каражаттарын пенсиянын топтоо бөлүгүн түзүүгө жумшаган аманатчы (катышуучу), камсыздандырылган адам каза болгондо, эгерде мураскорлору аныкталбаса. Топтолгон пенсияны, анын ичинде аларды инвестициялоодон түшкөн киреше дагы алты ай өткөндөн кийин тиешелүү маалымат менен кошо Социалдык фондго өткөрүп берилет.
Топтолгон пенсияны өткөрүп берүүгө негиз болуп камсыздандырылган адамдын же аманатчынын (катышуучунун) өлгөндүгү тууралуу маалыматты камтыган документ эсептелет.
9. Ушул Тартиптин 8-пунктунда каралган учурларда, ТПФ топтолгон пенсияны өткөрүп берүүгө негиз болуучу тиешелүү документти алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө камсыздандырылган адамга же аманатчыга (катышуучуга) келишимдин токтотулгандыгы жөнүндө билдирүүнү жиберет.
4. Топтолгон пенсияны Жөнөтүүчү фонддон Алуучу фондго которуунун тартиби
10. Ар бир камсыздандырылган адамга же аманатчыга (катышуучуга) берилүүгө тийиш болгон топтолгон пенсиялык каражат эки бөлүктөн турат:
- негизги сумма - келишимдин аракети токтотулган датага карата пенсиялык эсепте эсепке алынган топтолгон пенсия;
- инвестициялык киреше - топтолгон пенсиянын негизги суммасын бергенден кийин пенсиялык эсепте чагылдырылган топтолгон пенсия (финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түшкөн инвестициялык киреше жана фонд алган, бирок кийин пенсиялык эсепте чагылдырылган камсыздандыруу төлөмдөрү).
11. Топтолгон пенсияны которууда камсыздандырылган адам же аманатчы (катышуучу) төмөнкү документтерди берет:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча топтолгон пенсияны которуу жөнүндө арыз, ага мурда ТПФ менен камсыздандырылган адамдын же аманатчынын (катышуучунун) ортосунда түзүлгөн милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин же мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо келишиминин көчүрмөлөрү тиркелет;
2) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – паспорт (ID-карта);
3) качкындын расмий статусу бар жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында такай жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - жашап турууга уруксаты;
41) кайрылмандын расмий статусуна ээ болгон адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү;
5) топтолгон пенсиясы которулуучу ТПФ (Алуучу фонд) менен түзүлгөн милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин же мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;
6) камсыздандырылган адамдын ТПФны тандоо жөнүндө арызын канааттандыруу жөнүндө Социалдык фонддун камсыздандырылган адамга билдирүүсүнүн көчүрмөсү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Топтолгон пенсияны которуу жөнүндө арызды өзү берет же почта аркылуу жиберет:
- камсыздандырылган адам - Жөнөтүүчү фонддун турган жери боюнча;
- аманатчы (катышуучу) - Жөнөтүүчү фонддун турган жери боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 552 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Топтолгон пенсияны которуу жөнүндө арыз жазуу жүзүндө толтурулат.
14. Арызды почта аркылуу жиберген учурда документтин түп нускасы жөнөтүлбөйт. Арыз берүүчүнүн ким экендиги, ошондой эле документтин көчүрмөлөрүнүн тууралыгы жана камсыздандырылган адамдын, аманатчынын (катышуучунун) арыздагы коюлган колунун тууралыгы төмөнкүдөй текшерилет:
- нотариус же башка адам, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдары, эгерде камсыздандырылган адам, аманатчы (катышуучу) Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртта болсо.
15. Арызды почта аркылуу жиберүү жөнөтүлгөн фактысын жана датасын тастыктоого мүмкүн болгон ыкмада жүзөгө ашырылышы керек. Документтер жиберүүчүнүн каражатынын эсебинен жиберилет.
16. Бардык керектүү документтерди кабыл алгандан кийин Жөнөтүүчү фонд топтолгон пенсияны которуу жөнүндө арызда толтурулууга тийиш болгон маалыматтардын туура көрсөтүлүшүн текшерет жана ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык тапшырылган документтердин толук тизмесин жана алардын кабыл алынган датасын көрсөтүү менен камсыздандырылган адамга, аманатчыга (катышуучуга) маалымкат берет.
Камсыздандырылган адамдын топтолгон пенсиясын которуу жөнүндө арызы канааттандырылгандан кийин Жөнөтүүчү фонд топтолгон пенсиялык каражаттардын которулгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 552 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Аманатчынын (катышуучунун), камсыздандырылган адамдын топтолгон пенсияны которуу жөнүндө арызын аткаруудан баш тарткан учурда, Жөнөтүүчү фонд арызды алган күндөн тартып арыз ээсине топтолгон пенсиясын которуу жөнүндө арызды аткаруу мүмкүн эместиги тууралуу себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө негизделген жооп берүүгө милдеттүү.
Баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) документтердин пакети толук берилбесе;
2) документтер мыйзамдын талаптарына туура келбесе;
3) камсыздандырылган адамдын, аманатчынын (катышуучунун) жекече пенсиялык эсебинде топтолгон пенсиянын жоктугу;
4) камсыздандырылган адамдын, аманатчынын (катышуучунун) ким экенин билдирүүчү документинин колдонуу мөөнөтүнүн бүткөндүгү;
5) аманатчынын (катышуучунун), камсыздандырылган адамдын пенсиялык камсыздоо жөнүндө Жөнөтүүчү фонд менен келишиминин жоктугу.
18. Топтолгон пенсияны Жөнөтүүчү фонддон Алуучу фондго которуу мезгилинде төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) камсыздандырылган адам, аманатчы (катышуучу) менен пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим түзүүгө;
2) камсыздандырылган адамдын, аманатчынын (катышуучунун) топтолгон пенсияны Жөнөтүүчү фонддон Алуучу фондго которуудан баш тартуусуна.
19. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу же мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо келишимдери боюнча түзүлгөн топтолгон пенсия кайра артка жиберилген учурда Жөнөтүүчү фонд ал каражаттар кайра жиберилген күндөн тартып беш иш күндүн ичинде аманатчыга (катышуучуга) же камсыздандырылган адамга анын топтолгон пенсиясынын кайра жиберилгенине байланыштуу бул адамдар менен Жөнөтүүчү фонддун аталган келишимдеринин аракети токтотулбагандыгы тууралуу билдирет.
20. Эгер топтолгон пенсияны которууда ката кетирилген болсо, туура эмес которулган сумма Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра жиберилет.
5. Топтоочу пенсиялык фонд жоюлганда милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча топтолгон пенсиялык каражатты Социалдык фондго берүүнүн тартиби
21. ТПФ жоюлган учурда милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча топтолгон пенсия Социалдык фондго ТПФны жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан тартып үч айлык мөөнөттө толук көлөмүндө өткөрүп берилет.
22. Социалдык фонд кабыл алынган каражат боюнча өткөрүп берилген топтолгон пенсиялык каражаттын көлөмүнүн чегинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдын алкагында милдеттенме алат.
23. Камсыздандырылган адам топтомо пенсиялык фонддон же Социалдык фонддон топтолгон пенсияны өткөрүп берүү маселеси боюнча түшүндүрмө алууга укуктуу.
6. Корутунду жоболор
24. Топтолгон пенсияны Жөнөтүүчү фонддон Алуучу фондго которууда Жөнөтүүчү фонд камсыздандырылган адамга, аманатчыга (катышуучуга) анын пенсиялык эсебинин абалы жөнүндө көчүрмөнү андагы бериле турган сумманы көрсөтүп, кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүп берүүгө (почта менен жөнөтүүгө, ошондой эле өткөрүп берилүүгө тийиш болгон топтолгон пенсияны сактоого багытталган чараларды көрүүгө милдеттүү. Ушул каражаттын которулганын ырастоо үчүн Жөнөтүүчү фонд камсыздандырылган адамга, аманатчыга (катышуучуга) топтолгон пенсиянын которулган суммасы жөнүндө көчүрмөнү милдеттүү тартипте берет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) көчүрмөнү берген дата жана которулган пенсиялык топтоонун түрү;
2) учурдагы календардык жылдын башына карата топтолгон пенсиянын калган суммасы, анда пенсиялык төлөмдөрдүн жана эсептелген инвестициялык кирешенин суммалары көрсөтүлөт;
3) учурдагы календарлык жылдын ичинде түшкөн пенсиялык төлөмдөрдүн суммасы, иш жүзүндө түшкөн датасын көрсөтүү менен;
4) учурдагы календарлык жылдын ичинде түшкөн инвестициялык кирешенин суммасы, ар бир айдагы иш жүзүндө түшкөнүн көрсөтүү менен;
5) учурдагы жылдын ичинде жекече пенсиялык эсепке башка ТПФлардан которулган пенсиянын топтолгон суммасы, иш жүзүндө түшкөн датасын көрсөтүү менен;
6) Жөнөтүүчү фонд ушул жылдагы алган комиссиялык акылардын суммасы;
7) которулган пенсиялык топтоолордун иш жүзүндөгү суммасы.
25. Камсыздандырылган адамдын, аманатчынын (катышуучунун) топтолгон пенсиясын Жөнөтүүчү фонддон Алуучу фондго которууга байланыштуу чыгымдар Жөнөтүүчү фонддун каражатынын эсебинен төлөнөт.
26. Ушул Тартип менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилүүгө тийиш.
| Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка пенсиялык топтомо фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибине 1-тиркеме |
Форма
Топтолгон пенсияны которуу тууралуу АРЫЗ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)
Мен, _________________________________________________________________________________________
(фамилиясы)
_____________________________________________________________________________________________
(аты)
_____________________________________________________________________________________________
(атасынын аты (болсо)
туулган датасы | ____________ | ____________ | _____________ |
| (күнү) | (айы) | (жылы) |
_____________________________________________________________________________________________
(персоналдык идентификациялык номер)
Документтин түрү:
- паспорт (ID-карта) | £ |
|
- качкындын күбөлүгү | £ |
|
- жашап турууга уруксаты | £ |
|
- кайрылмандын күбөлүгү | £ |
|
сериясы _________ номери ____________ ким тарабынан берилген _____________________________________
Берилген датасы 20__-жылдын "___" ________________.
Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча/мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу боюнча топтолгон пенсиямды которууну өтүнөм (керектүүсүнүн алды сызылат) ___________________________________
______________________________________________________________________________________________
(Алуучу фонддун толук аталышы, ТПФнын ИСНи)
Мен ушул арызды жазуу датасына карата:
1) топтолгон пенсияны топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу боюнча колдонуудагы эреже менен тааныштым;
2) милдеттүү же ыктыярдуу пенсиялык төлөмдүн эсебинен топтолгон пенсияны которгон күндөн он иш күн өткөндөн кийин которулган топтолгон пенсия кайра артка жиберилбеген шартта Жөнөтүүчү фонд менен № __________________________, түзүлгөн пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин аракетинин токтотулушуна байланыштуу менин жекече пенсиялык эсебимдин жабылаары тууралуу маалыматым бар;
3) топтолгон пенсияны которууга керектүү менин жекече маалыматтарымды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугумду берем.
Камсыздандырылган адамдын колу: _______________________________________________________________
Арыз толтурулган дата: _________________________________________________________________________
Арызды жөнөтүүчү Фонд кабыл алды: | __________________ (күнү) | __________________ (айы) | __________________ (жылы) |
|
| Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка пенсиялык топтомо фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибине 2-тиркеме |
Форма
МААЛЫМДАМА
__________________________________________________________________________
(Жөнөтүүчү фонддун топук аталышы, ТПФнын ИСНи)
Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча/мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу боюнча топтолгон пенсияны топтомо пенсиялык фондго которууга арыз кабыл алынганын тастыктайт (керектүүсүнүн алды сызылат)
__________________________________________________________________________
(Алуучу фонддун толук аталышы, ТПФнын ИСНи)
Камсыздандырылган адам/аманатчы (керектүүсүнүн алды сызылат):
________________________________________________________________ (аты-жөнү, ПИН)
Арызды кабыл алдым:
__________________________________________________________________________
(арызды кабыл алган адамдын фамилиясы, аты жана кызматы, колу)
Жөнөтүүчү фонддо катталган: | _______________ | _______________ | _______________ | № ____________ |
| күнү | айы | жылы |
|
арызга төмөнкү документтер тиркелген: (кабыл алынган документтердин тизмеси)
___________________________________________________________________________
Датасы: ___ _____________ _______
Байланыш телефону: