Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-ноябры № 806
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Соода операцияларында же накталай акча банктык төлөм карточкалары, чектер аркылуу кызматтарды көрсөтүүдө эл менен жүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөрдү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестри төмөнкүдөй мазмундагы 48-50-пункттар менен толукталсын:
"48. СП402ФР-К
49. MSTAR-650TK
50. MSTAR-TK".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |