Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 81
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жободо:
- 4-пункттагы "Юридикалык" деген сөз "Почталык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1. РОРАБӨМ спорттун жайылтылган түрлөрү боюнча курама командалардын курамдарын курак боюнча түзөт жана бекитилген бюджеттердин чегинде спорттук-массалык иш-чаралардын календарлык планына ылайык иш-чараларды каржылайт.";
- 17-пункт "фехтование" деген сөздөн кийин ", сууда сүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пунктта:
мамлекеттик тилдеги текст "окуу-машыгуу жыйындарын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле спорттук лагерлерде 18 күнгө чейин спорттук-ден соолукту чыңдоо жыйындарын" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
расмий тилдеги текст "к международным соревнованиям" деген сөздөрдөн кийин ", а также спортивно-оздоровительные сборы в спортивном лагере до 18 дней" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
- 27-пунктта:
мамлекеттик тилдеги текст "акысыз пайдаланууга" деген сөздөрдөн кийин ", окуу-машыгуу жыйындарга жана мелдештерге катышуу мезгилинде тамак-аш, түнөк, дары-дармектер менен камсыз болууга" деген сөздөр менен толукталсын;
расмий тилдеги текст "они находятся" деген сөздөрдөн кийин ", обеспечиваться питанием, проживанием, медикаментами в период учебно-тренировочных сборов и участия в соревнованиях" деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- имаратка техникалык паспорт;
- жерди мөөнөтсүз бөлүү же ижарага берүү жөнүндө актылар;
- бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын жылдык сметасы;";
- 35-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 4-мартында N 18 жарыяланды
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Т.Сариев |