Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2016-жылдын 15-январы № 7
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-январы № 32
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы “Кумтөр” долбоорун кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жөнүндө макулдашуу тууралуу
Кумтөр кенин кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жөнүндө макулдашууну редакциялык тактоо жана толук түшүнүү максатында, Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу, ошондой эле “Кумтөр” долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен сүйлөшүү процесстерин улантуу боюнча консультациялык кеңештин (мындан ары – Консультациялык кеңеш) сунуштарын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 700 “Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу, ошондой эле “Кумтөр” долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен сүйлөшүү процесстерин улантуу боюнча консультациялык кеңештин ишинин жыйынтыктары жөнүндө” токтому менен долбоору жактырылган Кумтөр кенин кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) Консультациялык кеңеш тарабынан сунушталган редакциялык оңдоолорго макулдук берилсин.
Тиркелген Макулдашууга (редакциялык оңдоолор менен) тараптар кол койгондон кийин ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын “18” январындагы № 32 токтомуна тиркеме |
______________________________________________________
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН,
«КЫРГЫЗАЛТЫН» ААКнын
жана
ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК. компаниясынын
- ортосундагы -
___________________________________________
КУМТӨР ДОЛБООРУН КАЙРА ТҮЗҮМДӨШТҮРҮҮ
ШАРТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ
КУМТӨР ДОЛБООРУН КАЙРА ТҮЗҮМДӨШТҮРҮҮ ШАРТТАРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ БУЛ МАКУЛДАШУУ («ШАРТТАР ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ»)
2014-ЖЫЛДЫН 18-ЯНВАРЫНДА
ТӨМӨНКҮЛӨРДҮН ОРТОСУНДА ТҮЗҮЛДҮ:
(1) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН («Кыргыз Республикасынын Өкмөтү»);
(2) «КЫРГЫЗАЛТЫН» ААКнын, ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, негизги жайгашкан дареги: Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек шаары, Абдымомунов көч., 195 («Кыргызалтын»);
(3) ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК., корпорациясы, Канаданын Онтарио Провинциясынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, негизги жайгашкан дареги: Канада, Онтарио, Торонто, ON, M5J 2P1, Офис 1500, Юниверсити Авеню, 1 («Центерра»),
(биргеликте «Тараптар» жана ар бири өз-өзүнчө – «Тарап» деп аталат).
1.1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызалтын жана Центерра Кумтөр долбоорун андан ары кайра түзүмдөштүрүү максатында, тең укуктуулук, тең өнөктөш мамилелерди түзүү жана өз ара пайдалуу шарттарда биргелешкен ишкана түзүү үчүн Шарттар жөнүндө макулдашууда баяндалган кайра түзүмдөштүрүүнүн негизги шарттары жөнүндө келишим түзүштү.
1.2. Кыргыз Республикасынын Парламенти («Жогорку Кеңеш») Өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү 2013-жылдын 9-сентябрындагы меморандумду 2013-жылдын 23-октябрында карагандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызалтын жана Центерра Жогорку Кеңештин көрсөтүлгөн жыйынында көтөрүлгөн маселелерди жөнгө салуу, ошондой эле алтын казып алуучу Кумтөр долбоору боюнча Кыргызалтындын жана Центерранын биргелешкен ишканасын түзүү максатында Центерранын капиталында Кыргызалтындын үлүшүн кайра түзүмдөштүрүү тартибин аныктоо боюнча кошумча талкууларды жүргүзүштү.
1.3. Тараптар бир катар ургаалдуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү үчүн негиз катары Шарттар жөнүндөгү ушул макулдашууда баяндалган негизги маселелер боюнча келишимге жетишишти.
1.4. Шарттар жөнүндөгү ушул макулдашуу бүтүмдүн укуктук жана жөнгө салуучу аспекттерин толук кароо үчүн зарыл болгон Тараптар ортосундагы андан аркы сүйлөшүүлөр үчүн, ошондой эле макулдашууга жетишүүнү жеңилдетүү үчүн негиз болот; бул документ юридикалык жактан милдеттүү эмес жана андай болуп эсептелбейт. Тараптар кол коюп, жыйынтыкталган кийинки келишимдерди («Кийинки Келишимдер») бергенден кийин, анын ичинде шектенүүлөрдү болтурбоо максатында бардык Тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен, Кыргызалтындын жана Центерранын Директорлор Кеңешинен, Кыргызалтындын жана Центерранын акционерлеринен, ошондой эле канадалык сотторунан жана жөнгө салуучу органдарынан зарыл болгон уруксаттарды жана макулдашууларды алгандан кийин гана алар юридикалык күчүнө кирет жана аткаруу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
2.1. Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү («Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү») төмөнкүдөй шарттарда Биргелешкен ишкана түзүү аркылуу жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө Тараптар макулдашышты:
2.1.1 «Кумтөр Голд Компани» ЖАК жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК кайра түзүмдөштүрүлөт жана алардын базасында Тараптар үчүн алгылыктуу уюштуруу укуктук формадагы Биргелешкен ишкана түзүлөт. Биргелешкен ишкана Шарттар жөнүндө ушул макулдашууда чагылдырылган принциптерге, Кийинки макулдашуулардын шарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы болуп эсептелет,
2.1.2. Шарттар жөнүндө ушул макулдашуунун 14-бөлүмүнүн жоболорун эске алуу менен Биргелешкен ишканага Кумтөр долбоорун ишке ашыруу менен байланышкан активдер (анын ичинде негизги каражаттар, запастар, акчалай талаптар, финансылык салымдар, Кумтөр кенине концессиялар, башка мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар, мунун ичинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКыга жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКыга таандык болгон активдер) өткөрүлүп берилет. Мындай активдердин акыркы тизмеси Тараптар жагынан макулдашылат жана Кийинки макулдашууларда чагылдырылат;
2.1.3. Центерранын капиталындагы Кыргызалтындын үлүшү (32,75%) Биргелешкен ишканадагы 50%га барабар болгон түз үлүшкө өзгөртүлүп түзүлөт;
2.1.4. Кыргызалтын жана Центерра (же алардын тиешелүү 100 пайыздык туунду компаниялары) тең үлүштө Биргелешкен ишкананын негиздөөчүлөрү болот.
2.1.5. Тараптардын кызыкчылыктарын көздөгөн Биргелешкен ишкананын корпоративдик түзүмүн иштеп чыгуу максатында Тараптар сүйлөшүүлөрдү улантышат.
2.2. Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү Центерранын бардык акционерлери үчүн акыйкаттуу болушун талап кылган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана канадалык мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү үчүн зарыл болгон юридикалык иш-аракеттер жана жол-жоболор Шарттар жөнүндөгү ушул макулдашуунун негизинде түзүлгөн Кийинки макулдашууларда чагылдырылышы керек экендигин Тараптар өз ара таанышат.
2.3. Шарттар жөнүндөгү ушул макулдашууда:
2.3.1. «Казуунун жылдык планы» термини ага 16.4-пунктунда берилген мааниге барабар;
2.3.2. «Директорлор кеңеши» термини ага 7.1-пунктунда берилген мааниге барабар;
2.3.3. «Центерранын Директорлор кеңеши менен иштешүү боюнча жооптуу адам» термини ага 11.1-пунктунда берилген мааниге барабар;
2.3.4. «Жабдуулар лизинги» термини ага 14.1-пунктунда берилген мааниге барабар;
2.3.5. «Биргелешкен ишкана» же «БИ» термини Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жана иштеген, Шарттар жөнүндөгү ушул макулдашуунун шарттарында түзүлүүчү компанияны (мүлктүк комплекс катары) билдирет;
2.3.6. «КГК» термини Кумтөр Голд Компани дегенди билдирет;
2.3.7. «Кумтөр кени» термини концессиялык аянттын чектеринде жайгашкан жердин астындагы пайдалуу кенди билдирет;
2.3.8. «Кумтөр долбоору» термини алтындын жана күмүштүн запастарын геологиялык изилдөөнү жана иштетүүнү, ошондой эле Кумтөр кенинде казып алынган алтынды жана күмүштү өндүрүүнү жана сатууну билдирет.
2.3.9. «Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү» термини ага 2.1-пунктунда берилген мааниге барабар;
2.3.10. «Кенди пайдалануу планы» термини кенди пайдалануу планын билдирет, ал Центерра үчүн даярдалат жана 2012-жылдын 30-сентябрында күчүнө кирген Кумтөр долбоору боюнча Техникалык отчетто келтирилет (ага мезгил сайын кен өнөр жайынын эл аралык алдыңкы практикасына ылайык өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн);
2.3.11. «Башкаруу боюнча кызматтар» термини ага 13.1-пунктунда берилген мааниге барабар;
2.3.12. «Милдеттүү саясат жана жол-жоболор» термини ага 15.1-пунктунда берилген мааниге барабар;
2.3.13. «Операциялык макулдашуу» термини ага 13.2-пунктунда берилген мааниге барабар;
2.3.14. «Операциялык стандарттар» термини ага 13.4-пунктунда берилген мааниге барабар;
2.3.15. «Долбоордук макулдашуулар» термини ага 17.1-пунктунда берилген мааниге барабар;
2.3.16. «Кийинки макулдашуулар» термини Тараптардын ортосунда андан аркы сүйлөшүүлөрдүн предмети боло турган Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү үчүн талап кылынган макулдашууларды билдирет;
2.3.17. «Кайра түзүмдөштүрүү датасы» термини Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүүнү аяктоо датасын билдирет;
2.3.18. «Акционер» термини эгерде БИнин уюштуруу-укуктук формасы акционердик коом түрүндө болсо, анда акционерди, же БИнин уюштуруу-укуктук формасы жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө болсо анда катышуучуну билдирет;
2.3.19. «Төрага» жана «Төраганын орун басары» терминдери аларга 7.6-пунктунда берилген маанилерге барабар;
2.3.20. «Башкаруучу компания» термини ага 13.1-пунктунда берилген мааниге барабар;
2.3.21. «Жүгүртүүдөгү капиталды каржылоого насыя» термини ага 5.3-пунктунда берилген мааниге барабар; жана
2.3.22. «Жогорку Кеңеш» термини ага 1.2-пунктунда берилген мааниге барабар.
3.1. Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү 3.2-пунктунда баяндалган жетектөөчү принциптерге негизделе тургандыгын жана төмөндөгү 3.3-пунктунда келтирилген негизги максаттарга жетүүгө багыттала тургандыгын Тараптар өз ара ырасташат жана ага макул болушат.
Жетектөөчү принциптер
3.2. Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүүнү ишке ашырууда андан ары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда Тараптар төмөнкү принциптерди жетекчиликке алышат:
3.2.1. Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү бардык Тараптар, Кыргыз Республикасы жана анын жарандары, ошондой эле Центерранын бардык акционерлери, анын ичинде Центерранын чыгарылган жана жүгүртүүгө берилген акцияларынын 32,75%ы таандык болгон Кыргызалтын үчүн акыйкаттуу болушу керек.
3.2.2. Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү бардык тиешелүү болгон кызыкдар тараптар үчүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана Тараптарга карата колдонулуучу бардык мыйзамдарды, анын ичинде ар кандай мыйзамдардын арасынан коррупцияга жана паракорчулукка каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдарды сактоо менен өткөрүлүшү керек. Тараптардын ортосундагы макулдашууларда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, бардык түрдөгү төлөмдөр же пайдалар каралбагандыгын Тараптар ырасташат.
3.2.3. Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү анын ажыратылгыс бөлүгү катары кен казуу тармагында коммерциялык иштин эл аралык алдыңкы стандарттарын камтышы керек жана БИнин операциялык иштери көрсөтүлгөн стандарттарга ылайык жүргүзүлүшү зарыл.
3.2.4. Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү Тараптар ортосундагы бардык жөнгө салынбаган талаш-тартыштарды чечиши керек жана Кумтөр долбоорунун иштешинин узак мөөнөттүү турктуулугун камсыз кылышы, ошондой эле кенин пайдалануунун калган бардык мөөнөтүнүн ичинде БИнин жана Кумтөр долбоорунун операциялык иштерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өз ара таанышы жана ырасташы зарыл.
Негизги максаттар
3.3. Кумтөрдү кайра түзүмдөштүрүү төмөнкү негизги максаттарга жетүү үчүн багытталган:
3.3.1. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жана Кумтөр кенинин айланасындагы региондун экологиялык коопсуздугун жана региондун тазалыгын сактоо. Бул мааниде Тараптар Кыргыз Республикасынын экологиялык мыйзамдарынын талаптарын сакташат жана көз каранды эмес эл аралык экологиялык жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыз эл аралык экологиялык жана техникалык консультанттарынын, Кумтөр долбоорунун экологиялык жана техникалык практикасына анализ жасаган АМЕС компаниясынын төмөндө 4-бөлүмдө баяндалган жыйынтыктарын жана сунуштамаларын аткаруу зарылдыгы жөнүндө макулдашышты.
3.3.2. Кыргыз Республикасына акчанын түшүүсүн жана инвестициялардын келишин көбөйтүүнүн эсебинен Кыргыз Республикасы үчүн Кумтөр долбоорунан көбүрөөк экономикалык пайда алуу мүмкүндүгүн камсыздоо.
3.3.3. Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүүнү ийгиликтүү ишке ашыргандан кийин Центерранын Торонтодогу Фондулук биржасында ачык соодалануучу акцияларына котировкаларды көбөйтүүдөн Кыргызалтынга финансылык пайда алуу жолун берүү.
3.3.4. Бухгалтердик эсепке алуу жана Кийинки макулдашууларга ылайык Кумтөр долбоорун операциялык башкаруу үчүн Центерранын жоопкерчилигин сактоо максатында консолидациялоо мүмкүндүгүн сактоо шартында Кыргызалтынга Кумтөр долбоорун контролдоонун көбүрөөк деңгээлин берүү.
3.3.5. БИнин ишинен алынган акча каражатты жергиликтүү юридикалык жактарга жана Кыргыз Республикасында ишкердик жүргүзүүчү башка жактарга кайра инвестициялоо жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасына түрткү берүү.
3.3.6. Кыргыз Республикасында жумуш орундарынын санын көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алышына жана квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүү.
3.3.7. Кумтөр долбоорун жөнгө салуучу колдонулуудагы макулдашуулар Кумтөр долбооруна олуттуу инвестициялардын салынышына өбөлгө болгонун моюнга алуу жана Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү жана анын үзгүлтүксүз натыйжалуу иштеши Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты чыңдоого, чет өлкөлүк инвесторлордун жана эл аралык уюмдардын ишениминин бекемделишине, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасындагы инвестициялык иштеринин улантылышына жана кеңейтилишине өбөлгө болоорун ырастоо.
3.3.8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана келишимдеринин талаптарына, Кумтөр долбоору менен байланышкан бардык талаптарды жана тынчсызданууларды, анын ичинде Кыргызалтындын тышкы юридикалык, финансылык, экологиялык жана техникалык консультанттарынын, ошондой эле Кумтөр долбоорунун экологиялык жана техникалык практикасына анализ жасаган АМЕС компаниясынын жыйынтыктарына, сунуштамаларына ылайык айлана-чөйрөнү коргоо маселесин, техникалык маселелерди жана жерди пайдалануу маселелерин (бирок алар менен чектелбестен) толук жана биротоло жайгаруу.
4.1. Центерра КГКнын 100% ээси катары Кайра түзүмдөштүрүү датасына чейин жана Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына жана макулдашууларына ылайык Кайра түзүмдөштүрүү датасына чейин Кумтөр долбоорун пайдалануунун жүрүшүндө айлана-чөйрөнүн абалы жана анын ишинин экологиялык натыйжалары үчүн өзүнүн жоопкерчилигин ырастайт. Тараптардын максаттарына жетүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине карата бардык дооматтар жана тынчсыздануулар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик агенттиктеринин дооматтары Кайра түзүмдөштүрүү датасына чейин толугу менен жана биротоло Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, макулдашууларына, ошондой эле АМЕС компаниясынын сунуштамаларына ылайык жайгарылууга тийиш. Мындай биротоло жайгаруу Кийинки макулдашуулардын ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш.
4.2. Тараптар Кыргызалтындын көз карандысыз эл аралык экологиялык жана техникалык консультанты, Кумтөр долбоорундагы экологиялык жана техникалык практикага анализ жасаган АМЕС компаниясы берген сунуштамалардын аларды аткаруунун тийиштүү механизмдерин Тараптар кошумча талкуулагандан кийин аткарыла тургандыгын макулдашты. Кайра түзүмдөштүрүү датасына чейин андай сунуштамаларды аткаруу боюнча чыгымдарды КГК тартат, ал эми Кайра түзүмдөштүрүү датасынан кийин андай чыгымдарды БИ көтөрөт.
4.3. Тараптар ошондой эле БИнин кен тектеринин калдыктарын турукташтырууга байланыштуу иш жүзүндө тарткан чыгымдарынын жалпы суммасын Центерра төлөп берери жөнүндө да макулдашты, анын өлчөмүн Тараптар аныкташат жана макулдашат.
4.4. Тараптар Нарын дарыясынын боюндагы тийиштүү пункттарда суунун сапатын мониторингдөө программасы эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын стандарттарына ылайык ишке ашырылаары жөнүндө макулдашты.
5.1. Кыргызалтын жана Центерра БИнин капиталында бирдей үлүшкө (50%дан) ээ болушат. Мында Кыргызалтын жана Центерра дивиденддерди төлөө жолу менен бөлүштүрүлүүчү БИнин пайдасына бирдей үлүштө катышууга укуктуу болушат. Пайда Акционерлерге алардын БИдеги үлүштөрүнө жараша бөлүштүрүлөт (Кыргызалтын – 50%, Центерра – 50%).
5.2. Кийинки макулдашуулар макулдашылган дивиденддик саясаттын баяндамасын камтууга тийиш, анда жүгүртүүдөгү капиталды каржылоо боюнча зарылдык көңүлгө алынышы керек. Дивиденддик саясат Директорлор кеңешинин сунуштамаларды кароо жана берүү (эгер бул максатка ылайык болсо) милдеттерин (бул жөнүндө төмөндөгү 7-пункттан караңыз), ошондой эле Акционерлердин дивиденддерди төлөө жөнүндө жарыялоо милдетин (эгер тийиштүү сунуштама бар болсо) кароого тийиш.
5.3. Кумтөр долбоорун каржылоо финансылык-чарбалык иштерден түшүүчү акчанын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы берген БИнин жүгүртүүдөгү капиталды каржылоого насыянын, жана/же үчүнчү жактар берген, ушундай насыянын ордуна алынышы мүмкүн болгон башка насыялардын эсебинен ишке ашырылышы белгиленүүдө («Жүгүртүүдөгү капиталды каржылоого насыя»). Бир дагы Акционер БИ үчүн каражат берүүгө милдеттүү эмес, БИнин Акционерлеринин жалпы жыйыны да, Директорлор кеңеши да же Башкаруучу компания да кайсы бир Акционерден БИ үчүн акча каражатын берүүнү талап кылууга укуктуу эмес, БИдеги эч бир үлүш БИнин капиталына салым кошпогону үчүн жуулуп кетүүгө (азайтылууга) тийиш эмес.
5.4. Эгер БИнин операциялык иши үчүн кошумча каржылоо керек болсо (үчүнчү жактардан же Акционерлерден), андай каржылоонун шарттары жана булактары Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш, мында Центерра БИнин кошумча капиталга жана/же жүгүртүүдөгү капиталга болгон кошумча керектөөлөрүн каржылоо максатында алгылыктуу коммерциялык шарттарда акционердик зайым берүү жөнүндө чечимди өз каалоосу боюнча чыгара алат.
5.5. БИ Жүгүртүүдөгү капиталды каржылоого насыяны анда аныкталган шарттарга жараша тейлейт.
6.1. Центерра Кыргызалтынга Центерранын 10 000 000 жөнөкөй акциясын алууга кошумча утурлай канааттандыруусуз варранттарды («Варранттар») төмөнкүдөй шарттарда берет (Шарттар жөнүндө макулдашуу датасына карата Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүргөндөн кийинки кайрылууда бул болжол менен Центерранын акцияларынын 5,9%ын түзөт):
6.1.1. 000 000 акцияны алууга варранттарды Кайра түзүмдөштүрүү датасынан кийин 24 айдын ичинде, жөнөкөй акция үчүн баасы 10,00 канада долларына барабар болгон варрантты аткаруу баасы боюнча пайдаланса болот; жана
6.1.2. 000 000 акцияны алууга варранттарда Кайра түзүмдөштүрүү датасынан кийин 36 айдын ичинде, жөнөкөй акция үчүн баасы 12,00 канада долларына барабар варрантты аткаруу баасы боюнча пайдаланса болот.
6.2. Эгер Кыргызалтын Варранттарды анын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин (тиешелүү түрдө 24 ай жана 36 ай) пайдаланбаса, анда Кыргызалтын кандайдыр бир кошумча утурлай канааттануу алууга укугу жок болот жана бул Тараптардын Кийинки макулдашуулары жана аларда каралган бардык бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерин өзгөртпөйт жана тиешеси болбойт.
7.1. Биде корпоративдик башкаруу Бинин тиешелүү башкаруу органдары тарабынан алардын уюштуруу документтеринде жана Кийинки макулдашууларда аныкталган компетенцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жол берилүүчү чектерде ишке ашырылат. Биде жалпы жетекчиликти ишке ашыруучу негизги башкаруу органы Директорлор кеңеши («Директорлор кеңеши») болот. Директорлор кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык координация жана Акционерлердин жалпы чогулуштарын өткөрүү үчүн жооптуу болот.
Директорлор кеңеши
7.2. Директорлор кеңешинин курамында ар бир Акционердин бирдей сандагы өкүлдөрү болот.
7.3. Директорлор кеңеши жыйындарын Кыргыз Республикасынын аймагында кварталында бир жолудан кем эмес жана кайсы убак болбосун Директорлор кеңешинин каалаган мүчөсүнүн негизделген талабы боюнча өткөрөт.
7.4. Директорлор кеңешинин жыйынынын кворуму минимум катары Акционерлердин ар бири дайындаган бирден мүчөсүнүн катышуусун талап кылат. Директорлор кеңешинин бардык чечимдеринин кабыл алынышы үчүн жок дегенде Акционерлердин ар бири дайындаган бир мүчөсүнүн добуш берүүсү зарыл.
7.5. Директорлор кеңеши Башкаруучу компаниядан БИ ишинин натыйжаларына карата демейдеги ар айлык жана ар кварталдык отчетторду, ошондой эле Директорлор кеңешинин мүчөсү Башкаруучу компаниядан тишелүү мезгилге негизделген суроо-талап боюнча ар кандай кошумча маалыматтарды алат.
7.6. Кыргызалтын өзүнүн өкүлдөрүнүн бирин Директорлор кеңешине Директорлор кеңешинин төрагасынын («Төрага») кызмат ордуна сунуш кылат, Центерра да өзүнүн өкүлдөрүнүн бирин Директорлор кеңешине Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басарынын («Төраганын орун басары») кызмат ордуна сунуш кылат.
7.7. Директорлор кеңешинин жыйындарында төрагалык кылуучунун функцияларын Төрага жана Төраганын орун басары кезек менен аткарышат (ар бир жыйында бирөө). Директорлор кеңешинин жыйынынан сырткары Төрага жана Төраганын орун басары аткаруучу бардык иштерде Төрага жана Төраганын орун басары, алардын ар бири чечимди экинчисинин макулдугу жана катышуусу менен гана кабыл алгыдай болуп биргелешип аракеттенүүгө милдеттүү.
7.8. Директорлор кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, БИнин уюштуруу документтерине, Кийинки макулдашууларга жана БИнин акционерлеринин жалпы чогулушунун чечимдерине ылайык иштөөгө тийиш.
7.9. Башкаруучу компаниянын Кумтөр долбоорунун үзгүлтүксүз иштешин кен иштетүү тармагындагы алдыңкы эл аралык коммерциялык практикага жараша камсыздоо боюнча укуктарына жана милдеттенмелерине ылайык, Акционерлердин жалпы чогулушунун жеке компетенциясына кирбеген негизги маселелер боюнча чечимдер Директорлор кеңешинин гана компетенциясына кирет. Директорлор кеңешинин ишинин тартиби жана анын тиешелүү ыйгарым укуктары жөнүндө маселелердин толук такталышы Тараптардын ортосундагы кийинки сүйлөшүүлөрдүн предмети болот. Директорлор кеңешинин компетенциясына же Акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына түздөн-түз киргизилбеген калган бардык операциялык маселелерди Башкаруучу компания Кийинки макулдашууларга жана Операциялык макулдашууларга ылайык чечет жана аныктайт.
7.10. Акционерлердин бардык жалпы чогулуштары жана Директорлор кеңешинин жыйындары Кыргыз Республикасынын аймагында өтүүгө тийиш.
7.11. Кыргызалтын жана Центерра Директорлор кеңешине мүчөлүккө талапкер катары сунуш кылган ар бир адамда:
7.11.1. кен иштетүүчү ишкананы башкаруу үчүн керектүү билими жана тажрыйбасы, анын ичинде финансы тармагында билими жана тажрыйбасы болууга тийиш;
7.11.2. оор кылмыш, анча оор эмес кылмыш же уурулукка, алдамчылыкка, паракорлукка же ушундайларга тиешелүү башка ар кандай мыйзам бузууга байланыштуу ар кандай юрисдикцияларда соттуулугу жок болууга тийиш; жана
7.11.3. Кыргыз Республикасынын Парламентинин (б.а. Жогорку Кеңештин) мүчөсү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же муниципалдык кызматкери болбошу керек.
Операциялык башкаруу
7.12. Кыргызалтын БИнин аткаруучу органынын жетекчи курамына бир кандидатты - Геологиялык чалгындоо боюнча вице-президентти же геотехникалык шарттар боюнча вице-президентти Директорлор кеңешинде бекитүү үчүн сунуш кылууга укуктуу. Тараптар Кайра түзүмдөштүрүү датасынан кийин төрт жылдын ичинде жетекчи кызмат орундардын ачылышына жараша жана Кыргыз Республикасынын жарандарында тийиштүү квалификация болгон шартта Кыргызалтын сунуш кылуучу кандидаттар дайындала турган кызмат орундун санын экиге чейин көбөйтүү үчүн бардык тийиштүү аракеттерди жасашат.
7.13. 7.12-пунктта көрсөтүлгөн Кыргызалтындын укуктарын эске алуу менен аткаруучу органдын жогорку жетекчилигине талапкерлердин сунушталышы боюнча Башкаруучу компания тандоону, ишке кабыл алууну, сый акынын өлчөмдөрүн белгилөөнү, ошондой эле БИнин Президентинин жана БИнин аткаруучу органынын жогорку жетекчилигинин бардык башка мүчөлөрүн, ошондой эле алардын ордуна ишке кабыл алынган бардык адамдарды иштен бошотууну жүргүзөт, ушуну менен бирге мындай тандалып алынган талапкерлер Директорлор кеңеши тарабынан жактырылышы керек. БИнин бардык менеджерлери БИнин Президентине отчет беришет. БИнин Президентинин отчету БИнин Директорлор кеңешинин жыйындарында каралат.
7.14. Каалаган жетектөөчү кызматтын бош оруну ачылган учурда (талапкерди Кыргызалтын сунуштаган кызмат ордунан башка) Башкаруучу компания талапкерлерди издөөнү жана баа берүүнү жүргүзөт жана талапкерди алмаштыруу үчүн Директорлор кеңешинин жактыруусуна берет. Директорлор кеңешинин жогорку жетекчиликтин мүчөлөрүн бошотуу боюнча милдеттери Кийинки макулдашууларда аныкталат.
8.1.Кумтөр долбоорунун иши үчүн капиталдык салымдардын салынышын жана операциялык чыгымдардын Кыргыз Республикасынын ичинде жүргүзүлүшүн камсыздоо үчүн БИ бардык тийиштүү күч-аракеттерин жумшай тургандыгы жөнүндө Тараптар макулдашышты.
8.2. Тараптар БИнин жыл сайын Кыргыз Республикасынын ичинде учурдагы деңгээлде 50 млн. АКШ долларынан кем эмес суммада сатып алууларды ишке ашырууну улантаары жөнүндө макулдашышты.
8.3. Тараптар БИнин кенди эксплуатациялоонун учурдагы мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасындагы сатып алуулардын азыркы деңгээлин жалпысынан 100 млн. АКШ долларын суммасына көбөйтүүгө милдеттенме алаары жөнүндө макулдашышты. Сатып алуулар боюнча чечимдер коммерциялык шарттарга негизделүүгө тийиш, анда жабдуу-берүүлөрдүн сапаты, баасы жана ишеничтүүлүгү боюнча шарттар камтылат жана сатып алуу ишинин төмөнкүдөй түрлөрү да кириши мүмкүн:
8.3.1. Кумтөр долбоору үчүн акиташ берүү; жана
8.3.2. Кумтөр долбоору үчүн майдалоо максатында материалдарды берүү.
9.1. Тараптар БИнин 2016-жылга карата БИнин жетекчилигинин жогорку төрт деңгээлиндеги менеджерлердин, линиялык жетекчилердин жана улук техникалык персоналдын 90%дан кем эмеси Кыргыз Республикасынын жарандарынын болушун камсыздоо боюнча бардык тийиштүү чараларды көрүүгө макулдашышты.
9.2. Тараптар БИнин 2016-жылга карата жетекччиликтин жогорку үч деңгээлиндеги менеджерлердин 75%ы Кыргыз Республикасынын жарандары болушун камсыздоо боюнча бардык тийиштүү чараларды көрүүгө макулдашышты.
9.3. Тараптар Кыргыз Республикасынын тийиштүү квалификациясы бар жарандарынын БИдеги болгон бардык жетекчи кызмат орундарга арыз беришин колдоо зарылдыгы жөнүндө макулдашышты.
10.1. Тараптар инфраструктураны өнүктүрүүгө (анын ичинде жолдор), иш орундарын түзүүгө, Кыргыз Республикасынын кен иштетүү өнөр жайы үчүн пайдаланылган товарларды берүүчү жана кызматтарды аткаруучу айыл чарбалык долбоорлорду жана ишканаларды жүзөгө ашырууга багытталган жамааттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго инвестиция салуу үчүн БИ өзүнө милдеттенме ала тургандыгы жөнүндө макулдашышты.
10.2. Тараптар БИнин долбоордун өткөн жылдагы эркин акча агымынын 2%ына барабар (бирок жылына 2 млн. АКШ долларынан кем эмес) сумманы жамааттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго жумшаары жөнүндө макулдашышты. Кенди иштетүүнүн азыркы планына негизденүү менен, мындай сумма минимум 26 млн. АКШ долларын түзүүгө тийиш (б.а. 13 жыл бою жылына 2 млн. АКШ долларынан).
10.3. Кенди иштетүүнүн азыркы долбооруна ылайык кенди эксплуатациялоо мөөнөтүнүн ичиндеги корпоративдик социалдык жоопкерчиликке сарптоолордун суммасы болжол менен 60 млн. АКШ доллары болот. Алтындын баасы 1 650 доллар болсо, кенди эксплуатациялоо мөөнөтүнүн ичиндеги корпоративдик социалдык жоопкерчиликке сарптоолордун суммасы болжол менен 100 млн. АКШ доллары болот.
11.1. Центерранын ишиндеги окуялар жөнүндө Кыргызалтынга маалымдап турууну камсыздоо максатында Центерра Кыргызалтындын «Центерранын Директорлор кеңеши менен иштешүү боюнча жооптууну» дайындоо укугуна макул, ал Кыргызалтын жана Центерранын Директорлор кеңеши менен иштешүү боюнча жооптуу, жашырын маалыматты пайдалануудагы тийиштүү чектөөлөрдү сактоого милдеттенишкен шартта Центерранын жогорку жетекчилигинин мүчөсүнөн корпоративдик стратегия, пландоо, Центерранын ишинин натыйжасы жана финансылык абалы жөнүндө толук маалыматты кварталда бир жолудан кем эмес алып турууга укуктуу болот.
Кыргызалтындын БИде 67% үлүштү алууга укугу
12.1. Кыргызалтын өзүнүн БИдеги үлүшүн төмөндө 12.2-пунктта айтылган шартта 50%дан 67%га чейин көбөйтүүгө укуктуу болот (бирок милдеттүү эмес).
12.2. Кенди иштетүүнүн азыркы мөөнөтү аяктаганда 2026-жылы Кыргызалтын Центеррадан БИдеги үлүштөн кошумча 17% Тараптар макулдашкан адилеттүү рыноктук нарк боюнча сатып алууга укуктуу (бирок милдеттүү эмес), ал эми Центерра сатууга милдеттүү (мунун натыйжасында Кыргызалтындын Бидеги катышуусунун жалпы үлүшү 67% болот). Эгер Тараптар адилеттүү рыноктук нарк жөнүндө макулдаша алышпаса, Тараптар маселени чечүүнү көз каранды эмес экспертке өткөрүшөт.
Кыргызалтындын калдыктардан 1,00 АКШ доллары баада өз пайдасына алтын өндүрүүгө укугу
12.3. Кыргызалтын кенди иштетүүнүн азыркы мөөнөтү аяктаганда 2026-жылы калдыктардан 1,00 АКШ доллары баасында өз пайдасына алтын өндүрүүгө укуктуу (бирок милдеттүү эмес).
12.4. Күмөн саноолорду болтурбаш үчүн, Кыргызалтындын калдыктардан 1,00 АКШ доллары баасында өз пайдасына алтын өндүрүүгө укугу Центерранын калдыктарды рекультивациялоо боюнча милденттенмелерине тиешеси болбойт, мындай милдеттенмелер Кийинки макулдашууларда толук баяндалат.
Кыргызалтындын жер астындагы ресурстарды иштетүүгө укугу
12.5. Эгер Кумтөр кенинде кенди ачык ыкма менен иштетүүнү токтотуу белгиленген убакытка чейин 24 ай мурда БИ Кумтөр кениндеги жер алдындагы ресурстарды иштетпөө жөнүндө чечим кабыл алса, Кыргыз Республикасы андай ресурстарды чалгындоо жана иштетүү укугун өзү тандаган башка операторго өткөрүп берүүгө укуктуу (бирок милдеттүү эмес) жана БИ менен Башкаруучу компания Кыргызалтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана андай жаңы оператор менен Кайра каралган Инвестициялык макулдашуунун 3.2-пунктунда каралган тартипте кызматташууга милдеттүү.
Башкаруучу компания тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар
13.1. Центерра Башкаруучу компания («Башкаруучу компания») катары БИнин жана Кумтөр долбоорунун операциялык ишине тиешелүү башкаруучулук милдеттерди Кийинки макулдашууларда («Башкаруу боюнча кызматтар») аныкталуучу шарттарда аткарууга тийиш.
13.2. БИ Башкаруучу компания менен операциялык макулдашуу («Операциялык макулдашуу») түзөт, анда мындай макулдашуулар үчүн типтүү шарттар каралат, анын ичинде Кумтөр долбоорун башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Долбоордук макулдашууларга, Кийинки макулдашууларга жана кен иштетүүдөгү эл аралык алгылыктуу практикага, операциялык макулдашууларды токтотуу жөнүндө тийиштүү шарттарга ылайык жүргүзүлүшү талап болот (башкалардын ичинде билдирүүлөрдү жиберүү, эреже бузууларды четтетүү мүмкүндүгү жана арбитраж жөнүндө тиешелүү шарттар сакталган учурларда мыйзамдарды, айлана-чөйрөнү коргоо стандарттарын, эл аралык жакшы практиканы, белгиленген өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү жана бекитилген пландарды олуттуу четтетилбеген бузуулар болгон учурда Операциялык макулдашууну токтотууну караган). Операциялык макулдашууда Башкаруучу компаниянын жана Кыргызалтындын аткарган кызматтары үчүн акы жөнүндө жобо да каралууга тийиш.
13.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргызалтындын финансылык консультанты РwC компаниясы Башкаруучу компаниянын Кумтөр долбооруна байланыштуу тарткан иш жүзүндөгү чыгымдарына жасашкан баалоого ылайык, Башкаруучу компания БИнин жогоруда айтылган кызматтарды аткарганы үчүн аталган Операциялык макулдашууда макулдашылууга тийиш болгон туруктуу өлчөмдөгү акыны алууга укуктуу болот.
Операциялык стандарттар
13.4. 13.2-пунктта көрсөтүлгөн Операциялык стандарттарда («Операциялык стандарттар») адаттагы жоболор, анын ичинде Кумтөр долбоорун ишке ашырууга байланыштуу операциялык, техникалык жана башка тобокелдиктер ырасталган кенди казуу, түшкөн киреше жана чыгымдар жөнүндө жоболор камтылууга тийиш.
Операциялык стандарттарды бузуу
13.5. Эгер БИ (же БИнин кайсы бир Акционери) Башкаруучу компания Операциялык стандарттарды (же Операциялык макулдашуу боюнча башка милдеттенмени) бузуп жатат деп эсептесе, ал Башкаруучу компаниянын дарегине тийиштүү билдирүү берет жана Башкаруучу компания андай бардык эреже бузууларды алгылыктуу мөөнөттө жоюуга милдеттүү. Эгер андай мөөнөт өткөндөн кийин Тарап Башкаруучу компания мурдагыдай эле макулдашуунун шарттарын бузуп жатат деп эсептесе жана ал Тарап Операциялык макулдашууну ажыратууну кааласа, ал Башкаруучу компанияга тийиштүү билдирүү берет. Талаш кырдаал пайда болсо, эгер талаштарды жайгаруунун Операциялык макулдашууда каралган процедуралары аягына чыкканга жана андай ажыратууну ырастоо жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин андай ажыратуу жараксыз болуп эсептелет.
14.1. Наркы болжол менен 200 млн. АКШ доллары болгон жана сатып алуу үчүн Центерра 2009-жылы каржылаган кен иштетүүчү көчмө жабдуу Центеррага таандык болот жана Тараптар макулдашууга тийиш болгон коммерциялык шартта 10 жыл мөөнөткө лизингге берилет («Жабдуулардын лизинги»).
14.2. БИ Жабдуулар лизингинин мөөнөтүнүн аягында мындай жабдууну 1 АКШ долларына сатып алуу укугуна ээ болот.
15. БИНИН ЭКОЛОГИЯ, ТЕХНИКА КООПСУЗДУГУ, КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЖААТЫНДАГЫ МИЛДЕТТҮҮ САЯСАТТЫ, ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУ ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК СТАНДАРТТАРДЫ ТАК САКТОО МИЛДЕТИ
15.1. БИнин операциялык иши аныкталган милдеттүү саясат жана жол-жоболор менен жөнгө салынат («Милдеттүү саясат жана жол-жоболор»). Милдеттүү саясаттын жана жол-жоболордун талаптарын БИнин сактоо милдети мөөнөтсүз болуп саналат жана Акционерлердин кайсынысы тарабынан болсун кошумча добуш берүүнү же жактырууну талап кылбайт, ошол эле учурда Милдеттүү саясатка жана жол-жоболорго вето коюлушу мүмкүн эмес жана алар Акционерлердин кимиси тарабынан болсун өзгөртүлбөйт. БИнин уюштуруучу документтеринде жана Кийинки макулдашууларда Акционерлер өздөрүнүн тиешелүү өкүлдөрүнө жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө мындай Милдеттүү саясатты жана жол-жоболорду туруктуу негизде ишке ашырууну жана финансылоону камсыз кылууга көрсөтмө беришет.
15.2. Милдеттүү саясат жана жол-жоболор төмөнкү документтерди камтыйт:
15.2.1. Экология, саламаттык сактоо жана техника коопсуздугу маселелери боюнча саясат: азыркы учурда Кайра караштырылган инвестициялык макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында караштырылган, экология, адамдардын саламаттыгын сактоо жана техника коопсуздугу маселелери боюнча саясаттын жана жол-жоболордун талаптарын сактоо. Мындан тышкары саясат операциялык иш төмөнкүлөргө:
15.2.1.1. Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына жана
15.2.1.2. алдыңкы эл аралык экологиялык практикага ылайык жүргүзүү талабын камтыйт.
15.2.2. Рекультивациялоо саясаты: Кайра караштырылган инвестициялык макулдашууда жана Шарттар жөнүндөгү ушул макулдашуунун 4.2-пунктка ылайык АМЕС компаниясынын сунуштамаларында каралган Кумтөр кенин жабуу жана рекультивациялоо пландарын киргизүү талабы.
15.2.3. Казып алуу жаатындагы отчетторду берүү саясаты: Акционердин кайсынысына болсун колдонулуучу ачык отчеттор боюнча бардык милдеттенмелерди бардык Акционерлердин аткаруусу үчүн зарыл болгон маалыматты, анын ичинде башкалардын арасында канадалык Улуттук регламенттин 43-101-талаптарын (пайдалуу кендерди казып алуу долбоорлору үчүн маалыматтын ачыктыгы стандарттары) жана тоо-кен өнөр жайындагы талаптагыдай эл аралык, коммерциялык практикага ылайык жана Кыргыз Республикасы менен Канаданын бардык башка мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын даярдоо жана аларды алууга мүмкүнчүлүк берүү.
15.2.4. Коррупцияга каршы саясат/Этика кодекси: БИге карата Кыргыз Республикасынын жана Канаданын коррупцияга каршы мыйзамдарына, Кыргызалтындын жана Центерранын саясаттарына ылайык келген коррупцияга каршы күрөш жана Этика кодекси боюнча, ошондой эле эл аралык коммерциялык бүтүмдөрдү ишке ашырууда чет өлкөлүк кызмат адамдарын паралап сатып алууга каршы күрөшүү боюнча ОЭСРдин конвенциясына жана чет өлкөдөгү коррупциялык аракеттер жөнүндө АКШнын мыйзамынын ички саясатын колдоо жана колдонуу талабын караштырууга тийиш:
15.2.5. Маалыматты ачыкка чыгаруу жана инсайдердик соодалашуу боюнча саясат: Кыргызалтындын жана Центерранын саясатына жана жол-жоболоруна ылайык келген маалыматты ачыкка чыгаруу жана инсайдердик соодалашууга жол бербөө жаатындагы саясаттын БИ тарабынан колдоо жана аткарылышын камсыз кылуу талабын караштырышы керек.
15.2.6. Финансылык эсепке алуу, аудит жана отчеттуулук саясаты: бардык максаттар, анын ичинде чектелбестен Кыргыз Республикасында салык салуу максатында кыргыз сомунда, ички корпоративдик максаттар үчүн кыргыз сомунда жана АКШ долларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарынын колдонулушуна ылайык БИ тарабынан бухгалтердик эсепти, документтерди, отчетторду жана финансылык отчетторду, жүргүзүү талабын кароого тийиш; эл аралык таанылган көз каранды эмес аудитордук фирма менен мамилелерди колдоого тийиш (эгерде ушул кезге чейин, жалпы чогулуштун чечими боюнча иштеп жаткан аудитор алмаштырылбаса, БИнин иштеп жаткан аудитору болуп саналган, төрт алдыңкы эл аралык аудитордук фирмалардын бири); аудит жүргүзүлбөгөн кварталдык финансылык отчетторду, ошондой эле аудитор текшерген жылдык финансылык отчетту берүүсү жана отчеттуулук, листинг же финансылоо жагындагы Акционердин жеке муктаждыктарына байланыштуу кайсыл Акционердин болсун негизделип талап кылынган бардык башка маалыматка жана материалдарга өз убагында, толук жана так ачып берүүнү жана алууну камсыз кылуу.
15.2.7. Камсыздандыруу саясаты: БИ өзүнүн операциялык ишин, директорлордун, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн, кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын колдонулуучу мыйзамдарына жана Кыргызалтындын жана Центерранын корпоративдүү саясатында жана жол-жоболорунда белгиленген камсыздандырууга карата эң так талаптарга ылайык туруктуу камсыздандырууну жабууну камсыз кылууга милдеттүү. Центерра мындай чыгымдар БИ тарабынан төлөнгөн шартта БИ үчүн камсыздандырууну жабууну уюштурууга көмөк көрсөтө алат (жагдайларга жараша).
15.2.8. Коомдук билдирүүлөр саясаты: Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүүдөн кийин ар кандай тышкы катнаштын, анын ичинде БИ жагындагы коомдун өкүлдөрү үчүн таратууга жана аларга жеткирүүгө арналган ар кандай кабарлар же алардын мөөнөттөрү, формалары жана мазмуну жагындагы бардык чечимдер Директорлор кеңешинин алдын ала жактыруусу менен БИнин жетекчилиги тарабынан гана берилет (ар кандай колдонулуучу мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын, соттун чечимдеринин жана ошол сыяктуу актылардын талаптарын сактоо максатында ар бир тарап үчүн белгиленген маалыматты ачып берүү жагындагы кадыресе өзгөчөлүктөрү менен).
Кенди пайдалануу планы
16.1. Кумтөр кенин иштетүү жана пайдалануу кенди пайдалануу планына (анын аныктамасы жогоруда 2.3.10-пунктта берилген) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
16.2. Башкаруучу компания кенди пайдалануу планындагы ар кандай өзгөртүүлөрдү даярдоого контролдукту ишке ашырат, мындай өзгөртүүлөр мезгил-мезгили менен зарыл болушу же талап кылынышы мүмкүн; ар кандай маанилүү өзгөртүүлөр учурунда Башкаруучу компания Кыргызалтын жана Кыргызалтын дайындаган ар кандай эксперт менен даярдалып жаткан документ боюнча алардын сын-пикирлерин жана сунуштарын алуу максатында сунушталган өзгөртүүлөр боюнча кеңешүүгө милдеттүү. Мындан тышкары Акционерлердин кимиси болсун кенди пайдалануу планын өзгөртүүлөрдү сунуштай алат.
16.3. Кенди пайдалануу планындагы бардык өзгөртүүлөр Башкаруучу компания тарабынан Директорлор кеңешинин бекитүүсүнө берилет жана Директорлор кеңеши тоо кен өнөр жайындагы эл аралык таанылган, кен казуу тармагындагы көз каранды эмес геологиялык компаниянын алдыңкы эл аралык коммерциялык практикасына ылайык берген корутундусу болгон шартта мындай жактырууну бекитет.
Казуунун жылдык пландары
16.4. Башкаруучу компания тиешелүү жылдык мезгилге карата кенди пайдалануу планын ишке ашырууну камсыздоо максатында казуунун бардык жылдык пландарын даярдоого контролду ишке ашырат (ар бир мындай план – «Казуунун жылдык планы»). Бардык Казуунун жылдык пландары:
16.4.1. Башкаруучу компания тарабынан Кыргызалтын жана Кыргызалтын дайындаган эксперт менен кеңешүүдөн кийин мындай пландарды даярдоодо алардын сын-пикирлерин жана сунуштарын алуу максатында даярдалууга тийиш;
16.4.2. Башкаруучу компания тарабынан Директорлор кеңешинин бекитүүсүнө берилүүгө тийиш жана Директорлор кеңеши мындай Казуунун жылдык планы кенди пайдалануунун макулдашуу планына каршы келбеген шартта аны бекитет.
16.5. Күмөн саноолордон качуу үчүн жогоруда айтылгандар Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарынын казып алуунун жана чалгындоонун пландарынын кайсынысын болсун кароосунун же жактыруусунун зарылдыгын төмөндөтпөйт жана жокко чыгарбайт, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.
Операциялык чыгымдардын жана капиталдык сарптоолордун жылдык бюджеттери
16.6. Башкаруучу компания Казуунун жылдык планын жана Кумтөр долбоору боюнча башка пландарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон операциялык чыгымдардын жана капиталдык сарптоолордун жылдык бюджеттеринин даярдалышына контроль жүргүзөт. Бардык мындай бюджеттерди Башкаруучу компания бекитүү үчүн Акционерлер чогулушуна жана/же Директорлор кеңешине берет жана бул бюджеттер бекитилген Казуунун жылдык планына ылайык келген учурда Акционерлер чогулушу жана/же Директорлор кеңеши аларды бекитет.
Операциялык ишти улантуу
16.7. Кумтөр кенин үзгүлтүксүз пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Акционерлер чогулушу жана/же Директорлор кеңеши жаңы бюджетти бекитүү жөнүндө чечим кабыл албаган учурда:
16.7.1. Директорлор кеңеши өз убагында маалымдаган учурда БИ кенди пайдалануу планына жана/же бекитилген Казуунун жылдык планына ылайык мындай мезгилдин ичинде кен иштерин жүргүзүү жана казуу үчүн зарыл боло турган чыгымдарды көбөйтүү менен ошол учурга карата колдонуудагы бюджеттердин негизинде операциялык иштерин улантууга укуктуу; жана
16.7.2. БИ адамдардын ден соолугун, коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн зарыл болгон кошумча чыгымдарды сарптоого укуктуу.
17.1. Кийинки макулдашуулардын түзүлүшүндө козголгон макулдашууларды кошпогондо, Кумтөр кени боюнча колдонуудагы макулдашуулар (биргелешкен «Долбоордук макулдашуулар») толук күчүн жана колдонулушун сактайт. Тараптар эл аралык деңгээлде таанылган көз карандысыз аудитор тарабынан Жылдык сумманын аудиттик текшерүүлөрүн жүргүзүүнүн жол-жобосун макулдашышат (Кайра каралган инвестициялык макулдашууда аныкталганга ылайык).
17.2. Кыргызалтын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БИнин жана Кумтөр кенинин операциялык ишине Долбоордук макулдашууларга жана Кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө макулдашууларга ылайык колдоо көрсөтүү милдеттенмесин өзүнө алат жана ушул Макулдашуунун 8-бөлүмүндө камтылган сатып алууларды жүргүзүү боюнча БИнин милдеттенмелери, ошондой эле ушул Макулдашуунун шарттары жөнүндө 10-бөлүмдө камтылган коомчулукту өнүктүрүүгө инвестицияларды ишке ашыруу боюнча БИнин милдеттенмелери кен казуу тармагындагы алдыңкы эл аралык коммерциялык практикага ылайык Кумтөр кенинин үзгүлтүксүз иштөөсүнө, анын ичинде Кумтөр кенине баруунун коопсуздугуна көз каранды экендигин таанышат.
Кийинки макулдашуулардын жана аларда каралган бүтүмдөрдүн салыктык кесепеттерин минимумга жеткирүүгө багытталган тиешелүү чараларды көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө Тараптар келишимге келишти. Ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн Тараптар Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүүгө карабастан Центерра жана/же анын туунду компаниялары Долбоордук макулдашууларга ылайык Центерра (жана/же анын туунду компаниялары) жасаган бүтүмдөрү үчүн берилген салык режимин мурдагыдай пайдалана тургандыгын ырасташат жана ага макулдук беришет.
Бул Шарттар жөнүндө макулдашуу Жогорку Кеңешке жана башка ыйгарым укуктуу органдарга кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет. Бул Шарттар жөнүндө макулдашуунун үч версиясынын ортосунда ар кандай кайчы пикирлер пайда болгон учурда, келип чыккан маселе боюнча келишимге жетишүү максатында Тараптар консультацияларды жүргүзүшөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
_____________________________ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж. Сатыбалдиев
«Кыргызалтын» ААК
_____________________________ Башкарма төрагасы Дилгер Жапаров
|
| Центерра Голд Инк.
_______________________________ Президент Иан Аткинсон
_______________________________ Башкы юрист жана Корпоративдик катчы Франк Херберт |