КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-марты № 123
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 142, 2017-жылдын 24-августундагы № 532 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2020-жылдын 31-мартына чейин колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 142, 2017-жылдын 24-августундагы № 532 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Т.Сариев |