Загрузка документа…
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген |
1. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун убактылуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу келишими (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу келишими) боюнча тараптардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруунун тартибин аныктайт.
2. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууда, камсыздандыруучу камсыздандыруу окуясы болгондо милдеттүү камсыздандыруу келишиминде шартталган төлөмгө милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталган камсыздандыруунун ордун толтурууга милдет алат.
3. Өрттүн жана/же табигый кырсыктардын кесепетинен камсыздандырылуучунун турак жайынын жок болуу же бузулуу тобокелдиги милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.
4. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча укуктук мамилелердин субъекттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- камсыздандыруучу;
- камсыздандырылуучу;
- пайда табуучулар.
5. Камсыздандыруучу болуп Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензиясы бар мамлекеттик камсыздандыруу уюму саналат. Камсыздандыруучу камсыздандыруу иштерин камсыздандыруу ортомчулары (агенттер жана брокерлер) аркылуу жүзөгө ашырууга укуктуу.
6. Камсыздандырылуучу болуп камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн турак жайдын менчик ээси болуп саналган, ага мыйзамдуу негизде ээлик кылган, пайдаланган же тескеген юридикалык же аракетке жөндөмдүү жеке жак же болбосо менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке жактын өкүлү саналат.
7. Пайда табуучу болуп турак жайдын менчик ээси же менчик ээсинин мураскору же болбосо мыйзамдуу укук улантуучу саналат.
8. Милдеттүү камсыздандыруу камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
9. Милдеттүү камсыздандыруунун келишими камсыздандыруу келишими болуп эсептелет, ага ылайык камсыздандыруучу келишимде шартталган төлөмгө (камсыздандыруу сый төлөмүнө) келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) болгондо камсыздандырылуучуга же пайда табуучуга ушул окуянын кесепетинде турак жайга келтирилген зыяндын ордун келишимде аныкталган сумманын (камсыздандыруу суммасынын) чектеринде толтуруп берүүгө (камсыздандырып ордун толтурууну төлөөгө) милдет алат.
10. Милдеттүү камсыздандыруу келишими ал күчүнө кирген күндөн тартып 12 айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
Камсыздандыруу коргоонун колдонуу мезгили милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнө туура келет.
Камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн күн деп төмөнкүлөр эсептелет:
- камсыздандыруучунун ыйгарым укуктуу өкүлү акча каражатын алган күн - накталай эсептешүүдө;
- камсыздандыруучунун алыш-бериш эсебине акча каражаты келип түшкөн күн - накталай эмес эсептешүүдө.
11. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга төмөнкүдөй документтерди берет:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызды, Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун убактылуу эрежелеринин 1-тиркемесине ылайык;
2) паспорттун көчүрмөсүн (эгерде камсыздандырылуучу жеке жак болсо);
3) юридикалык жактын мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн (эгерде камсыздандырылуучу юридикалык жак болсо);
4) турак жай бирдигине болгон менчик укугун белгилөөчү документти.
12. Камсыздандырылган турак жайга болгон укук камсыздандырылуучудан башка адамга өткөн учурда, камсыздандырылган турак жайга болгон укукту алган адам, укукту алган учурдан тартып 30 күндүн ичинде бул тууралуу камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү.
13. Милдеттүү камсыздандыруу келишими жоголгон учурда камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун арызынын негизинде аталган документтин жупнускасын ага берүүгө милдеттүү, андан кийин жоголгон милдеттүү камсыздандыруу келишими жараксыз деп эсептелет.
3. Камсыздандыруу суммасы, камсыздандыруу сый төлөмү
14. Камсыздандыруу суммасы болуп камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттенген сумма саналат.
15. Камсыздандыруу сый төлөмү болуп камсыздандырылуучу камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү болгон, келишимде шартталган төлөм саналат. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмү келишимдин колдонушунун бардык мөөнөтү үчүн бир жолу же болбосо тараптардын макулдашуусу боюнча узартылып эки мөөнөттө төлөнүшү мүмкүн. Бир жолу төлөөдө келишим боюнча камсыздандыруу сый төлөмү камсыздандырылуучу тарабынан милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурда төлөнөт. Камсыздандыруу сый төлөмү эки мөөнөттө төлөнгөндө келишим боюнча эсептелген камсыздандыруу сый төлөмүнүн 50 пайызынан кем эмес өлчөмдөгү анын биринчи бөлүгү милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурда төлөнөт, ал эми калган бөлүгү милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн биринчи бөлүгү төлөнгөн күндөн тартып 3 айдан кечиктирилбей төлөнөт.
16. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу сый төлөмүнүн экинчи бөлүгү төлөнбөй калган учурда милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу камсыздандыруу сын төлөмүнүн кезектеги бөлүгүн төлөөнүн белгиленген мөөнөтүнүн акыркы күнүнөн кийинки күндүн 00 саат 00 мүнөтүнөн тартып токтотулат.
17. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген мөөнөттө жана белгиленген өлчөмдө камсыздандыруу сый төлөмүнүн экинчи бөлүгү төлөнбөгөн учурда камсыздандыруучунун камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү боюнча милдеттенмеси, эгерде келишимде башкача каралбаса, камсыздандыруу сый төлөмүнүн экинчи бөлүгүн төлөө күнү катары келишимде көрсөтүлгөн күндөн кийинки күндүн 00 саат 00 мүнөтүнөн тартып эсептелген убакыттын мезгилинде болгон камсыздандыруу окуясына карата колдонулбайт.
18. Камсыздандыруу окуясы камсыздандыруу сый төлөмүнүн толук суммасы төлөгөнгө чейин орун алган учурда камсыздандыруучу төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоодо камсыздандыруу сый төлөмүнүн төлөнө элек бөлүгүнүн суммасын эсепке алууга укуктуу.
19. Камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн бошотууга же камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмүн азайтууга негиз болгон жалган маалыматтарды камтыган документтер камсыздандырылуучу тарабынан берилген факты аныкталган учурда милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрү андан белгиленген тартипте өндүрүлүп алынат.
20. Камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн төмөнкүлөр толук же жарым жартылай бошотулат:
1) турак жайдын менчик ээси болгон Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери жана Ленинградды коргоодогу катышуучулары:
- I, II, III топтогу майыптык белгиленген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар - камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотулат;
- I, II топтогу майыптыгы бар ооруктун эмгекчилери - камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотулат;
- III топтогу майыптыгы бар ооруктун эмгекчилери - камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат;
- Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү - камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотулат;
2) Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепетинен жабыркаган турак жайдын менчик ээлери:
- I, II топтогу майыптык белгиленген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн толук бошотулат;
- III топтогу майыптык белгиленген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат;
- Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуда каза болгон катышуучулардын жесирлери - камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат;
3) турак жай ээлери - Афганстандагы согуш аракеттеринин катышуучулары:
- I, II топтогу майыптык белгиленген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн толук бошотулат;
- III топтогу майыптык белгиленген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат;
4) турак жай ээлери:
- I, II топтогу майыптык белгиленген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн толук бошотулат;
- III топтогу майыптык белгиленген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат;
5) турак жай ээлери - жалгыз бой жашаган улгайган жарандар - камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат;
6) жарды үй-бүлөнүн социалдык паспорту бар жарды үй-бүлөлөр - камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат.
21. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишими жоголуп кеткенде анын жупнускасын алууга;
2) камсыздандыруучу тарабынан эсептелген камсыздандырып ордун толтуруунун суммасына макул болбогон учурда турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматын пайдаланууга;
3) камсыздандыруучу жүргүзгөн, келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүнүн эсептери менен таанышууга;
4) камсыздандыруучунун камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашып-тартышууга;
5) камсыздандыруу суммасынын чегинде пайда табуучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө түздөн түз камсыздандыруучуга талап коюуга;
6) камсыздандырып ордун толтурууну алууга;
7) кезектеги камсыздандыруу мезгилине (жылына) камсыздандыруу полиси болгон шартта, Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардын натыйжасында бузулган турак жайларды курууга, кайра конструкциялоого мамлекеттик субсидияларды алууга.
22. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензиясы бар камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
2) милдеттүү камсыздандыруу келишимине киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөөгө;
4) камсыздандыруунун ошол эле объектисине карата башка камсыздандыруу келишими түзүлгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
5) камсыздандыруу тобокелдигинин өсүшү (камсыздандыруу келишими боюнча зыяндын ордунун толтурулушуна же толтурулбашына карабастан, турак жайдын ижарага, күрөөгө, башка адамдын пайдаланышына же карамагына берилиши, турак жайга болгон менчиктин башка адамга өтүшү, турак жайды оңдоонун жасалышы, анын кайра курулушу же кайра жабдылышы, коопсуздук режиминин өзгөрүшү, мүлктүн зыянга учурашы же жок кылынышы д.у.с.) жөнүндө камсыздандыруучуга эки жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирүүгө;
6) беш календардык күндөн кечиктирбестен камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө билдирүүгө (телефон, факс, электрондук почта аркылуу, кабардаманын жазуу жүзүндөгү түп нускасын кийин жөнөтүү менен);
7) камсыздандыруу окуясынын болуу коркунучунун келип чыгышы жөнүндө камсыздандырылуучуга белгилүү болгон учурдан тартып өрткө каршы жана авариялык кызматтардын органдарына токтоосуз билдирүүгө;
8) мүмкүн болуучу зыяндардын алдын алуу же анын көлөмүн азайтуу үчүн чараларды көрүүгө, анын ичинде мүлктү жана турак жайды сактоо боюнча чараларды көрүүгө;
9) камсыздандыруу окуясы болгондон кийин турак жайды карап чыгууну жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздандыруучунун өкүлүнө камсыз кылууга;
10) камсыздандыруу окуясынын болушун далилдөөгө жана камсыздандыруучунун талабы боюнча ушул Эрежелердин 27-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берүүгө;
11) камсыздандыруу окуясынын болушуна жоопкер адамга карата талап коюу укугунун (суброгациянын) камсыздандыруучуга өтүшүн камсыз кылууга.
23. Камсыздандыруучу болбогон учурда камсыздандырылуучунун бардык милдеттери анын жашы жеткен үй-бүлө мүчөсүнө же болбосо ал ыйгарым укук берген жакка жүктөлөт.
1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу окуясы келип чыккан фактыны жана турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн ырастоочу документтерди мамлекеттик органдардын жана уюмдардын компетенцияларына жараша алардан сурап алууга;
2) турак жайдын зыянга учуроосунун же жок кылынышынын себептерин аныктоочу компетенттүү органдардын комиссиясынын ишине катышууга:
3) камсыздандыруу окуясы болгондо келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматын пайдаланууга.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) турак жайдын абалын текшерүүгө жана камсыздандырылуучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
2) камсыздандырылуучуну милдеттүү камсыздандыруунун шарттары менен тааныштырууга, анын милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
3) камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө (2-тиркеме);
4) камсыздандыруу окуясы жөнүндө актыны түзүүгө жана аны камсыздандырылуучуга таанышуу үчүн берүүгө;
5) ар бир милдеттүү камсыздандыруу келишими, камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү, камсыздандыруу учурлары, келтирилген зыян боюнча камсыздандырып ордун толтуруу суммасы, турак жайга менчик ээсинин алмашканы жөнүндө маалыматтардын эсебин жүргүзүүгө;
6) камсыздандыруу учурунун натыйжасында бузулуу даражасын жана өлчөмүн баалоо боюнча маалыматтарды көз карандысыз эксперттен талап кылууга;
7) камсыздандыруу окуясы таанылганда бардык зарыл документтер алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде камсыздандырып ордун толтуруу төлөмүн жүзөгө ашырууга;
8) камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн баш тартууга негиздер болгондо баш тартуунун себептерин негиздөө менен, бардык зарыл документтер алынган учурдан тартып отуз календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө бул тууралуу камсыздандырылуучуга билдирүүгө;
9) милдеттүү камсыздандырууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзүнүн расмий сайтына жарыялоого;
10) милдеттүү камсыздандыруу боюнча төмөнкү маалыматтарды камтыган маалымат базасын жүргүзүүгө:
а) турак жай бирдигин жазуу;
б) укук ээсинин Ф.А.А. (юридикалык жактын аталышы);
в) камсыздандыруу келишими түзүлгөндүгү тууралуу маалымат;
г) өрт болгону жана табигый кырсыктар тууралуу маалымат;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка маалыматтар;
11) камсыздандыруунун жашырындыгын сактоого.
6. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүнүн тартиби жана шарттары
26. Камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө талапты камтыган камсыздандырылуучунун арызы, ага тиркелген документтер менен бирдикте камсыздандыруучуга камсыздандыруучунун же болбосо камсыздандырылуучунун көрсөтүлгөн талаптарын кароого жана камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашырууга камсыздандыруучу ыйгарым укук берген анын өкүлүнүн турган жерине жөнөтүлөт.
27. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
1) камсыздандыруу полисинин көчүрмөсү;
2) камсыздандыруу окуясы жөнүндө акт;
3) компетенттүү мамлекеттик органдардын камсыздандыруу окуясынын болушун ырастаган документтери;(тиркеме-2)
4) камсыздандырылуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке жак үчүн), уюштуруу документтери, каттоо жөнүндө күбөлүк жана өкүлгө берилген ишеним каттын түп нускасы (юридикалык жак үчүн).
28. Пайда табуучу камсыздандыруу суммасынын чегинде зыяндын ордун толтуруп берүү жөнүндө талапты камсыздандыруучуга тике коюуга укуктуу. Эгерде пайда табуучу ден соолугунун абалы боюнча керектүү бардык документтерди камсыздандыруучуга өз алдынча берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, пайда табуучунун өкүлү ушул Эрежелердин 27-пунктунун 1-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерге кошумча түрдө туугандык байланышын ырастаган же пайда табуучунун өкүлү болуп саналган адамдын ыйгарым укугуна туура келген документтерди жана (же) ишеним катты камсыздандыруучуга берет.
29 Камсыздандырылуучудан же болбосо пайда табуучудан кошумча башка документтерди камсыздандыруучунун талап кылышына жол берилбейт.
30. Камсыздандыруучу камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндө камсыздандыруучунун арызын бардык зарыл документтер алынган учурдан тартып отуз календардык күндүн ичинде карайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде камсыздандыруучу пайда табуучуга камсыздандырып ордун толтурууну төлөөнү жүргүзүүгө же жүйөлөнгөн баш тартууну жөнөтүүгө милдеттүү.
31. Камсыздандыруучунун күнөөсү боюнча камсыздандырып ордун толтурууну төлөөнүн мөөнөтү өтүп кеткенде, анын ичинде мөөнөттү өткөрүү камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн камсыздандыруучунун негизсиз баш тартуусунан улам болгондо, камсыздандыруучу мөөнөт өткөндөн кийинки ар бир күн үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынын 0,1 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт.
32. Камсыздандырып ордун толтуруу камсыздандыруу суммасынын чектеринде жүргүзүлөт. Камсыздандырып ордун толтуруунун суммасын эсептөө Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандырып ордун толтурууну эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.
33. Камсыздандыруу төлөмү жөнүндө арызды жана ага тиркелген документтерди алгандан кийин камсыздандыруучу аны милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча зыяндарды каттоо журналына каттайт жана пайда табуучуга же анын өкүлүнө аталган арызды жана документтерди алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастоо берет.
34. Камсыздандыруу окуясы жөнүндө билдирүүнү алган учурдан тартып камсыздандыруучу үч иш күндүн ичинде бүлүнгөн мүлктү кароого милдеттүү. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча орду толтурулууга тийиштүү бүлүнгөн мүлктү кароодо камсыздандыруу окуясынын болушун жана келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоого мүмкүн болбосо, камсыздандыруучу көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) уюштурууга укуктуу.
35. Камсыздандырылуучунун жана/же пайда табуучунун же анын ишенген адамынын катышуусунда камсыздандыруучу же анын өкүлү түзгөн актыда чагылдырылган бүлүнгөн турак жайды кароонун натыйжаларынын негизинде камсыздандыруучу же анын өкүлү залалды баалоону жүргүзөт.
36. Көз каранды эмес эксперттер теңдик, бейтараптык жана калыстык принциптерине негизденип камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга болгон мамиледе, 10 календарлык күндүн ичинде милдеттүү камсыздандыруу менен байланышкан турак жайга келтирилген залалга баа берип, өлчөмүн аныктоого милдеттүү.
37. Көз каранды эмес экспертизанын наркы милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп берүүгө жаткан чыгымдардын курамына киргизилет, эгерде камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучу өз ара макулдашса.
38. Көз каранды эмес экспертизаны өткөрүүгө жумшалган чыгымдар камсыздандыруу төлөмдөрүнүн курамына киргизилген учурда камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы өлчөмү милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнөн ашышы мүмкүн эмес, милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуунун ичинде мурда төлөнгөн төлөмдөрдүн болушун эске алуу менен.
39. Турак жайлардын жоголуу (жок болуу) же бузулуу фактысы боюнча кылмыш-жаза иши козголсо жана камсыздандырылуучу (пайда табуучу) айыпталуучу болуп саналса, соттун өкүмүн алгандан кийин камсыздандыруу окуясын таануу жөнүндө камсыздандыруучу чечим кабыл алууга укуктуу.
40. Мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укуктуу камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) же адамга камсыздандыруу төлөмдөрү алардын каалоосу боюнча накта акча каражаттары же накта акчалай эмес түрдө төлөнүп берилет.
41. Мурдагы камсыздандыруу окуялары жана акыркы камсыздандыруу окуясы келип чыкканга чейин жоюлбаган же келишимдин колдонулушу башталганга чейинки же бүткөндөн кийинки окуялар менен байланышкан бузулуулар эске алынбайт.
42. Чирүү, эскирүү, материалдардын элементтериндеги дат басуу процесстеринен келип чыккан керектөөчүлүк сапаттын жана камсыздандырылган турак жайга таандык конструкциялык элементтердин, жасалгалоо элементтеринин, инженердик жабдуулардын, ички коммуникациялардын пайдалануу мүнөздөмөлөрүнүн жоголушу камсыздандыруу окуясынын натыйжасында келип чыккан чыгымдарга кирбейт.
43. Камсыздандыруу окуясынын фактысы таанылган учурда камсыздандыруучу белгиленген камсыздандыруу суммаларынын чектеринде камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жолу менен чыгымдын ордун, ошондой эле камсыздандырылган турак жайга келтирилүүчү залалдарды болтурбоо же азайтуу үчүн камсыздандырылуучу тарткан чыгымдардын ордун камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) толтуруп берет. Мында турак жайга келтирилген залалдардын өлчөмүнөн ашкан бөлүктө көрсөтүлгөн чыгымдар төлөнүп берилбейт.
44. Турак жай жок кылынган учурда камсыздандыруу төлөмдөрү милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүндө аныкталат.
45. Кезектеги ар бир камсыздандыруу окуясы боюнча төлөнүп берилүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү келишимде белгиленген камсыздандыруу суммасы менен келишим колдонулганда мурдагы камсыздандыруу окуясы боюнча төлөп берүүлөрдүн ортосундагы айырмачылыктан ашышы мүмкүн эмес.
46. Чыгымдар келтирген күнөөлүү адамдан камсыздандырылуучу (пайда табуучу) толук же жарым-жартылай чыгымдардын ордун толтуртуп алган учурда күнөөлүү адамдан камсыздандырылуучу (пайда табуучу) мурда толтуртуп алган өлчөмдө алардын ордун толтуруу милдетинен камсыздандыруучу бошотулат.
47. Ушул Эрежелердин 22-пунктунун 6-10-пунктчаларында каралган милдеттерди камсыздандырылуучу аткарбаса же чала аткарса, камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө камсыздандыруучу өз учурунда билгендиги далилденген, же болбосо бул жөнүндө маалымат камсыздандыруучуда жок болсо деле камсыздандырылуучу тарткан чыгымдардын ордун толтуруп берүү милдетине таасир тийгизбей турган учурдан башкасында камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн бошотулат.
48. Төмөнкүдөй учурларда камсыздандыруу төлөмдөрүн камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) төлөп берүүдөн баш тартылат:
1) эгерде камсыздандыруу окуясы болгонго чейин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу токтотулса;
2) милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө киргенге чейин камсыздандыруу окуясы болсо;
3) камсыздандырылган турак жайдын жок болушу же бузулушу камсыздандыруу окуясына тиешеси жок себептен келип чыкса;
4) милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандыруу сыйлыктары төлөнбөсө;
5) милдеттүү камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган негиздер боюнча арзыбай турган болуп саналса;
6) милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылган турак жай кылмыш жолу менен алынса, кылмыштын предмети болсо же конфискацияланууга жатса;
7) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлүп жаткан учурда камсыздандыруу объектиси жок болсо;
8) камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин жараксыз деп таануу жөнүндө, же болбосо төмөндөгүдөй негиздер боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишимин бузуу жөнүндө доо койсо:
а) камсыздандыруу окуясынын шарттарын изилдөөгө же келтирилген зыяндардын өлчөмүн аныктоого камсыздандырылуучу (пайда табуучу) тоскоолдук кылса;
б) камсыздандыруу окуясы болгон учурда камсыздандырылган мүлктү сактоо кызыкчылыгында камсыздандырылуучу жана пайда табуучу жокто түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими;
в) эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга атайлап жалган маалыматтарды бергендиги аныкталса.
49. Камсыздандыруучу төмөндөгүдөй негиздер боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулат:
1) эгерде камсыздандыруу окуясы камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун же алардын үй-бүлө мүчөсүнүн атайын оюнун же болбосо орой этиятсыздыгынын кесепетинен болсо, зарыл коргонуу, өтө зарылдык абалында атайын жасалгандан башка учурларда;
2) эгерде камсыздандыруу окуясы камсыздандырылган турак жай арналышы боюнча пайдаланылбагандыгынан улам келип чыкса;
3) эгерде камсыздандыруу окуясы аскердик, мамлекеттик жана сот органдарынын буйругу боюнча согуш аракеттеринде жана алардын кесепеттеринде, террордук актыларда, жарандык толкундоолордо, жапырт башаламандыктарда, иш таштоолордо, конфискациялоодо, камоодо, жок кылууда же бузууда келип чыкса;
4) эгерде камсыздандыруу окуясы ар кандай түрдөгү ядролук энергиянын таасиринен улам келип чыкса;
5) турак жайдын же анын бөлүгүнүн урап түшүшү, эгер андай уроо "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүндө аталган окуялардан улам келип чыкпаса;
6) мамлекеттик бийликтин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын буйругу боюнча камсыздандырылган мүлк алынса, конфискацияланса, реквизиция кылынса, камоого алынса же жок кылынса камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулат.
50. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда табуучу) камсыздандыруучу ордун толтурган чыгашалар үчүн жоопкер адамга карата талап коюу укугунан баш тартса, же камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) күнөөсү боюнча ошол укукту жүзөгө ашыруу мүмкүн болбосо, камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн толук же тиешелүү бөлүгүнөн бошотулат жана ордун толтуруунун ашыкча төлөнүп берилген суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
51. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка учурларда камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга укуктуу же болбосо камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.
52. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
| Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун убактылуу эрежелерине 1-тиркеме |
__________________________________________________________________
(камсыздандыруучунун аталышы)
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө АРЫЗ
1. Камсыздандырылуучу __________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы же жарандын аты-жөнү)
______________________________________ |
| _____________________________________ |
(жарандын туулган жылы) |
| (юридикалык жактын ИСНи) |
___________________________________________ | ____________ | ____________ | ______________ |
(юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк же ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ) | (сериясы) | (номери) | (берилген күнү) |
Дареги | _____________ | _____________ | _________________ | __________________ |
| (индекси) | (өлкөсү) | (облусу) | (району) |
___________________________ | ________________ | ________ | ___________ | ___________ |
(калктуу конуш) | (көчөсү) | (үйү) | (корпусу) | (батири) |
Телефону ____________________________________________________________________
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү камсыздандыруу келишимин төмөнкүдөй мөөнөткө колдонууга түзүүнү өтүнөм:
20__-жылдын "__" ___________ 20__-жылдын "__" ___________ чейин
2. Камсыздандыруу объектиси:
Менчик ээси _____________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
________________________________________________________________________________
(жарандын аты-жөнү(*))
_________________________________ |
| _________________________________ |
(жарандын туулган жылы) |
| (юридикалык жактын ИСНи) |
____________________________________________ | __________________ | __________________ |
(юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк же ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ) | (сериясы) | (номери) |
Дареги: | _______________ | _________________ | _________________ | _________________ |
| (индекси) | (өлкөсү) | (облусу) | (району) |
________________________ | ________________ | _________ | ____________ | ____________ |
(калктуу конуш) | (көчөсү) | (үйү) | (корпусу) | (батири) |
Камсыздандыруу объектиси турган жер жана дареги ___________________________________
________________________________________________________________________________
3. Аталган камсыздандыруу объектисине карата турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун мурдагы келишими
______________________ |
| ______________________ |
(сериясы) |
| (номери) |
камсыздандыруучу __________________________________________________________.
5. Башка маалыматтар (анын ичинде жеке маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө маалымат (юридикалык жактын маалыматтары) жана акыркы календардык жыл ичиндеги техникалык паспорт жөнүндө маалыматтар).
Камсыздандыруу полисин | ______________ | _________________ | алдым. |
| (сериясы) | (номери) |
|
Камсыздандыруучунун өкүлдөрүнүн тизмегин жана камсыздандыруу жөнүндө билдирүүнүн эки бланкасын алдым.
Камсыздандырылуучу: | _____________________ | ____________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
| 20__-жылдын "__" ____________ |
|
| (арыз толтурулган дата) |
Камсыздандыруучу/ камсыздандыруучунун өкүлү | _________________ | __________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
| 20__-жылдын "__" ___________ |
|
| (арыз толтурулган дата) |
|
| Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун убактылуу эрежелерине 2-тиркеме |
____________________________________________________________________
(камсыздандыруучунун аталышы)
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полиси серия __________ № __________
Келишимдин колдонулуу мөөнөтү:
20__-ж. "__" ___________ _____ с. _____ минутадан
20__-ж. "__" ___________ 23 с. 59 мин. 59 сек. Чейин
Камсыздандыруу турак жайды пайдалануу мезгилинде, 20__-жылдын ____________ 20__-жылдын _____________ чейинки аралыкта келишимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде болгон камсыздандыруу окуяларына жайылтылат.
1. Камсыздандырылуучу __________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы же жарандын аты-жөнү(*))
2. Пайда табуучу (турак жайдын ээси) _______________________________________________
________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы же жарандын аты-жөнү)
3. Камсыздандыруу объектиси _____________________________________________________
4. Камсыздандыруу объектисинин жайгашкан жери жана дареги _________________________
________________________________________________________________________________
(облусу, району, калктуу конушу, көчөсү, үйү, корпусу, батири)
5. Ар бир камсыздандыруу окуясы болгондо (милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтүнүн аралыгында болгон камсыздандыруу окуясынын санына карабастан) камсыздандыруучу жабырлануучуга келтирилген чыгымдын ордун толтурууга милдеттенген камсыздандыруу суммасы төмөнкүнү түзөт:
- шаар жериндеги турак жайга келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча - 1000000 сомдон көп эмес;
- айыл жериндеги турак жайга келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча - 500000 сомдон көп эмес.
6. Камсыздандыруу объектисине тийген тикелей таасиринин натыйжасында камсыздандырылуучунун турак жайынын жок болуусуна же бузулуусуна алып келип, анын болушу менен камсыздандыруучунун камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттүүлүгү келип чыккан окуя камсыздандыруу окуясы деп таанылат.
7. Камсыздандыруу полиси Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.
8. Камсыздандыруу сый төлөмү ______________________________________________ сом.
(камсыздандыруу сый төлөмүнүн суммасы)
Камсыздандыруу сый төлөмүн төмөнкү реквизиттер боюнча төлөсө болот _________________
_________________________________________________________________________________
(камсыздандыруучунун алыш-бериш эсеби)
9. Өзгөчө белгилер ________________________________________________________________
Полисти түзгөн датасы: "__" ___________ 20__-ж.
Камсыздандырылуучуга тиркемеге жана камсыздандыруу окуясынын белгилери бар окуядан кийин жактардын иш-аракеттеринин тартибине ылайык Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун убактылуу эрежеси, Кыргыз Республикасынын камсыздандыруучунун өкүлүнүн тизмеги берилди.
Камсыздандырылуучу: |
| Камсыздандыруучу/ камсыздандыруучунун өкүлү: | |
_____________________________ (колу) |
| _____________ (колу) | (____________________) (аты-жөнү) |
20__-ж. "__" ____________ (полисти берген датасы) |
|
| |
Камсыздандыруу окуясынын белгилери бар окуядан кийин жактардын иш-аракетинин ТАРТИБИ
1. Камсыздандыруу окуясынын белгилери бар окуя болгондон кийин камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) качан ага камсыздандыруу окуясы болуу коркунучу белгилүү болгондо, тез арада өрткө каршы күрөшүү органына жана авариялык кызматка билдирүүгө;
2) мүмкүн болгон чыгымдарды азайтуу же алдын алуу максатында, анын ичинде турак жайды жана мүлктү сактап калуу үчүн чараларды көрүүгө. Мындай чаралар болуп өзгөчө кырдаалдагы жүрүм-турум эрежелерине ылайык өрттүн жана табигый кырсыктын кесепеттерин азайтууга багытталган чаралар түшүнүлөт;
3) беш календардык күндөн кеч эмес (телефон, факс, электрондук почта менен, кийин кат аркылуу анын түп нускасы менен билдирүүнү жөнөтүү) камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясы орун алганы жөнүндө билдирүүгө;
4) камсыздандыруу окуясы орун алгандан кийин камсыздандыруучунун өкүлүнө турак жайды кароону жүргүзүү мүмкүндүгүн түзүп берүүнү камсыз кылууга.
2. Арызга төмөнкү документтер тиркелиши керек:
1) камсыздандыруу полисинин көчүрмөсү;
2) камсыздандыруу окуясы жөнүндө акт;
3) камсыздандыруу окуясы болгонун ырастаган компетенттүү мамлекеттик органдардын документтери;
4) камсыздандырылуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке жак үчүн), уюштуруу документтери, катталганы тууралуу күбөлүгү жана өкүлгө берилген ишеним каттын түп нускасы (юридикалык жак үчүн).
| Камсыздандыруу полисине тиркеме |
______________________________________________________________________________
(камсыздандыруучунун аталышы, анын почта дареги, байланыш каражаттары жана иштөө убакыты)
Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруучунун өкүлдөрү
Шаардын, райондун, айылдын аталышы | Почта дареги, жайгашкан жери | Өкүлчүлүктүн аталышы | Байланыш каражаты | Иш убакыты |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) Аты-жөнү толук көрсөтүлөт.