Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-январы № 7
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн айрым чечимдерин кγчγн жоготту деп таануу жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу жана "Кумтѳр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун ѳз ара алгылыктуу варианттарын издѳѳ максатында, "Кумтѳр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сγйлѳшγγлѳрдγ жγргγзγγ боюнча консультациялык кеңештин 2015-жылдын 21-декабрындагы № 40 чечимин кѳңулгѳ алыш, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17- беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳмѳнкγлѳр кγчγн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу, ошондой эле "Кумтѳр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун ѳз ара алгылыктуу варианттарын издѳѳ максатында "Центерра Голд Инк." компаниясы менен сγйлѳшγγ процесстерин улантуу боюнча консультациялык кеңештин ишинин жыйынтыктары жѳнγндѳ" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 18- январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы "Кумтѳр" долбоорун реструктуралаштыруунун шарттары жѳнγндѳ макулдашуу тууралуу" токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |