Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-февралы № 48
"Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы № 48 токтому менен жактырылган |
Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Аталган Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинде белгиленген тартипте макулдашуу жол-жобосунан өтүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 429-б буйругу менен жактырылды.
Сунушталган Макулдашууга Беларусь Республикасынын Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри тарабынан кол коюлган.
Бул Макулдашуу аларга карата контролдук белгилер менен маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларга маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашырууда товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүүнүн тартибин аныктайт.
Аталган Макулдашууну ишке ашыруу контрафакттык продукцияны өндүрүүнү, ошондой эле көмүскө экономиканын үлүшүн азайтып, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына аны контрабандалык ташып келүүнү токтотуу боюнча ишти күчөтүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт.
Ушул Макулдашууну ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 3 буйругуна ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана Евразия экономикалык комиссиясына "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну каржылоону камсыздоо, анын ичинде товарларды маркалоонун маалымат системасынын улуттук компонентин иштеп чыгууну Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин каражаттарынын эсебинен, интеграциялык компонентти Евразия экономикалык комиссиясынын каражаттарынын эсебинен каржылоону караштыруу менен камсыздоо чечими чыгарылган.
Ушуга байланыштуу, товарларды маркалоонун маалыматтык системасынын улуттук компонентин иштеп чыгуу бөлүгүндө иш-чараларды ишке ашыруу республикалык бюджеттен жыл сайын каралуучу каражаттардын алкагында жүзөгө ашырылат.
"Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
"Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу Беларусь Республикасынын Гродно шаарында 2014-жылдын 8-сентябрында Евразия Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында кол коюлган.
Аталган Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети менен макулдашылды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрында № 429-б буйругу менен жактырылды.
Бул Макулдашуу аларга карата контролдук белгилер менен маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларга маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашырууда товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүүнүн тартибин аныктайт.
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча белгиленгендей, сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт.
Сунушталган мыйзам долбоору андан келип чыккан мыйзам долбоорлорун киргизүүнү талап кылбайт.
Ушул Макулдашууну ратификациялоо терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Евразия өкмөттөр аралык кеңештин 2015-жылдын 6-февралындагы № 3 буйругуна ылайык Евразия экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана Евразия экономикалык комиссияга "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну каржылоону камсыздоо, анын ичинде Евразия экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин каражаттардын эсебинен товарларды маркалоонун маалымат системасынын улуттук компонентин, Евразия экономикалык комиссиянын каражаттарынын эсебинен интеграциялык компонентти иштеп чыгууну каржылоону караштырып камсыздоо чечими чыгарылган.
Буга байланыштуу, товарларды маркалоонун маалыматтык системасынын улуттук компонентин иштеп чыгуу бөлүгүндө иш-чараларды ишке ашыруу республикалык бюджеттен жыл сайын каралат.
Министр |
| А.Кожошев |