Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-январы № 16
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун суммаларынын минимум өлчөмдөрү жана камсыздандыруу акысынын тарифтери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген |
Жүк ташуучу транспорт каражатынын бир бирдиги үчүн жылдык камсыздандыруу сыйлыгы камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмүнө базалык камсыздандыруу тарифинин көбөйтүндүсүнө барабар.
Камсыздандыруунун базалык тарифи 1 пайызга барабар. Белгиленген базалык тариф жылдык болуп эсептелет.
Ар бир жүк ташуучу транспорт каражатына камсыздандыруу келишими өзүнчө түзүлөт.
Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы кооптуу жүктүн классына жана жүк ташуучу транспорт каражатынын жүк көтөрүмдүүлүгүнө көз каранды жана төмөнкү таблицага ылайык белгиленген минималдуу камсыздандыруу суммасынан аз болбошу керек:
Тобокелдик классы | Камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү, сом менен | |||||||
Жүк ташуучу транспорт каражаты | ||||||||
2,5 тоннага чейин | 5 тоннага чейин | 7,5 тоннага чейин | 10 тоннага чейин | 12,5 тоннага чейин | 15 тоннага чейин | 20 тоннага чейин | 20 тоннадан жогору | |
1-класс - жарылгыч заттар | 1500000 | 300000 | 5500000 | 800000 | 10500000 | 13000000 | 17000000 | 20000000 |
2-класс - кысылган, суюлтулган жана басым менен эритилген газдар | 500000ден баштап 1000000го чейин | 1000000дон баштап 2000000го чейин | 1750000ден баштап 3500000ге чейин | 3250000ден баштап 5000000 чейин | 3250000ден баштап 6500000ге чейин | 4000000дон баштап 8000000го чейин | 5000000дон баштап 10000000го чейин | 6000000дон баштап 12000000го чейин |
3-класс - тез күйүүчү суюктуктар | 500000ден 10000000го чейин | 1000000дон 2000000го чейин | 1750000ден 3500000ге чейин | 2500000ден 5000000го чейин | 3250000ден 6500000ге чейин | 4000000дон 8000000го чейин | 5000000дон 10000000го чейин | 6000000дон 12000000го чейин |
4-класс - тез күйүүчү заттар жана материалдар | 1500000 | 3000000 | 5500000 | 8000000 | 10500000 | 1300000 | 17000000 | 2000000 |
5-класс - кычкылдануучу заттар жана органикалык өтө кычкылдар | 1500000 | 3000000 | 5000000 | 7000000 | 9000000 | 11000000 | 13000000 | 16000000 |
6-класс - уулуу (ууландыруучу) заттар | 150000 | 3000000 | 5500000 | 8000000 | 10500000 | 13000000 | 17000000 | 2000000 |
7-класс - радиоактивдүү жана инфекциялык заттар | 2000000 | 4000000 | 7000000 | 10000000 | 13000000 | 16000000 | 20000000 | 24000000 |
8-класс - ачыштыргыч жана коррозиялык заттар | 1500000 | 3000000 | 5000000 | 7000000 | 9000000 | 11000000 | 13000000 | 16000000 |
9-класс - башка коркунучтуу заттар | 1500000 | 3000000 | 5000000 | 7000000 | 9000000 | 11000000 | 13000000 | 16000000 |
Үчүнчү жактын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчилик лимити бир адамга 300000 (үч жүз миң) сомду түзөт.
Темир жол транспорту үчүн
Темир жол транспорту менен кооптуу жүк ташууда жарандын жоопкерчилигин камсыздандыруучу транспорттук каражат жүк ташууну ишке ашыруучу темир жол курамы болуп саналат.
Тобокелдиктердин бардык класстары үчүн камсыздандыруу суммасынын бирдей минималдуу өлчөмү 12000000 (он эки миллион) сом өлчөмүндө белгиленет.
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча кыска мөөнөттүүлүктүн таблицасы
Камсыздандыруу келишимин он эки айдан аз мөөнөткө түзүүдө камсыздандыруу сыйлыгынын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленет:
№ | Камсыздандыруу мөөнөтү | Камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү (жылдык камсыздандыруу сыйлыгынан пайыз менен) |
1 | Толук 15 күн | 10 |
2 | толук 1 ай | 20 |
3 | толук 2 ай | 30 |
4 | толук 3 ай | 40 |
5 | толук 4 ай | 50 |
6 | толук 5 ай | 60 |
7 | толук 6 ай | 70 |
8 | толук 7 ай | 75 |
9 | толук 8 ай | 80 |
10 | толук 9 ай | 85 |
11 | толук 10 ай | 90 |
12 | толук 11 ай | 95 |
13 | толук 12 ай | 100 |
".