Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-августу № 577
Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган саламаттык сактоо уюмдарын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызмат көрсөтүү системасын андан ары оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасы жөнүндө" токтомун ишке ашыруу, саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү шарттарын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саламаттык сактоо уюмдары төмөндөгүлөр аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен республикалык бюджетке өткөрүп берилүүчү каражаттын эсебинен республикалык бюджеттин чыгымдарынын ордун толтуруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо ченемдерин республиканын региондору боюнча белгиленген каржылоо ченемдерине жеткирүү үчүн 2015-жылга республикалык бюджетте Бирдиктүү төлөөчү системасына кошумча каражат карасын;
- жыл сайын, 2016-жылдан тартып республикалык бюджетте 1 жана 2-тиркемелерде көрсөтүлгөн саламаттык сактоо уюмдарын күтүүгө финансы каражаттарын карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- үч айлык мөөнөттө республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп берилген Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын уюштуруу түзүмүн жана бюджеттик чыгымдарын оптималдаштырууну жүргүзүшсүн жана түзүмдөрү менен штаттык сандарын ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- тийиштүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизишсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлгөн саламаттык сактоо уюмдарынын ТИЗМЕГИ
№ | Мекемелердин аталышы |
1 | Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борбору |
2 | Балдар үйү |
3 | Бишкек ден соолук чыңдоо борбору |
4 | Студенттер бейтапканасы |
5 | Медициналык-консультациялык кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борбору |
6 | Шаардык эндокринологиялык диспансер |
7 | СПИДке каршы күрөшүү борбору |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлгөн саламаттык сактоо уюмдарынын ТИЗМЕГИ
№ | Мекемелердин аталышы |
1 | № 1 шаардык клиникалык оорукана |
2 | № 6 шаардык клиникалык оорукана |
3 | Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору |
4 | Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы |
5 | Шаардык гинекологиялык оорукана |
6 | № 1 төрөт үйү |
7 | № 2 төрөт үйү |
8 | Шаардык перинаталдык борбор |
9 | Медициналык тез жардам станциясы |
10 | № 1 үй-бүлөлүк медицина борбору |
11 | № 2 үй-бүлөлүк медицина борбору |
12 | № 3 үй-бүлөлүк медицина борбору |
13 | № 4 үй-бүлөлүк медицина борбору |
14 | № 5 үй-бүлөлүк медицина борбору |
15 | № 6 үй-бүлөлүк медицина борбору |
16 | № 7 үй-бүлөлүк медицина борбору |
17 | № 8 үй-бүлөлүк медицина борбору |
18 | № 9 үй-бүлөлүк медицина борбору |
19 | № 10 үй-бүлөлүк медицина борбору |
20 | № 11 үй-бүлөлүк медицина борбору |
21 | № 12 үй-бүлөлүк медицина борбору |
22 | № 13 үй-бүлөлүк медицина борбору |
23 | № 14 үй-бүлөлүк медицина борбору |
24 | № 15 үй-бүлөлүк медицина борбору |
25 | № 16 үй-бүлөлүк медицина борбору |
26 | № 17 үй-бүлөлүк медицина борбору |
27 | № 18 үй-бүлөлүк медицина борбору |
28 | № 19 үй-бүлөлүк медицина борбору |
29 | № 2 стоматологиялык бейтапкана |
30 | № 3 стоматологиялык бейтапкана |
31 | № 4 стоматологиялык бейтапкана |
32 | № 5 стоматологиялык бейтапкана |
33 | № 6 стоматологиялык бейтапкана |
34 | Шаардык кургак учукка каршы оорукана |
35 | № 1 шаардык кургак учукка каршы оорукана |
36 | № 2 шаардык кургак учукка каршы оорукана |
37 | Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борбору |