ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 825 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670»Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция02.12.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 2-декабры № 825

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясында:

- 3-бөлүмдүн 3.1-пунктунун 6-пунктчасынын алтынчы абзацындагы "Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында:

- 8, 9, 23 жана 24-пункттардын "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "СӨМ" деген аббревиатура "ЭСӨМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

18

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим түзүү тууралуу маселесин иштеп чыгуу

2015-2016- жылдардын аралыгында

Соцфонд, ТИМ, ММК, Финкөзөмөл

Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору

Келишимдин долбоору

";

- 19 жана 20-пункттардын "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМЖМ" деген аббревиатура "ММК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- кыскартуулардын тизмесинде:

"СӨМ - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген аббревиатура жана сөздөр "ЭСӨМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;

"ЭМЖМ - Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги" деген аббревиатура жана сөздөр "ММК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 222 "Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын-эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев