Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 776
Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар жѳнүндѳ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык)
Аудиторлордун квалификациясына жана тажрыйбасына минималдык талаптарды белгилѳѳ максатында, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүү аудиторлорго коюлуучу талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ачык компаниялар аудитордук уюмду тандоодо ушул токтомдун тиркемесине ылайык талаптарды жетекчиликке алуулары зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндѳн он беш күн өткѳндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктѳлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүү үчүн аудиторлорго коюлуучу ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык)
Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдун аудитору акыркы 3 (үч) жылдын ичинде Финансы отчетунун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык түзүлгөн 10дон (он) кем эмес финансы отчетунун аудитин жүргүзүү тажрыйбасына ээ болушу керек.
Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдун штатында жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келген 2ден (эки) кем эмес аудитор болушу керек.
Аудитордук уюм бир ачык компанияда катары менен 5 (беш) жылдан ашык милдеттүү аудит жүргүзө албайт.