Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 20-ноябрындагы № 705
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-декабры № 830
Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары
боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
Калкты социалдык коргоо чараларын ишке ашыруу жана балдардын укуктары менен байланышкан маселелерди кароодо аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес, эл аралык жана башка уюмдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-майындагы № 322 “Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |