Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-декабры № 863
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Аткаруу бийлгинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга
берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” 2014-жылдын 3-июнундагы № 303токтомуна толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары тарабынан жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын жетиштүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Аткаруу бийлгинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтомуна тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Жекеадамдарга жанаюридикалык жактарга аткаруу бийлигин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери, жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилгендер, көрсөткөн мамлекеттик кызматтардын стандартында:
-IV бөлүмү төмөнкү мазмундагы 14 глава менен толукталсын:
«
|
| |||||
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| |||||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Топографиялык-геодезиялык, сүрөттөп алуу жана картографиялык иштер боюнча материалдарды берүү –мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринин (тизмегинин) глава 5, 40 пункту |
| |||
2. | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жер казынасын пайдалануу жана тоо кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагындагы жана тоо кен казуу өнөр жайындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин Мамлекеттик органы, (мындан ары –ыйгарым укуктуу орган) топографиялык-геодезиялык, сүрөттөп алуу жана картографиялык иштер тармагындагыведомствого караштуу бөлүмчө(мындан ары Мамкартография) |
| |||
3. | Мамлекттик кызматты керектөөчүлөр | Юридикалык жактар жана Кыргыз Республикасынын 18 жашка жеткен адамдары. Чет элдик юридикалык жактар жана жеке адамдар ачык пайдаланылуучу картографиялык материалдарга кызмат алууга укуктуу |
| |||
4. | Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы ; “Геодезия жана картография жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы ; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттик жөнүндө» токтому; |
| |||
5. | Мамлекттик кызматты көрсөтүүдөгү түпкү натыйжа | Топографиялык карталардын жана ачык пайдалануучу карталардын, аэро сүрөттөп алуулардын, космостук сүрөттөп алуулардын, ортофотопландардын, мамлекеттик геодезиялык жана нивелирдик түйүндөрдүн пункттарынын координаттары жана бийиктеринин көчүрмөлөрү, топографиялык-геодезиялык жана сүрөттөп алуунун сан ариптик жана окшош түрү. |
| |||
6. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызматарды көрсөтүү ишке ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандар имаратка жана санитардык-гигиеналык жайга (ажаткана бөлмөлөрү) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болсо, мунун ичинде угуу жана көрүү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары-МЧА), туруу-кыймылдоо аппаратынын бузулушунан ден соолугу чектелген адамдар үчүн коюлган пандустар, тирөөчтөр болсо; - кезектүүлүк тартиби боюнча. Мамкартографиянын имаратында ажаткана, жылытуу, суу түтүгү, телефону менен кезек күтүү жайлар бар. МЧА үчүн Картографиянын имаратында жүк ташуучу жана адамдарды ташуучу лифти бар. Жарандардын жеңилдетилген категорялары кезексиз тейленет ( Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тылдын эмгекчилери ага кошулган адамдар, боюнда бар аялдар). Эгерде алар өйдө көтөрүлө албаса, кызматчы арызды кабыл алуу үчүн төмөн түшөт |
| |||
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Катты (суранычтты) кабыл алуунун чектелген убактысы 20 мүнөттү түзөт. Топографиялык-геодезиялык, сүрөттөп алуу жана картографиялык иштер боюнча материалдарды берүү 5 жумушчу күндүн ичинде ишке ашырылат жана суралган материалдардын көлөмүнө жараша болот. |
| |||
Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөргө маалымдоо |
| |||||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жөнүндө (керектүү маалыматын тизмеги) мамлекеттик органдарга жана аларды стандартташтырууга жооптууларга маалымдоо | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот: -ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында; -Мамкартографияга жеке кайрылганда; -Мамкартографиянын имаратындагы маалымат стендинде; -ыйгарым укуктуу органдын расмийсайтында; -ыйгарым укуктуу органдын маалымат тактасында. Керектөөчүлөрүчүн төмөнкү маалымат жеткирилет: 1) мамлекеттик кызматты көрсөтүү жөнүндө маалымдоо ыктары: - кат жүзүндө, - ооз эки (телефон аркылуу, жеке байланышууда), - факсимилдик; 2) катты жазуу тартиби жөнүндө маалымат (суралганда); 3) төлөө тартиби жөнүндө маалымат: чегерүү же накталай; 4) кызмат көрсөтүүнүн алуунун жол-жоболору жөнүндө маалымат: «Жашырын» деген гриф менен картографиялык жана геодезиялык материалдар, «Кызматтык пайдалануу үчүн», «Жашыруун эмес» деген материалдар топографиялык-геодезиялык, сүрөткө тартып алуу жана картографиялык иштер тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырган Кыргыз Республикасынын Мамлекттик мекемесинин режимдик-жашыруун бөлүмү аркылуу гана берилет; 5) мамлекеттик кызматтарды стандарттырууга жооптуу мамлекеттк орган жөнүндө маалымат. Мамкартографияда жарандарды кабыл алуу кайрылган күнүндө жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
| |||
9. | Кызмат көрсөтүү тууралу маалыматты жайылтуу ыктары | Кызмат көрсөтүү тууралу маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (газеталар,радио, телеберүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты; - жеке кайрылуулар жана телефондор боюнча байланыштар; - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында. Даректер, телефондордун номерлери жана иштин режими кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирдикте жайгаштырылат: -Мамкартографиянынимаратынын маалымат стендинде; - ыйгарым укуктуу органдын такталарында жана сайттарында. |
| |||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| |||||
10. | Кардарлар менен баарлашуу | Картографиянын бардык кабинеттеринде бөлүмдөрдүн жана кызматтардын аттары көрсөтүлгөн баракчалар болот. Кардарлар менен баарлашууда кызматчылар этиканын төмөндөгү принциптерин сакташат; сылыктыкты, ак ниеттүү мамилелүүлүктү, адептүүлүктү, чыдамдуулукту, принципиалдуулукту, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулушат, баарлашып жаткан адамды угуп, анын позициясын түшүнүп, аргументтүү чечим кабыл алууга умтулушат. Бардык кызматчылар кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташат, этикалык ченемдерди сактоону камсыз кылган Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузууга жол бербей жарандарга карата көз карандысыздыкты жана этиканы камсыздаган, чыр-чатактардан арылтуунун алдын алышат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө керектөөлөрдө турган адамдар үчүн (МЧА, жашы өткөн жарандар, согуштун жана эмгектин арадагерлери, боюнда бар аялдар) баарлашуу аларга түшүнүктүү жана жетиштүү формасында жүргүзүлөт. |
| |||
11. | Жашырындыкты камсыздоонун ыктары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралгандардын негизинде гана берилет. |
| |||
12. | Мамлекеттик кызматты керектөөчү тарабынан аракеттердин жана/же зарыл документтердин тизмеги | Мамлекеттик кызматты керектөөчү төмөндөгү документтерди берет: - Мамкартографиянын жетекчисинин наамына кат (сураныч); - топографиялык-геодезиялык, сүрөткө тартып алуу жана картографиялык иштер боюнча материалдарга төлөөнүнквитанциясы. |
| |||
13. | Төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы | Кызмат акы төлөө негизинде көрсөтүлөт. Аткарылган иштерге төлөө Мамкартография моноплияга каршы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилген, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен «Топографиялык-геодезиялык, сүрөткө тартып алуу жана картографиялык иштер боюнча материалдардын тарифи (баасы)прейскурантына ылайык ишке ашырылат. Кызматтардын (иштердин) наркы прейскурантта чагылдырынат жана ал стандарттар менен бирдикте ыйгарым укуктуу органдын сайтында жана Мамкартографиянын имаратынын тактасында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. |
| |||
14. | Мамлекеттик кызматтын сапатынын параметрлери | Көрсөтүлгөн кызматтын сапаты төмөндөгү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтын ушул стандартында гы арыздагы кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктуулугу жана өз убактуулугу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, диний ишеними, жашы, саясий жана башка ынанымдыгы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка шарттар боюнча колдонууга жол бербөө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайыктыгы: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулугунун, жарандарды кабыл алуу үчүң ыңгайлуу графиктин, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басылган жана электрондук форматтарда); - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө шайкештиги; -жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу. |
| |||
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук кызмат көрсөтүү четинен берилет, анткени топографиялык карталардын жана ачык пайдаланылуучу карталардын көчүрмөлөрү окшош ыкмалар менен стандарттык технологиялар боюнча түзүлгөн басма оригиналдарында даярдалат |
| |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби |
| |||||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: -ушул стандарттын 3 жана 12 пункттарынын талаптарына жооп бербегенде; - кызматтын аталышы суроолорго ылайык келбегенде; - Мамкартографияда арыз берүүчү сураган материалдар жок болгондо; - «Жашырын», «Кызматтык пайдалануу үчүн»деген гриф менен топографиялык-геодезиялык, сүрөткө тартып алуу жана картографиялык материалдарзаказчыда режимдик-жашырын бөлүм болгондо гана улуттук коопсуздуктун Мамлекеттик комитетинин уруксааты менен берилет. Улуттук коопсуздуктуныйгарым укуктуу мамлекеттик органынын режимдик-жашырын сырдык бөлүмүнүн уруксааты менен ачылган шартта арыз берүүчүлөр көрсөтүлгөн материалдарды ала алышат. |
| |||
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү жеткиликтүү берилбей калган учурда керектөөчү Мамкартографиянын жетекчилигине кайрылуу укугуна ээ. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган жери, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, мамлекеттик кызмат алуучунун колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарымдуу кызматчы даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана кароого жетекчиликке жөнөтөт. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте Мамкартографиянын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндө кайрылууну карап чыгуу жана арыздануучуга жооптуу жиберүү мөөнөтү аны каттаган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канагаттанбаган учурда, керектөөчү Мамкартографиянын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
| |||
18. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуу мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат |
| |||
»; -V бөлүм төмөндөгү мазмундагы 16-17 главалар менен толукталсын: « | ||||||
16. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жер казынасын пайдалануучу субьектилер геологиялык чалгындоо, казуу иштери жөнүндө же кызыкдар адамдардын суроолору боюнча жеткиликтүү чечим кабыл алуу үчүн кыскача геологиялык маалыматты берүү-мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Бирдиктүү реестри (тизмеги) 6 глава, пункт 7 | ||||
2. | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жер казынасын пайдалануу жана тоо кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырган Мамлекеттик орган (мындан ары ары – ыйгарым укуктуу орган) | ||||
3. | Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөр | Юридикалык жактар жана 18 жашка чыккан жеке адамдар, мунун ичинде чет элдиктер дагы | ||||
4. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекетитк органдарынын кароосунда турган маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттик жөнүндө токтому | ||||
5. | Берилген мамлекеттик кызматтын түпкү натыйжасы | Кат жүзүндө же ооз эки формасында берилген сураным боюнча кыскача геологиялык маалымат. | ||||
6. | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары | Кыскача геологиялык маалымат арыз берүү негизинде берилет. Кызмат көрсөтүү ишке ашырылгандар: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - имаратка жана санитардык - гигиеналык жайга (ажаткана бөлмөлөрү) пандустар, тирөөчтөр менен жабдылгандарга, жарандар тоскоолдуксуз кирсе буга угуу жана көрүү мүмкүгүнчүлүгү чектелген, басып-кыймылдоо аппараттары бузулган адамдар кошулат; - кезектүүлүк тартиби боюнча. Ыйгарым укуктуу органдын имаратында күтүү, ажаткана, суу түтүгү, телефон турган жайларлар жайгаштырылат. Жеңилдик берилген жарандардын категориясы (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тылдын эмгекчилери жана ага кошулгандар, боюнча бар аялдар) эгерде алар бөлмөгө көтөрүлө албаса кезексиз тейленет, кызматчы арызды кабыл алуу үчүн аларга келет. | ||||
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Арызды толтуруу же ооз эки кайрылуу - 15 минут. Натыйжаны алуу - 15 минут. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү: - бир жумушчу күндүн ичинде (ооз эки кайрылууда), - үч жумушчу күндүн ичинде (кат жүзүндө кайрылууда)
| ||||
Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөрдү маалымдоо | ||||||
8. | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандарташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты алууга болот: -ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында - ыйгарым укуктуу органга жеке кайрылууда; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында; - ыйгарым укуктуу органдын маалымат тактасында. Ыйгарым укуктуу органда жарандарды кабыл алуу кайрылуу берилген күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. | ||||
9. | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыктары | Кызмат көрсөтүү тууралу маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (газеталар, радио, телеберүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында; -ыйгарым укуктуу органдын имаратынын вестюбюлундагы тактадагы кулактандырууда; -жеке кайрылуу жана телефондор менен байланыш; -ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында. Даректер, телефондордун номерлери жана иштин режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу органдын тактасында жайгаштырылат. | ||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||
10. | Кардарлар менен баарлашуу | Ыйгарым укуктуу органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматчылардын иш бөлмөлөрүндө маалыматтык табличкалар илинип турат. Калк менен иштеген бардык кызматчыларда фамилиясы, аты, атасынын аты жана ээлеген кызматы көрсөтүлгөн өздүк табличкалары (бейджи) болот. Кардарлар менен баарлашууда кызматчылар этиканын төмөндөгү негизги принциптерин: сылыктыкты, адептүүлүктү, түз жүрүүнү, принциптүүлүктү сакташат, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулушат, баарланышуучуну уга билишет жана анын позициясын түшүнүшөт, кабыл алган чечимдерди жүйөлөштүрө алышат. Бардык кызматчылар тарабынан колдонуудагы мыйзамды бузууга жол бербеген, чыр-чатактарды алып салган, жарандарга карата көз карандасыздыкты, обьективдүүлүктү жана этикалыкты камсыз кылган кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча керектөөгө муктаж адамдар үчүн (МЧА, согуштун жана эмгектин арадагерлери, боюнда бар аялдар)баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга жеткиликтүү формада жүргүзүлөт.
| ||||
11. | Жашырын сырды камсыз кылуунун ыктары | Арыздануучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча берилет. | ||||
12. | Мамлекеттик кызматты алуучу тарабынан зарыл документтер жана/же аракеттердин тизмеги | Ооз эки кайрылууда ыйгарым укуктуу органга кайрылуу керек, кат жүзүндө кайрылууда ыйгарым укуктуу органдын жетекчисининин наамына арыз менен кайрылуу жана аны жалпы бөлүмдө каттоо керек.
| ||||
13. | Төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы | Кызмат бекер берилет. | ||||
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн параметрлери | Көрсөтүлгөн кызматтын сапаты төмөндөгү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтын ушул стандартында гы арыздагы кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктуулугу жана өз убактуулугу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, диний ишеними, жашы, саясий жана башка ынанымдыгы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка шарттар боюнча колдонууга жол бербөө; - кызмат көрсөтүү үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди жарандардан алууга жеткиликтүүлүк; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайыктыгы: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулугунун, жарандарды кабыл алуу үчүң ыңгайлуу графиктин, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басылган жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө шайкештиги; -жарандардын даттануу жана сунуш китеби жеткиликтүү жерде болушу.
| ||||
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электродук форматта көрсөтүлүшү мүмкүн
| ||||
Мамлекеттиккызматтыкөрсөтүүдөнбаштартуужанадаттануутартиби | ||||||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кызмат көрсөтүүнүн аталышы сураныч менен шайкеш кебегенде; - ушул стандарттын 3 пунктунда көрсөтүлгөн параметрлерге ылайык келбегенде. | ||||
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү жеткиликтүү берилбей калган учурда керектөөчү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине ооз эки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин наамына берилет. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган жери, телефон номери, мамлекеттик кызмат алуучунун колу жана датасы, ошондой эде дооматтын маңызы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматчы даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана кароого жетекчиликке жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылат. Жазуу жүзүндө кайрылууну карап чыгуу жана керектөөчүгө жооптуу жиберүү мөөнөтү аны каттаган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канагаттанбаган учурда арыз берүүчү ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. | ||||
18. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуу мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат | ||||
17. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Геологиялык маалыматтык ресурстарды пайдаланууга берүү - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 6 главасы, 58 пункт. | ||||
2. | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жер казынасын пайдалануу жана тоо кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруу бийлигинин Мамлекеттик органы (мындан ары-ыйгарым укуктуу орган) | ||||
3. | Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөр | Юридикалык жактар жана 18 жашка чыккан жеке адамдар, мунун ичинде чет элдиктер дагы | ||||
4. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекетитк органдарынын кароосунда турган маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттик жөнүндө» токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №144 «Геологиялык маалыматтык ресурстарды пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» токтому | ||||
5. | Берилген мамлекеттик кызматтын түпкү натыйжасы | Суранычтар боюнча жазуу формасында, мунун ичинде электрондук форматта же таанышуу формасында геологиялык маалыматтык ресурстар | ||||
6. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Геологиялык маалымат материалдарыарыз берүү негизинде берилет. Кызмат көрсөтүү ишке ашырылгандар: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - имаратка жана санитардык - гигиеналык жайга (ажаткана бөлмөлөрү) пандустар, тирөөчтөр менен жабдылгандарга, жарандар тоскоолдуксуз кирсе буга угуу жана көрүү мүмкүгүнчүлүгү чектелген, басып-кыймылдоо аппараттары бузулган адамдар (мындан ары-МЧА) кошулат; - кезектүүлүк тартиби боюнча. Ыйгарым укуктуу органдын имаратында күтүү, ажаткана, суу түтүгү, телефон турган жайлар болот. Жеңилдик берилген жарандардын категориясы (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тылдын эмгекчилери жана ага кошулгандар, МЧА, боюнда бар аялдар) эгерде алар бөлмөгө көтөрүлө албаса кезексиз тейленет, кызматчы арызды кабыл алуу үчүн аларга келет. Кардарлардын ыңгайлуулуктары үчүн кызмат көрсөтүү жайларында кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү жана арыздардын үлгүлөрүнүн документтердин тизмеги жайгаштырылат.
| ||||
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү мөөнөттөрү | Арызды кабыл алуу же кароо 5 мүнөттөн 15 мүнөткө чейин. Жалпы кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү: - (ооз эки кайрылууда) 1 жумушчу күндүн ичинде; - (жазуу жүзүндө кайрылууда) 3 жумушчу күндүн ичинде. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү геологиялык маалыматтын көлөмүнө жараша 1 жумушчу күндөн 30 күнгө чейин.
| ||||
Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөрдү маалымдоо | ||||||
8. | Керектөөчүнү берилүүчү кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандарташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында; - ыйгарым укуктуу органга жеке кайрылууда; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында. -ыйгарым укуктуу органдын маалымат тактасында. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жарандарды кабыл алуу кайрылуу берилген күнү жүргүзүлөт. Керектөөчүлөрдүн көңүлүнө төмөндөгү маалымат берилет: -катты жазуунун (суранычты) жазуунун тартиби жөнүндө маалымат; -төлөөнүн тартиби жөнүндө маалымат; чегерүү же нак акчалай; - кызматты алуунун жол-жоболору жөнүндө маалымат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. | ||||
9. | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыктары | Кызмат көрсөтүү тууралу маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (газеталар, радио, телеберүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты; - жеке кайрылуулар жана телефондор боюнча байланыштар; -ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында. Даректер, телефондордун номерлери, мамлекеттик кызматтын стандартарынын ишини режими менен бирдикте ыйгарым укуктуу органдын маалымат стендеринде жана сайтында.
| ||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана тейлөө | ||||||
10. | Кардарлар менен баарлашуу | Ыйгарым укуктуу органда кызматчылардын кабинеттеринде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматчылардын табличкалары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматчылар фамилиясы, аты, аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджи) менен болушат. Кардарлар менен баарлашууда кызматчылар этиканын төмөндөгү принциптерин сакташат; сылыктыкты, ак ниет мамилени, адептүүлүктү, чыдамдуулукту, принципиалдуулукту, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулушат, баарлашып жаткан адамды угуп, анын позициясын түшүнүп, аргументтүү чечим кабыл алууга умтулушат. Бардык кызматчылар кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташат, колдонуудагы мыйзамды бузууга жол бербей жарандарга карата көз карандысыздыкты жана этиканы камсыздаган, чыр-чатактардан арылтууга умтулашат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө керектөөлөрдө турган адамдар үчүн (МЧА, жашы өткөн жарандар, согуштун жана эмгектин арадагерлери, боюнда бар аялдар) баарлашуу аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формасында жүргүзүлөт. Баарлашуу мамлекеттик жана расмий тилде өтөт. Баарлашуу тилин тандоо укугу кардарга берилет. | ||||
11. | Жашырын сырды камсыз кылуунун ыктары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер гана боюнча берилет. | ||||
12. | Мамлекеттик кызматты алуучу тарабынан зарыл документтер жана/же аракеттердин тизмеги | Ооз эки кайрылууда ыйгарым укуктуу органга кайрылуу керек, жазуу жүзүндө кайрылууда ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин наамына (фамилиясын, атын, аты-жөнүн, уюмдун, пайдалуу казылып алынчунун, кендин же анын турган жерин көрсөтүү менен) арыз жазуу жана жалпы бөлүмдө каттоо керек . Геологиялык материалдарга төлөө же геологиялык материалдар менен таанышуу убактысына төлөөдөгү квитанцияны көрсөтүү керек. | ||||
13. | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Аткарылган иштерге төлөөнүн эсеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №144 токтому менен бекитилген геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жободогу наркка ылайык монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүү наркы прейскуранттын тарифинде чагылдырылат, ал стандарттар менен бирге ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. | ||||
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Көрсөтүлгөн кызматтын сапаты төмөндөгү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтын ушул стандартында гы арыздагы кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктуулугу жана өз убактуулугу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, диний ишеними, жашы, саясий жана башка ынанымдыгы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка шарттар боюнча колдонууга жол бербөө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайыктыгы: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулугунун, жарандарды кабыл алуу үчүң ыңгайлуу графиктин, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басылган жана электрондук форматтарда); - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө шайкештиги; - даттануу жана сунуш китеби жеткиликтүү жерде болушу. | ||||
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Суралган маалымат толук көлөмдө электрондук алып жүрүүчүдө берилиши мүмкүн. | ||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби | ||||||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматты берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - эгерде өтүнмө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №144 токтому менен бекитилген «Геологиялык маалыматтык ресурстарды берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө» Жобонун 6 пунктун бузуу менен берилгенде; - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын сырларын коргоо жөнүндө маалыматка чектелген жетишүүгө арыз берүүчү ээ болбогон тартипте; - ушул стандарттын 3 пунктунда көрсөтүлгөн параметрлерге ылайык келбегенде. | ||||
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү жеткиликтүү берилбей калган учурда керектөөчү ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине кат жүзүндө же ооз эки даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин наамына берилет. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган жери, телефон номери, кол тамгасы жана датасы, ошондой эде дооматтын маңызы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматчы даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана кароого жетекчиликке жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылат. Жазуу жүзүндө кайрылууну карап чыгуу жана арыздануучуга жооптуу жиберүү мөөнөтү аны каттаган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канагаттанбаган учурда арыз берүүчү ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. | ||||
18. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бирден кем мезгилдүүлүктө үзбөй кайра каралышы керек. | ||||
|
|
|
|
|
|
|
».