Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2016-жылдын 15-январы № 7
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-декабры № 700
Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу, ошондой эле "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында "Центерра Голд Инк." компаниясы менен сүйлөшүү процесстерин улантуу боюнча консультациялык кеңештин ишинин жыйынтыктары жөнүндө
"Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө жана Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу максатында "Центерра Голд Инк." компаниясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүү процесстерин улантуу боюнча консультациялык кеңештин ишинин жыйынтыктарын эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" жана 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорун көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы Кумтөр кенин кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жөнүндө макулдашуунун сунуш кылынган долбоору жактырылсын, анда Кумтөр кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишкананы түзүү, башкаруу жана анын иштөөсү боюнча жетишилген келишимдер чагылдырылган.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы Кумтөр кенин кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жөнүндө макулдашуу долбоору, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол койгондон кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 505 "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультациялык кеңештин ишинин жыйынтыгы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |