Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 878
Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
Балдардын жана турмуштук оор кырдаалда калган жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана Балдардын иштери боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |