Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-октябрындагы № 682
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтомунун редакциясына ылайык)
Аскердик каттоо жүргүзүүнү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктунда:
биринчи абзацындагы "каттоо жана" деген сөздөр "документалдык жана электрондук каттоо, ошондой эле" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацы "документалдуу" деген сөздөн кийин, "жана электрондук" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Электрондук каттоо - бул чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү, аларга жеке идентификациялык номер ыйгарууну жана алардын маалыматтарын иштеп чыгууну (жеке жана аскердик-каттоо маалыматтары, аскердик кызмат өтөө жана окуу жыйындарынан өтүү, күжүрмөн аракеттерге катышуу, медициналык күбөлөндүрүү, аскердик каттоого алуу жана чыгаруу, өздүк ишин архивге өткөрүп берүү жөнүндө белгилер) караган сандык жана сапаттык каттоо.
Аскер комиссариаттары тарабынан чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү электрондук каттоо жүргүзүлүшүнө жалпы жетекчиликти коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды электрондук каттоо тутумунда камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруун болууга тийиш.".
- 3-пунктунда:
сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы)" деген сөздөр "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
онунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы" деген сөздөр "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын" деген сөздөр "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 66-пунктунун биринчи абзацы "Аскердик билеттин бланкаларын" деген сөздөрдөн кийин идентификациялык аскердик күбөлүктөрдү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 67-пунктунда:
биринчи абзацы "Аскердик билеттерди" деген сөздөрдөн кийин ", идентификациялык аскердик күбөлүктөрдү" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы "аскердик билеттерди" деген сөздөрдөн кийин ", идентификациялык аскердик күбөлүктөрдү" деген сөздөр менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- электрондук аскердик каттоо системасын ишке киргизүү боюнча иш-чараларды каржылоону Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте ишке ашырсын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |