Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
5-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 токтому менен бекитилген |
Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөөнүн ТАРТИБИ
1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы Топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөөнүн эрежелерин ушул тартип аныктайт.
2. Активдердин учурдагы рыноктук наркын, анын ичинде пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган таза активдердин наркын эсептеп чыгуу ар бир инвестициялык активдер боюнча өзүнчө жүзөгө ашырылат.
3. Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө ар бир жумуш күндүн аягында жүзөгө ашырылат, эгерде мындай күн отчёттук мезгил бүткөн күндөн кийинки жакынкы жумуш күн жумушчу эмес күнгө туура келген күн болуп саналса, анда пенсиялык таза активдердин орточо наркынын жана активдердин учурдагы рыноктук наркынын эсеби отчеттук мезгил бүтүүчү көрсөтүлгөн датада чыгарылат.
4. Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган инвестициялык активдердин учурдагы рыноктук наркы эсептердеги жана финансылык-насыя уюмдарынын депозиттериндеги акча каражаттарынын, баалуу кагаздардын рыноктук нарктарынын суммаларынын, ошондой эле дебитордук карыздардын суммаларынын негизинде эсептелип чыгарылат.
5. Баалуу кагаздардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү баалуу кагаздардын сандарынын жана бир баалуу кагаздын рыноктук баасынын негизинде аныкталат, эгерде ушул тартипте башка каралбаса.
6. Фондулук биржанын котировка тизмесине кирген, баалуу кагаздардын рыноктук баасын ошол фондулук биржа аныктайт. Ушуну менен бирге:
а) баалуу кагаздардын рыноктук баасы ченемдик укуктук актыларга ылайык таанылган бүтүмдөр боюнча орточо тең салмактанган баа, бир соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган рыноктук бүтүмдөр (мындан ары - рыноктук бүтүмдөр) катары аныкталат, эгерде көрсөтүлгөн бүтүмдүн саны ондон кем эмести түзсө;
б) эгерде ошол чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен бир соода күнүнүн ичинде ондон азыраак рыноктук бүтүмдөр жасалса, баалуу кагаздардын рыноктук баасы акыркы эки соода күнүнүн ичинде жасалган ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган рыноктук бүтүмдөрдүн орточо тең салмактанган баасы катары аныкталат, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем болбосо;
в) эгерде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен акыркы эки соода күнүнүн ичинде ондон азыраак рыноктук бүтүмдөр жасалса, баалуу кагаздардын рыноктук баасы акыркы үч соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелип чыгарылган орточо тең салмактанган баа катары аныкталат, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем болбосо;
г) эгерде акыркы үч соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон азыраак рыноктук бүтүмдөр жасалса баалуу кагаздардын рыноктук баасы акыркы беш соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелип чыгарылган орточо тең салмактанган баа катары аныкталат, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем болбосо;
д) эгерде акыркы беш соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон азыраак рыноктук бүтүмдөр жасалса баалуу кагаздардын рыноктук баасы акыркы отуз соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелип чыгарылган орточо тең салмактанган баа катары аныкталат, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем болбосо.
7. Эгерде топтолмо пенсиялык каражаттар инвестицияланган активдердин жана таза активдердин учурдагы рыноктук наркы эсептөө датасында чыгарылса, баалуу кагаздардын рыноктук баасы ушул Тартипке ылайык аныкталбаса, баалуу кагаздардын рыноктук баасы төмөнкүдөй аныкталат:
а) көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен жасалган жарандык-укуктук бүтүмдү башкаруучу компаниянын жасашынын натыйжасында сатылып алынган баалуу кагаздардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санынын жана бир баалуу кагаздын орточо баасынын негизинде аныкталат, ал төмөнкү формула боюнча эсептелип чыгарылат:
анда:
P - бир баалуу кагаздын орточо баасы;
i - бир күндүн ичинде көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн катар номери, андан кийин топтолмо пенсиялык каражаттарга инвестицияланган активдердин рыноктук наркы жана таза активдердин наркы эсептелип чыгарылат;
n - бир күндүн ичинде көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн саны, андан кийин топтолмо пенсиялык каражаттарга инвестиция кылынган активдердин рыноктук наркы жана таза активдердин наркы эсептелип чыгарылат;
P0Q0 - эсептөөдөн мурунку күндөгү көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын рыноктук наркы;
P1 - i бир күндүн ичинде жасалган i бүтүмү боюнча бир баалуу кагаздын баасы, аны сатып алууга (сатууга) байланышкан чыгымдарды эсепке албастан, андан кийин топтолмо пенсиялык каражаттарга инвестиция кылынган активдердин рыноктук наркы жана таза активдердин наркы эсептелип чыгарылат;
Q0 - эсептөөдөн мурунку күндөгү ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздардын саны;
Q1 - i - бир күндүн ичинде жасалган i бүтүмү боюнча ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздардын саны;
б) акционерлерге бөлүштүрүү жолу менен акцияларды жайгаштыруунун натыйжасында сатылып алынган кошумча чыгарылыштагы акциялардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санынын жана көрсөтүлгөн кошумча чыгарылыштын бир акциясынын рыноктук баасынын (орточо баасынын) негизинде аныкталат;
в) конвертациялануучу баалуу кагаздарга конвертациялоонун натыйжасында сатылып алынган кошумча чыгарылыштагы акциялардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санынын жана кошумча чыгарылган акциялардын рыноктук бааларынын негизинде аныкталат. Конвертациялануучу баалуу кагаздарга конвертациялоонун натыйжасында кошумча жайгаштырылган акциялардын рыноктук баасы ушул Тартипке ылайык аныкталбайт, кошумча чыгарылыштагы акцияларга конвертацияланган баалуу кагаздардын акыркы аныкталган рыноктук наркынын негизинде кошумча жайгаштырылган акциялардын рыноктук наркы аныкталат;
г) коомго кошула турган (кошулуу түрүндө коомду кайра уюштурууда) акцияларды конвертациялоонун натыйжасында сатылып алынган кошумча чыгарылган акциялардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санынын жана ошол кошумча чыгарылыштагыга кошумча жайгаштырылган акциялардын рыноктук баасынын негизинде аныкталат. Эгерде коомго кошула турган акцияларды конвертациялоонун натыйжасында сатылып алынган кошумча чыгарылган акциялардын рыноктук баасы ушул тартипке ылайык аныкталбайт, инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санынын жана кошулган коомдун бир акциясынын акыркы аныкталган рыноктук баасын (орточо баасын) конвертациянын коэффициентине көбөйтүүнүн негизинде аныкталат;
д) ошол эле категориядагы акцияларды конвертациялоо менен аларга жайгаштырууда сатылып алынган акциялардын рыноктук наркы конвертациялануучу акциялардын акыркы аныкталган рыноктук наркынын негизинде аныкталат;
е) акцияларды майдалатууда аларга акцияларды конвертациялоонун натыйжасында сатылып алынган акциялардын рыноктук наркы инвестициялык портфелдеги алардын санынын жана майдаланган коэффициентке бөлүнгөн конвертациялануучу бир акциянын акыркы аныкталган рыноктук баасынын (орточо баасынын) негизинде аныкталат;
ж) акцияларды бириктирүүдө аларга акцияларды конвертациялоонун натыйжасында сатылып алынган акциялардын рыноктук наркы инвестициялык портфелдеги алардын санынын жана бириктирүү коэффициентине көбөйтүлгөн конвертациялануучу бир акциянын акыркы аныкталган рыноктук баасынын (орточо баасынын) негизинде аныкталат;
з) кошулуу түрүндө кайра уюштурууда аларга акцияларды конвертациялоонун натыйжасында сатылып алынган акциялардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санынын жана конвертация коэффициентине көбөйтүлгөн инвестициялык активдердин түзүмүндө турган конвертациялануучу баалуу кагаздардын акыркы аныкталган рыноктук баасынын (орточо баасынын) негизинде аныкталат. Эгерде кошулуу түрүндө кайра кошулууга катышкан коомдордун эки (же андан ашуун) акциясы уюштурууда инвестициялык активдердин түзүмүнө кирсе, көрсөтүлгөн акционердик коомдордун ага конвертацияланган акцияларынын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санынын жана конвертация коэффициентине көбөйтүлгөн инвестициялык активдердин түзүмүндө турган конвертациялануучу акциялардын рыноктук баасынан (орточо баасынан) алынган орточо баанын негизинде аныкталат;
и) бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө акционердик коомду кайра уюштурууда акцияларды аларга конвертациялоонун натыйжасында сатылып алынган жаңы түзүлгөн акционердик коомдун акцияларынын рыноктук наркы инвестициялык портфелдеги алардын санынын жана конвертациялоо коэффициентине көбөйтүлгөн конвертациялануучу бир акциянын акыркы аныкталган рыноктук баасынын (орточо баасынын) негизинде аныкталат. Бөлүүнүн же бөлүп чыгаруунун натыйжасында эки же андан ашуун акционердик коомдор түзүлгөн учурда, бөлүүнүн же бөлүп чыгаруунун натыйжасында түзүлгөн акционердик коомго берилген кайра уюштурулган коомдун пропорционалдуу азайтылган мүлктүк үлүштөрү, конвертациялануучу бир акциянын рыноктук баасы (орточо баасы) конвертациялоо коэффициентине көбөйтүлөт;
к) аларга конвертацияланган баалуу кагаздарды конвертациялоонун натыйжасында сатылып алынган жаңы чыгарылыштагы акциялардын же облигациялардын рыноктук нарктары конвертациялануучу баалуу кагаздардын акыркы аныкталган рыноктук наркынын негизинде аныкталат;
л) аларга конвертацияланган облигацияларды конвертациялоонун натыйжасында сатылып алынган жаңы чыгарылыштагы облигациялардын рыноктук наркы инвестициялык портфелдеги алардын санынын жана жайгаштырылган кошумча облигациялардын рыноктук баасынын негизинде аныкталат. Эгерде аларга конвертациялануучу облигацияларды конвертациялоонун натыйжасында кошумча жайгаштырууга чыгарылган облигациялардын рыноктук баасы ушул тартипке ылайык аныкталбай турган болсо, конвертацияланган облигациялардын акыркы аныкталган рыноктук наркынын негизинде кошумча жайгаштырылган облигациялардын рыноктук наркы аныкталат;
м) эмитентти кайра уюштурууда аларга облигацияларды конвертациялоонун натыйжасында сатылып алынган жаңы чыгарылыштагы облигациялардын рыноктук наркы конвертацияланган облигациялардын акыркы аныкталган рыноктук наркынын негизинде аныкталат;
н) негизги карыздын суммасын төлөө боюнча милдеттенмени аткарган облигациялардын рыноктук наркы акча каражаттары инвестициялык портфелдин курамына, же көрсөтүлгөн облигацияларды жабуу эсебине мүлктүк эквивалент келип түшкөн күндөн тартып нөлгө барабар деп таанылат. Негизги карыздын суммасын төлөп берүү боюнча облигация менен каралган милдеттенме аткарылбаган учурда, көрсөтүлгөн милдеттенмени аткаруу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 7 күндүн ичинде мындай облигациялардын рыноктук наркы төмөнкү формула менен аныкталат:
S = max[0; ((0,7 - (i - 7) x 0,03) x P0 x Q)]
анда:
S - активдердин рыноктук наркы эсептелүүчү датада инвестициялык портфелди түзгөн облигациялардын рыноктук наркы;
P0 - негизги карыздын суммасын төлөп берүү боюнча милдеттенмени аткарууда каралган мөөнөт өтүүчү күндөгү көрсөтүлгөн облигациялардын рыноктук баасы (орточо баасы);
Q - инвестициялык портфелдеги көрсөтүлгөн облигациялардын саны;
i - негизги карыздын суммасын төлөп берүү боюнча милдеттенмени аткаруу датасы бүткөндөн тартып өткөн календарлык күндөрдүн толук саны;
0) эмитентти банкрот деп таануу тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланган учурда, мындай эмитенттин облигацияларын рыноктук наркы көрсөтүлгөн маалыматы жарыяланган датадан тартып нөлгө барабар делип таанылат.
8. Депозиттерге жайгаштырылган акча каражаттарынын суммаларынын жана кошулган пайыздардын суммаларынын негизинде насыя уюмдарындагы депозиттер улуттук валютада бааланат.
9. Чет элдик валютадагы акча каражаттарынын жана милдеттенмелердин суммалары инвестициялык портфелдин наркы эсептелген күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген курс боюнча улуттук валютага кайра эсептелет.
10. Атайын брокердик эсептерде турган акча каражаттарынын суммаларынын, облигациялар боюнча топтолгон пайыздык (купондук) кирешелердин жана дебитордук башка карыздардын суммаларынын негизинде дебитордук карыздар эсептелинип чыгарылат. Көрсөтүлгөн кирешени төлөө боюнча милдеттенмени эмитенттин аткарышынын узартылышы жөнүндө маалымат, же эмитентке карата банкроттук жол-жобонун колдонулушу жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланган учурда инвестициялык портфелди түзгөн активдердин рыноктук наркы, облигациялар боюнча топтолгон пайыздык (купондук) киреше эсепке алынбайт.
11. Башкаруучу компаниянын инвестициялык портфелин түзгөн, активдердин рыноктук наркынын жарыяланган суммасы эсепке алынат, бирок акциялар боюнча алынбаган дивиденддер кабыл алынбайт.
12. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган таза активдердин наркы пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин рыноктук наркы менен инвестициялык портфелди түзгөн активдердин эсебинен аткарылууга жаткан насыялык карыздардын курамындагы милдеттенмелердин ортосундагы айырмачылык катары аныкталат.
13. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин рыноктук наркынын эсеби ушул Тартиптин 1-тиркемесиндеги түргө ылайык жүзөгө ашырылат.
14. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган таза активдердин наркынын эсеби ушул Тартиптин 2-тиркемесиндеги түргө ылайык түзүлөт.
|
| Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөөнүн тартибинин 1-тиркемеси |
__/__/_____-жылдагы абал боюнча пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын эсептөө формасы
Башкармалыкты уюмдаштыруучунун толук аталышы, ИНН/КПП ______________________
Башкаруучу компаниянын фирмалык толук аталышы, ИНН/КПП ______________________
Ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн дата жана анын номери ____________________
Эсеп түзүлгөн дата жана убакыт ________________________________________________
1. Эсептердеги акча каражаттары
Насыя уюмунун аталышы | Келишимдин банк эсебинин реквизиттери | Банк эсебинин реквизиттери | Акча каражаттарынын суммасы (миң сом) | |
датасы | номери | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
Эсептердеги акча каражаттарынын жыйынтыгы |
| |||
2. Депозиттердеги акча каражаттары
Насыя уюмунун аталышы | Келишимдин банк эсебинин реквизиттери | Банк эсебинин реквизиттери | Салымдардын суммасы (миң сом) | Кошуп эсептелген пайыздар (миң сом) | |
датасы | номери | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
Депозиттердеги акча каражаттарынын жыйынтыгы (кошуп-эсептелген пайыздарды кошкондо) |
|
| |||
3. Баалуу кагаздар рыногунда жүгүртүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары, Кыргыз Республикасынын тышкы облигациялык зайымдарынан башкасы
Баалуу кагаздардын түрү | Чыгарылыштын мамлекеттик каттоо номери (кошумча чыгарылыштын) | Рыноктук баа (сом) | Саны (даана) | Рыноктук наркы (миң сом) | Рыноктук бааны эсептөөнүн булагы <*> |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
Инвестициялык портфелдеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарынын рыноктук наркынын жыйынтыгы |
|
| |||
4. Муниципалдык облигациялар
Муниципалдык түзүлүштүн аталышы | Чыгарылыштын мамлекеттик каттоо номери | Рыноктук баа (сом) | Саны (даана) | Рыноктук наркы (миң сом) | Рыноктук бааны эсептөөнүн булагы <*> |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
Муниципалдык облигациялардын рыноктук наркынын жыйынтыгы |
|
| |||
5. Кыргыз Республикасынын чарбалык коомдорунун облигациялары
Эмитенттин аталышы | Чыгарылыштын мамлекеттик каттоо номери (кошумча чыгарылыш) | Рыноктук баа (сом) | Саны (даана) | Рыноктук наркы (миң сом) | Рыноктук бааны эсептөөнүн булагы <*> |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын чарбалык коомдорунун облигацияларынын рыноктук нарктарынын жыйынтыгы |
|
| |||
6. Ачык акционердик коом түрүндө түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акциялары
Эмитенттин аталышы | Акциялардын категориясы жана түрү | Чыгарылыштын. мамлекеттик каттоо номери (кошумча чыгарылыш) | Рыноктук баа (сом) | Саны (даана) | Рыноктук наркы (миң сом) | Рыноктук бааны эсептөөнүн булагы <*> |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Ачык акционердик коом түрүндө түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акцияларынын рыноктук нарктарынын жыйынтыгы |
|
| ||||
7. Дебитордук карыздар
Атайын брокердик эсептердеги пенсиялык топтолмо каражаттар | |||
Брокердин аталышы | Каражаттардын суммасы (миң сом) | ||
1 | 2 | ||
|
| ||
Атайын брокердик эсептердеги каражаттардын жыйынтыгы |
| ||
| |||
Облигациялардын пайыздык (купондук) кирешеси боюнча дебитордук карыздар | |||
Эмитенттин аталышы | Чыгарылыштын мамлекеттик каттоо номери (кошумча чыгарылыш) | Дебитордук карыздардын суммасы (миң сом) | |
1 | 2 | 3 | |
|
|
| |
Облигациялардын пайыздык (купондук) кирешеси боюнча дебитордук карыздардын жыйынтыгы |
| ||
| |||
Башка дебитордук карыздар | |||
Дебитордук карыздардын аталышы | Дебитордук карыздардын суммасы (миң сом) | ||
1 | 2 | ||
Башка дебитордук карыздардын жыйынтыгы |
| ||
дебитордук карыздардын жыйынтыгы (миң сом) |
| ||
|
|
|
|
8. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин рыноктук наркынын жыйынтыгы _____________ миң сом <**>
Башкаруучу компаниянын ыйгарым укуктуу адамынын кызмат ордунун аталышы | ________________________ | аты-жөнү |
| (колу) |
|
М.О. |
|
|
<*> Баалуу кагаздар рыногундагы (фондулук биржалардагы) рыноктук бааны аныктаган соода-сатыктарды уюштуруучунун аталышы, эгерде рыноктук бааны көрсөтүлгөн соода-сатыктарды уюштуруучу аныктаса.
<**> Активдер боюнча 1-13-беренелердин жыйынтыктарынын суммасы катары эсептелинет.
|
| Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөөнүн тартибинин 2-тиркемеси |
___/____/_____-жылдагы абал боюнча пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган таза активдердин наркын эсептөө формасы
Башкармалыкты уюмдаштыруучунун толук аталышы, ИНН/КПП ______________________
Башкаруучу компаниянын фирмалык толук аталышы, ИНН/КПП ______________________
Ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн дата жана анын номери ____________________
Эсеп түзүлгөн дата жана убакыт ________________________________________________
Мүлктүн түрү | Барактардын коду | миң сом |
1 | 2 | 3 |
Активдер: |
|
|
Насыя уюмдарынын эсептериндеги акча каражаттары | 010 |
|
Насыя уюмдарынын депозиттериндеги сомдор | 020 |
|
Баалуу кагаздар, анын ичинде: | 030 |
|
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары | 031 |
|
Муниципалдык облигациялар | 032 |
|
Кыргыз чарбалык коомдорунун облигациялары | 033 |
|
Ачык акционердик коом түрүндө түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акциялары | 034 |
|
Дебитордук карыздар, анын ичинде: | 040 |
|
Атайын брокердик эсептердеги пенсиялык топтолмо каражаттар | 041 |
|
Облигациялардын пайыздык (купондук) кирешелери боюнча дебитордук карыздар | 042 |
|
Башка дебитордук карыздар | 043 |
|
Башка активдер | 050 |
|
Мүлктөрдүн жыйынтыгы (010 + 020 + 030 + 040 + 050 саптары) | 060 |
|
Милдеттенмелер: |
|
|
Насыялык карыздар, анын ичинде: | 070 |
|
Адистешкен депозитарийге сыйлыктарды төлөө боюнча насыя карыздары | 071 |
|
Башкаруу компанияларына сыйлыктарды төлөө боюнча насыя карыздары | 072 |
|
Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн дайындалган мүлктөрдү түзүүгө каражаттарды которуу боюнча насыя карыздары | 073 |
|
Өздөрүнүн учурдагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн мамлекеттик эмес пенсиялык фондго каражаттарды которуу боюнча насыя карыздары | 074 |
|
Башка насыя карыздары | 075 |
|
Милдеттенмелердин суммаларынын жыйынтыгы | 080 |
|
Таза активдердин нарктарынын жыйынтыгы (060-080 саптары) | 090 |
|
Башкаруу компаниясынын ыйгарым укуктуу адамынын кызмат ордунун аталышы | ______________________ | аты-жөнү |
| (колу) |
|
М.О. |
|
|