Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-ноябры № 788
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216, 2017-жылдын 17-январы № 28, КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654 , 2024-жылдын 27-августундагы № 527 , 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттары 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттары 2-тиркемеге ылайык.
- (Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 527, 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген типтүү штаттарга ылайык аныкталган кызматкерлердин жалпы штаттык санынын чегинде өздөрүнүн штаттык тизимине өзгөртүүлөрдү киргизе алыша тургандыгы белгиленсин.
Өзгөртүүлөрдүн саны кызматкерлердин жалпы санын, анын ичинде жетекчилердин, бөлүмдөрдүн, бөлүнүштөрдүн жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларынын (начальниктеринин) санын жана билим берүү уюмунун бекитилген эмгек акы фондун өзгөртпөстөн, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин санынын 5 пайызынан ашпоосу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Бул токтомдун талаптары өзгөчө статусу бар жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына жайылтылбайт. Өзгөчө статусу бар жогорку кесиптик билим берүү уюмдары ички башкаруу түзүмүн жана кызматкерлеринин штаттык санын көзөмөлчүлүк кеңештери менен макулдашуу боюнча өз алдынча аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Студенттердин санына жараша штаттык бирдиктердин саны | |||
280ге чейин | 280ден 640ка чейин | 640тан 1000ге чейин | 1000ден 1500гө чейин | ||
1 | Директор | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Окуу иштери боюнча директордун орун басары | 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басары | 0,5 | 0,75 | 1 | 1 |
4 | Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары | 0,5 | 0,75 | 1 | 1 |
5 | Административдик-чарбалык иштер боюнча директордун орун басары | 1 | 1 | 1 | 1 |
6 | Өндүрүштүк практиканын жетекчиси | 1 | 1 | 1 | 1 |
7 | Китепкананын башчысы | 1 | 1 | 1 | 1 |
8 | Дене тарбия жетекчиси | 1 | 1 | 1 | 1 |
9 | Аскер жетекчиси | 1 | 1 | 1 | 1 |
10 | Окуу бөлүмүнүн катчысы | 1 | 1 | 1 | 1 |
11 | Инспектор (кадрлар жана атайын иштер боюнча) | 0,5 | 1 | 1,5 | 2,0 |
12 | Башкы бухгалтер | 1 | 1 | 1 | 1 |
13 | Бухгалтер | 0,5 | 0,75 | 1 | 1 |
14 | Экономист | - | 0,5 | 1 | 1,5 |
15 | Бухгалтер-кассир | 1 | 1 | 1 | 1 |
16 | Китепканачы | - | 0,5 | 0,5 | 1 |
17 | Инспектор (методикалык иштер боюнча) | 1 | 1 | 1 | 1 |
18 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1 | 1 | 1 | 1 |
19 | Архивариус | 1 | 1 | 1 | 1 |
20 | Юрист | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 |
| Бардыгы: | 15,5 | 17,75 | 20 | 21,5 |
Эскертүү:
1. Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюмдары) жумушчуларынын санын аныктоодо тийиштүү жылдын 1-январына карата бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган студенттердин контингенти эске алынат.
2. Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басарына студенттер менен тарбиялык иштерди уюштуруу функциясы, архивариуска - паспортчунун, иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн, катчынын функциялары жүктөлөт.
3. Бюджеттик каражаттардын эсебинен, ошондой эле атайын каражаттардын эсебинен да айрым кызмат орундарын удаалаш киргизүүдө бюджеттин эсебиндеги штаттык бирдиктердин саны бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган студенттердин санына пропорция түрүндө, билим берүү уюмунун студенттеринин жалпы келтирилген контингентине карата аныкталат.
Мисалы: кызматтык жайларды тазалоочулардын саны билим берүү уюмунун тазалануучу аянтынын нормасына ылайык 15 бирдикти түзөт, мында бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган студенттердин саны 40% түзөт.
Бюджеттик каражаттардын эсебинен кармала турган кызматтык жайларды тазалоочулардын саны 15 * 40 % = 6 бирдикти түзөт.
Келтирилген студенттердин контингентин эсептөөдө күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин саны 1,0 коэффициенти, кечки бөлүмдө - 0,5 жана сырттан окуган бөлүмдө - 0,4 коэффициенти менен эске алынат.
4. Бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган студенттердин пайыздык катышына жараша бюджеттик каражаттардын эсебинен штаттык бирдиктердин санын аныктоо принциби студенттердин жалпы санына карата төмөнкүдөй кызмат орундарын аныктоодо колдонулат:
бөлүм башчысы, лаборант, лаборатория башчысы, техник, айдоочу, программист, кызматтык жайларды тазалоочу, коомдук ажатканаларды тазалоочу, гардеробчу, комендант, тарбиячы, кастелянша, инспектор, от жаккыч, от казандын оператору, слесарь, вахтер, кароолчу, сантехник, электромонтер, жыгач уста, от жаккыч, адис (өндүрүштүк окутуунун мастери), инженер, имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө боюнча жумушчу, кампа башчысы.
Эгерде ченем боюнча кызмат орундарынын саны 1 бирдикти түзсө, анда бул кызмат орду толугу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен кармалат.
5. Эгерде орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму борборлоштурулган бухгалтерия аркылуу тейленбесе, башкы бухгалтердин, бухгалтердин, экономисттин жана бухгалтер-кассирдин кызмат орундары белгиленет.
6. Адистик (же бир нече окшош адистиктер) боюнча бөлүм башчысынын кызмат орду келтирилген контингенттин 200 студентине 1 бирдик эсебинде бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Физика, химия, чет тилдеринин (лингафондук жабдуулар болсо) жабдылган кабинеттеринде, атайын дисциплиналар (өтө татаал жабдуулар болсо) боюнча ар бир кабинетке 1 бирдиктен лаборанттын кызмат оруну киргизилет.
8. Атайын дисциплиналар боюнча практикалык сабактарды өткөрүүгө арналган лабораторияларда өзгөчө татаал жабдуулар болсо, ар бир лабораторияга 1 бирдиктен лабораториянын башчысы жана лаборанттын кызмат орду киргизилет.
Лаборанттар (лабораториялардын башчылары) жумуш менен толук камсыздалбаса, аталган кызмат орундары эки же бир нече кабинетке (лабораторияга) киргизилет.
9. Эгерде окутуунун техникалык каражаттары кабинети болсо, 1 бирдик техниктин, ал эми кабинетте өзгөчө татаал жабдуулар болсо - 1 бирдик инженердин кызмат орду киргизилет, ага программисттин жана компьютерлерди оңдоо функциялары жүктөлөт.
10. Окутуунун техникалык каражаттары кабинети болбосо, 1 бирдик программисттин кызматы киргизилет, ага бир эле убакта компьютерлерди оңдоо боюнча функциялар жүктөлөт.
11. Техникалык адистиктер боюнча (9-класстын базасында) ар бир 4 топко 1 бирдик адистин (өндүрүштүк окутуунун мастери) кызмат орду киргизилет.
12. Электрондук китепкана болсо, 1 бирдик инженер-программисттин кызмат орду киргизилет.
13. Автомобиль айдоочунун кызмат орду толук жүктөм менен иштеген ар бир автоунаага 1 бирдик эсебинде кызмат орду белгиленет, бирок билим берүү уюмунда 2 бирдиктен ашпоосу керек.
14. Кызматтык жайларды тазалоочунун кызмат орду тазалануучу аянттын ар бир 500 кв. метрине 1 бирдик эсебинде киргизилет, билим берүүчү уюм эки жана үч нөөмөттө иштесе - тазалануучу аянттын ар бир 500 кв. метрине кошумча 0,12 жана 0,3 ставка тазалоочунун кызматы киргизилет.
15. Коомдук дааратканаларды тазалоочунун кызмат орду 15 ячейкага 1 бирдик эсебинде, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
16. Гардеробчу кызматы от жагылган мезгилге ар бир 300 номерге 1 бирдик эсебинде, бирок бир нөөмөткө 1 бирдиктен кем эмес белгиленет.
17. Короо тазалагычтын кызмат орду 0,75 га тазалануучу аянтка 1 бирдик эсебинде, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
18. Багбандын кызмат орду 0,75 га жашылдандыруу аянтына 1 бирдик эсебинде белгиленет.
19. Имараттын (окуу корпусунун, жатакананын) коменданты кызмат орду төмөнкүлөргө 1 бирдик комендант эсебинде белгиленет:
- 10000 кв.м аянттагы окуу корпусуна, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес;
- жатаканада жашаган 300 студентке, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес.
Бирок коменданттардын жалпы саны окуу корпустарынын жана жатаканалардын имараттарынын жалпы санынан ашпоосу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Жатаканалар болсо, анда жашаган ар бир 300 студент үчүн төмөндөгүдөй кызмат орундары киргизилет:
- 1 бирдик тарбиячы, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес;
- 1 бирдик кастелянша, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес;
- паспортисттин функциясын аткаруу менен 1 бирдик инспектор, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес.
21. Окуу корпустарынын жана жатаканалардын ар бир 5000 кв.м аянтына 1 бирдик инженердин кызмат орду, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
22. Окуу корпустарынын жана жатаканалардын ар бир 3000 кв.м аянтына 1 бирдик имараттарды, курулуштарды жана жабдууларды учурдагы тейлөө боюнча 1 бирдик жумушчунун кызматы, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
23. Кампа башчысынын кызмат орду ар бир окуу корпусуна жана жатаканага 1 бирдик эсебинде киргизилет.
24. Өз алдынча борборлоштурулган жылытуу түйүнү болсо, жылытуу мезгилине ар бир от казанга бир нөөмөткө 1 бирдик от жаккычтын кызмат орду киргизилет.
Андан тышкары, жергиликтүү отундун түрүн (көмүр) колдонуучу от казандарда күл чыгаруу үчүн кошумча 1 бирдик от жаккычтын кызматы, эгер газ менен жылытылса - бир нөөмөткө 1 бирдик газ менен жылытуучу от казандын оператору кызматы, ал эми коопсуздук автоматикасы болбосо, бир нөөмөткө 2 бирдик эсебинде от казан операторунун кызмат орду киргизилет.
Жылытуучу пункту же элеватору бар билим берүү уюмдарында борборлоштурулган жылуулук менен жабдууда 1 бирдик слесардын кызмат орду, ал эми бойлер жана суу соргуч (күнү-түнү нөөмөткө туруу талап кылынса) болсо - бир нөөмөткө 1 бирдик слесардын кызматы киргизилет.
25. Вахтердун кызмат орду ар бир окуу корпусуна жана жатаканага бир нөөмөткө 1 бирдик эсебинде киргизилет.
26. Кароолчунун кызмат орду ар бир окуу корпусуна бир нөөмөткө (нөөмөт кечки саат 18ден эртең мененки саат 8ге чейин) 1 бирдик эсебинде киргизилет.
27. Сантехниктин кызмат орду суу түтүктөрү жана канализация менен жабдылган окуу корпустарынын жана жатаканалардын ар бир 2000 кв.м аянтына 1 бирдик, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес эсебинде киргизилет.
28. Электромонтердун кызмат орду ар бир 500 жарыктандыруу точкасына 1 бирдик, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес эсебинде киргизилет.
29. Жыгач устанын (столяр) кызмат орду ар бир 5000 кв.м аянтка 1 бирдик эсебинде, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
30. От жаккычтын кызмат орду жылытуу мезгилинде 5 мешке чейин - 0,25 бирдик, 6дан 10 мешке чейин - 0,5 бирдик, 10дон 15ке чейин - 1 бирдик, мындан аркы ар бир 5 мешке - 0,5 бирдиктен киргизилет.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216, 2017-жылдын 17-январы № 28 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Студенттердин санына жараша штаттык бирдиктердин саны | |||||
280ге чейин | 280ден 640ка чейин | 640тан 1000ге чейин | 1000ден 1500гө чейин | 1500дөн 2000ге чейин | 2000ден жогору | ||
1. Ректорат | |||||||
1 | Ректор | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Окуу иштери боюнча проректор | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Илимий иштер боюнча проректор | 0,5 | 0,75 | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Мамлекеттик тил боюнча проректор | 0,5 | 0,75 | 1 | 1 | 1 | 1 |
5 | Административдик-чарба иштери боюнча проректор | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
6 | Окумуштуу катчы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
7 | Катчы | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 |
8 | Ректордун жардамчысы |
|
|
| 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 6 | 6,5 | 7 | 8 | 9 | 9 | |
2. Окуу бөлүмү | |||||||
1 | Начальник | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы адис | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
3 | Жетектөөчү адис | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 |
4 | Адис | - | - | 1 | 1 | 1 | 1 |
5 | Инженер-программист | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 |
6 | Методист | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | |
3. Билим берүүнүн сапаты бөлүмү | |||||||
1 | Башчы | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | - | - | - |
3 | Методист | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Инспектор | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 1 | 2 | 2 | 3 | 3 | 3 | |
4. Өндүрүштүк практика бөлүмү | |||||||
1 | Өндүрүштүк практиканын жетекчиси | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | - | - | - |
3 | Инспектор | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | |
5. Аспирантура, докторантура жана магистратура бөлүмү | |||||||
1 | Башчы | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | - | - | - |
3 | Улук инспектор | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 |
Бардыгы | 2 | 2 | 2 | 3 | 3 | 3 | |
6. Кадрлар бөлүмү (студенттерди тейлөө менен) | |||||||
1 | Башчы | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Улук инспектор | - | - | - | 1 | 2 | 2 |
4 | Инспектор | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 3 |
Бардыгы | 3 | 4 | 4 | 5 | 6 | 7 | |
7. Укуктук иштер бөлүмү | |||||||
1 | Башчы | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
2 | Юрист | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
| Бардыгы | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 |
8. Мамлекеттик тил бөлүмү | |||||||
1 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Адис | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | |
9. Бухгалтерия | |||||||
1 | Башкы бухгалтер | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы бухгалтердин орун басары | - | - | - | - | 1 | 1 |
3 | Бухгалтер | 4 | 4,25 | 4,5 | 4,75 | 5 | 6 |
Бардыгы | 5 | 5,25 | 5,5 | 5,75 | 7 | 8 | |
10. Пландоо-финансылык бөлүмү | |||||||
1 | Начальник | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы адис | - | - | - | - | - | 1 |
3 | Улук экономист | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Экономист | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 1 | 2 | 2 | 3 | 3 | 4 | |
| 11. Эл аралык байланыштар бөлүмү |
|
|
|
|
|
|
1 | Начальник | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 |
Бардыгы | 1 | 1 | 1 | 3 | 3 | 3 | |
12. Редакциялык-басма бөлүмү | |||||||
1 | Башчы | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | - | - | - |
3 | Методист | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | |
13. Атайын жана мобилизациялык иштер боюнча бөлүм | |||||||
1 | Башчы | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Жетектөөчү адис | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Адис | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 2 | 3 | 3 | 4 | 4 | 4 | |
14. Жалпы бөлүм (канцелярия) | |||||||
1 | Башчы | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | - | - |
|
3 | Улук инспектор | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 2 | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 | |
15. Архив | |||||||
1 | Улук архивариус | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Архивариус | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | |
16. Имараттарды жана курулмаларды пайдаланууга берүү бөлүмү | |||||||
1 | Башчы (башкы инженер) | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Сектордун башчысы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | |
17. Маалымат технологиясы жана компьютерлерди техникалык тейлөө бөлүмү | |||||||
1 | Башчы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | |
18. Материалдык-техникалык жабдуу бөлүмү | |||||||
1 | Башчы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Сектордун башчысы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | |
19. Мамлекеттик сатып алуу бөлүмү | |||||||
1 | Башчы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Сатып алуулар боюнча адис | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | |
20. Медпункт | |||||||
1 | Врач | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
2 | Медсестра | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 |
Бардыгы | 1 | 1 | 1 | 1,5 | 1,5 | 2 | |
21. Техникалык коопсуздук, эмгекти коргоо жана жарандык коргоо бөлүмү | |||||||
1 | Башчы | - | - | - | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Жетектөөчү адис |
| 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Адис | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы | 2 | 3 | 3 | 4 | 4 | 4 | |
Эскертүү:
1. Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюму) кызматкерлеринин санын аныктоодо тийиштүү жылдын 1-январына карата бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган студенттердин жана аспиранттардын контингенти эске алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекет аралык келишимдердин негизинде түзүлгөн жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы штаттарды аныктоодо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин эсебинен окуган студенттердин жана аспиранттардын контингенти эске алынат.
3. Жогорку окуу жай аралык аскер кафедрасынын (факультетинин) штаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Коргоо иштери боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекитет.
4. Бюджеттик каражаттардын эсебинен, ошондой эле атайын каражаттардын эсебинен да айрым кызмат орундарын удаалаш киргизүүдө бюджеттин эсебиндеги штаттык бирдиктердин саны бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган студенттердин санына пропорция түрүндө, билим берүү уюмунун студенттеринин жалпы келтирилген контингентине карата аныкталат.
Мисалы: кызматтык жайларды тазалоочулардын саны билим берүү уюмунун тазалануучу аянтынын нормасына ылайык 15 бирдикти түзөт, мында бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган студенттердин саны 40% түзөт.
Бюджеттик каражаттардын эсебинен кармала турган кызматтык жайларды тазалоочулардын саны 15 * 40 % = 6 бирдикти түзөт.
Студенттердин жана аспиранттардын санынын келтирилген контингентин эсептөөдө күндүзгү окутуу формасында окугандардын саны 1,0 коэффициент менен, кечки окутуу - 0,5, сырттан окуу - 0,4 коэффициент менен эсептелет.
5. Бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган студенттердин пайыздык катышына жараша бюджеттик каражаттардын эсебинен штаттык бирдиктердин санын аныктоо принциби студенттердин жалпы санына карата төмөнкүдөй кызмат орундарын аныктоодо колдонулат:
лаборант, лаборатория башчысы, китепкана кызматкерлери, имараттарды жана курулмаларды тейлөө, маалымат технологиясы жана компьютерлерди техникалык тейлөө бөлүмдөрүндөгү кызмат орундары (башчылардын кызмат орундарын кошпогондо), инженер-программист, инспектор, инженер, электрик, телефонист, кампа башчысы, кароолчу, айдоочу, кызматтык жайларды тазалоочу, коомдук дааратканаларды тазалоочу, гардеробчу, комендант, тарбиячы, кастелянша, от жаккыч, от казан оператору, слесарь, вахтер, сантехник, электромонтер, жыгач уста (столяр), от жаккыч, ошондой эле факультеттердин деканаттарына жана кафедраларга киргизилген кызмат орундары.
Эгерде ченем боюнча кызмат орундарынын саны 1 бирдикти түзсө, анда бул кызмат орду бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланат.
6. Мамлекеттик тил боюнча проректорго студенттер менен тарбиялык иштерди уюштуруу боюнча функциялар жүктөлөт.
7. Курамына башка типтеги билим берүү уюмдары (орто кесиптик билим берүү уюмдары, мектептер, балдар мектепке чейинки билим берүү уюмдары ж.б.) кирген жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын штаттарына ушул уюмдар менен иштөө боюнча бөлүм башчынын жана методисттин кызмат орду киргизилет.
8. Эгерде ар кандай типтеги бир нече билим берүү уюмдары жогорку кесиптик билим берүүнүн башкы билим берүүчү уюмунун алдындагы борборлоштурулган бухгалтерия (ББ) аркылуу тейленсе, анда ББдагы кызматкерлердин саны бардык билим берүү уюмдарынын бухгалтерияларынын кызматкерлеринин санынан түзүлөт. Мында ведомствого караштуу билим берүү уюмдарынын бухгалтерияларынын кызматкерлеринин саны студенттердин санына жараша ченем боюнча аныкталат.
Мисалы: 2015-жылдын 1-январына карата Нарын мамлекеттик университетинде (НМУ) бюджеттин эсебинен окуган студенттердин саны 775ти, Нарын педагогикалык окуу жайында (НПО) - 260 жана Нарын агроэкономикалык колледжинде (НАЭК) - 188 студентти түзөт.
Башкы уюм (НМУ) менен катар эле НПО жана НАЭКти тейлеген НМУ алдындагы борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлеринин саны төмөнкүдөй эсептелген 13 адамды түзөт:
НМУ - 6;
НПО - 3,5;
НАЭК - 3,5.
Жалпысы - 13 бирдик.
9. Студенттердин саны 700гө чейин жеткен факультеттердин деканаттарына методисттин, диспетчердин жана катчынын кызмат орду, 700 студенттен жогору болсо - кошумча бирден инженер-программисттин кызмат орду киргизилет.
10. Кафедраларга лаборанттын жана методисттин бирден кызмат орду, эгерде кафедрада 20 ашык окутуучу болсо - улук лаборанттын кызмат орду кошумча киргизилет.
11. Гуманитардык жана коомду окутуу боюнча дисциплиналар бар кафедраларга кошумча бир бирдик улуу адис кызматы киргизилет жана ал адиске окуу кабинеттерин жетектөө жүктөлөт.
12. Техникалык, айыл чарба, физика, химия жана биология адистиктери боюнча даярдаган кафедралардын штатына кошумча 1 бирдиктен инженердин кызматы киргизилет.
13. Атайын сабактар; физика, химия, биология боюнча практикалык иштерди жүргүзүүгө арналган лабораторияларга 1 бирдиктен лабораториянын башчысы жана ар бир лабораторияга лаборанттын кызмат орду киргизилет.
Лабораториялардын башчылары жана лаборанттар толук жумуш менен камсыздалбаса, аталган кызмат орундары эки же андан көп лабораторияга киргизилет.
14. Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына төмөнкүдөй бөлүнүштөр, кызмат орундары киргизилет:
1) Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына (мындан ары - КМДТСА):
- спорт иштери боюнча проректор;
- түзгөн илимий-изилдөө лабораториясына 7 бирдик;
- бөлүмдүн (базанын) башчысы, жетектөөчү адис жана кароолчу - 2 бирдик (Кой-Таш айылында жайгашкан окуу-спорттук базаны жана футбол-жеңил атлетика боюнча манежди тейлөө үчүн);
2) Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм-сүрөт академиясында-илим жана музей бөлүмдөрүнө 17 бирдик;
3) Н.Исанов атындагы Курулуш, транспорт жана архитектура университетинде - инженердик сейсмикалык станцияларды жана анын жайларын тейлөө боюнча бөлүмүнө 9 бирдик;
4) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде - бөлүмдүн (ботаникалык бакчанын) башчысы, кароолчу жана сезон убагында (март айынан октябрь айына чейин) багбан кызматтары;
5) И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка кафедрасын тейлөө үчүн 12,5 бирдик окуу персоналы.
15. Билим берүү уюмунун китепкана кызматкерлеринин саны бирдей окуу билети менен 350 окурманга бир китепкана кызматкери эсебинде аныкталат.
Китепкана кызматкерлеринин жалпы санынан китепкананын директору - 1, директор, башкы китепканачы жана библиографтар - бардык китепканачылардын жалпы санынын 20%, улук китепканачылар - 40% чейин жана китепканачылар - китепканачылардын (директорду кошпогондо) жалпы санынан 40% га чейин.
Электрондук китепкана бар болсо, китепкананын кызматкерлеринин жалпы санынын чегинде бир бирден инженер-программисттин жана жеке эсептөө машиналарынын оператору кызмат орду киргизилет.
16. Атайын жана мобилизациялык иштер боюнча бөлүмгө аскердик кызматка милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды аскердик эсепке алуу, жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү, мобилизациялык планды түзүү боюнча иштер жүктөлөт.
17. Автомобиль айдоочунун кызмат орду толук жүктөм менен иштеген ар бир автомобилге 1 бирдик эсебинде белгиленет.
18. Кызматтык жайларды тазалоочу кызмат орду тазалануучу аянттын ар бир 500 кв.м бир бирдик эсебинде, ал эми билим берүү уюму эки же үч нөөмөттө иштесе - кошумча 0,12 жана 0,3 ставка тазалоочунун кызмат орду ар бир 500 кв.м кошумча киргизилет.
19. Коомдук дааратканаларды тазалоочунун кызмат орду 15 ячейкага 1 бирдик, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес эсебинде киргизилет.
20. Гардеробчунун кызмат орду от жагуу мезгилине ар бир 300 номерге 1 бирдик, .бирок бир нөөмөткө 1 бирдиктен кем эмес эсебинде киргизилет.
21. Короо тазалоочунун кызмат орду 0,75 га тазалануучу аянтка 1 бирдик, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес эсебинде киргизилет.
22. Багбандын кызмат орду 0,75 га жашылдандыруу аянтына 1 бирдик эсебинде киргизилет.
23. Имараттын (окуу корпусунун, жатакананын) комендантынын кызмат орду төмөнкүлөргө бирден кызмат орду эсебинде белгиленет:
- 10000 кв. метр окуу корпусуна, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес;
- жатаканаларда жашаган 300 студентке, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес.
Бирок коменданттардын жалпы саны окуу корпустарынын жана жатаканалардын жалпы санынан ашпоосу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Жатаканалар болсо, анда жашаган ар бир 300 студентке төмөнкүдөй кызмат орундары киргизилет:
- 1 бирдик тарбиячы, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес;
- 1 бирдик кастелянша, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес;
- паспортисттин функциясын аткаруу менен 1 бирдик инспектор, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес.
25. Имараттарды жана курулмаларды тейлөө бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй кызмат орундары киргизилет:
- билим берүү уюмунда лифт болсо - 1 бирдик лифтер;
- административдүү-чарбалык иш боюнча сектордун башчысы;
- окуу корпустарынын жана жатаканалардын ар бир 5000 кв.м аянтына 1 бирдик инженер (энергетик, курулушчу, байланышчы, сантехникалык жана суу менен жабдуу боюнча, коопсуздук техникасы жана эмгекти коргоо, жарандык коргоо боюнча), бирок ар бир билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес эсебинде;
- имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күндөлүк тейлөө боюнча жумушчу окуу корпустарынын жана жатаканалардын ар бир 3000 кв.м аянтына, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес;
- электр жабдуулары менен жабдылган бир имаратка жана насостук жабдуулары бар бир имаратка бирден электриктин кызмат орду;
- ар бир 100 телефон номерине 1 бирдик телефонист, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес эсебинде.
26. Маалымат технологиясы жана компьютерлерди техникалык тейлөө бөлүмүнө төмөнкүдөй кошумча кызмат орундары киргизилет:
- 100 бирдик компьютердик техникага 1 бирдик инженер-программист, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес эсебинде;
- 100 бирдик компьютердик техникага 1 бирдик эсептөө машинасынын оператору, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес эсебинде;
- компьютерлерди техникалык тейлөө боюнча жогорку билимдүү инженер, 300 бирдик компьютердик техникага 1 бирдик эсебинде, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес.
27. Материалдык-техникалык жабдуу бөлүмүнө ар бир окуу корпусуна жана жатаканага 1 бирдиктен кошумча кампа башчысынын кызмат орду киргизилет.
28. Өз алдынча борборлоштурулган жылытуу түйүнү бар болсо, жылытуу мезгилине бир нөөмөткө ар бир от казанга 1 бирдик эсебинде от жаккычтын кызмат орду киргизилет.
Андан тышкары, жергиликтүү отундун түрүн (көмүр) колдонуучу от казандарда күл чыгаруу үчүн 1 бирдик от жаккычтын кызматы, эгер газ менен жылытылса - бир нөөмөткө 1 бирдик газ менен жылытуучу от казандын оператору кызматы, ал эми коопсуздук автоматикасы болбогон от казандар болсо - бир нөөмөткө 2 бирдик эсебинде от казандын оператору кызмат орду киргизилет.
Жылытуучу пункту же элеватору бар билим берүү уюмдарында борборлоштурулган жылуулук менен жабдууда 1 бирдик слесардын кызмат орду, ал эми бойлер жана суу соргуч (күнү-түнү нөөмөткө туруу талап кылынса) болсо - бир нөөмөткө 1 бирдик слесардын кызмат орду белгиленет.
Жылытуу мезгилине электр от казаны болсо, бир электр от казанына нөөмөтүнө 1 бирдик оператордун кызмат орду киргизилет.
29. Вахтердун кызмат орду ар бир окуу корпусуна жана жатаканага бир нөөмөткө 1 бирдик эсебинде киргизилет.
30. Кароолчунун кызмат орду ар бир окуу корпусуна бир нөөмөткө (нөөмөт кечки саат 18ден эртең мененки саат 8ге чейин) 1 бирдик эсебинде киргизилет.
31. Сантехниктин кызмат орду суу түтүктөрү жана канализация менен жабдылган окуу корпустарынын жана жатаканалардын ар бир 2000 кв.м аянтына 1 бирдик, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес эсебинде киргизилет.
32. Электромонтердун кызмат орду ар бир 500 жарыктандыруу точкасына 1 бирдик, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес эсебинде киргизилет.
33. Жыгач устанын кызмат орду ар бир 5000 кв.м аянтка 1 бирдик эсебинде, бирок билим берүү уюмуна 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
34. От жаккычтын кызмат орду жылытуу мезгилинде 5 мешке чейин - 0,25 бирдик, 6дан 10 мешке чейин - 0,5 бирдик, 10дон 15ке чейин - 1 бирдик, андан ары ар бир 5 мешке - 0,5 бирдиктен киргизилет.